mainkaptal


Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Эмне үчүн Атамбаевдин кадыр-баркы өсүүдө?

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки 25 жылдын ичинде алгачкы жолу бийликти конституциялык жол менен өткөрүп берүү милдети турат. Борбор Азиянын бир да республикасында көзү тирүү президент акыл-эси жайында болуп турганда, президенттик тактыдан өз ыктыяры менен кеткен учур али боло элек. Атамбаев "мен өз ыктыярым менен кетем, келээрки президентти эл өзү шайлайт" деди. Ал чындап эле кетип атат, анын "шайлоо таза өтөт, кийинки президент ким болорун мен билбейм" деген сөзү да чындык.

Бул аныгында эле кыргыз демократиясынын чоң жеңиши, Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелинде демократия үчүн курман болгон жаш жигиттердин бейитинде туруп берген убадасын аткарды. Ал бийликти узурпациялап алган жок, башкаларга үлгү көрсөтүп, хандык тактыдан өз ыктыяры менен кетип жатат. Ушунун өзү эле элдин ага карата урмат-сыйын жаратчу нерсе эмеспи? Атамбаев кээде өтө эмоционалдуу сүйлөп койгондо да карапайым эл аны туура түшүнүп, кечирет, себеби, кимдир бирөө элге чындыкты айтышы керек да...
Эң башкысы, Атамбаев өлкөнүн бүтүндүгүн сактап, ынтымакты ого бетер бекемдеди. Кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери "Кыргызстан эки революциядан, Ош окуяларынан кийин мамлекеттүүлүгүн жоготуп алат" дегендери жалганбы? Эми болсо көп өлкөлөр биздин эркиндигибизге, өлкөбүздүн бекемдигине, келечегибиздин кенендигине суктанып жатышат.
Тайлак НАЗЫМОВ





"Ак шумкар" аттанганда!

19- июнь күнү Улуттук филармонияда "Ак шумкар" партиясынын съезди болду. Аталган партиянын лидери, мурунку премьер-министр Темир Сариевдин президенттикке талапкерлиги көрсөтүлүп, анда катышкан 500 делегаттын баары бир добуштан "макул" деп добуш беришти. Мындан сырткары, съездге интеллигенция өкүлдөрү жана саясатчылардын жоон топ катмары келип кошулду. Алардын ичинен Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков сөз сүйлөшүп, Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн чечимди колдошоорун билдиришти.


Темир САРИЕВ, партиянын лидери:
"Бөлүнүүнүн лимити бүттү, эми биригели!"


- Урматтуу съезддин делегаттары! Ардактуу меймандар! Сиздер менен бүгүн чоң саясый атаандаштыктын алдында маңдай-тескей көрүшүп отурабыз. Быйыл күзүндө президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо ачык-айкын, атаандаштык шартта курчуйт. Президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоону Конституция жана мыйзамдарга ылайык, ачык өткөрүү убадасы бул ишенимди бекемдейт. Бүгүн мен өлкөбүздөгү талылуу маселелерди кантип чечебиз, мекенибиздин күч-кубатын канткенде чыңдайбыз, элибиздин жашоо-турмушун кантип жакшыртабыз (?) деген суроолор боюнча көз карашымды бөлүшөйүн. Эзелтеден элибиз акылмандыгы, айкөлдүгү, меймандостугу, сабырдуулугу менен жашоо философиясын калыптандырган.
Кыргыз - байыркы эл. Баатыр эл. Даңкы кылым карыткан калк. Көп улутка ата дегеним ошол. Бул биздин баа жеткис байлыгыбыз. Урпак катары милдетибиз, сыймыгыбыз! Ошол эле учурда өткөн менен мактана бергенибиз азыркы абалыбызды жакшыртпайт. Баатыр бабаларыбыз калтырган даңк, мурасына татыктуу иш аткара алдыкпы? Кээде өткөн тарыхыбызды апыртып да ашыкча мактанып кеткен жайыбыз бар. Өнүгүп өсөбүз десек, келечекке кең карайлы. Сын көз караш менен мамиле кылалы. Чындыктын тили менен сүйлөп үйрөнөлү. Быйыл өлкөбүз эгемендикке ээ болгонуна 26 жыл толот. Бул мезгил аралыгында жеңишибиз менен оорчулуктар, өнүгүүбүз менен өксүгүбүз катарлаш келди. Бирок, элибиз түмөн түйшүккө карабай өнүгүү, өсүү аракетинен жазган жок. Мамлекетибиз майда кадамдар менен болсо да телчигүү жолуна түштү. Мен ушул мезгил ичиндеги элибиз жеткен ийгиликтер менен сыймыктанам. Элибиздин эң негизги жетишкендиги - эркиндиги.
Эркиндик, эгемендик кандай гана эл болбосун анын өнүгүүсүнүн өзөгү. Аны көздүн карегиндей сактап, баркын билели. Элибиз азаттык, акыйкаттык үчүн ажалдан кайра тартпай, сактап келе жатат. Аны 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабы таасын далилдеди. Ушундай эркиндикти баалаган эл жакшы жашоого татыктуу. Мекендештерибиздин дагы бир ийгилиги - талыкпаган мээнет, талбаган аракет менен жаңы экономикалык шартка көнүп, иштин көзүн таба алганы болду. Мамлекеттин колдоосу жок эле өз алдынча соода, туризм, тигүүчүлүк сыяктуу ири тармактарды түзүп, жаңы базарларды өздөштүрдү. Баба дыйкандарыбыз менен мал киндиктүү элибиз бекер жатып алган жок. Ийгиликке жеткен фермерлерибиз, аалам чакырыгына жооп берген акылдуу жаштарыбыз, эл багар эр-азаматтарыбыз пайда болду! Мунун баары элибиздин чыдамкайлыгы, өжөрлүгү, айкөлдүгү, талбаган аракетчилдиги, жаңыны үйрөнүүгө, өздөштүрүүгө болгон умтулуусунун натыйжасында болду. Өнүгүүнүн жышааны дагы жогору болмок, эгер мамлекеттик органдар эффективдүү иш алып барганда, мындан да бир топ оңолмокпуз. Бирок, биз азыркы абалды калыс баалап, ачуу болсо да ачык айталы. Бүгүн Кыргызстан жарандык коомдун активдүүлүгү, эркиндикке болгон аракети жагынан аймактагы өлкөлөр арасынан ат чабым алдыга кетти. Бирок, калкыбыздын жашоо-турмушу, экономикалык өнүгүү жаатында алдыга озо алган жокпуз. Калктын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта күн кечирүүгө аргасыз болууда. Жүз миңдеген журтташыбыз башка өлкөлөрдөн иш издеп, иш менен кошо коопсуз, ыңгайлуу жай издеп кетүүгө дуушар болду. Жарандарыбыз өз мекенинде өзүн коопсуз сезе албай жатат. Эң коркунучтуусу, айрым мекендештерибиз Кыргызстандан өзүнүн, балдарынын татыктуу келечегин көрө албай жатат. Бул ачуу чындык.
Жарандык коом мамлекеттик бийликке караганда алда канча алдыга кетти. Бүгүн мамлекеттик органдар жарандык коомдун талаптарын аткара албай, сын угууга аргасыз болууда. Себеби элибиз ачык-айкын, заманга шайкеш санариптик башкаруу, санариптик экономиканы талап кылууда. Ошондуктан, өлкөбүздүн, элибиздин азыркы абалын калыс баалап, "жакшысын ашырбай, жаманын жашырбай", Мекенибиз жана мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу үчүн программа иштеп чыктык. Программанын негизги платформасы сиздерге таратылды. Кененирээк кийинчерээк да берилет. Мен программадагы негизги үч максатка кыскача токтолгум келет.
БИРИНЧИДЕН, мамлекеттеги тартип. Аң-сезимибиз менен аракетибиздеги башаламандык мамлекеттик башкаруу системасындагы, коомдогу адилеттик түшүнүгүн талкалап, мамлекет менен жарандардын мамилелерине доо кетирип жатат. Чынын айтканда, ээнбаштык, өзүмбилемдик көбөйдү. Ошондуктан, биринчи кезекте баардык тармактарды тартипке салуу зарыл. Мамлекетти тартипке салуу - бул мыйзамдын кынтыксыз диктатурасын орнотуу. Бизге темирдей тартип керек!
ЭКИНЧИДЕН, калктын биримдигин жана Кыргызстандын руханий кайра жаралышын камсыз кылуу. Азыркы доор алдыбызга жаңы тапшырмаларды, чакырыктарды жаратууда. Экономикалык олку-солкулуктар, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү, глобализация - дүйнөнү өзгөртүп жатат.
Мезгил талабына жараша, бирок өз тамырыбызды унутпай өнүгүүбүз керек. Анын негизги шарты руханий жана экономикалык байгерчиликти камсыз кылуу.
Биз XXI кылымда элибиз өз ордун, тарыхый миссиясын аңдап-түшүнгөндөй шарт түзүүбүз абзел. Бизге бирдиктүү улут, бирдиктүү эл керек.
Ошондо гана ийгиликке жете алабыз. Албетте, адамдардын кулк-мүнөзү, көз карашы, кызыкчылыгы ар башка болушу мүмкүн.
Бирок, өлкө жана коомдун өнүгүү жаатындагы негизги маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу зарыл. Биз - БИРГЕ гана жаңы Кыргызстанды, жаңы кыргыз рухун жарата алабыз. Биз бөлүнүүнүн лимитин бүтүрдүк. Эми биригүүнүн убактысы келди.
ҮЧҮНЧҮДӨН, күчтүү экономика жана интеграцияны өнүктүрүү. Эң алгач коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык интеграция саясатын улантышыбыз керек. Жарандарыбыздын жашоосун жакшыртып, экономиканы көтөрүү үчүн мындан башка жолубуз жок. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр интеграциялык жараяндарга катышуу менен гана эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы базарларын ача алат.
Бул жаатта биздин өлкө үчүн Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму эң ыйгайлуу өнөктөштөр болот. Эки жыл мурун биз Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Мен муну Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген, тарыхый туура чечим болгон деп эсептейм. Дал ушул багытты улантып, тереңдетүү зарыл.
Мен Евразиялык интеграциядан биздин жарандар реалдуу түрдө пайда көрүшү үчүн кандай кескин иш-чаралар керек экенин билем. Улуу Кыргыз кыялын, Улуу Кыргыз мамлекетин БИРГЕ куралы!
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ



Яндекс.Метрика