Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасы каралат

Кече 11-мартта Бишкек шаардык сотунда оппозициялык маанайдагы курч журналист, гезитибиздин баш редактору Асланбек Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болмок. Бирок, ишти караган судьялардын биринин ооруп калганына байланыштуу отурум эртең 13-март, саат 9га жылдырылды.

Буга дейре Асланбек Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү жана аны тез арада абактан бошотуу боюнча журналисттер, белгилүү саясатчылар, генералдар атайын кайрылуу менен чыгышкан. Адилеттүүлүккө үмүт артып. Чыңалган мээсиндеги чындыкты чыркырата калеминен чыгарган шефибизге байланышкан ишке парламенттеги эл өкүлдөрү да кабатырланып, парламент трибунасынан анын боштондугун талап кылышууда. Туура, ага карата тосмо арыз жазылды. Негизсиз камалып жатканын дасыккан юристтер да тынбай билдирип жатышат. Анын баарын айттык, жаздык. Райондук соттун алсыз чечимин кайра баштан кайталаганда не? А бирок, тосмо арыз жазылганына карабай, эч негизсиз камалып жатса тынч тура албайт экенсиң да. Мындайда калыс сөздү айтпасак качан айтабыз? Жигитчиликти, айкөлдүктү жогору коюп, буттан чалып, өч алууга ыктап, кытмыр карап турбай, келечек муунга жакшы үлгү көрсөткөндү качан үйрөнөбүз? Айтор, суроолор көп. Жооптору да кезеги келгенде айтылаар...
Эң негизгиси Асланбек Сартбаевдин тарапташтары, кесиптештери, достору, бир катар саясатчылар, парламент депутаттары, "Азия Ньюс" гезитинин миңдеген карапайым окурмандары Бишкек шаардык сотунан адилет чечим күтүшүүдө. Дал ушул соттук жараяндан өлкөбүздөгү сот адилеттүүлүгү канчалык деңгээлде экенин билсек болот. Күтөлүк.

"Азия Ньюс" гезитинин эмгек жамааты




"Токтогул" токтосо эмне болот?

Бүгүнкү күнгө карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калды. 6.5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу боло баштарын эксперттер эскертишүүдө.

1-мартка карай Токтогул суу сактагычында 6 млрд. 800 млн. кубометр суу калганын "Электр станциялар" акционердик коомунан тастыкташты.
Учурда электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн суу активдүү колдонулуп, секундасына 587 кубометр агызылууда. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү болсо 187 кубометрге гана жетүүдө. Мунун өзү алашалбырт мезгил келгенге карабай суунун агымы көбөйө электигин кабарлайт. Демек, суу сактагычта опурталдуу кырдаал түзүлүүдө.
Муну энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров мындайча тастыктады:
-Долбоор боюнча коркунучтуу деңгээл 7 млрд. кубометрдин тегерегинде болчу. Азыр эми 6.5 млрд. кубометр деп атышат. Суунун көлөмү 6.5 миллиарддан төмөндөгөндөн кийин Токтогул ГЭСинде иштеп аткан жабдуулардын иштешине коркунуч келет. Ошол жерде турбиналарга түшүп, кайыкчалары титирей баштайт. Алар көбүрөөк калтырап-титиреп, иштен чыгышы мүмкүн.
Райымбек Мамыровдун пикиринде, азыркы кезде Токтогул ГЭСи мына ошондой опурталдуу шартта иштеп жатат. Мындай учурда Токтогул ГЭСин токтотуу зарылчылыгы пайда болушун Мамыров четке какпайт.
Коопсуздукка байланыштуу Токтогул ГЭСи токтотулган күндө да анын ылдый жагындагы Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтери токтобош керек. Бул үчүн Токтогул ГЭСин иштетпей сууну агызуу зарыл болот.
Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын үчөө гана иштеп жатканы маалым. Анын бирөө бузулуп, оңдоо иштери жүрүүдө.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Батыркул Исаев Токтогулда 5.4 млрд. кубометр суу калганда гана ГЭС токтой турган абалга келерин айтып, жабдууларга оорчулук келишине жол берилбейт дейт:
-Жабдууларга күч келген жок. Аларга аз гана күч келгенде автомат иштейт. Экинчиден, күнү-түнү кезметчилер карап турат. Ал жерде 1 градус температура көтөрүлсө өчүрөт. Эки жыл мурда ошентип өчүргөн. Жабдууларда титирөөлөр штаттык режимден чыгып баратса да өчүрөт. Анткени ал жабдуулар абдан кымбат.
Батыркул Исаев суу канчалык аз болсо электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн ошончо көп суу агызуу зарылчылыгы келип чыгарын белгиледи.
"1-апрелде жылытуу мезгили аяктады деп эсептелет. Мына ошол мезгилге карай канча суу менен чыгарыбыз абдан катуу эсептелип жатат", деп кошумчалады Исаев.
Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыгы боюнча комитети Токтогулдун өзүнө барып жыйын курууга камданууда. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Райкан Төлөгөнов билдирди:
-Ошол жакка барып, суу эмне үчүн азайып кеткенин, былтыр эмнеге суу жоголуп кеткенин тактайлы деп атабыз. Азыркы божомолдор кандай экенин жана башка бардык маселелерди жеринде талкуулайлы деген планыбыз бар.
Райкан Төлөгөновдун айтымында, андай жыйын келерки жумада болушу күтүлөт.
Энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков Токтогулда 8 млрд. кубометрден суу азая баштаганда титирөө пайда болуп, авария коркунучу күчөйт дейт:
-Абал аябай татаал. 8 млрд. кубометрден ылдый болуп, 7-7.5 млрд. кубометр болгондо титирөө пайда болот. 6.5 млрд. кубометрге келгенде авариялар болушу мүмкүн.
Эрнест Карыбеков пикиринде, мындай шартта бийлик электр энергиясын жапыр өчүрүүлөргө киришүүгө аргасыз болот. Ал эми ага жол бербеш үчүн, энергетикалык тартыштыкты жабуу үчүн быйыл 5 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алуу зарыл.

Айданбек Акмат уулу
"Азаттык"