Маммүлктү таластыктар менен криминалдар бастыбы?
Аз күн мурун Маммүлк фондусуна Болсунбек Казаков төрага болуп барды. Бул өзү таластык. Анын артынан аталган кызматка "карт бөрү" Байымбет Мураталиевдин баласы орун басар болгонун кабарлаганбыз. Эми Мамыралиев аттуу пенде Маммүлккө дагы бир орун басар катары чуркап атат. Дал ушул Мамыралиев экс-депутат Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө шектелген эмес беле? Өзгөчө маалыматтарды билесиңерби? Кызыгы, бул система таластыктардын "кармушкасы" болуп, анан криминалдардын уюгуна айланабы? Биз суроо бердик, жооп бергиле да?..


Асланбек жана "Белладжио"
Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде депутаттар, министрлер, үлкөн бизнесмендер байырлаган "Белладжио" деген ресторан бар. Ошол жерге бизнесмен Рустам Маманов журналист Асланбек Сартбаевди чакырып, "Курсан Асанов менен элдештирейинби?" деп 20-январдын кечинде кепке тартып калат. Ак жүрөк журналист "жок" дебейт. Макулдашкан соң отуруп калышат. Депутат Азиз Турсунбаев да ал жерге байыр алат. Аңгыча ИИМдин орун басары Курсан Асанов адыраңдай жулуна-жуткуна жете келет да, өң-алеттен азып, "зомби" сымал атырылып, курч калемгер Асланбекти кулак түпкө муштап ийет. Кылчайнашкан кырдаал түзүлөт. Бирок... Кыскасы, ошол учурда өз ара отурган каармандар тынчышып, бир пикирге келишет. Эми болсо, Курсанга укуктук баа бергендин ордуна, башкы прокуратура, ИИМ, УКМК тынчыбай, Асланбектин артынан түшүп, кыйла кысым жаратуу менен моралдык-психологиялык басым жасап атышканы Кудайга жагабы?..
Канжар БОРПОШОВ