mainkaptal
Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
// "Парламент пахмелдери"

Айтмамат Назаров: - Бул жер дагы жолугушуу. Жолугушуудан маанилүүрөөк маселе.
"Азия Ньюс": - Тагыраагы, "кечинде баланча ресторанда, же түкүнчө саунада кезигишебиз" деп жолугушууга макулдашуу.
Экмат Байпакбаев: - Эти деньги очень длинные.
"Азия Ньюс": - И очень сладкие наверное.
Бахадыр Сулейманов: - Алмаз Батырбекович очень хорошо говорит.
"Азия Ньюс": - Чыныбай Турсунбекович еше лучше.
Азимкан Жусубалиев: - Аталган долбоор Дыйкан - Кызыл-Жылдыз 159-183- чакырымында альтернативдик түндүк-түштүк жолуна багышталат.
"Азия Ньюс": - Эмне, жолго багыштап куран окумакчы болуп жатасыздарбы, Азимкан Ильязович?
Азимкан Жусубалиев: - Экинчи суроосу Үмбетаалы Токторалиевичтики болду башка шаарлар кандай?..
"Азия Ньюс": - Экинчи суроосу Үмбетаалы Токторалиевичтики башкачараак болду эле го?
Аскарбек Шадиев: - Анвар Артыкович азыр суроо бердилер...
"Азия Ньюс": - Ниме дедилер?
Осмонбек Артыкбаев: - Алмамбет Насырканович, мен сиздей болуп катуу эмес, акырын эле сүйлөйүн. Насаатыңызга чоң рахмат! Тажрыйба бар да сизде.
"Азия Ньюс": - Туура, кебез менен мууздаш керек.
Осмонбек Артыкбаев: - Сиз ошол жерде баардыгын эле тегиздеп, эме кылып калгансызбы момундай?
"Азия Ньюс": - Баардыгын эмес албетте. Мурду чоңдорун гана тегиздеп, эме кылат.
Аскарбек Шадиев: - Очень много случается аварии когда... ну засыпают водители... не знаю там, залетают...
"Азия Ньюс": - Вы имеете ввиду женщин-водителей?
Осмонбек Артыкбаев: - Асел Союзбековна, бовойт, бовойт...
"Азия Ньюс": - Катуу туруң Осмонбек Мамбетжанович, катуу туруң...
Жамшитбек Калилов: - Былтыркыдай жанагы секирип өтмөй болбойт. Былтыр трубалардын үстүнөн баардык машиналар секирип өткөн.
"Азия Ньюс": - Анда, быйыл учуп өтүшөт го ээ?
Бакирдин Субанбеков: - Кайырчы сыяктуу болуп жүрө беребиз "кечирип койгула ушул сумманы" деп.
"Азия Ньюс": - Бул сумма жаштык кылып коюптур, жашшабагыр, иттик кылыптыр деппи?

"Азия Ньюс" - пресс





Темир Сариев улуттун лидери боло алабы?
А
кыркы эле бир ай ичинде Темир Сариевдин арымы алдыга кетип, кыргыздарды эле эмес, дүйнөлүк коомчулуктун да назарына илинди. Шанхай, Санкт-Петербург жана Астанадагы эл аралык форумдарга чакырылганы, ал жактан сөз сүйлөп, Кыргызстандагы бараандуу саясатчы катары улуттук жүзүбүздү көрсөтө алды. Адамзаттык чен-өлчөмдөн алганда, бизде да ааламдашуу жана өнүгүүнүн алкагында жогорку деңгээлде сөз айткан, дымактуу ой жүгүрткөн инсаныбыздын бар экенине ынандык.


19-июнь күнү "Ак шумкар" партиясынын съезди болуп, негизинен интеллигенция каймактары, саясый ишмерлер жана жаштар катышты. Партиянын делегаттары бир добуштан Темир Аргембаевичти колдошуп, президенттик шайлоого аттандырышты. Негизинен жыйын жогорку деңгээлде уюштурулганын көрдүк.
Мындан ары эмне кылуу керек? Албетте, "Ак шумкардын" штабы шайлоо өнөктүгүнө башкалардай эле дыкат даярдыгын улантып, эл менен иштөөнү биринчи планга коёт. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, Темир Сариев жогорку деңгээлде ой жүгүрткөн саясатчы катары өзгөчө бир кадамга барышы зарыл. Ал өзү деле "Бирге" долбоорун баштап, улуттун биримдигин, ынтымагын жаратуучу катары ой таштады. Иш жүзүндө бул аракетти жүзөгө ашыруу кыйын. Дүйнөдөгү улуу иштердин баары жөнөкөйлүктөн башталганын эске алышыбыз керек. "Улук болсоң кичик бол" деген даанышман кеп бар. Эң оболу, Темир Сариев ошол эле интеллигенция каймактарын, саясый элитаны, оппозициясы болобу, позициясыбы, баарын өзүнө тартып, майда таарынычтардан бийик болгондун үлгүсүн көрсөтүп, керек болсо душманына да кол сунуу менен тил табышууну баштаса, жол ачылат, башкаларга өрнөк көрсөтөт. Саясый күрөштө ийгиликке жетишүү, мамлекеттик чоң маселелерди чечүү жөнөкөй гана мамиледен уланарын унутпайлы.
Эске салсак, 2010-жылы көз караштары ар башка саясатчылар биригип, Курманбек Бакиевдин кандуу режимин кулатууда жеңишке жетишкен. Андан бери бир муштумга түйүлгөндөй ынтымакты саясый элитадан көрө алган жокпуз. Учурда биз саясый чоң процесстин астанасында турабыз. Азырынча президенттик шайлоого аттанган башка саясатчылар бийликтин талапкерине каршы биригүүнү баштай элек. Бул жааттан алганда, Темир Сариев партиясынын съездинде алгачкы кадамды таштагандай болду. Бирок, бул жетишсиз. Менимче, сентябрь айына чейин "Акшумкардын" айланасына саясый элитанын ардагерлери, оппозициясы, орточулдары жана жаштар болуп, мурда болуп көрбөгөндөй ынтымак мейкиндигин түзүү шарт.
Мисал келтирели, эми 7 облустун аттуу-баштууларын баарын санап отуруу кенен убакытты алат. Алыс барбай эле Чүйдөгү белгилүү аксакалдар менен көрүнүктүү инсандарга токтоло кетели. Апас Жумагулов, Ормон Шаршенов, Кубанычбек Сыйданов, Жалгап Казакбаев, Мисир Ашыркулов, Амангелди Муралиев, Болот Жанузаков, Асанбек Алымкожоев, Жаныш Рүстенбеков, Феликс Кулов, Медетбек Керимкулов, Курманбек Кубатбеков, Муратбек Мукашев, Тургунбек Кулмурзаев, Мыктыбек Абдылдаев, Кубатбек Кожоналиев, Өмүрбек Кутуев, Бакирдин Субанбеков, Кубатбек Байболов, Камила Шаршекеева, Айдарбек Керимкулов, Абдылда Суранчиев, Мира Жангарачева, Турат Мадылбеков, Сабыр Курманалиев, Темирбек Акматалиев, Жоомарт Оторбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Туйгунаалы Абдраимов, Элмира Ибраимова, Азим Исабеков, Дамир Өскөнбаев, Эркин Сакибаев, Болоткан Кумаров, Эркин Бөлөкбаев, Кабай Карабеков, Сагынбек Абдрахманов, Аргынбек Малабаев, Канатбек Исаев ж.б. биз айрымдарын эстей албаган бир топ белгилүүлөр бар. Албетте, аты аталгандардын баары болбосо дагы, дараметтүүлөрүн Темир Сариев биригүүгө чакырышы керек. Ал эми башка облустардан да булардан кем эмес аттуу-баштуулардын тизмеси узун. Мына ошолордун баарын саресепке алып, эрктүүлүк менен ынандырса болот. Эң башкысы - ишеним! Ток этери, Кыргызстандын төрт тарабынан чыккан тыңчыкмалардын баардыгын башын кошууга, мамлекеттин, эли-жерибиздин кызыкчылыгын коргоп, андан ары өркүндөтүүгө мезгил келди. Анүчүн лидер жол башташ керек. Менимче, Темир Сариев ар тарабынан бышып жетилген саясатчы катары уюткулук милдетти аркалашы парз. Баары эле кызмат же акча сурабайт. Эң оболу, жыланды ийинден чыгаргандай жылуу сөз керек. А убакыт күтпөйт. Кудай буюрса, Кыргызстандын желегин мындан бийик желбиретип, өсүп-өнүгүү үчүн мезгил келди. А мындай шанс ондогон жылдарда гана бир келерин унутпайлы...
Мамлекеттин түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошушкан Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абрахманов, Исхак Раззаков чыккан элибизден кеч болсо да улуттун лидери чыга турганы талашсыз. Бирок, элибиз да акчага сатылбастан, мал эмес экенин далилдеп, кең келечегин тандоого милдеттүү.
Кубат КАРАЧЕВ



меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика