mainkaptal

Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Масалиевдин кесепети
Бакыт Төрөбаевге тийеби?..

Өгүнү "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев "7 балалуу энелердин балдарынан бир-экөөсү соттолсо "Баатыр эне" наамын бербеш керек" деп мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө шыкакчы болгонуна, тетири кеткенине көпчүлүк катмар нааразылыгын билдиришти. Жашоодо ар кандай кырсыктар болот. Балким 7 баланын бири кокусунан соттолуп калышы мүмкүн. Кайсы эле эне баласын "кылмышкер болсун" деп тарбияламак эле?

"Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылат" деген кеп бар. Ансыңарындай, Исхак Масалиевдин жогорудагы пикири осол болуп калганын ашкерелеп коёлу. Ал 2010-жылы май айында Үсөн Сыдыковго кошула коюп, Кыргызстанга бүлүк салууга ашыкканы, контрреволюционер катары шектелгени жалганбы? Камакка алынганын билебиз да. Ошондо Алмазбек Атамбаев кечирим бербесе, Исхак мырза оор беренелер менен соттолуп кетип, азыр түрмөдө эки көзүн жалдыратып отурмак. Ооба, бул эргул олуттуу кылмышка шектелип камалган болчу. Эми айтып турганын кара...
Маселен, эне 7 бала төрөп, аларды азап менен чоңойтсо, кийин бир баласы жазатайып соттолуп калса, "Баатыр эне" наамы берилбеш керек экен да. Азыр милиция, прокурор, сотторго ким ишенет? Кыскасы, Масалиевдин мындай көз карашы курулай эле аксынуу, арканды алыс ыргыта албаган түркөйлүк сымал болуп калды го?..
Эми Масалиевдин кесепети өз керт башына тийбестен, көп балалуу энелер "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевге да нааразы болушуп, президенттик шайлоодо тиешелүү добуштарын салбай коюшса кантебиз? Албетте, бул олуттуу суроо. Жообун табуу зарыл...
Сакен БӨРҮБАЕВ





Талгарбековго карата адилетсиз саясат уланууда
"Элдик парламенттин" мүчөлөрүнө карата соттук териштирүүлөр соңуна чыгып, жакында тагдырлары чечилгени туру. Аталган топтун башында турган Бекболот Талгарбеков жана аны менен кошо айыпталып жаткан бир ууч топко прокуратура өкүлдөрү 18 жылга чейинки жаза мөөнөт чектөө сунуштарын беришти. Нонсенс бекен? Кызык, чет элдеги кайдагы бир аферисттердин телефон "шыңгырагын" көтөрө коюп, сүйлөшө койгону үчүн өзүбүздүн атуулдарыбыздын тагдырын кордоп, камай берсек жарашабы? Адам тагдырын каалагандай калчашкан сот, прокурорлорго бүгүн ишениш жок, а ажобуз кетээринде Талгарбековдорго карата айкөлдүгүн көрсөтсө болот беле? Кектешип отуруп эмнеге жеттик? Кетээр ханга кечиримдүүлүк куп жарашат эле да, туурабы? Куру дегенде буларга карата үй камак жазасын берсе кантет? Бул жааттагы суроолор көп. А биз мындай шартта Бекболот агабызга карата бекем эрк, сабыр тилейбиз. Бул күндөр да өтөөр...


Ырысы тоодой Нурбек Ысыранович
Өмүр бою бажы кызматында иштеп, чиригенче байыган Нурбек Айбашев деген көпөс бар. Бул тармакта кандай артыкчылыктарды жасап, мамлекетке кандай салым кошкону белгисиз. Биздин угушубузга караганда, ал убагында Алмазбек Атамбаевге үйүн сатып, анысын узун кеп кылганы ушул убакка чейин уу-дуу. Эми болсо темир жолдун ("Северная") бажысын тейлеп, өзүнө Молдомуса Конгантиевдин баласын орун басар кылып алыптыр. Негизи авторитеттүү адамдар менен байланыш түзгөнүнө магдыраган оорусу бар беле? Кызыгы, кайсы бийлик келбесин Нурбек Ысыранович бажы тармагындагы "май талкандуу" кызматтардан кетпейт, тескерисинче, карьералык өсүштүн гана үстүндө. Топтоп алган байлыгы баштан ашып атса, бийлик үлкөндөрүнө чекесинен "жашылбайларды" ыргытып коюп, көлөкөдө жыргап жүрө береби? Сулууланып, жасанып-түзөнгөндөн башка эл үчүн эмне кылды?


Бабановго баткак чачыратууну көздөгөндөр
Орозонун бүтүшүн күтүүдө
Жай саратанда саясат да кызыганы калды. Орозо бүткөндөн кийин Өмүрбек Бабановго каршы кара пиарлар башталары боюнча кабар алдык. Оппоненттери азырынча "октолуп" атат окшойт. Негизи аламанда алдыга кеткен күлүк көзгө көрүнүп, аны мүдүрүлтүүгө кызыкдар күчтөр күргүштөйт эмеспи. Бул табигый көрүнүш тура. Бирок, Бабанов башкаларга баткак чачыратпастан эле саясый күрөштө таза жеңишке жетүү үчүн белсенип, өзүнүн артыкчылыктарын, эл ишенимине ээ боло турган потенциалын даңазалоо менен "чырмоокторго" теңелбейт экен. Аныгында, карапайым калк да билсе керек, кимге добуш беришти...


"Мекеним Кыргызстан" партиясы
ойт бергени турабы?
Акыркы жылдары КСДПга өнөктөш катары сыпатталган "Мекеним Кыргызстан" партиясы "ойногону" турабы? Дегенибиз, буга чейин бийликтин колдоосу аркылуу Бишкек шаары баштаган жергиликтүү кеңештерде ийгилик жараткан эле. Эми кичине ирденип алышканда, аталган партиянын артындагы олигархтар жашыруун түрдө бийликке каршы күчтөр менен сүйлөшүү жүргүзө башташканын кандайча түшүнөбүз? Сыягы, "Акүй талапкери күздө өтпөй калса, башка аэродромго конолу" таризинде ниеттенишкенби? "Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр" дегендей, келечекте "Мекеним Кыргызстандын" тагдырына балта чабылып калбайбы? Албетте, бул жагынан УКМК тыкыр талдоого элса эле "илинчээк" чыкса керек...


Алмаз Усенов сот жоопкерчилигинен
"Де-фактону" суудан кургак алып чыкса...
Буга чейин "Де-факто" гезитин Бакыт Төрөбаев ар-намыс, кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берди эле. Эми Адахан Мадумаров ошол эле мааниде арызданууда. Эки үлкөн саясатчы менен гезиттин редактору Амантур Мусагулов укук талаасында күрөшүүгө бел байлады. Бекем бол, баатыр! Дал ушул алкакта биз бир сырды ачып коёлу. Негизи Мусагулов президенттик аппараттын маалымат саясатын тейлеген Алмаз Усенов менен тыгыз кызматташарын билебиз. Эми төбөдө кара булут айланып, эки саясатчы бирдей жутуп жиберүүгө келгенде, Алмаз Усенов кандай көмөк көрсөтөт болду экен? Эгерде сотторго коңгуроо кылып койсо, анда эле бүгүнкү "союлга" айлангандар мыйзамды буйлалатып, буйрукту так аткарып беришеби? Бирок, Мадумаровдун адвокаты Бекибай Мамытов кыраакы юрист эмеспи, "Де-фактону" беш аргумент менен "кыкынта байлап", кутулуп чыгууга жылчык калтырбаганын алдыртан кабарлады. Кармаш кызуу болчудай, көрө жаталы...


"Дуня" түнү менен "байтал чабышка" түшкөнбү?
16-июнда Ленин районунда Аида Салянованын соту болуп атса, жанындагы коллегасы Бахадыр Сулейманов үргүлөп отурду. Экрандан карасаң көшүлгөндөй эле көрүнөт. Улам "ойгонуп" кетип, кайра уйкуга киргендей. Түнү менен "байтал чабышка" түшкөнбү? Болбосо мынчалыкка барбайт эле да э? Неси болсо да, "Дуня" душман көзүнө көз көрсөтүп, "Салянованын сотунда көрүнүп коёюн" деген гана ишараты эмеспи? Бу эргул Акаев бийлигинен бери улам бир жылуу орундарга көчүк батырып көнүп калган да, мурдагы чакырылышта Ташиевден таяк жесе да моюн бербей...



Яндекс.Метрика