Асанбек Алымкожоев, КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы:
"Элдин массалык көтөрүлүшүнө олуттуу себеп жок"

Өмүрүн Афганистан, Тажикстан, Баткен коогалаңдарында жалтанбай өрт кечип өткөргөн генерал-майор Асанбек Туңгучбаевич өлкөбүздүн куралдуу күчтөрүндөгү абалга байланыштуу айрым соболдорубузга жооп узатты. Эмесе, генералдын пикирин тыңдап көрөлү.

-Жолдош генерал, буга дейре генералдык штаб менен коргоо министрлигинин ыйгарым укуктары боюнча талаш пикирлер айтылып келди эле. Эми генералдык штаб менен коргоо министрликтин ыйгарым укуктары ажыратылып, такталып, белгилендиби?
-Азыр биздин ыйгарым укуктар ажыратылып, так белгиленди. Генералдык штаб менен коргоо министрлигинин ортосундагы буга чейинки эң башкы талаш-тартыш жергиликтүү аскердик бөлүмдөр боюнча болуп келген. Эми мындан ары жергиликтүү аскердик бөлүмчөлөр коргоо министрлигинин карамагына калып, аларга баш иймей болду. Балким, мындан кийин деле кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок, азыркы күнгө карата куралдуу күчтөрүбүздүн ыйгарым укуктары белгиленип, бөлүнгөн. Учурда ар ким өзүнүн мыйзамда каралган укуктары менен иш алып барып жатышат.
-Президент Путин 2-январда орус армиясына чет элдик мигранттарды кабыл алууга уруксаат берген жарлыкка кол койду. Эми биздин Россияда жүргөн мигранттарыбыздын ошол жактан кызмат өтөгөнү кандай болот? Мектепти бүтөөр замат Россияга иш издеп, жергиликтүү аскердик бөлүмдөрдөн жаа бою качып жүргөндөр Россиядан кызмат өтөй берсе болобу?
-Эң биринчиден, негизги аскердик милдетти биздин уландар Кыргызстандан өтөшү керек. Маселен, биздин Россияда иштеп жүрүшкөн мигрант мекендештерибиз 30 жашта болобу, же мейли 40 жашында болобу, келишимдик негизде Россияда кызмат өтөй беришсе, биз ага каршы болбойбуз. Анткени, биз бул жактан аларды же жумуш менен камсыз кыла албагандан кийин, алар ошол жактан иштеп, үй-бүлөсүн бакканга неге болбосун? Алар биздин негизги аскерге чакырылуучуларыбызды "армиябызга алып алалы" деген ойлору жок. Россия президентинин указы эми келишимдик негизде чет элдик мигранттардын кызмат өтөй берсе болоорлугуна жол ачты. Андыктан, буга анчейин деле кооптонбой койсок болот. Эч кимди зордоп, катарларына чакырышкан жок.
-Өткөн 2014-жылдан бери запастагы офицер, сержанттарды 3 күндүк мөөнөт менен окуу жыйындарына чакырып, машыгууларды баштадыңар. Офицер, сержанттар ошондой атайын окуу-машыгууларынан кийин кезектеги аскердик чиндерин алышса болобу? Дегеле аскердик наам берүүнү кандай негизде тартипке келтире аласыздар? Азыр алакандай Кыргызстанда офицерлерден да генералдар көбөйүп кетти го...
-Эң оболу, генералдар боюнча сыныңан баштайынчы? Мен жалпы куралдуу күчтөргө жооп берем. Азыр биздин коргоо министрлигинде бир да генерал жок. Министр Абибилла Кудайбердиев запастагы генерал-майор. Запастагы генерал катары ал пенсиясын алып, иштеп жатат. Коргоо министринин орун басарларынын аскердик чиндеринин баары полковниктер. Же болбосо чек ара кызматын карагылачы? Чек ара кызматынын төрагасы баш болуп, анын төрт орун басары тең баары полковниктер. Биздин генералдык штабда мен жана биринчи орун басарым баштаган жалпы 3 генералбыз. Эки орун басарым полковниктер. Ушул тапта Улуттук гвардияда бир дагы генерал жок. Анан кайсы генералдарды айтып жатасыңар? Силер отставкадагы, иштебей жүргөн генералдардын баарын айта бересиңерби? Көп санап. Анда Кыргызстанда буга чейин бир канча премьер-министр иштептир. Ошол экс-премьерлердин баарын эсептеп эле анда "Кыргызстанда мисалы, 25 премьер-министр бар" деп санап, атай берсек болобу? Анда ошонун баарын санагыла? Өткөндө бир тойдон да мага сөз берип жатышып, "азыр таш ыргытсаң генералдын башына тийет" деп тийишишет. Эй айланайындар, тийишишсе дагы кичине маселени тыңгылыктуу билип алып сүйлөшпөйбү?
-Жогоруда "куралдуу күчтөрдө генерал жок" деп алакан жайып жатпайсызбы. Жок болсо бериңиздер да? Керек болсо, ошол полковниктер кызмат ордуларына жараша генералдык чин менен ээрге отурушу керек эле да?
-Биринчиден, аларга генералдык чинди мен бербейм. Жогорку аскердик генералдык наамдарды президент гана берет.
-Сиз бербесеңиз дагы президентке сунуш жазышыңыз керек да. Куралдуу күчтөрдү тейлеп жаткан генерал катары...
-Туура, сунушту жазабыз. Бирок, генералдык наамды алыш үчүн алардын ишинде кандайдыр бир жетишкендиктер болушу керек да. Эми сөзсүз эле генерал болуш керекпи? Полковник болуп деле жакшы иштесе болот да, туурабы?
-Эми "генералдыкты каалабаган солдат, солдат эмес" дегендей кеп да...
-Эми ишинен жакшы жыйынтык болсо сөзсүз генералдыкты алышат деп ойлойм. Туура, аскерлерди жыйынга чакырып жатабыз. Азыр бизде запастагы офицерлерибиз өтө көп. Сержантарыбыздан офицерлерибиз көбөйүп кеткен. Жогорку окуу жайларындагы аскердик кафедраларды жылына миңдеген курсанттар аяктап, запастагы офицерлердин курамын толуктап жатышат. Биздин элибиздин санына ылайык бизге мынча офицерлердин кереги жок. Албетте, ооз кесир болбосун! Негизи аскердик кафедралар коргоо министрликтин карамагында. Алар да запастагы офицерлердин санын азайтуу боюнча ойлонуп жатышат. Бизге азыр запастагы офицерлерге караганда сержанттар көбүрөөк керек. 3 күндүк окуу боюнча эми биз запастагы офицер, сержанттарды өлкөдө кандайдыр бир жаңжал чыгып кетсе, аларды бир сыйра окуу, тарбия иштерине даярдоо максатында чакырып, өздөрүнүн аскердик милдеттерин тактап, бекемдеш максатында атайын сборлорду уюштуруп жатабыз. Жогорку билими бар запастагы офицерлерге бул окуудан аскердик чинине мөөнөт келип калса, кезектеги аскердик чинин беребиз. Офицерлерге гана. Запастагы сержанттарга бул окуудан аскердик наам берилбейт.
-Биздин өлкөдө жаз келип, күн жылыса эле салтка айланып калган митинг, нааразычылык акциялары башталат. Ошол түрдүү митингдерде генералдык штаб мындан ары кол алдыңардагы офицер, сержанттарды алдыдагы митингдерде элге каршы "октоп", колдонбойсуңарбы?
-Генералдык штаб "элге каршы бир иш кылалы" деген максатта түзүлгөн эмес. Биз өлкөгө аскердик өзгөчө абал киргизилсе, күчүбүздү колдонсок болот. Ошондо да кандай негизде? Эгерде эл арасында талаш-тартыш же стратегиялык маанидеги обьект, имараттарды басып алса, ошондо бошотууга аракет кылабыз. Кыргыз деген сураштыра келгенде куда-сөөк, таяке-жээн, дос-тааныш болуп чыга келет. Биздин аскер кызматкерлеринин деле митингке чыккандар арасында туугандары болушу мүмкүн. Кантип эле биздин аскерлер ошолорго каршы иштеп калалы? Бүгүн элдин массалык көтөрүлүшүнө деле олуттуу себеп жок да.
-КГУСТАдагы аскердик кафедрада сессия сайын офицерлер курсанттардан пара алмайы токтобой, керек болсо, курсанттардын ар бир сабак калтырган күндөрүнө 200 сомдон өйдө алышканын аттарын атагысы келбеген студенттер биздин гезитке телефон аркылуу билдиришти. Сессия маалында алкы бузук офицерлериңерди "кой-ай" деп колго чапканга жарабай койдуңар го ээ? Ошол арааны ачылган офицерлериңерди ич ара кызматтык иликтөө жүргүзсөңөр эле кармап алат элеңер го?
-Ошол алкымын тыйбаган офицерлерди сен айткандай колго гана чаппастан, аларды түптүз түрмөгө алып барып, отургузуп койсо болот. Туура, ал студенттер аттарын атагысы келишпейт. Эгерде аларда офицерлерге карата ошондой фактылар болсо, бизде "ишеним телефону" деген бар. Ошол телефон аркылуу бизге айтып коюшса, аларды кармап, мыйзам алкагында жазасын беребиз. Мен муну ишендирип кете алам. Керек болсо, аларга аскердик контр-чалгындоону же прокуратура менен биргелешип кармап, түптүз түрмөгө "жолдомо" бергенге даярбыз. Аскердик кафедралардагы сессия сайын акча чогултуп жаткан офицерлерден мен эч качан коркпойм. Мен гезит аркылуу "ишеним телефонубузду" берейин - 0 312 66-08-73, 0 773 49-17-20. Натыйжада, курсанттар акырын конкреттүү фактыны жазып же офицерлердин аты-жөнүн билдирип койсо, биз "ууру" офицерлерди кармайбыз. Негизи аскердик кафедра коргоо министрлигинин карамагында. Бирок, бизге студенттер коррупциялык иштер боюнча коркпой эле фактылар менен кайрылышса, биз аларды карматабыз. Жазасын катуу бердиртебиз. Силер бул фактыларды айтып жатасыңар. Албетте, мунуңар туура. Бирок, азыр кайсы окуу жайында акча чогултушпайт? Аскердик кафедрасы жок эле окуу жайларды коррупция деген балээ байырлабадыбы. Келгиле эми, баарыбыз ошол балээни чоогуу токтотолу?

Калыгул Бейшекеев