Текебаев эркиндикке чыкса, олуттуу күчкө айланат... Кайра шайлоо "РАЖга " гана пайдалуу...

7- мартта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу жөнүндө сөз кылды: "Эки-үч айдан бери Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүү менен алек, ызы-чуу басылбай койду... Парламент күн өткөн сайын мыйзам чыгаруу органынан ушак-айың чыгаруучу органга айланып баратат. Балким, балыктай оозуна талкан салып отургандан, же парламентте мародорлерду өстүргөндөн көрө тарап эле кеткени туура болор..."

Адегенде оппозиционерлер камалып, суракка алынды эле, эми болсо парламентти таратуу тууралуу сөз боло баштады. Кыргызстан кайрадан чачыроого бет алдыбы?
Бирок, кырдаалга учкай баам салганда баары башкача: Атамбаевдин билдирүүсүн ниет катары эмес, депутаттарга "эгер силер өзүңөрдү колго алып иштей баштабасаңар, парламент тарайт, көбүңөр өз ордуңардан ажырап каласыңар" деген эскертүү катары караш керек. Бул эскертүү биринчи кезекте президенттик КСДПнын мүчөлөрүнө тиешелүү.
Алгачкы жылдарда мыйзам чыгаруучулар арасындагы "бардак" президенттин командасына пайдалуу болчу. "Divide et impera" ("бөлүп-жар да башкара бер") принцибин жетекчиликке алып, Атамбаев өлкөдө болуп жаткан окуяларга таасирин күчөттү. Депутаттардын айрымдары коркунуч туулганын инстинкт менен сезип турушту, бирок, парламент жалпы жонунан чечимдерди кабыл алуунун реалдуу борбору болгонго аракет да кылган жок. Мындай амбиция күчтү, убакытты талап кылып, ага караганда да маанилүү иш - бизнес менен шугулданууга тоскоол болмок.
Бирок, азыр кырдаал өзгөрдү, Алмазбек Атамбаев жылдын акырына чейин президенттик кызматынан кетүүгө тийиш. Андан соң парламентке келип, ири фракциянын жетекчиси катары жаңы президентке жана өкмөткө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, муну чабал парламенттеги чабал партия менен ишке ашыруу кыйын. Ошондуктан Атамбаев мөөнөтү бүткөнчө КСДПны реформалап, бийликти транзиттөө учуруна өз тылын бекемдөөсү зарыл. Муну менен бир эле учурда өтө эле ашынган, баш ийбеген атаандаштарын коопсуздандырып коюуга да болот.

Парламент тарап кетиши күмөн
Азыркы депутаттардын көпчүлүк бөлүгү окуя ушундай өңүткө бурулушуна кызыкдар эмес, анткени, кайра шайланып келиш үчүн бир топ күч жана каражат жумшоого туура келет (талапкерлик тизмеден орун сатып алуу 40 миң доллар турушу мүмкүн), ошондо деле жеңип чыкканга кепилдик жок. Мүмкүн болуучу шайлоолор партиялардын көпчүлүгү үчүн тобокелчилик жаратат. Партиялардын кайсы бири акыркы, 2015-жылдагы шайлоолордо алгандагыдан көбүрөөк орундарды алышы күмөн. Азыркы парламенттин курамындагы айрым партиялар дегеле "ыргып" кетүүлөрү мүмкүн. Бул жагынан "Ата Мекен" партиясынын абалы өзгөчө кооптуу. Анын лидери Өмүрбек Текебаев коррупция, алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, эки айга СИЗОдо отурат. Анын тарапкерлери бүт күчтөрүн мобилизациялап, өз лидерин коргоого аракет кылышкандары менен жупуну ресурсу алардын Facebook дебатынын алкагынан ары чыгуусуна мүмкүндүк бербей жатат.
Бирок, айрым кыйынчылыктарга карабастан, акыркы окуялар Текебаев үчүн коркунуч гана туудурбастан, анын чоң саясатка кайтып келүүсүнө да шанс берип коюшу ыктымал. Акыркы жылдарда "Ата Мекен" менен Өмүрбек Текебаев позицияларын жоготуп баратышкан - каржы булактары азайып, аларга салыштырмалуу кыйла чогоол атаандаштары алкымдан алып, шайлоого катышуу кыйын милдетке айланып калган. Жеңиштер азайгандан азайып, 2015-жылкы шайлоодо "Ата Мекен" 7,75 пайыз добуш менен парламентке араң өткөн.
Эгер Текебаев эркиндикке чыга алса, ал акыркы мезгилде ээ болгон популярдуугун пайдаланып, өзүнүн айланасына протесттик электоратты чогултууга жана бийлик партиясына чакырык таштоого мүмкүндүк алат. Бийлик үчүн бул олуттуу коркунуч болот.
Кайра шайлоо болсо азыркы парламенттеги партиялардын дээрлик баары коркунуч астында калат. КСДП (өткөн шайлоодо 27,4 пайыз добуш алган) ичтен олку-солку болууда, алар бул жолу да мурдагыдай добуш алары күмөн. "Кыргызстан" (12,87%) менен "Өнүгүү-Прогресстин" (9,3%) абалы деле ушундай. "Бир Бол" (8,5%) менен "Ата Мекендин" (7,75% ) абалы өзгөчө начар, алар жаңы парламенттин курамына дегеле кирбей калуулары мүмкүн. Кайра шайлоодо Өмүрбек Бабановдун "Республика - Ата Журтуна" пайдалуу болушу ыктымал. Себеби, ал жетекчилери өнүгүүгө жана окутууга ресурстарын жумшап жаткан аз сандагы партиялардын бири.

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурдараак өтүшүнө кимдер кызыкдар?
Биринчиден, бул бюджеттик пирогду бөлүшүү укугун талашкысы келген парламенттен тышкаркы саясый күчтөр. Алардын арасында акыркы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолордо өзүн жакшы көрсөтө алган "Улуу Кыргызстан", "Табылга", "Мекеним Кыргызстан" сыяктуу партиялар мандат үчүн күрөшкө түшө алуулары мүмкүн. Шайлоо алдындагы кампаниянын аркасы менен нан тапкан жергиликтүү ЖМКлар, саясый технологдор, типографиялардын ээлери, майрамдык жана нааразылык массовкаларынын уюштуруучулары да шайлоого кызыкдар.

Парламенттик шайлоолор өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүшү мүмкүнбү?
Өзгөртө деле албайт го. Себеби, жергиликтүү саясый бирикмелер бири-биринен көп деле айырмаланышпайт. Программалардын аталышы эч кандай ролду ойнобойт - парламентке капчыгы калың, эки жүздүү кишилер барышат, өлкөнүн келечеги үчүн күйүп-бышкан идеалисттер андай бийиктикке жете алышпайт. Өлкөдөгү абал түп тамырынан бери өзгөрүшү үчүн же таптакыр жаңы адамдар бийликке келиши, же тышкы чакырыктар таасир этиши талап кылынат.
Өлкөнүн жакын арадагы саясый келечегин прзиденттердин, же партиялардын аттары эмес, кыйла маанилүү башка нерселер - анын ичинде бюджеттин абалы, тышкы каржылык карыз булактары, өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын келүү булактары, кыргыз продуктыларын сатуунун негизги рыноктору, сугат суунун таңкыстыгы, электр энергиясын генерациялоо проблемалары, тышкы карыздарды төлөө мөнөтүнүн жакындоосу сыяктуу нерселер аныктайт. Азырынча Кыргызстандагылар "экономика ылдам темп менен өсүп кетет" деп үмүт кыла алышпайт. Президент Атамбаев көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн ордуна оппоненттерин "сасыган партиялар" деп атап, депутаттар болсо блоггерлерди көзөмөлдөөнү күчөтүү керек деп демилге көтөрүп жатышат.
Баса, Бажы биримдиги иштей баштагандан бери алты жыл өттү, бирок, Кыргызстан алиге чейин чек араларда кыргыз продуктыларын экспорттоо үчүн зарыл болгон санитардык-карантиндик пункттарды даярдай алган жок.
Григорий МИХАЙЛОВ, Regnum.ru