Таалайбек САРЫБАШЕВ, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
"Бир тууган Матраимовдор Ош, Кара-Суу аймагында калың элдин колдоосуна ээ"

Өлкөбүздөгү эң ири облустун башчысы Таалайбек мырза адеп кызматка жаңы киришкенде "ири ишкер өрөөндүн көйгөйүн чечкенге жараар бекен?" деген көпчүлүктүн күмөнсүнүүсү пайда болгон. Ишке киришкенине бир жарым жылга аяк баскан губернатор мындай күмөнсүнүүлөрдү четке кагып, учурда дараметинин жетишинче өрөөндүн түйшүгүн тартып келе жатат. Оңтойлуу учурда биз менен да жаңылыктары менен бөлүшүп турмайы бар.

- Таалай аке, өлкө аймагы боюнча айыл өкмөттөрдү шайлоо өнөктүгү аяктоодо. Бул өнөктүктү Ош облусу кандай жыйынтыктадыңар? Силердин дубанда айрым айыл өкмөттөрдү шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн жергиликтүү депутаттарды коңшу Тажикстан, Өзбекстанга дейре алып кетишип, ыплас ыкмаларды колдонушуптур го, ушул жааттагы абалдан кабар берип койсоңуз?
- Биздин Ош облусунун аймагында жалпысынан 72 жергиликтүү өз алдынча аймактардын башчыларын шайлоо өткөрүү бекитилген. Мунун ичинен 71 айыл өкмөт башчысы жана бирөөсү Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо белгиленген. Шайлоо дайындалган күндөн тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарында өнөктүк болуп өттү. Жыйынтыгында биринчи бекитилген график боюнча 63 айыл өкмөттө шайлоолор болсо, экинчи белгиленген этапта 6 айыл аймагын башчысын шайлоо дайындалган. Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү шайлоодо биринчисинде талапкерлер шайлана албай, экинчисинде кворум болбой калган. Үчүнчү ирет белгиленген шайлоодо гана айыл өкмөт башчысы жергиликтүү депутаттар тарабынан колдоо алып, бул аймакта да өнөктүк жыйынтыкталды. Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтүндө шайлоо болбой калып, 7-мартка кайрадан дайындалса, Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөт башчысын шайлоодо үч ирет тең кворум болбой калып, бүгүн ал айылдык кеңештин депутаттарын таркатуу күтүлүп жатат. Облустун аймагында калган 69 айыл өкмөтүндө шайлоолор болуп өттү. Ошондой эле Өзгөн шаарынын мэри да шайланып, шайлоо дээрлик жакшы жыйынтыкталды.
- Облустун аймагында жазгы айдап-себүү өнөктүгү башталдыбы? Дыйкандардын кем-карчтары толукталдыбы? Бул жагынан кандай аракеттериңер бар?
- 2017-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, иш алып баруу боюнча атайын буйрук чыгарганбыз. Буйрукка ылайык графиктер түзүлүп, атайын түзүлгөн иштер жүрүүдө. Кудай буюрса, биз жазгы талаа иштерине даяр болуп калдык. Дыйкан-фермерлерибиз менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Облустун аймагындагы үрөнчүлүк чарбалар менен сүйлөшүп, көпчүлүк дыйкандарыбызды үрөндөр менен камсыздап бердик. Жер семирткичтерден селитра былтыркыга салыштырмалуу быйыл жетти. Баасы да төмөн болуп, бизди сүйүнтүп жатат. Мамлекет тарабынан матрезерв аркылуу да берилип, жеке ишкерлер да өздөрү алып келип жатышат. Облус боюнча жалпы 3600дөн ашык техникалардын бүгүнкү күнгө карай 85 пайызы даяр десем болот. Учурда Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Дыйкандарыбыз эрте быша турган картошканы алгачкылардан эгип башташты.
- Борбордук бийликтен, айрыкча өкмөттөн Ош облустук жана шаардык бийлик башчыларына карата кандайдыр бир нааразычылыктар, сын-пикирлер барбы? Иш болгон соң жумушуңарда кемчиликтер бар да, кантип эле баарын текши жайгарып иймек элеңер?
- Чындыгында мамлекет тарабынан биз үчүн абдан жакшы шарттар түзүлүп жатат. Айрыкча кайра иштетүү жана мал чарбасына жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Биздин дыйкан-фермерлер дыйканчылык менен мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө насыяларды алып жатышат. Мамлекет тарабынан да техникалар лизингге берилип жатат. Кайра иштетүүчү чакан ишканаларга, мал союучу жайларды жергиликтүү бийлик жакшы колго иштетип, алып кете албай жатабыз. Бул жагын моюнга алыш керек. Мындай кемчиликтерибизди өкмөттүк жыйындан премьер-министрибиз Сооронбай Шарипович баса белгилеп, катуу тапшырмаларды берди. Ага удаа буга чейинки ишибиздеги айрым мүчүлүштүктөрүбүздү дагы баса белгилеп айтып беришти. Болгону алдыбызда кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштөө планы гана турат.
- Өлкөбүзгө аты өзгөчө белгилүү, мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов кичи мекени Ош облусуна абдан жакшы жардамдарды берээри, айрыкча муктаж адамдарды, спортсмендерди, өнөр адамдарын колдой турганы республикалык масштабда өтө кызуу кеп болуп жүрөт. Азыр бул инсандын Ош облусунда кадыр-баркы кандай? Ош облусуна дагы деле жардамын берип келеби?
- Райым Матраимовду мен жакындан тааныйм. Райымдын бир тууган агасы Тилекбек Матраимов учурда биздин облустагы Кара-Суу районунун акими болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Дагы бир бир тууган агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты экенин көпчүлүк билет. Мен губернатор катары облусубуздун аймагына, айрыкча Кара-Суу районундагы элдик жыйындарга көп катышам. Ошол эл арасынан да өз көзүм менен бир тууган аке-үкө Матраимовдор мамлекет тарабынан да, өздөрүнүн жеке каражатынан да Кара-Суу районуна социалдык имараттарды курууга, жалпы эле элге көптөгөн жардамдарын алып келишүүдө. Андан тышкары, жеке өздөрүнчө да "Матраимовдордун фондусу" деген фонду бар экен. Бир тууган Матраимовдор бул фондусу аркылуу да жер-жерлердеги жаштар үчүн көптөгөн спорттук аянтчаларды куруп берип жатышат. Колунда жок студенттерге стипендия төлөп беришип, миңдеген жаштардын муктаждыктарын чечип беришүүдө. Андан тышкары, биздин облустун аймагындагы узундугу 50 чакырымга созулган Отуз-Адыр каналын өздөрүнүн жеке каражатынан тазалатып бергенинин өзү эле кандай алкышка татыйт! Матраимовдор династиясынын эл үчүн кылган жакшы саамалыктарын четинен тизмектеп айтып берсек болот. Ушул жерден сөз ыңгайы келип турганда, адилеттүүлүк үчүн баса белгилөөчү жагдай, мен бир тууган Матраимовдордун эл үчүн, өзгөчө биздин Ош облусу, мындагы жашаган жүз миңдеген мекендештерибизге кылган камкордуктары, биздин өрөөндүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн берген жардамдары, аткарган эбегейсиз соопчулук иштерин облустун башчысы катары баса белгилеп айткым келет. Дагы көптөгөн жакшылыктарды эл үчүн жаратышууда. Ошон үчүн бул үй-бүлө Ош, Кара-Суу аймагында кадырлуу, карапайым калк тарабынан катуу колдоого ээ!
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ




Кубатбек Байболов жана "Мегакомдун" чуусу бүтпөчүдөй...
Кээде "булт" этип чыга калып, бүгүнкү бийликти сындап калмай адаты бар Кубатбек Байболовду коомчулук жакшы билет. Оппозициянын каршылык көрсөткөн тегерек столдорунда Кубат мырза катышып, өз ой-пикирлерин бөлүшүп, бүгүнкү бийликти кетирүү идеясын колдогондой жүргөнү байкалат. Баса, 2010-жылдан кийин революциянын шарданы менен Байболов башкы прокурор болуп калганы, ошондо "Мегакомго" байланыштуу чатактарга аралашканы, анан көп узабай ошонун кесепетинен кызматынан кол жууганы эсибизде. Таңгалычтуусу, "Мегакомдун" чуусу ушул күнгө чейин бүтпөй, ортодон былыктар чыгууда. Тымызын тергөөнүн натыйжасында, Байболовго карата да материалдар иликтенип атканы, жакында чет-бучкагы чыгаары боюнча каңшаар тарады...

Кеңешбек Дүйшөбаев жаза тайса, аёосуз жооп алышы мүмкүн
Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаевдин башына ала булут айланып тургандай. Эсиңерде болсо, 2010-жылдан кийин ал УКМКны жетектеп турган кезинде, ЖМКларга суук кабар тараган. "Дүйшөбаев автоунаасы менен түн ичинде бир жаранды тебелетип кетти" деген мааниде. Кеңешбек мырза бул боюнча каршы пикир айтып, ушак катары сыпаттаган болчу. Көп өтпөй уу-дуу кептин арты бас-бас болуп, тынчып калган эле. Кызыгы, айрым маалыматтар боюнча ошол окуя учурда иликтенип атканы, эгерде чындап илинчээги табылса, иш кайрадан көтөрүлө турганын эшиттик. Аныгында, алты жылдай убакыт өтүп кеткенден соң тиешелүү фактыларды табуу кыйынга турбайбы? Буга чейин Дүйшөбаев оппозициялык маанайда ой-пикирлерин билдирип, Акүйгө каршы күрөшүп келатканы белгилүү. Балким бир жеринен жаза тайса, жоопко тартылабы?..
Кубат КАРАЧЕВ