mainkaptal


Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Аида КАСЫМАЛИЕВА, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Биз өлгөндөргө
эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайларга көбүрөөк көңүл буралы"

Пенсионерлерге, жөлөк пул алуучуларга жакшы камкордук көргөн мамлекеттер арбын. Бирок, алардын катарына биздин мамлекетти кошууга эч мүмкүн эмес. Башкасын айтпасак да кошуна мамлекеттерибиз менен салыштырсак асман менен жердей айырма бар. Союздун урашы менен баягы жыргал жашоо бүтүп, көп эл оор абалга туш болушту. Мамлекет кыйратарлык кам көрө албай, чабалдыгын көрсөтүп келүүдө... Жакында ЖКнын айрым депутаттары жөлөк пул тууралуу жаңы системаны демилгелеп чыгышты. Бул демилге ишке ашса жакыр үй-бүлөлөргө бир топ жеңилдик болмок. Бирок качан ишке ашары белгисиз.

Жаңы демилгени жактырбай ар бир жаңы туулган наристеге 4 миң сом жөлөк пул төлөнсө, андан тышкары үч жашка чейин 700 сом, үч баладан ашса 500 сом жөлөк пул берилсе, мамлекеттен колдоо алган балдардын саны 700 миңден ашат экен. Мынчалык көп каражатты өкмөт кайдан табат? Депутаттардын демилгеси "Мамбюджеттеги дефицитти кескин көбөйтүп жибербейби?" деген суроолорду жаратууда. Бул маселени демилгелегендердин бири СДПКнын депутаты Аида Касымалиева төмөндөгүлөргө токтолду.
- Бул мыйзамды демилгелегенге эмне түрткү болду? Жакын арада ишке ашчудайбы?
- Биз бул маселени бир нече фракциялар менен биргелешип демилгелеп жатабыз. Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен кошо иштеп чыкканбыз. Негизи бул демилге жакшы максат менен көтөрүлгөн. 1998-жылдан бери "жакыр үй-бүлөлөргө даректүү жардам беребиз" деген принцип болгон. Бирок бизде, тилекке каршы, коррупция күч алып, 70% ы көмүскө, 30% ы гана кирешесин ачык көрсөтөт экен. Азыркы социалдык коргоо системасында жөлөк пулга муктаж калктын 60% ы жөлөк пул ала албайт. Азыркы мыйзам долбоор боюнча киреше эсептелбейт. Аябай жеңилдетилген система. Мисалы, сүйүнчү алууга ата-энесинин паспорту же баланын күбөлүгү гана керектелет. Бизде ким бай, ким кедей - аныктамасы жок. Бирок жакыр үй-бүлөлөр көбүрөөк кирип калат. "Адилеттүүрөөк система түзүлөт" деп киргизип жатабыз. Бул демилге ишке ашса 2018-жылдан баштап күчүнө кирет.
- Бизде жаңы төрөлгөн ымыркайга эмес, сөөк коюуга көбүрөөк акча бөлүнөрүн айтып чыктың...
- Кош бойлууларга декретке чыгуу маселеси бар. Аларга төрт айда 1420 сом төлөнөт. Ал эми сөөк коюуга 15 миң сом каралат экен. "Биз өлүмгө эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайларга көбүрөөк көңүл бөлбөйлүбү?" деген кеп. ЮНИСЕФтин отчетун карасам, ар бир үчүнчү бала аз кандуулук дартына чалдыккан. "Бул жатып ичерликти өнүктүрүү, мамлекет бизди багат экен" деген кеп эмес да, кандайдыр бир жардам. Ошол колдоого муктаж балдарга, үй-бүлөлөргө көмөк...





Диний экстремизмге
байланышкан 313 окуя болгон
Кыргызстанда экстремисттик көз карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди.
Анын айтымында, 2010-2017-жылдар аралыгында 1 миң 600 экстремисттик кылмыш катталган. Жыл башынан бери 313 диний экстремизмге байланыштуу окуя болсо, анын 102сине кылмыш иши козголгон.
Эрлан Бакиевдин билдирүүсүндө, экстремисттер көбүнчө диний кастыкты козгоп, азыркы мамлекеттик түзүмдү жоготууга чакырат. Алар мындай ураандарын атайын материал, окуу курал жана видео-аудио түрүндө жөнөтүшөт. Экстремисттик кыймылдын катарына киргендер 25-30 курактагы жарандар.
Кыргызстанда 18 уюм жана Саид Буряттын кайрылууларын таркаткан секта экстремисттик катары табылган.

Жылына 22 миңдей аял аборт жасатат
Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Бойдон алдыруу, тукумсуздук - мунун баары үй-бүлө пландоодогу көйгөйлүү маселелеринин бири. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, өлкө боюнча бир жыл ичинде болжол менен 22 миң аял бойдон алдырса, анын 200гө чукулу 17 жашка чейинки кыздар. "Убагында билинбегени менен аборт кийин тукумсуздук, сезгенүү оорулары, атургай рак оорусуна алып келет" дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Жанара Сыдыкова.


Кылмышкер милиционерлер
Өткөн жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреңов "Кыргызстандагы кыйноолорду иликтөөнүн абалы" деп аталган тегерек үстөлдө билдирди. Прокуратуранын маалыматы боюнча, кыйноолордун 96% ы милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Көбүнчө кармалган киши тергөөгө чейинки текшерүүлөр учурунда, кармалгандан кийинки алгачкы сааттарда кыйноого алынат. Прокуратура өкүлү Бакыт Кетиреңов ар кандай кылмышка шектелип кармалган адамдар үчүн алгачкы сааттарда процессуалдык кепилдик жоктугун белгилеп, бул учурда кармалган адамдар күбөлөр жана шектүүлөрдүн укугунан ажырап калышарын айтты.


Бабановго
киши салгандар арбыды...
Президенттик шайлоодо негизги кармаш Бабанов менен Жээнбековдун ортосунда болорун билермандардын баары айтып чыкты. "Калк айтса, калп айтпайт" болуп, этегинде элдин айтканы эле келет. Аны жакшы билген айрым президенттикке талапкерлер эмитен эле Өмүрбек мырзага сөз айттырып, киши салып, "биригели" деген ишараттарын жасап жатканы жөнүндө кулагыбыз чалып калды. "Күч атасын тааныбайт" дегендей, Бабанов мырза ушул күндөрү андай чала талапкерлерди эле эмес, бүтүндөй Акүйдүн үшүн алып турганы жашыруун эмес. "Кел-кели" келип турган Өмүкени калың кыргыз эли күзүндө төбөсүнө көтөрүп, хан шайлап алаарына ишенбеске да арга калган жок. "Иши жүрүшөрдүн ити чөп жейт" деген ушу да...
Бекбол АЙДАРОВ



Яндекс.Метрика