mainkaptal

Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Дамира НИЯЗАЛИЕВА, экс-вице-премьер-министр:
"КСДПнын ынтымагын, кадыр-баркын кетирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө"

Эки ирет парламент депутаты, эки ирет министр болгон Дамира айым менен КСДПдагы ажырым, алдыдагы президенттик шайлоо, бийлик талапкери тууралуу баарлаштык. Жумгалдан "жуурулуп" чыккан биздин каарман бүгүн штабдын кыжы-кужу иштерине ичтен аралашып, бийлик талапкерин сүрөөнгө алууга белсене киришкен кербези.

- Дамира айым, президенттик шайлоого карай "борттон тыш калган" бир кездеги Сагынбек Абдрахманов баштаган партиялаштарыңыз КСДПнын бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековго удаа атаандаш болуп, добуштарды капталдан "жыра тартып" бөлүүгө ашыгышууда. Сиз кайсы тарабын туура көрөсүз?
- КСДПнын ысык-суугуна күйүп жүргөн "эски" партиялаштардын орду чоң жана маанилүү. Сооронбай Жээнбеков да, Сагынбек Абдрахманов да "эскилердин" тобуна киришет. Партияга кечээ эле кирген мүчөлөр билбесе да, "ветерандар" ташка тамга баскандай партиялык тартип күчтүү болушу керектигин билишет. Анткени, партия - бул көпчүлүктүн уюму болгондуктан, азчылык көпчүлүккө баш ийүүсү зарыл. Муну Сагынбек Абдрахманов деле жакшы билет. Менимче, чүйлүк партиялаштарыбыз "партияны, добушту ич ара бөлөлү" деген ойдон алыс. Мүмкүн алар акыркы 5-6 жылда партиянын ичинде ички түзүмү, өнүгүү боюнча иштерге жетектөө маселесине көңүл буруу үчүн ушундай кадамга барышты го. Бирок, мен ишенем, биздин партиянын миңдеген мүчөлөрү курултайда Алмазбек Шаршенович сунуштаган бирдиктүү талапкерди колдошот. Анткени, президенттик шайлоо - оной-олтоң иш эмес. Бир гана регион же бир гана партиянын колдоосу өтө аз жана жетишсиз. Талапкер өлкөнүн төрт бурчунда таанымал, кадыр-баркы бийик, тажрыйбалуу адам болуш керек. Жеке өзүм жөнүндө сурасаңыз, мен партиянын "аскеримин", биздин партиянын чечими кандай болсо, ошого баш ийип, курултай кимди көргөзсө, мен да ошол талапкерди колдойм.
- Бийликтин бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековго карата КСДПнын түндүк регионунун өкүлдөрү ич ара шыбырашып, кылдан кыйкым издегендей кемчиликтерин чубап чыгууга жандалбасташканы ыраспы?
- Мен көп деле мындай маалыматтарга ишенгим келбейт, мүмкүн кээ бир күчтөр атайын чагымчыл маалыматты таратып, КСДПнын ыркын, ынтымагын, кадыр-баркын кетирип жаткан атайын иш-чара болушу мүмкүн. Эгер мындай маалымат чындык болсо, анда акылга сыйбаган нерсе! Тилекке каршы, регионалдык бөлүнүп-жарылуу ыкмасын саясатчылар өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп келишет. Бирок, карапайым калкка жетекчинин кайсы жактан эмес, анын адамгерчилик жана профессионалдык сапаттары кызыктырат да. Мисалы, "президент болом" деген талапкер тажрыйбасы жок, алдым-жуттум, адамгерчилик жана профессионалдык сапаттары жокко тете болсо, регион эмес, бир айылдан болсо да карапайым калк колдобойт! Ал эми конкреттүү негизде Сооронбай Шарипович жөнүндө сурасаңыз, бул адам оор басырыктуу, адамгерчилик сапаттары бийик, мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөн, чарбачыл жагынан сүрөттөмө берет элем. 2010-жылдагы апрель, андан кийинки июнь окуяларын жайгарууда облус жетекчиси катары сап башында турду. Ошондой эле өлкөбүздүн ири облустарынын бирин кыйын мезгилде башкарып, анан ушул турпатына жеткирген губернатор өзүнүн регионунан дээрлик колдоо табат болуш керек. Калган региондордон деле колдоого ээ болот. Анткени, өзүнүн жөнөкөй мүнөзү, эмгекчил экенин элибиз көрүп, ыраазычылыгын айтып атышат. Көпчүлүк ага карата "ыйман жолунда жүргөн адам ыплас иштерге барбайт" деген да баа беришүүдө. Айрыкча мен жакында эле Кочкор, Жумгал эли менен жолугуп, Орозо туткандарга ооз ачырып жүрүп, ушундай мүнөздөмөлөрдү карапайым элдин өз ооздорунан көп уктум. Кыргыз эли акылдуу, алдыдагы тагдыр чечүүчү маалда баардык талапкерлерди атайын "электен" өткөрүп туруп, туура чечим кабыл алат деп ишенем.
- Сооронбай Шариповичти жакындан билген адам катары артыкчылыктарын айттыңыз. Кемчиликтерине да токтоло кетпейсизби?
- Эми Калыгул иним, баарыбыз пендебиз да. Ар бир адамдын жакшы жана жаман кыялдары, ар кандай сапаттары болот эмеспи. Кайсы талапкер же ким болбосун кемчиликсиз болбойт. Бирок, өзүнүн кемчилигин сезе билген, түшүнгөн адам оңолгонго аракет кылат эмеспи. Айтор, Алла Таала кимдин маңдайына жазса, эл колдосо, ошол адам президент болот.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ





Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШК төрайымынын орун басары:
"Соттун айыптоо өкүмү күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү"

- Абдыжапар Гапырович, кечээ жакында коррупция жана алдамчылык сыяктуу оор беренелер менен айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда отурган Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер катары БШКга арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Укуктук жактан алганда, анын талапкер катары катталууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар?
- Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамда так көрсөтүлгөндөй, КР жарандары жана саясый партиялары президенттикке талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Башкача айтканда, мындай укук эки субъектке берилген. Биринчиси, жарандарга өзүн-өзү жылдыруу менен, экинчиси саясый партияларга өздөрүнүн курултайларында, конференцияларында талапкерди жылдыруу боюнча атайын чечим кабыл алууга. Албетте, президенттикке талапкерлерге коюлчу талаптар бар. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, акыркы он беш жылда мамлекеттин аймагында жашаган 35 жаштан кем эмес, 70 жаштан ашык эмес, пассивдүү шайлоо укугу бар жарандар президент болуп шайлана алышат. Ошого ылайык, азыркы күндө эки жаран өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкер катары атайын арыз менен кайрылышты. Өмүрбек Текебаев жана Назарбек Нышанов. Эми алар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн көрсөтүшү керек, анан БШК атайын отурумунда бул жылдырылган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет. Алар мыйзамда көрсөтүлгөн 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колун чогултууга милдеттүү. БШКнын атайын адистерден турган жумушчу тобу колдордун ырастуулугун текшерип, тиешелүү корутунду берип, тиешелүү справкалар чогултулуп, бир миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү коюлгандан кийин БШК жылдырылган талапкерди каттоо, же каттоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Эми каттоо мөнөттөрү жөнүндө айтсак, талапкерди көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалгандын эртеңки күнүнөн баштап шайлоого 75 күн калганга чейин. Башкача айтканда, 1-августка чейин талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрөт. Андан соң шайлоого 50 күн калганга чейин чогултулган колдорду, шайлоого 45 күн калганга чейин тиешелүү бүт документтерди БШКнын жумушчу тобуна тапшыруулары тийиш. Шайлоого 35 күн калганга чейин БШК ошол жылдырылган талапкерлерди каттоо боюнча маселелерди карайт. 10-сентябрда баардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт. Ошол күндөн тарта үгүт иштери башталат.
- Текебаев талапкер катары катталды дейли. Ошол замат кол тийбестикке ээ болуп, эркиндикке чыгабы?
- Анын баш коргоо чарасын укук коргоо жана сот органдары чечишет. Бул нерсе БШКнын милдетине, ыйгарым укуктарына кирбейт. Бизге берилген документтерди кароонун мөөнөтү бүткөнгө чейинки мезгилде пассивдүү шайлоо укугу болсо, башкача айтканда, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү. Эгер катталгандан кийин соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирчү болсо, анда БШК өзүнүн каттоону жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алышы керек.
- Катталгандан кийин деле кол тийбестик укугунан ажыратыла береби?
- Катталганга чейин сот өкүм чыгарган болсо, ал тиешелүү мөөнөттөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет да. Ал кийинки инстанцияларга арыз менен кайрылышы мүмкүн. Ушундай мөөнөттөрдө каттоо процесси келген болсо, ал каттала берет. Бирок, соттун айыптоочу өкүмү шайлоо күнүнө чейин беш күндөн кем эмес убакытта күчүнө кирип калган болсо, анда БШК өзүнүн каттоо чечимин жокко чыгаруу боюнча кабыл алышы керек.
- Оппозиция өкүлдөрү "быйылкы президенттик шайлоо 19-ноябрда өтчү болсо, азыркы президенттин ыйгарым укуктары мыйзамсыз узарып кетиши мүмкүн" деп парламентте маселе коюшкан болчу. Эми шайлоо 15-октябрга белгиленген соң аны өз мөөнөтүндө өткөргөнгө кепилдик барбы?
- Шайлоо эки тур менен өтсө дагы жыйынтыгын өз мөөнөтүндө чыгарып, расмий жарыялап, инаугурация өткөзгөнгө бизде шарттар да, мүмкүнчүлүктөр да бар. Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алгандан кийин биз БШКда шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иштердин календарлык планын иштеп чыгып, бекиттик. Шайлоого кетчү каржылык чыгымдардын сметасы да бекитилди. 671 миллион сом өлчөмүндө каражат жумшалмакчы.
Аттокур ЖУМАЕВ



Яндекс.Метрика