mainkaptal


Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты:
"Сот реформасынын "сонун жүрүп атканына" күйбөгөн жерим күл болот"
- Алмамбет Насырканович, "Соттордун статусу" жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилишине сиздин көз карашыңыз кандай?
- Жогорку сотко судья болуш үчүн он жылдык юридикалык стажы болуп, сот болуп иштеген тажрыйбасы болбосо деле "мейли" деген норманы киргизип, өткөзүп коюшту. Бул өтө туура эмес. Бул - сот реформасына урулган балта. "Жогорку соттун судьясы болуп иштеш үчүн кеминде беш жылдык судьялык тажрыйбасы болуш керек" деген норма бар да. Ошол норманы алып коюп атпайбы. Анан Жогорку сотко судья болуш үчүн атайын бир жылдык окуу бар да. "Ошону да окубасын" деп атат. Бир саясый топ өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бул мыйзамды сүйрөп өткөрүштү. Окумуштуулар "барып отуруп алалы" деп атат судья болуп ошол жерге. Жергиликтүү сотторго окуу талап кылынат, Жогорку соттун судьяларына окуу талап кылынбайт. Окуу деген юридикалык билимди күчөтпөйт, тажрыйбаны үйрөтүш керек: "Сот процесси момундай жүрөт, адам укугу моминтип сакталат, жарыш сөздөр момундай болот" деп. Биз ушул жеринен абдан чоң ката кетирдик. Анан "сот реформасы сонун жүрүп атат" дегендерине менин күйбөгөн жерим күл болот. Сот рефорасын бул тескерисинче, талкалап атпайбы. Эми бул мыйзам боюнча депутаттардын теңи барып, Жогорку сотко судья болуп алышса болот. Анткени, көбү окууну бүтүп алган, юридикалык билимдери бар. Анан ошолор барып адам тагдырын чече алабы? Адам тагдыры оюнчук эмес да.
- Сиздердин "одоно катачылык кетирген судья жоопкерчилик тартышы керек" деген сунушуңуздар сотторго кысым жасоо катары кабыл алынды окшойт...
- Соттор одоно ката кетирсе сөгүш менен гана чектеле турган норманы киргизип алышты. Бул туура эмес. Одоно ката деген бул кылмыш да! Ал катуу жооп бериши керек. Мындай норма цивилизациялуу мамлекеттердин биринде да жок, диктаторлук режим, чөнтөк соттор бар жерлерде гана киргизип алышат.
- Бирок, буга чейин деле соттор өз катачылыгы үчүн жазаланган учурлар боло элек го?
- Анткени, мыйзамдар жол бербей келген да. Азыр деле мобул мыйзам боюнча бирөөнү ак жеринен кесип ийсе дагы, бирөөнү жок жерден мүлкүнөн ажыратып, кылмышкерди бошотуп ийсе дагы бир да сот жоопкерчиликке тартылбайт. "Соттордун жоопкерчилигин күчөтүп атабыз" дегендери калп болуп атпайбы.
- Мындай мыйзамды профессионал юристтер эмес, башка кесиптегилер, айталы, энергетиктер сунуштап атканы сизге парадоксалдуу көрүнбөйбү?
- Эми аларды сүйлөтүп атышат да, артында турган башкалар.
Аттокур ЖУМАЕВ





Жакупованын
осол жүрүштөрүнөн
Өткөн саныбызда журналист Улукбек Бабакуловго "баалуу сунушту" көшөгө артынан берген укук коргоочу Чолпон Жакупова экенин күч органдарындагы ишенимдүү булактарыбызга таянып жазган элек. Материал жарык көргөнү интернет колдонуучулар тарабынан Жакупованын жоругу сындалып, бу айымды алкагандардан да ашата сөккөндөрдүн катары калыңдап, кызык маанай жаралды. Бизге жеткен дагы бир маалыматтарга караганда, дал ушул Жакупова 2009-жылы Бакиевдер тарабынан кансырап бычакталган дагы бир журналист Сыргак Абдылдаевди чет өлкөгө чыгарууга үлкөн салым кошкону кабарланды. Анда го Сыргактын жанын сактоого себепчи болгон экен, а азыр береги чагымчыл мүнөздөгү материал жазган журналистти отко салгандай осол жүрүш жасаган жокпу? Чет элдин анча-мынча гранты үчүн мамлекетке тескери маанайдагы иш жүргүзүү көпчүлүккө эмес, Жаратканга деле жакпайт го?

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ





Кенжебек БОКОЕВ, "РАЖ" фракциясынан ЖК депутаты:
"Импорт буудайга НДСти алып салуу тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон"

- Кенжебек Сатымкулович, импорттолгон буудайга НДС салыгын кайра киргизүү демилгеңизди негиздеп берсеңиз?
- Бул мыйзам долбоору 2016-жылдын январь айында өкмөт тарабынан киргизилип, импорттолгон буудайга НДС алынып салынган. Мен ошондо "туура эмес" деп каршы чыккам. Анткени, "650 миң сом бюджетке түшпөй калат" деп өкмөт ошол убакта аныктаган. Экинчиден, "биздин буудай өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында НДСти албаш керек" дегем. Жылына Казакстандан бизге 400 миң тоннадан буудай келсе, биздин дыйкандар 800 миң, 1 млн. тоннага чейин буудай өндүрөт. Сырттан арзан буудай келе берсе, биздин тегирменчилер өзүбүздүн дыйкандардын буудайын албайт. Эки-үч жылдан кийин дыйкандар буудай айдаганды таптакыр токтотуп коёт. Мына, 2016-жылдын кышы менен 2017-жылдын жазында арпанын баасы буудайдан кымбат болуп кетти. Эмне үчүн? Анткени, тегирменчилердин баары Казакстандын арзан буудайын алып атат. Эгер биз өзүбүздүн жергиликтүү буудай өндүрүүчүлөрдү жоготсок, анда азык-түлүк коопсуздугунда проблема пайда болот. Төрага "мен тегирменчи-эксперт катары оюмду айтам" деп мага каршы сүйлөбөдүбү? "Бул тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон" деп түз айтсам, ошого чычалап атышат.
- Бирок, лобби болгону чын да?
- Ага эл өзү баа берет. Эмне үчүн чай, май сыяктуу жүздөгөн башка товарларга НДСти алып салбайт да, бир эле буудайга алып салат? Биздин мыктыларыбыз парламентте отурганы үчүнбү?
- "Бул премьер-министр менен спикердин ортосундагы тирештен улам чыккан маселе" деген пикирге сиз кошуласызбы?
- Мен демилгелеген мыйзам эми зорго күн тартибине кирди, бут тосуулар менен. Ал эми премьер менен спикердин ортосундагы маселе болсо, ал өзүлөрүнүн иши. Анткени, өкмөт да өзүнүн мурдагы катасын билип, эми НДСти кайра киргизүүнү сунуштап атат.
- Бая күнү комитетте "Судьялардын статусу" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланганда, сиз "Жогорку соттун судьялыгына талапкер беш жылдык стажга ээ болууга тийиш" деген норманы кайра киргизүүнү сунуштадыңыз. Эмне себептен?
- Кечээ Феруза Жамашева да айтты, "ошол норманы сиздер туура эмес алып салгансыздар" дегендей... Көп мамлекеттерде Жогорку соттун судьясы болуш үчүн он жылдык стаж керек экен. Ошон үчүн мен "жок дегенде беш жылдык стажды кайра киргизиш керек" дедим. Анткени, ал бир-эки адамды өткөзүш үчүн киргизилген лобби мыйзам болгон. Мен сот жагынан профессионал эмесмин. Бирок, жергиликтүү сотто иштеп, тажрыйбасы болбой туруп Жогорку сотто эң акыркы чечимди чыгаруу опурталдуураак го. Ошондуктан, жергиликтүү соттордо беш жылдык стажы керек. Бул менин жеке пикирим, мен ушундай позицияда турам.
- Бир жыл окутканга кандай карайсыз?
- Бир жыл эмес, керек болсо эки жыл окутуш керек да. Анткени, келечекте окууну бүткөн эле киши сот боло албашы шарт. Бүгүн ОРТ тапшыра албагандар жогорку окуу жайына кире албай жатпайбы. Ошондой болуп, белгилүү баллды алгандар гана резервге кириши зарыл.
Керим МУРАС



Яндекс.Метрика