mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
Кыргыз гезиттер
Сапар Исаков болбосо, Абдил Сегизбаев мураскер болот!

Тышкы да, ички да күчтөр бийликтин мураскерин өтө ынтызарлык менен күтүшүүдө. "Ким чыгат болду экен?" деген таризде. Өткөн жумаларда президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковдун аламанга аттана турганы боюнча кеп кетип, каршылаштары кара пиар жасаганга да үлгүрүштү. Бир сөз менен айтканда, аны коррупционер катары сүрөттөшүүдө. Аныгында, так далилдер деле чыккан жок. Баягы эле жел сөздөр...

Кызыгы, Исаков КСДПнын бирдиктүү талапкери катары президенттик шайлоого аттанса, жаш, билимдүү, тажрыйбалуу кадр катары чоң саясый күчтөрдүн уйкусун буза турганы байкалды. Анүстүнө Путин да бул каарманды катуу колдойт экен. Атамбаев болсо, "менин оң колум" деп Меркелге баса белгилеп айтканы бар. Баарыбызга маалым, бийликтин колдоосу астында Сапар мырза аламанга жүрүш салса, тиягы Кремль сүрөп берсе, жаңы муун катары эл ичинде аброю өсүп, карапайым калктын колдоосуна ээ боло турганы шексиз. Кичине жумшактыгы болбосо, башка жагынан кынтык табуу деле кыйын. "Болочок талапкер" учурда 39 жашта, жай айларында кыркка чыгат. Баса, Медведев деле 42 жашында президент болгону эсибизде...
Чоң саясатта оюндар катуу болот эмеспи. Азырынча Исаковду "мишенге" кармап туруп, алды-артын эсептеп, бийлик башка сүймөнчүктүү талапкерин алдыга жылдырышы да мүмкүн. Эгерде бул алаксытуу оюн болсо, анда Атамбаевдин айланасындагы эң бараандуу, кайраты бар, көрөгөч көздүү, мындайча айтканда, учурда таскагы катуу чыгып аткан Абдил Сегизбаевдин бактысы жанышы мүмкүн. Бул фигуранын артында эли бар, кыйшаңдаган саясатчыларга компроматы жетиштүү, УКМКны тескеп турат. Президент акырында Сегизбаевге "ставка" жасаса, саясый жактан утат. Билим, тажрыйбадан сырткары, бу жигит өзөктүү экен. Ал бүгүнкү бийликтин бүтө элек иштерин улантып кетет. Шефке жакын жандооч болот...
Арстан АЛГЫРБЕКОВ



Яндекс.Метрика