mainkaptal

Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Канат Исаевдин кайраты артып,
президенттик шайлоого аттанганы турат
Катар-катар кылмыш иштери козголсо да Канатбек Исаев баштагы кайратынан жанбай, Кудай астында күнөөсү жок экенин далилдөөгө бел байлап, бийликтин кысымына туруштук берип, саясаттагы чыйралуу күндөрүн баштан кечирүүдө. Айрым көралбастардын табасы канып, "Канатка кылмыш иши козголду эле канаты кайрылып, тынчып калды, ушуну менен саясаттан четке сүрүлөт" деп жатышкан. Бирок, алардын тилектери таш капты! Жакынкы күндөрү Исаев президенттикке талапкер катары БШКга кайрыла турганы, чоң саясый аренага кайрадан жаркырап чыгышы күтүлүүдө. Азырынча соттун өкүмү чыга элек болгондон кийин ал өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аламан жарышта бактысын сынаганы турат. Канат мырза сергек, өзөктүү жана эр жүрөк саясатчы катары көпчүлүктөн колдоо таап, башка атаандаштардын картасын оңой эле бузганы калды окшойт. Сыягы, аз күндө бул жааттан кызык көрүнүштөргө күбө болобуз.


Турусбек Мамашов ажы болду, эми ресторан-кафелери "халалдашабы"?
Аз күн мурун белгилүү ишкер Турусбек Мамашов зыярат кылып, кичи ажылыкка барып келди. Куттуктайбыз! Бирок, эске ала турган бир жагдай бар. Турусбек мырзанын "Дасмия", "Айкөл Ордо, "Чарпая" жана башка көңүл ачуучу жайларында, бозүйлөрүндө арак ичилип, ар дайым той-тамаша болуп турат. Каарманыбыз эми ажы болгондон кийин ресторан-кафеге байланыштуу бизнесин "халалдаштырып", ичкилик сатуу жагын тыябы? Же цивилдүү арабдардай болуп, арак-шараптарга тыюу салбайбы?..


Коңулдан баш көтөрбөй, "сырдуу компроматтарды" анализдеген Сарпашев
Тайырбек Сарпашевдин вице-премьер-министр болуп тургандагы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген кылмыш иши УКМК тарабынан кыскарган. Ал эми Максим Бакиевге тиешелүү Скрябин көчөсүндөгү 1 гектардан ашык жердин сатылышына себепчи болгону боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Ал өткөн жумада кызматынан кеткен. Учурда ичкүптүсүн ачык чыгара албай, нааразычылыгы күчөп атыптыр. Табиятынан Сарпашев айлакер жигит эмеспи, экинчи кылмыш ишин да жаптырып алып, убакыт өткөзүп, анан ыңгайы келгенде гана эсептешчү адамдарына катылса керек. Азырынча коңулдан баш көтөрбөй, ала кеткен "сырдуу компроматтарды" анализдеп, катыра пландарды түзүп аткандыр...


"Бирболчу" депутатты "кустурат" окшойт
Нариман Түлеевдин "Сапатком" имараты Финполдун кызматкерине өткөндөн кийин Акылбек Жапаровдун "Дамас" ресторан-мейманканасы ИИМдин оъбектисине айланышы керектиги интернетте жазылып, кызуу талкууга жол чабылды. Көпчүлүк адамдар "Дамастын" мамлекеттин карамагына өтүшүн колдоп атышат. Мындай идея тегин жерден чыкпаса керек. "Бирболчу" депутатка "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгондон кийин ага тиешелүү үй-мүлкү күч органдары тарабынан изилдене баштаган. Кыязы, Жапаровду камакка алышпаса да "кустуруу" үчүн кысымдар күчөйт окшойт.


Чотоновдун сейрек адамдарда кездешчү мүнөзү бааланууда
Барган сайын Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту резонанс жаратып, коомчулуктун назарын бурдурууда. Мурда күнкү процессте Дүйшөн мырза күтүүсүздөн "Текебаевди шайлоо ишине коё бергиле, анүчүн түрмөгө мен отуруп берейинчи..." деген сөзү баарыбызды таңгалдырып, ошол эле учурда интернетте талкуу жаралды. Көпчүлүк катмар Чотоновдун жолборс жүрөктүү бекемдигин, лидери үчүн туруп бергенин баалашууда. Мындай сөздү сейрек гана адамдар айтат эмеспи. Эгерде башка бирөө болгондо өзүнүн жанын коргоо үчүн жанталашып, түрмөнүн сыз дубалдарынын ортосунда эле "сынып" калмак беле?


ОПГларды ыйлаткан полковниктин саясатка кайтып келиши...
Мелис Турганбаевден кем калышпаган опер, полковник Алымжан Козубаев Жогорку Кеңештеги "РАЖ" фракциясына кызматка кирди. Ал 2015-жылы "Ата Мекен" партиясы аркылуу парламенттик шайлоого аттанганы эсибизде. Эске салсак, Алымжан мырза жаш кезинен күчтүү опер катары ийгиликтүү иштеп, о.э. ИИМдин бир катар жетекчилик кызматтарын да аркалаган. ОПГ жана наркобарондорго каршы күрөшүүдө бай тажрыйбага ээ. Эми болсо Бабановдун командасына кирип, президенттик шайлоодо Ноокаттан добуш алып берүү боюнча билегин түрүп, шымаланып турган кези.


"Бөрү карыса да бир койлук алы бар"
Жетимиш жашка таяп калган Тургунбек Кулмурзаев ичтен арман-күүгө батып, президент Атамбаевге нааразы болуп жүргөнү бизге чейин угулду. Күздөгү шайлоодо бийликке каршы саясатчыны колдоп чыгууга белсенип, азырынча акыл калчап жатыптыр. Чүйдүн аттуу-баштуу аксакалы катары Кулмурзаев да оңой эмес жоо экенин билебиз. Губернатор кезинде Курманбек Бакиевге ачык каршы чыгып, Ала-Тоо аянтынан кызматын таштап, оппозицияга өтүп кеткен эрдигин билесиңерби? "Бөрү карыса да бир койлук алы бар" демекчи, алдыдагы так талашта чүйлүк инилеринин бирин колдоп, саясаттагы соңку кармашын салганы турат.


Асанакуновдун айынан жамаатта
курч кырдаал жаралды
Ушул күндөрү Кыргызстан профсоюздар федерациясында жамаат ич ара ыркырашып, кызык маанай жаралганы белгилүү болду. Кызматкерлердин алды төрага Мирбек Асанакуновго каршы жаалы кайнап, эки ирет нааразычылык акциясына чыгышты эле көпчүлүктүн каарынан коркконбу, Микең дароо ооруканага түшкөнү кабарланды. Баса, андагы өзүнө каршы чыккан топту Мирбек Асанакунов күч органдарындагы тааныш-билиштери аркылуу каматып, иш козготуп салууга дейре барарын айтып, коркутуп жаткандыгы кандай? Мындай кадамдарына ачууланган топ жакында ага карата кайрадан сенсациялар түрмөгүн көтөрүүгө жандалбас урушарынан кабардар болдук. Эстүү жетекчи болсо ушуларды эки жаат кыла ыркыраштырбай, эпке келтирип коёт эле да? Көрөгөч жетекчилерге жарыбай калдык го?


Чыныбай Турсунбеков амбицияга алдырып,
Атамбаевден да коркпой калдыбы?

Азырынча КСДПнын съезди качан болору белгисиз. Партия ичинде ич ара бөлүнүү жана лидерлердин тирешүүсү токтой элек. Бул жээкте негизги оюнчу катары Чыныбай Турсунбеков сыпатталып, ар кандай божомолдорго эшик ачылууда. Чыкебиз чындап ачууланып, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине аягына чейин каршы турарын, президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтөрүн, калтасында 20 миллион доллар накталай турганын айтыптыр. Ошого катар 7 жылдан бери КСДП үчүн опол тоодой эмгек кылып, анысы бааланбай калганына ыза экен. Аныгында, күрөшкө аттанган кербези. Реалдуулуктан алсак, Турсунбеков бүгүнкү күндө мамлекеттеги чоң фигура, олигарх, эчен жылдан бери бизнесте жүрүп, кийин саясатта такшалып, тамыры терең кеткен. КСДПнын бир ыптасын бөлүп кетүүгө жана карапайым калктан кандайдыр бир деңгээлде колдоо табууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн ал президент Атамбаевге да моюн бербестен, өз позициясынан тайбай, моюн толгой кыр көрсөтүүдө. Мындай тирешүү эмнеге алпарат? Эртең амбициясы үчүн кысымдар башталып, тагдыры жарга такалбайбы?



Яндекс.Метрика