"Сартбаевге карата чыккан соттун чечимине Атамбаев да нааразы болду"

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча президентке маалымдаганын, мамлекет башчысы да соттун чечимине нааразы экендигин билдиргенин айтты. Президенттин басма сөз катчысы ошондой эле алдыңкы кыргыз тилдүү журналисттердин жана редакторлордун Сартбаевдин үй-бүлөөлүк абалын эске алуу менен ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган кайрылуусуна кошулаарын маалымдады:


"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев "ишкерге тапанчасынан ок чыгарды" деп "бейбаштык" беренеси боюнча айыпталып, Октябрь райондук соту аны эки айга камаган. Бир нече кыргыз тилдүү гезит, сайттардын алдыңкы журналисттери, баш редакторлору өлкө жетекчилигине кайрылып, Асланбек Сартбаев боюнча акыйкат чечим чыгарууну өтүнүп жатышат. Мен да ушундай эле пикирдемин, тергөө органдарынан Сартбаев боюнча белдүү журналисттердин кайрылуусуна көңүл буруп, анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, башкы редакторду абакта кармоо чечимин жумшартышын өтүндүм. Аслан Сартбаев кыргыз тилдүү басылмалардын редакторлору, маалымат сайттардын жетекчилери, эркин журналисттердин көпчүлүгү ага кепил болуп, аны коргоп жатканын көрүп мындан ары тапанчасын орунсуз колдонуп, ок чыгарууга барбайт деп ишенем.
Анткени, соңку жылдары Кыргызстаныбыз сөз эркиндиги жаатында эл аралык уюмдардын отчетторунда алдыга карай чоң секирик жасап келатат. Менимче сөз эркиндигин дагы өнүктүрүү, аны коргоп калуу журналисттердин да түздөн-түз милдети. Буга биз чындыкты жазуу менен гана жете алабыз. Бир гана жолу ушул-чындык, чындык жана чындык!
Тергөө органдары Аслан Сартбаевге байланыштуу бул өтүнүч, кайрылуулардан кийин аны камакта кармоо чечимин жумшартат деп ойлойм.




Салянованын үстүнөн арыз жазылды
Экс-баш прокурор Аида Салянованын үстүнөн Токмок шаарынын мурунку прокурору Марсбек Кыдыкбаев Октябрь районунун прокуратурасына арыз жазды. Көрсө, Салянова Марсбек Кыдыкбаевди 2012-жылдын 13-февралында шаардык прокурорлуктан кызматтан алып, ага да канааттанбай, прокуратура тармагында мындан ары иштөөсүнө бирото чек коюп салат. Мындай каардуу чечимге намыстанган Кыдыкбаев Салянованын бул жоругун айыптап, сот органдарына кайрылат. Райондук соттон баштап, Жогорку Сотко чейин Фемида өкүлдөрү Кыдыкбаевдин мыйзамсыз кызматтан алынгандыгын, аны тез арада мурунку жумушуна коюу боюнча чечим чыгарышат. Салянованын көк беттенип соттун чечимин аткарбагандыгына өжөрлөнгөн Марсбек Кыдыкбаев эми аны соттун чечимин аткарбай, кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыптап, арыз жазууда. Айтор, жакында кызыктуу кармаштар башталат. Баса, Марсбек Кыдыкбаевге карата чыккан соттун чечимине азыркы баш прокурор Индира Жолдубаева ойлонуп жаткандыгы каңкууланууда. Кызык, соттун чечимин уруп ойнобогон азыркы прокурорлорго сурак жокпу? Марсбекке окшогон жаштарды кодулабай, андан көрө күчүн албайлыбы? Ток этери, Марсбек Кыдыкбаевдин сот аркылуу жеткен мыйзамдуу жеңиши уурдалбашы керек.

Ийгилик Болсунбаев