"Ооруну жашырса - өлүм ашкере кылат"

Анын сыңарындай, азыркы саясый элитанын оорусун (ач көздүк, көрө албастык, дүнүйөкор, мансапкор) мындан ары да жашыра берсек, эртең карапайым элдин тагдыры эмне болоорун бир Кудай билет. Ошондуктан, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоонун марафону башталганга чейинки убакытты туура пайдаланып, жалпы кыргыз элинин коомчулугу биригип, бир чечимге келбесек, эртең баягы эле ууру-кески, коррупционер, кара жаак популистерди дагы 5 жылга мойнубузга миңгизип алып, "ким эмне берээр экен?" деп, кайырчыдай көрүнгөндүн көзүн карап жүрө беришибиз ыктымал. Качанкыга чейин? Бизге ушунун кереги барбы? Же өзүбүздү өзүбүз башкарганга кудуретибиз жетпейби? Жетет. Ооба, жетет. Эмесе, азыркы саясый элитанын өзүн, сөзүн, ордун жана оорусун тактап алып, анан андан ары сөзүбүздү уланталы.

Саясый элита деген ким?
Ооба, алар, биринчи кезекте, саясый партиялардын өкүлдөрү. Булардын бир өзгөчөлүгү: Кыргызстанда, б.а. кыргыздарда канча уруу болсо ошончолук (ашпаса кемибейт) саясый партиялар бар. Анткени, "тигинин деле партиясы бар, мунун деле партиясы бар - Манастан Чубак кем бекен (?) дегендей алардан биздин эмнебиз кем экен?" деген түшүнүк биздин каныбызга эбак эле сиңип, элдик мүнөзгө айланып калган.
Андыктан, Кыргызстанда акыркы жолу кабыл алынган парламенттик башкаруу системасын УРУУЛУК ПАРЛАМЕНТАРИЗМ катары кабыл алсак болгудай. Анткени, парламентте акыркы төрт жылдын ичинде кыргыз мамлекетинин тагдырын чече турган, кыргыз элинин керегине жарай турган, мисалы, Кумтөр маселеси боюнча, бир дагы пайдалуу чечим кабыл алынган эмес.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызстанда бийликке келген партиялар өкмөттү түзүүдө партия мүчөлөрүнүн санына жараша министрликтерди, комитет, агенстволорду кадимки эле касапчылардай жиликтеп бөлүп алышып, андан ары өз билгендерин кыла беришет. Мындай шартта аткаруу бийлигине келген мамчиновниктерди элестетип көргүлө: ишти билесиңби же билбейсиңби, ал жагы эч кимди кызыктырбайт, эң негизгиси, кайсы уруудан, б.а. кайсы партиядан жана канча акчаң бар (?), ошого жараша аткаруу бийлигинин бир бутагына отурасың да, өз ишиң менен алектенип жүрө бересиң, кийиңки төңкөрүшкө чейин.
Дүйнө жүзүндө мындай уюшулган уруулук аткаруу бийлиги башка парламенттик башкаруу системасын кабыл алган бир да мамлекетте колдонулбайт. Анткени, барыбызга белгилүү болгондой, айткан сөз менен кылган иштин айырмасы - кандай гана коом, өкмөт же кызмат болбосун, асман менен жердей.
Эреже боюнча, парламенттик башкаруу системасын кабыл алынган өлкөлөрдө аткаруу бийлигинин укугу кеңейтилген, милдети күчөтүлгөн, жоопкерчилиги жогорулатылган кесипкөй, таза жана патриот инсандардан гана турган бирдиктүү команда болушу талап кылынат. Ошондо гана мамлекеттин экономикасы өсүп-өнүгүп, элдин социалдык абалы оңолуп, өлкөнүн ички жана тышкы саясаты ишенимдүү жана туруктуу жолго коюлганда гана өкмөттүн кадыр-баркы жогорулап, мамлекеттин көз карансыздыгы жана эгемендүүлүгү чыңала баштайт.
Экинчи кезекте, саясый элитаны көзөмөлдөгөн, күч структураларын жетектеген жана жергиликтүү бийликтин биримдигин камсыздоого кызмат кылган президенттин аппараты.
Үчүнчү кезекте, аткаруу бийлигинин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери.
Төртүнчүдөн, сот бийлигинин өкүлдөрү.
Карапайым калк деген ким?
Ооба, алар эгемендүүлүккө чейин элин, үй-бүлөсүн жана өзүн ак эмгеги менен баккан завод-фабрикаларыбыздын жумушчулары, айыл жергесинде жерин айдап, малын баккан баба-дыйкан менен малчыларыбыз жана баарыбызды бекер дарылап, балдарыбызды бекер окуткан кесипкөй жана ардактуу дарыгерлерибиз менен мугалимдерибиз эле!..
Азыркы кезде ким кандай жашап жана ким эмне менен алек болуп жүрөт? Ооба, саясый элитанын өкүлдөрү элдин эсебинен жашап, ал эми эл болсо жердин эсебинен жашоого аракет кылып жүрүшөт.
Эл малын багып, жерин айдап, көпчүлүгү соода-сатык менен алек болуп, жер кезип, орус-казактарга малай болуп, алардын короосун шыпырып, жерин айдап, малын багып, өзүнүн кыздарын сатып, өлбөгөндүн оокатын кылып жүрүшөт.
Биз эле ушундай жашайбызбы же башкалар дагыбы?
Мисалы, Өзбекстанда мамлекет тарабынан кабыл алынган өндүрүштү өнүктүрүү планы боюнча жылына 20-30 миңден ашык кичи жана орто ишканалар ачылып, 250-300 миңден ашык жаңы жумушчу орундары ачылып турат. Жыл өткөн сайын импорттолгон товарлардын саны азайып, экспорттун саны-сапаты өсүүдө. Дүйнө жүзүн каптаган экономикалык кризиске карабастан, "2015-жыл Өзбекстан үчүн экономикалык өнүгүүнүн жылы болот" деген ураан көтөрүлүп, президенттик шайлоого жапатырмак даярданып жаткан убактары...
Казакстанда болсо, экономикалык кризисти жеңиш үчүн көрүлүп жаткан чаралардын ичинде: мамчиновниктерди 10 пайызга кыскартып, материалдык, финансы жана энерго-ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, алардын эсебинен жаңы экономикалык зоналарды ачуу демилгеси кызуу колдоого алынып жаткан убагы...
Россия болсо, белгилүү себептер менен экономикасын жаңы технолгия жана коргонуу рельсине буруп, ыкчам түрдө импортту алмаштыруу максатында айыл-чарбасын колдоо жана космостук системаны өнүктүрүү жолунда иш алпарып, 1-2 жылдын ичинде кризистен чыгып кетүүнү көздөөдө...
Улуу кошунабыз Кытай эл республкасы болсо, эч нерседен былк этпей, айтылуу социалдык экономиканы курууда мурда болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетүүдө.
Кыргыз жетекчилеринин феномени эмнеде?
Ооба, алар ээрге отурганда эле кыйшык отуруп алган өңдөнүшөт. Акаев айткандай: "Ельцин, Каримов, Назарбаев бийликке өз командасы менен келсе, мен, альпинистик термин менен айтканда, Джомолунгманын туу чокусуна парашют менен түшүптүрмүн, жалгыз",-деп. Балким, ошондо эле бир жагына кыйшайып түшүп алган окшойт: "Мен Кыргызстанды экинчи Швейцария кылып, батыш демократиясынын негизинде өнүктүрүүгө ант беремин!" деген сөзүнөн баштап, "Мен элге ок чыгарган жокмун" деп качып баратып айткан сөзүнө чейин турмушту түшүнбөгөн фантазер-демагогдун кезектеги опуртмасы болуп кала берди.
Бакиевди болсо, үйүндө манты жеп отурган жеринен чакыртып алышыптыр: "Бизге президент болуп бериңиз",-дешип. Ал дагы президент болуп жатып: "Мен Акаевдей качып кетпейм, Акүйдү колумдагы курал менен кашык каным калганча коргойм",-деп, аягында, чын эле, оппозиция менен атышып жатып, араң дегенде Отунбаеванын жардамы менен качып чыкты өлкөдөн...
Отунбаева болсо, убактылуу бийлигин сактап калыш үчүн түштүктөгү бакиевчилерге каршы белгилүү Кадыржан Батыров жетектеген "баш кесер" сепаратистерди тукуруп коюп, каргашалуу Ош окуясына себепкер болгондугу үчүн жана НАТОнун Брюссельдеги штабында Кыргызстандын түштүгүндө АКШнын аскердик базасын ачууга сунуш киргизгендиги үчүн АКШнын мамлекеттик департаментинин "Каарман аял" сыйлыгына ээ болгону кандай?.. Ошондой эле сыйлыктан өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тажибаева баш тартып: "Мен Американын мамлекеттик департаменти тапшырган эрдик сыйлыгынан баш тарткан себебим - Роза Отунбаева мындай сыйлыкка татыктуу эмес, анткени, ал Кыргызстандын президенти болуп туруп, керт башынын бийлигин сактап калыш үчүн кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кандуу конфликти токтотууга барган эмес!.." деп айтты.
Ал эми акыркы 20-21-кылымдардын арасында дүйнө жүзүндөгү элдердин тарыхына, анын ичинде түрк тилдүү туугандарыбыздын эл башында турган улуу инсандарына кайрылсак, элин-жерин сүйгөн, элинин ар-намысын жана кадыр-баркын, жеринин кен байлыгын көздүн карегиндей сактап, мамлекетин дүйнө жүзүнө тааныткан уулдары: Мустафа Кемал (Ататүрк) жана Таип Эрдоган, Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков, Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаев өңдүү мырзаларыбыз элине кылган кызматтары менен асмандагы жанып турган жылдыздардай турмушубузга ишеним жана жүрөгүбүзгө жылуулук жаратат.
Ошол эле убакта, башкаларды билбейм, бирок кыргыз элини шоруна жаралган, элинин тилин-дилин сатып, ар-намысын, кадыр-баркын коңшуларга тебелеткен, бейиштин төрүндөй асыл жерин, жеринин баасыз кен-байлыгын, мөлтүр суусун сатып байыган ач көз, арамзаа, дүнүйөкор жана мансапкор эл башы сөрөйлөрүбүздү да эл астында ачык эле айтып койбосок болбойт. Анткени, турмушта "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" дегендей, мындай жат көрүнүштөр келечек муундарыбыздын эртеңки турмушунда кайталанбас үчүн бүгүн аларга сабак катары айта жүрүшүбүз керек. Себеби, кылмыш жазаланмайын - коом тазаланбайт! Бул аксиома.
Кеп бул жерде, элде айтылып жүргөндөй, өткөн-кеткен бийлик сөрөйлөрүбүздүн чала калмак, чала казак, чала дунган же болбосо дагы бир "чалалыгында" эмес, кеп алардын жөн эле адам, инсан катары көкүрөк-көөдөндөрүнүн көңдөйлүгүндө болушу керек (!) деп ойлойм. Анткени, ушундай рухий байлыгы бийик, дөөлөтү күч, акылы терең, дүйнө таанымы кенен кеменгер элинин керегине жарап, ошол элдин татыктуу уул-кызы боло албагандан кийин, алардан бул дүйнөдө жөн эле кечип койсок деле болот го... Анткени, алар үчүн элдин наалаты менен Кудайдын жазасынан өткөн жаза болушу мүмкүн эмес. Ошол себетен эл арасында "Кудай жеткирет" деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек да.
Атамбаев деген ким?
Атамбаев жөнүндө: "Тушалган ат" жана "Өрт өчүргүч" деген түшүнүк бар элде.
"Тушалган ат" деген себеби - Бакиевдин убагында бийлик менен оппозициянын ортосунда саясый тирешүү күч алып турган убакта Атамбаевдин инициативасы менен элдешүү процесси сунушталып, премьер-министр катары Кумтөрдүн ишине кийлигишип, кезектеги чечимдерге кол коюлуп, кыргыз тарыхындагы эң чоң аферанын катышуучусу катары бир аз "булганып" алган.
Ал эми "Өрт өчүргүч" деген ат "Эрдиги бар эси жок" кызуу кандуу кыргыздын жигиттери "Акүйдү жөн эле алып коебуз!" деп заборго жармашкандыгы үчүн, дагы бир тобу "Башкаларга берген миллиондорду бизге деле бересиңер!" деп рейдерлик жол менен Кумтөрдүн кызматкерлерин коркуткандыгы үчүн соттолуп кетишкендиги себеп болуш керек.
Эми, мындан ары эмне болгон күндө дагы, адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек го:
Биринчиден, эң негизгиси, Манас атанын арбагын сыйлап, Теңир ата кармап турган көк асман аркылуу бизге учуп келген сый конокторубузду тосуп алган "Манас" аэропортубуз АКШнын согуш базасынан кутулду.
Экинчиден, жакшыбызбы, жаманбызбы, өткөн 70 жылдык тарыхыбызда орустар менен бирге мамлекеттүүлүгүбүздү түптөп, жамандыр-жакшыдыр, автономдуктан баштап, Кыргыз Советтик Социалистик Республикасына чейин өсүп-өндүк. Дагы бир айтып кое турган нерсе: мындай эгемендүүлүк бизге асмандан түшкөн жок. Мындай эгемендүүлүк түптүү кыргыз элинин чыган уулдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков өңдүү патриот, таза жана адилет инсандардын зор эмгеги менен келген. Ошондуктан, азыркы биздин Бирдиктүү бажы союзуна кирип, Евразиялык экономикалык союзга мүчө болушубузга багытталган жол Кыргызстандын барандуу келечегине кызмат кыла турган чыйыр катары эсептейм.
Үчүнчүдөн, кошуналар менен сый жана тең ата болуп сүйлөшүш үчүн Кыргыз Республикасы эң алгач энергетикалык көз карансыздыкты камсыз кылып туруп, анан чек араларды чыңдап, альтернативалык түндүк-түштүк жолун бүтүрүп, эл аралык (Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан) темир жолу аркылуу Жакынкы Чыгыш, Европага чыгышы талапка ылайык.
Мунун баары, өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан мамлекет башчысынын инициативасы менен түзүлгөн Кыргыз мамлекетинин 2012-2017-жылга чейинки өнүгүү программасында каралган жана акырындап иш жүзүнө ашып келатат.
Азыркы проблема эмнеде?
Ооба, азыркы проблема - Кумтөр маселесинин көп жылдардан бери чечилбей келе жатканында. Буга ким күнөөлүү жана эмне себептен ушул убакытка чейин чечилбей келет? Албетте, бул проблеманын пайда болушуна, биринчи кезекте, биринчи президент Акаев күнөөлүү, бирок, тактап айтсак, Акаев ал убакта (1989 ж.) союздук Верховный Советтин депутаты катары Кыргыз өкмөтүнүн составында батышта белгилүү "Сеабеко-Групп" фирмасынын директорлор кеңешинин өкүлү Борис Бирштейн менен Москвада жолугушкан. Ошондон тарта алардын өз ара мамилелери, көз караштары жана түшүнүктөрү уланып отуруп, акыры Акаевдин келечекте президент болушуна чоң түрткү болгон.
Кийин, 1991-жылы Акаев досу Борис Бирштейнди уже президент катары кабыл алып, мурдагы сүйлөшүүлөрүн улантышкан. Анда канадалык бизнесмендин сунушу боюнча талкууга коюлган Кумтөр маселеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынган эмес. Көп убакыт өтпөй түштүк жергесинде канадалык бизнесменди коштоп жүргөн премьер-министрдин машинасы аварияга учурап, жаш Насирдин Исанов каза тапкан. Анын убалы кимдин абийринде экени ушул кезге чейин белгисиз.
Кийинки кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана парламентарийлер канадалыктар менен бир топ эле соодалашып жүрүшүп, акыр аягында Акаевдин күчү жана айлакерлиги менен Кумтөр алтын кенин биротоло канадалык "Центерра Голд" акционердик коомуна өткөрүп беришип, өзүлөрү да ал АКнын акционери болуп калышты. Бул жөнүндө көп жылдардан бери көптөгөн фактылар, статьялар, сунуштар жана талаш-тартыштар гезит беттеринде, радиодон жана телеберүүлөрдөн айтылып келатат. Ошондуктан, бул жерде ал фактыларды кайра кайталап айтуунун эч кажети деле жок. Анткени, Кумтөр маселесин чечүү жолу бир Кудайдын жана Атамбаевдин колунда...
Өткөн жумада КТРКнын "Ыңгайсыз суроолоруна" жооп берип жатып, мурдагы курулуш жана архитектура агенствосунун экс-жетекчиси Ишенбай Кадырбеков оппоненти, мурдагы тоо-кен кызматкери Дүйшеев аксакалга, экинчи класстын окуучусуна сабак бергендей эле айтып отурат: "Кумтөрдү улутташтыруу мыйзам ченемдүү процесс. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде - 12 берене, 5 пункт. Экинчиден, сот процесси Кыргыз мамлекетинде, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарынын негизинде гана жүрөт. Сот процесси убагында завод иштей берет, алтын түшө берет. Бир гана бөлүштүрө келгенде: канадалыктардын дооматтары эске алынып, кыргыз тараптын да дооматтары дагы (экология, мыйзамсыз иштердин негизинде түшпөй калган каражаттар 1997-2015-жылдары) эске алынат".
Ооба, бир киши билгенди элдин баары билет. Бир гана алтын кенинин аферасына катышкандар билбейт, б.а. билгилери келбейт. Анткени, эгерде улутташтыруу процесси башталып, сот процесси жүрүп калса, ал арам тамактар кусуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан, "Центерра Голд" АКсынын акцияларын кармап отурган мурдагы-кийинки жетекчилер, парламентарийлер, тоо-кен адистери ж.б. шылуундар эл аралык канадалык аферистердин колдоосу менен кыргыздарды коркутуп-үркүтүп, кыргыз-орус СМИлери аркылуу кыргыз жарандарынын мээсин чайкап, сүйлөшүүлөргө келбей качып жүрүшөт. Ооба, арты таза адам эмнеден качат? Алардын максаттары белгилүү: "Паракорлукка белчесинен баткан парламентарийлерди дагы бир жолу сатып алып, болгон алтынды казып, бөлүштүрүп алып, куйрукту түйүп баса берүү... Андан ары анан ким кайда экенин издеп жүрө беришсин!.." деген таризде.
Эми эмне кылуу керек?
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ысык-Көл демилгесин" колдоп: "Улуттук биримдиктин жоктугунан Кумтөрдү чече албай жатабыз" деп ачык эле айтты. Ырас, анын айтканында калет жок, бирок улуттук биримдикти Кыргызстанда ким камсыз кыла алат президенттен башка? Балким, президент да элдин колдоосун күтүп жаткандыр, бир чечимге келиш үчүн. Демек, эл менен бийликтин ой-максаты бир болуп чыкса: "Бөлүнгөндү бөрү жейт" болбой биригишибиз керек болуп турат го ушул тапта.
Чындыгында эле, карагылачы, ушул Кумтөрдүн кесепетинен канчалаган патриот, намыскөй уул-кыздарыбыз өз жеринде "душман" болуп, элдин байлыгын талап-тоноп качып кеткен шылуундар "герой" болуп, Кыргыз мамлекети эл аралык кадимки инвесторлордун көз алдында татыктуу партнер болууга мүмкүнчүлүгү чектелген өлкө катары ушул убакытка чейин жаманатты болуп келет?
Анткени, канадалыктар Кумтөргө эч качан кадимки инвестор болуп кирген эмес, тескерисинче, "Сеабеко-Кыргызстан" мамлекеттик-менчик корпорациясы аркылуу Кумтөрдү эл аралык банктарга залогко коюшуп, кийинки баардык чыгымдарды Кыргызстандын эсебинен төлөттүрүп, кийин реструктуризация деген шылтоо менен "Центерра Голд" АКсын түзө коюшуп, башынан эле бул аферага катышкан шылуундар (негизги Камеко компаниясы - 84% менен) өзүлөрү билгендей болгон акцияларын бөлүп алышып, Кыргыз мамлекетинин эсебине 16% гана калтырып коюшкан. Андан кийинки талаш-тартыштар барыбызга белгилүү.
Кандай дейсиңер, менин урматтуу мекендештерим? Менимче, чогулууга, биригүүгө убакыт жетти го деп ойлойм. Колубуздан келсе чогулуп, биригип, бир ооздон презитентибизди колдоп берели. Балким, президентибиз да бизди колдоп берээр...

Урматым менен
Карыбай Турусбеков