Кайсы кесип популярдуу, же ЖОЖдордун сапаты жана баасы кандай?

"Абитуриент- 2017" деп быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү уядан учарына саналуу күндөр калды. Республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгын колдоруна алып, жогорку жана орто окуу жайларынан кесип тандап турган кездери. ЖОЖдордун сапаты, рейтинги, бюджеттик бөлүмү, контрагы ж.б. ар кандай маалыматтар менен коомчулукка бөлүшүүнү туура көрүп отурабыз.

Абдиманап МУРАТОВ, билим жана илим министринин орун басары:
"20-июлга чейин Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын рейтинги жарыяланат"


- Жыл өткөн сайын төлөнгөн контракттык келишимдин баасы жогорулап жатат, бирок, эмне үчүн ЖОЖдордо билим берүүнүн деңгээли төмөн?
- Билим сапатынын начар болушуна эки нерсе түрткү болууда. Биринчиси - мыкты мугалимди ишке тартуу үчүн айлык акы, каржылоо жакшы болушу шарт. Бизде ЖОЖдордун каржылоосунун 27% ы гана мамлекет эсебинде, калгандары контракттын негизинде ишке ашат. Контракттын негизинде алынган каражатты оңдоп-түзөө иштерине, мугалимдердин маяналарын көтөрүүгө жумшалуусу үчүн чечим чыгарганбыз. Сапаттын төмөн болушунун себептери ушунда деп эсептейбиз. Билим берүү жана илим министрлиги 20-июлга чейин Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын рейтингин жарыялайт. Ал билим берүүнүн сапаты, илим, инфраструктура жана каржылоонун негизинде түзүлөт. Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча маалыматтар атайын сайтта жайгаштырылып турат.






Окуу жайлардын контрагы канча?
Окутуу акысы боюнча медициналык академия сап башына чыгып, эң жогорку баасы 60 миң сомду түзөрү анык болгон. Ал эми технологдорду даярдоо үчүн эң көп дегенде жылына 39 миң сом талап кылынат экен.
Технологдук кесип боюнча кыргыз-түрк "Манас" университетинен акысыз билим алууга болот. Кыргыз техникалык университетинде бюджеттик негизде даярдоо менен катар акы төлөө менен да окутат, окуу акысы 39 миң сомго чейин жетет.
Айыл чарба адистиги боюнча да кыргыз-түрк "Манас" университети башка баардык адистиктей эле акы төлөөсүз билим берет, ал эми агрардык университет болочок адистерди бюджеттик жана келишимдик негизде даярдайт. Окуу акысы 25-36 миң сомдун тегерегинде.
Маалыматтык технолог болууну каалагандар улуттук университетте 27 миңден 30-35 миң төлөп окушу керек, бул адистик боюнча окуу жайда бюджеттик бөлүм каралган эмес.
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бюджеттик жана келишимдик негизде дардайт, окуу акысы 30-35 миң сом. Кыргыз техникалык университетинде да бюджеттик бөлүм бар, ал эми келишимдик окуу акысы 39 миң сом.




Махабат ИМАНКУЛОВА, job.kg сайтынын ээси:

"Популярдуу жумуштарга - топ-менеджерлер, ресепшн жана ашпозчулар кирет"
Job.kg сайтынын ээси Махабат Иманкулова жалпысынан жумуш издеп резюме калтыргандардын саны 84 миңге жеткенин маалымдады.
- Кайсы кесиптерге учурда суроо талап жогору?
- Эң көп суроо-талап болгон, популярдуу жумуштар - бул топ-менеджерлер, ресепшн, курьер, айдоочулар, ашпозчу, официант боюнча адистер. Иштегенге жумуш көп, бул жакка резюме менен 10 миң адам катталган. Андан кийинки эле административдик персонал деген блок бар. Мында бухгалтерия тармагынын кызматкерлерине, каржы ишкана, салыктар, аудит, экономика, финансы жана кассирлерге суроо талап жогору. Андан кийинки орунда сатуучулар турат жана алардын ишин жүргүзгөн коомчулук менен байланыш адистери, маркетологдорго дагы талап күч катары ошол сайтка катталгандардын негизинде жыйынтыгын айтты.





Алмаз ТАЖЫБАЙ, билим жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү:

"Бизде шыгына эмес, баллына жараша кесип тандашат"
- Учурда бүтүрүүчүлөр үчүн республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Бүтүрүүчүлөр кайсы окуу жайын тандоону билбей баштары маң болуп турган учур. Негизи эле кайсы ЖОЖдорго талап жогору болууда?
- Жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Негизинен 11-классты эле бүтүргөндөр эмес, 9-классты да бүтүргөндөр кесип тандап турган учур. Бизде азыр жалпы 52 жогорку окуу жайлары бар. Анын 37си мамлекеттик окуу жайлар. Калганы жеке мекчик. Негизинен жеке менчик окуу жайлардын баары контракттык негизде. Мамлекеттик ЖОЖдорго саналуу гана бюджеттик орундар каралган. Престиждүү, алдыңкы окуу жайларга карабай бүтүрүүчү кайсы кесипти тандады, кайсы кесипке шыктуу, кайсы кесип колунан келет - ошого тапшырууга умтулуш керек. Мисалы, айыл чарба жагына кызыкса, айыл чарба университетине, курулуш тармагы кызыктырса техникалык университетке тапшырышы шарт. Бизде болсо жалпы тестирлөөдөн алган баллы кайсы окуу жайга жарайт, ошону караштырышат. Бишкектеги медициналык академияга тапшыргандардын саны көп болот. Андан соң Америка, кыргыз-орус славян университети, ИИМдин академиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет, кыргыз улуттук техникалык жана кыргыз архитектура жана курулуш университеттерине тапшыргандар басымдуу болот.
- Азыр жаңы мыйзам каралды эле. Канча бир баллдан төмөн болсо бүтүрүүчүнүн ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калат...
- Эгерде бүтүрүүчүнүн алган баллы 115тен жогору болсо гана ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде 260-270 балл алса, талаптары жогору болгон медициналык академиянын, ИИМдин академиясынын, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин талаптары жогору факультеттерине бюджеттик негизде кабыл алынат. Жалаң бюджеттик негиздеги ЖОЖдорго кыргыз-түрк "Манас" университети кирет. Бирок бул окуу жайга тестирлөөдөн жакшы балл алган гана балдар тапшыра алышат. Кыргыз-түрк "Манас" университети бекер окутканы жана анда коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ.
- Азыркы учурда эң жогорку контракттык акы канча төлөнөт?
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын токтому бекитилген. Анда окутуудагы акы төлөө көрсөтүлгөн суммадан кем болбош керек жана ашпашы да шарт. Конрактты төлөө акысы боюнча медициналык академия эң жогорку баада турат. Баасы 60 миң сомду түзөт. Андан кийин маалыматтык технолог болууну каалагандар улуттук университетте 27 миңден 30-35 миң сом төлөп окушу керек, бул адистик боюнча окуу жайда бюджеттик бөлүм каралган эмес.
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бюджеттик жана келишимдик негизде даярдайт, окуу акысы 30-35 миң сом. Кыргыз техникалык университетинин да бюджеттик оруну бар, ал эми келишимдик окуу акысы 39 миң сом. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча бюджеттик орундун саны 575 миң. Бул көбүнесе педогогикалык окуу жайларга берилет. Юридикалык жана экономикалык окуу жайларга мындай бюджеттик орундар берилбейт.

Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА