Канышай, ак сүйүү үчүн саясатты деле таштайт элем...
Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

Канышай жарыгым, билесиңби? Сен "Агымда" иштеп жүргөндө акыл-эсимен танганча сүйүп калып, улуу депрессияга кабылганым эсимде. Өзүңдү кыялдана берип, төшөккө да жатып калгам. Акыры эркектик намысым ойгонуп, бир күнү чогуу иштешкен журналист жигитке айтып, үчөөбүз "Арзуу" кафесине бардык. Сенин көз алдыңда бүркүттөй болуп уча албадым, бирок, сезимдеримде дирилдеп, кандай гана күчтүү укук коргоочу, саясатчы болбоюн, өзүмдү махабаттын астында алсыздыгымды, ычкырымдын бош экенин сезип турдум. Ошол кафеге барганыбызда сен бой көтөргөнсүп, менин арзуума кайдыгер карадың. "Чалдыкы жарабайт" дедиң беле... билбедим. Анда Акүйдө иштеген үлкөн чиновник болсом да, паска тебилип калганымды сездим. Бирок, шуулдаган жаным жөн турабы, жүзүңдөн аймалап, өөп-өөп алдым, шимий албасам да жаз гүлүндөй болгон ажарыңдын коңур желине мас болгонум эсимде. Эх, Канышай, карагаттай көздөрүң, каткырган добушуң жүрөгүмдү ушул кезге чейин жаралап келет! Канткенде экөөбүз кайрадан бир кемеде кезигебиз? Сен керемет жансың, кучагымда балкысаң, керек болсо, ак сүйүү үчүн түбүң түшкүр саясатты деле таштап кетет элем. Текебаев досум быякта калсын... Эгерде колуңду сунсаң, бул дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам болбойт эле. Бирок, мени чанып кеткенсиң, о, он жыл мурда. Мен азыр алтымышка таяп калдым, бир келип, шамчырагыма айланчы, аздектейинчи? Аз гана өмүр калганын билем, нерв болуп жүрөм, ушул ирмемдерде сени менен балкысам не? Күтөм, менин күйүмдүүм...
Турсунбай АКУН




Байтемир Ибраевге өзгөчө суроолор болушу мүмкүн
Убактылуу өкмөттүн тушунда башкы прокурор болгон Байтемир Ибраевди билесиңер да? Учурда тилин тишине катып, шүк жүрөт. Бакыт Калыев жана Бакиевдин токол катындарына кабат-кабат катталган миллиондор сырын Байтемир Ибраев каякка жашырган? Дал ушул эргулга карата шектүү жагдайларды өлкө башчысына күч органдары жеткиришкенби, учурда Азикенин "кол баласын" артын казуу катуу башталганын эшиттик. Өзүнө эле эмес, университетти өмүр бою "шимип", студенттердин канын кактабай соруп жүргөн, алкымы бузук жакындарына да илинчек табылабы? Бул эргул 7-апрель окуясынан соң кыска аралыкта заңгыраган особнякка ээ болгондугун жакындары айтып жүрүшкөнү жалганбы? Иликтөө адилеттүү жүрсө, экс-баш прокурор түптүз түрмөгө түшүп калбайбы?


Мамлекеттик казынаны соргон
Кутушевден тез арада кутулуш керек
Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет мүчөлөрү спикер Чыныбай Турсунбековго Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевди тез арада кызматынын алууну сунушташты. Көрсө, кызматтык кыянаттыкты аттап кете албаган Кутушев чет өлкөгө аппарат башчы катары кыска аралыкта сегиз ирет каттаганга жетишип (жалгыз барбай мурдагы жардамчы, жандоочторун кошо ала барып), мамлекеттин казынасын кыйла соргондугу катуу нааразычылыктарды жаратууда. Анан калса өзүнүн ыйгарым укугунан аша чаап, өкмөт мүчөлөрүн четинен чакырып жатканы кандай? Көпкөнчүлүктүн да чеги болбойбу? Мамлекеттин эсебинен каалагандай эсирип жаткан үчүн үйүнө кымбат-кымбат иттерди сатып алып, кутуруп жатат да, туурабы? Чыныбай Турсунбеков мындай маалыматтарды Атамбаевге жеткиртпей тез арада өзү киришип, мындай көпкөлөң, кесирлүү чиновниктен кутулбаса болбойт го?


Чолпон-Ата шаарынын мэрине карата жылуу пикирлер бар
Өлкө аймагы боюнча жакында жыйынтыкталган жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосунда калаа жетекчилеринен Чолпон-Ата шаар башчылыгына шайланган Карыбек Саралаевге карата жылуу пикирлер жергиликтүү элден кыска аралыкта жаралганы кубандырууда. Буга дейре мамлекеттик кызматта кыйла иштегенине карабастан күчтүү менеджерлик сапатка ээ болгондугу, Чолпон-Ата шаарынын ар тараптуу өнүгүшү үчүн мэрликке чейин эле кыйла иштерди жасагандыгын жергиликтүү тургундар өз кабарчыбызга билдиришти. Кезегинде эл-жердин бүтүндүгү үчүн Афган согушуна чейин аттанып, кан кечип келген каарманыбыз мындан ары да шаарды туристтик калаага айландырса, карапайым калкка жакын болсо, керек кезде көпчүлүк өзү колдоп, татыктуу баасын берип алышат. Баркы кеткен мамлекеттик сыйлыктарга караганда элдин берген баасынан өткөн ардактуу сый барбы? Жаңы шайланып, ишке киришкен калаа жетекчисинин ишине стимул берип, колдоп койгонго неге болбосун?


Аялдардын "башын тебелеген" Батырбеков менен Сулайманов
Интернет колдонуучулар менен социалдык түйүндөр арасында 8-март майрамын утурлай парламенттеги алты фракциянын курамындагы гендердик теңчилик, аялдардын орду чагылдырылууда. Бу жааттагы тең балансты сактабаган, мыйзамдарды уруп ойнобогон "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары таанылып, учурда булардын курамында бир да депутат айымдын жоктугу менен коомчулуктун сынына кабылышты. Гендердик баланска чакырык жасаган коомдук кыймыл өкүлдөрү да олигархтардан куралган партия өкүлдөрүн катуу "чымчымайга" алышса, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков "Спутник" сайты аркылуу актанганга жетишти. Суу кечпеген жүйөөлөр менен. Аталган партия буга дейре парламенттеги Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенамановадан "фокус-мокустары" аркылуу арылышса, Таалайгүл Исакунова менен Чолпон Султанбекованы өкмөткө жөнөтүшүп (партиянын көмүскө кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун амири менен) кутулушкан. Кыскасы, парламенттеги өңчөй олигархтардан куралган эки фракцияда тең көзгө басар айымдардан куру болуп, кунарсыз отурушат. "Бир Бол" катарындагы айымдардан сылык-сыпаа кутулушса, буларга караганда депутаттарынын саны менен ат чабым алдыда жүргөн "Кыргызстан" фракциясында бир да айым депутаттын жоктугу уят эмеспи? Же "Кыргызстан" фракциясына партиянын "көмүскө кожоюну" Шакинин кайнеже, балдыз, өкүл кыздарынан башка айымдар депутат боло алышпайбы? Трибунага туруп "гендердик теңчилик" боюнча ушулар кантип ооз ачат болду экен?


Төрөбай Зулпукаровдун этегине жармашкан полковник Абдраимов
Буга дейре биздин гезит ИИМ алдындагы коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Ашым Абдраимовдун ишиндеги шектүү жагдайларды иргеп, өзүнө, ИИМ жетекчисинин назарына көптөгөн суроолорубузду үч ирет жолдогон элек. Аныгында килейген тармак жетекчилиги КурСалиевичтин "сүйгүнчүгүн" жоопко тартууга кызыкдар болбогон соң, гезитке чыккан материалдарга башкы прокуратура кызыгып, светтин акчасын кезегинде төлөбөй, ИИМди командировка чыгымдарына дуушар кылып эсире көпкөн полковниктин артын казууга киришсе, бу оңбогон МЕНТ ноокаттык акеси Төрөбай Зулпукаровдун колтугуна кире качып, анын кийлигишүүсү менен башкы көзөмөл органынын өзүнө карата иликтөөсүн токтоттурганы чынбы? Жакында күч органдары бу эргулдун мамлекетке келтирген чыгымдарын энергетика министрлигине караштуу сатуу бөлүмдөрүнөн кайрадан эсептеттирип, квитанцияларды көтөрүшөөрү боюнча кеп кетти. Чындап текшерүү болсо, Ашыкенин баскан ар бир кадамынан илинчек табылып, ошондо акеси да коргой албай калбайбы? Кызык, Атамбаев ИИМди "крысалардан" тазалоо боюнча буйрук берсе, былыгы билинген МЕНТтерди КСДПчы депутаттар абийирин жабууга аракет жасаса, бу жагы кандай болуп калат? Президенттин саясатына каршы сокку болуп калбайбы? Кызматтык кыянаттыктарга барган Абдраимов качан жоопкерчиликке тартылат? Улан Исраилов тымпыйбай, кол алдындагы кандуу режимдин "жоокери" боюнча үн катпайбы?