Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов биригеби?

Азыр жума сайын саясый айдыңда түрдүү аныктамалар жаралууда. Убакыттын өтүшү менен "аламан байгенин" прогноздоруна жараша келечектеги кадамга жол салчудайбыз. Эгерде кырдаал дал ушул жагына оосо кандай болот?..
Февраль айы жаңырганы саясый чөйрөдө да алдыдагы президенттик жарышка карай жандануулар башталды. Көпчүлүктүн кулак түргөнү 28-февралда күтүлүп жаткан В.Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарында болууда. Мында орус падышасы өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун жеке өзү менен жолугуп, кеңири форматта баарлашса, анда эле Кремлдин назары ага түшөөрү болжонууда (Атамбаев деле муну кош колдоп колдосо керек). Ошентип, аламанга карай Сооронбай Жээнбековдун топ жарып чыгышы күтүлмөкчү. Мындай божомолду Россияда "күчтүү каналдары" бар кыргыздын дасыккан аналитиктеринин бири да ырастоодо. Эгерде расмий Кремлдин назары дал ушундай нукта кетсе, өлкөдөгү экинин бири болгон, баардык жагынан шайма-шай келген лидер Өмүрбек Бабанов менен болочоктогу президент сөзсүз эсептешери турган иш. Сокеге ийгилик бактысы жылмайса, түндүк-түштүккө бирдей караган Бабанов менен биригүүгө бел байлап, БӨТтү күчтүү командасы менен өкмөт башчылыкка сүрөй турганы болжонууда. Өмүрбек Токтогулович деле Россиянын "батасын алган" талапкерге каршы чыгышы кыйын. Ким эле миллиондорун шайлоодо асманга сапырып, кумга сиңген суудай жок кылгысы келсин? Азырынча эки талапкердин биригиши баардык жагынан реалдуу жагдайда өнүгөөрү күтүлүүдө.
Ийгилик Болсунбаев