Абай Таштанбеков, депутат Карганбек Самаковдун мурдагы жардамчысы:
"Элибиздин "эки жүздүү эл бузат" деген кебине эми ишендим"
-Мурдагы шефиңиз "Абайды башка адамдар депутат кылууга азгырып, колунан келишинче мага каршы тукурушуп, эми иши бүткөндөн кийин ыргытып койушту" деп айтканына кандай жооп бересиз?
-Биринчиден, ыргытып койгондой мен буюм эмесмин! Экинчиден, эгерде мен ушунчалык эле депутат болгум келсе, Карганбек Самаковдун жанынан чыкпай, ал кишинин баардык тапшырмаларын, буйруктарын аткарып, чындыкты бетине айтпай, анын үй-бүлөсүнө жагалданып, "президенттикке барам" деген саясатын колдоп деле депутат болмокмун. Бирок, Самаков менен жүрүп, азыркы убакыттагы саясатты кандай жасалма түрдө жүргүзүш керек экенин көрүп алып, чынын айтайын, акыркы убакытта саясатка баргым деле келбей калды. Мен Самаковго окшоп депутат болбой эле койдум. Саясатка барбай деле өз жашооңду түзүп, өз элиңе адал кызмат кылып, колуңан келишинче жардамыңды көрсөтсөң деле болот да. Көп адамдар мени "туура эмес кылып жатат, шефин сатпай эле койсо болмок" деп жатышат. Мен ушул жолду өзүмдүн аң сезимим менен тандадым. Анткени, бул жашоодо байлыгы да, бийлиги да бүгүн бар, эртең жок. Эң негизгиси, "Кудай" деп жүрөгүң менен айткандан кийин, жашоодо ар дайым таза жүргөнгө милдеттүүсүң. Самаков ар дайым элдин алдында улуу инсан Искак Раззаковдун "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом дагы таза болот" деген сөзүн оозунан түшүрбөй айтат. Айтканга жараша бул сөзгө татыктуу болуш керек да. Коом таза болуш үчүн биринчи өзүнөн башташы зарыл. Мен дагы баардык кылынган нерселерди ачыкка чыгарып, өзүмөн баштап жаткан кезим. Сөзсүз мунун баардыгы ага катуу тийип жатат. Себеби, мен ал кишинин жардамчысы болуп иштеп, көптөгөн буйруктарын аткаргам.
-Самаков боюнча бир топ нерселерди ачыкка чыгырып салгандан кийин сизге кысым көргөзүп, жадагалса кылмыш ишин дагы козготуп койдубу?
-"Ак ийилет, бирок сынбайт". Мен өзүмдүн ак экениме ишенем. Чындыктын баардыгын айта берип, Карганбек Самаковдун пландарын бузуп атам окшойт. Ар кандай күчтөр менен мени коркутканы ага өзү ойлогондой жыйынтык алып келген жок. Айласы кеткенде баласына арыз жаздырып, андан кийин мага жиберди. "Теледен, гезиттен берген интервьюларыңды кайра четке кагып, башкы прокуратурадагы жер боюнча берген көргөзмөлөрүңдү өзгөртпөсөң, сага иш козготобуз, эгер биздин сөзүбүз менен болсоң, арызымды алып, сенин бир туугандарыңа келип жаткан жер салыктарын төлөп беребиз" деп айттырып жибериптир. Бир күн өтпөй эле менин үстүмөн Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдун бир эле арызы менен "2012-жылдын аягында 400 000 миң доллар алып, алдап кетти" деп иш козготуп коюшту. Мурдагы бийликтин мезгилинде саясаттагы чоң адамга чындыкты айтып койсоң, бат эле иш козгоп коюшчу. Ошол кездеги анча-мынча күч органынын кызматкерлери калып калды окшойт, эми да эски адатка салып, заказ менен иштеп жатышат. Менин башымдан азыркы убакытта абдан оор мезгил өтүүдө. Мен абдан ишенем, азыркы бийликтин башчылары мурдагы бийликтин кейпин кийбей, элге берген убадаларын так аткарып, жок дегенде акыйкатчылыкты, мыйзамдуулукту бүт жерде, өзгөчө органдарда, сот системасында орноторуна. Эптеп мени тынчытыш үчүн Кудай алдында уулунан албаган акчаны "алды" деп мага заказ менен иш козготконуна каршымын. Карганбек Самаковдун кандайдыр бир туура эмес иштери чыгып, аныкталса, мыйзам алдында мен да жооп бергенге даярмын. Себеби, мен ал адамдын жанында жүргөм. Ушул суроону Самаковго дагы бергим келет. Сиз даярсызбы, же болбосо баардыгын мага шылтап, кутулуп кеткен жатасызбы?
-Эмне болгон жер салыктары?
-2007-2009-жылдары "чоң инвестиция келет" деп жерлер сатылып баштаганда, Карганбек Самаков өзүнө ишеничтүү адамдарды таппай, жерлердин бир тобун менин ата-энем жана биртуугандарыма убактылуу каттаткан. Анан трансформация болгондон кийин өзүнө каттатып алган. Самаковдун уулу Кубанычбек "салыктын баардыгын төлөдүм" деп мага калпты айтып коюптур. Азыркы убакта башкы прокуратура иш козгогондон кийин көптөгөн жер салыктары пениясы менен биздин үйгө келип жатат.
-Сиз жөнүндө айтты го, "өзүнүн аялынын аталаш сиңдисин түрмөгө отургузуп салды, процентке берилген акчаларга аралаш экен" деген көп сөздөр жүрүп жатат. Кененирээк айтып бере аласызбы?
-Көптөн бери жашырып, жүрөгүмдү өйүп жүргөн маселени кабыргасынан койдуңуз да. Башынан айтып берейин эми. Карганбек Самаков "саясат жүргүзүш үчүн ай сайын көп акча түшүп турчу жай табыш керек" деп ломбард системасын тезирээк изилдеп чыгып, "иштей турган ишеничтүү балдарды тап" деп тапшырма берген. Кийинчерээк эки теңтуш балама акча бөлүнүп берилип, Самаковдун өз көзөмөлүндө бул система иштей баштаган. Ломбардды иштетип жүргөн балдар билишет, кийин биз көптөгөн кыйынчылыктарга учурадык. Адамдар алдап кеткен күндөр болду, акчаны кыйналганда алып, кийин төлөй албай калган адамдар дагы арбыды. Ар кандай турмуштук окуяларды көрдүк. Көрсө, адам жыргаганынан ломбардга келбейт экен да. Бир топ убакыт проценттен түшкөн акчанын өзүнө тиешелүү бөлүгүн Самаков алып жүрдү. Биз болсо айлыктарыбызды алып аттык. Азыр ойлосом, мен ошондо оңой акчага көнүп баштаган кезим экен. 2012-жылдын аягында "инвесторлор акчаларын сурап атат" деп, Самаков Лебединовка айылындагы жерлерди саттыра баштады. "Проценттеги акчанын оборотун көбөйтүшүбүз керек, расход көп болуп жатат" деп жерден түшкөн акчалар процентке иштетилгенге да жумшала баштады. Ошол мезгилде мага көп убакыттан бери "Дордой" базарында соода кылган аялымдын аталаш сиңдиси келип, акча сурап, кыла турган бизнесин айтып берген. Самаков менен кеңешкенден кийин акчалар ал кызга бөлүндү. Бир топ убакыттан соң, ал кыз проценттерин төлөй албай, "шефиңе бере турган проценттерди бирөөнөн карызга алып турчу, мен акча түшкөндө сага берем" деп сурана баштады. Проценттен түшө турган бир топ айдын акчасы, Бакуга барып келгенге жумшала турган акча болчу. Ал кызга ишенип, бирөөнөн карызга акча алып, ошол акчага 30 кишини Бакуга алып барып келдик.
-Тиги "балдызыңыз" акчаны бердиби анан?
-2013-жылдын аягында ал кыз процент эмес, негизги суммасын дагы бербей, ар кайсыл калптарды айтып, Москвага качып кетти. Самаковдор болсо, мага ишенбей, "тууганың алдап кеткени чын болсо каматкының" деп мени текшерип жатышты. Ачыгын айтайын, ошол убакытта милицияга барып, арыз жазыш деле мен үчүн кыйын болду. Эркек башым менен аял кишиге арыз жазсам, эл, кайын журт эмне деп айтат? Кийин ал кызды Москва шаарынан кармашып, бир топ айдан кийин экстрадиция кылынып, Кыргызстанга алып келишти. Азыркы убакытка чейин бир дагы тыйынын бере элек. Ал кыз өзү айтып жаткандай, чындыгында акчаны жоготуп койдубу же болбосо бирөөлөргө алдатып жибердиби, айтор, бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калууда. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. 2013-жылдын аягынан баштап, болгон мүлктөрүмдү сатып, жетпей калганда биртуугандарым жардам берип, Карганбек Самаковдон толугу менен кутулгам. "Бул бизден оңой эле кутулуп кетет" дештиби, сыягы, уулу Кубанычбек Самаков ыйык орозо айында "Кудайдын алдында мага дагы акча карызсың" деп үстүнө процент кошуп, кандайдыр бир күчтөр менен коркутууга салып, убагында чоочун адамга саткан квартирамды дагы тартып алышты. Себеби, ал үй көп жылдан бери арестте турганына байланыштуу мен өзүмө каттата алган эмесмин. Квартирамды сатып алган жигит беш убакыт намаз окуган адам экен, ызы-чууга аралашкысы келген жокпу, айтор, акыбалымды түшүнүп, квартирадан чыгып кетти. Азыр ал экөөбүздүн ортобузда аласа-бересе болсо дагы мамилебиз жакшы. Ошол жигиттин көзүнчө Кубанычбек Самаков "бүттү эми менин Абайга эч доом жок" деп кол берген. Азыр болсо, "ал квартира башынан эле Абайдыкы эмес болчу" деп калпты чындай айтып жүрөт. Бакуга барып келгенге кеткен акчаны да ушундай кылып мойнума илип коюшту. Өздөрү буйрук берип каматкан адамды азыр "Абайдан өчүңдү алганга шарт түзүп беребиз" деп, ал кызды мага каршы колдонуп жатышат. Бекеринен динибизде айтпаса керек, "процентке берип иштеген сүткорлук чоң күнөө болот" деп. Азыркы күндө башында процентке иштетип жүргөн эки теңтуш балам көптөгөн кыйынчылыктарды көрүшүп, абдан кыйналып жүрүшөт. Кийинки иштеткен кыздын тагдыры дагы катуу болуп кетти. Мен үч балам менен эч нерсем жок калып, турмуштун катуу сыноосунан өтүп жатам. Баардыгыбызга бул иш жаккан жок окшойт. Ойлосом, ушул иштердин башында турган, проценттен түшкөн акчанын эң көбүн алган бир гана Карганбек Самаковдун жашоосу жакшы уланып жатат. Балким, бул адамга мындай нерселер буйруйт окшойт.
-Тарих Бин Сауд аль Касими деген шейх келгенде президенттин резиденциясында конгресс-холдо "Курманбек Бакиевдин ордуна иниси Жаныш Бакиев келип жолуккан" деп айтып жатат. Ошол кезде сиз жанында белеңиз?
-Биринчиден, протокол боюнча президент инвесторлор менен эч качан кечки убакытта аларга чай берип жолукпайт. Келген инвесторлорго Карганбек Самаков "мен силерди президенттин иниси, баардык маселени чече турган менин досум Жаныш Бакиев менен тааныштырам" деп, жадагалса дасторконун өзүбүз төлөп, "Жаныш Бакиевдин атынан" деп тосконбуз. Көп эле адамдар билсе керек, ошол убакта Самаковдун оозунан "Жаныш Салиевич" деген сөз түшпөй калган. Курманбек Бакиевдин указы менен "КР толук жана ыйгарымду элчиси" деген рангды алгандан кийин "мен дагы дипломатиянын генералы болдум" деп, өзүнө "Жаныш Бакиевдикине окшоштуруп, өзгөчө форма тиктиргин" деп мага тапшырма бергени дагы чын. Бул дипломатиядагы жогорку наамды алгандан кийин Самаковдун дарегине көптөгөн сындар айтылган. "Дипломатиялык билими жок, бир дагы күн бул тарапта иштебеген адамга бийик даражадагы наамды жөн эле берип коюшту" деген нааразычылыктарды кайда катабыз? Азыр ал адамдарды түшүнүп жатам. Себеби, бул наамга чыныгы татыктуу болгон, өз жашоосун толугу менен дипломатияга арнап, баардык кызматтык тепкичтерди өз аракети менен басып өтүп, айлыгынын аздыгына карабай толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеген адамдар калып калыптыр.
- Ошондо гезиттер мындай деп жазды эле "Карганбек Самаков жаңы троллейбус линиясынын салтанаттуу ачылыш аземин өткөзүп, ага 20 000 миңдей адам чогулду" деген маалыматтар Кыргызстанга тараган. Өз сөзүндө экс-депутат "троллейбустук линиясын куруу үчүн 14 миллион сом кетти, бир бөлүгүн президент Курманбек Бакиевдин колдоосу менен өкмөтүбүз бөлүп берди" деп ага абдан чоң ыраазычылык айтыптыр. "Ал эми экинчи бөлүгү Карганбек Самаковдун өз каражатынан бөлүнгөн" деп 2008-жылдын 17-сентябрында "24 kg" сайтына жана башка ММКлардан айтылган. Ал эми 2014-жылдын тогуздун айында "Карганбек Самаков эмне жардам берген?" деген Улукбек Усупбековдун макаласы чыккан. Ал өз сөзүндө Самаковдун элге кылган иштерин жазып, "Нарын шаарынын эли үчүн 4 чакырым троллейбус линиясын курдуруп берген. Чыгымдалган каражаттын өлчөмү 25 850 000 сом болгон" деп белгилептир. Бул жөнүндө бир нерсе билесизби?
- Ооба, мен бул макаланы окудум. Алты жылдан кийин 14 млн. сом кандайча 25 млн. сомго айланып калганына өзүм таң калып жатам. "Калптын казаны кайнабайт". Балким, "ким эстемек эле же болбосо доллар көтөрүлдү" деп курс менен көбөйтүп коюштубу, билбейм. Бул макалада көптөгөн таң калчу цифралар жазылыптыр. Интернет сайттарынан бул макала кайталанып, үч-төрт жолу чыкканын көрүп, "Самаковдун өзүнүн заказы болушу керек" деп ойлоп койдум. Анткени, журналист тыйынына чейин кантип жазмак эле? Чындыгында ал төрт чакырымга жетпеген троллейбустук линия канча жылда, канча жана кимдин каражаттары менен бүткөрүлгөнүн өкмөттүн бул маселеге тиешелүү кызматкерлери жана Нарын шаарынын бир топ тургундары абдан жакшы билишет. Мунун негизги бөлүгү бюджеттен каржыланган. Азыр ойлосом, өзүбүздүн кичи мекенибиздин элине ошол убакытта жасалма саясатты колдонуптурбуз.
-Эмне деген жасалма саясат?
-Шайлоочулардын баардыгы жакшы билишет, 20 000 адам бир эле саясатчынын жолугушусуна эч качан келбейт. Балким, өтө эле элдин оозуна алынган, принципиалдуу таза саясатчыларга эле мынчалык чогулбаса. Өзгөчө Нарынга барганда, баардыгыбыздын жүрөктөрүбүз лыкылдап турчу. Бир жума мурун Карганбек Самаков баш болуп, план түзгөндөн кийин жолугушууларга барчубуз. Чогулуштарга барганда, ашып кетсе эки жүздөй адам чогулчу. Анын жартысынан көбүн тааныштарыбызды машина менен ташытып келип, атайын даярдатылган, ылайыкталган суроолорду Самаковго бердиртип, "жыйналыш жакшы өттү" деп өзүбүздү алдачубуз.
-Эмне себептен адамдар чогулчу эмес эле? Анда жыйырма миң адам кантип чогулду эле?
-Шайлоодо айтылган бир топ убадалар аткарылбай, көптөгөн эл Самаковго ишенбей калган. Ошол себептен Бишкектен аты чыккан эстрада ырчыларын алпарып, "Самаков эл менен жолугат" дебей, "элге бекер концерт болот" деп ар кайсы жерлерге чакыруу кагаздары таратылып, айылдардан машиналар менен элдерди ташытканбыз. Чынын айтканда, элдин саны абдан көп болгон. Өзүбүздү дагы бир жолу алдап, журналистерди колдонуп, "Самаков менен жолукканга жыйырма миңден ашык адам келиптир" деп жарыя кылдык.
-Жанатан бери "жасалма саясат" деп жатасыз. Деги мындай шойкомдуу саясатыңар ЮНЕСКОдо колдонулган жок беле?
-Мен саясатта чек жок экенин, "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин ЮНЕСКОдон каттатып жаткан мезгилде түшүндүм. Бирөөнө жакса, бирөөнө жакпаган азыркы менин чындыкты айтып, кеч боло электе тазаланып, "керек болсо саясаты жок эле жашайын" деген чечимиме бул дагы бирден-бир түрткү берди да. "Манас" бул биздин кылым карытып келе жаткан түбөлүк, эч ким тартып алгыс тарыхыбыз. Азыр "Манасты" саясатта дагы колдонуп жибердик. Ушул команданын ичинде мен дагы болуп, бир топ иштерди аткаргам. Азыр өкүнүп жатам.
-Эмне болгон иштер?
-Баягы эле жасалма саясат да. "Манас" ЮНЕСКОдон катталды" деген жакшы кабар 2013-жылдын жай мезгилинде эле келген болчу. Бул жаңылыкты саналуу эле адамдар билген элек. "Декабрга чейин эч ким билбесин, абдан жакшы сценарий түзөлү" деп Карганбек Самаков тапшырма берген. Ошол себептен Бакуга барган адамдардын көбү журналистер болчу. Жыйындын официалдуу ачылышынан кийин, Кыргызстандын маселеси каралаарга 3 күн калгандан мурун эле Азербайджандын элчиси биздин журналистерге интервью берип жатып, "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОдон катталганын белгилеп, кыргыз мамлекетин куттуктап жиберген. Бир топ журналистт ер жана манасчылар шектенип калышкан болчу. Кызыгы, Самаковдун эмгегин зор кылып көрсөтүш үчүн, жыйын өтүп жаткан имараттын фоесинде чогулуп отурган журналисттер жана манасчыларга мен келип, "Самаков биздин маселелерди чечиш үчүн конфиденциалдуу бул жактын чоң адамдары менен жолугушуп, алардын колдоосун суранууда" деп айтсам, ичинде кири жок ал адамдар Кудайга жалына башташты, "жакшы болуп кетсе экен" деп. Баардыгын көрүп алып, оозума келме келтирип, ичимден жасап жаткан күнөөм үчүн Кудайдан кечирим сурадым эле. Чындыгында, эч кандай жолугушулар болгон эмес. Карганбек Самаков өз номеринде эс алып жатып, "биздикилер эмне кылып жатышат, минтип айтып кой..." десе, мен дагы барып, айта бериптирмин ар кайсыны. Ушундай буйруктарды аткара берип, кийин өзүм-өзүмө көптөгөн сын айта баштадым. Азыр ал адамдар "Азия Ньюсту" окуп жатышса, бул болгон окуяны эстеп алып, мени жаман көрүп жатышат го. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алардын баардыгынан кечирим сурайм! "Манас" эпосун ЮНЕСКОдон каттатканда, бир адамдын абдан чоң эмгеги бар. Баардык иштерди күндүр-түндүр иштеп бүтүргөн. Мен ал адамдан "сен өзүңдү эмне эч жерден көрсөтпөйсүң?" десем, ал мага мындай жооп берген. "Менин кылган эмгегим кыргыз элине пайдасы тийсе болду" деп. Бул адамды мен бүгүнкү күнгө чейин абдан сыйлайм. Ал ЮНЕСКОнун жөнөкөй эле эксперти - Сабира Солтонгелдиева.
Эми ыңгайы келип турганда, Карганбек Самаковго бир топ суроолорду узатайын:
-Урматтуу Карганбек мырза, "Манасты" ЮНЕСКОдон коргогондо, өзүңүздүн жасалма саясатыңызды колдонуп, аша чаап кеткен жоксузбу?
-Өзүңүзгө "мен абдан каалаган "Кыргыз эл баатыры" деген наамды эмнеге албай калдым?" деп, же болбосо "Манас атанын руху ыраазы болдубу?" деген суроолорду берип көрдүңүзбү?
-Сиз "саясатта да адамгерчилик болушу шарт" деп жатасыз. Өзүңүздүн кээ бир коллегаларыңызды "2010-жылы 7-апрелде снайперлерди каржылаган" деген "жашыруун макаланы гезитке жазып койбойсуңбу? деп мага берген буйругуңуз кайсыл саясаттагы адамгерчиликке жатат?
-"Уруу урууга бөлүнгөндү жактырбайм, бирок, бөлүнүү үчүн эмес, биригүү үчүн болсо колдойм" деп жатасыз. Алыс барбай эле коелу, өзүңүздүн депутат кесиптештериңиз менен ар дайым жолугар замат, кабинетке келип алып, алардын сөөктөрүн жууп, улутка, урууга бөлүп, кээ бир убакытта алардын тагдырларына чейин кирип кеткениңизди бириктирүү катары эсептейсизби?
-Эмне себептен гезит аркылуу "уруум жетиген, нарындыкмын" деп өзүңүзгө ыңгайлуу суроо кылып, жооп берип жатасыз? Убагында Байтик айылынан жерлерди сатып алып баштаганда, "менин ата тегим Байтикте турчу экен, ошол себептен инвестиция алып келип жатам" деп, же балким байкабай сизди "таластык" деп айтылып кеткен сөздөргө актанган жоксузбу?
-"Абай мага "жылан чакпай, жылкы теппей" эле душман чыга келди. Ошончо жыл ата-баладай жүргөн жардамчымды кантип мен "ит экенсиң" деп айтам? Абай айтса айтаар, мен айта албайм, менин уятым ага жол бербейт" деп жазыптырсыз. Кайдагы уятты айтып жатасыз? Ушунчалык мага атадай болгуңуз келсе, мени үч балам менен талаада калтырбай, бирөөлөр аркылуу басмырлатпай, мени ар кайсыл жерлерге жамандабай эле жөн-жайыма койсоңуз болот беле? Уятыңыз болсо, биринчи Нарын облусундагы шайлоочуларыңызга берген убадаларыңызды толук аткарып, Чүйдүн элине берген милдеттериңизди бүтүрүп, анан кийин Талас, Ош, Баткен облустарынын элдерине барып, жаңы саясатыңызды айтпайсызбы? Таластын эли ар дайым чындык үчүн күрөшкөн эл. Калптарыңыздын баардыгы чыгып калып, алардын алдында уят болуп калуудан коркпойсузбу?
-Сиз жөнүндө чындыктын баардыгын айтып салсам, "Абайды Кудайга койдум" деп жатасыз. "2005-жылы Нарын облусунун аз камсыз болгон 90 үй-бүлөсүнө арабдардан уй сатылып берилсин" деп бөлүнүп келген акчаны кымтып, 10 баатыр энеге уй сатып берип, калган 80 үйгө бөлүнгөн акчаны шайлоодогу карыздарыңызды жапканыңызда (болжолдуу 6 миллион сом), кембагалдарга келген 50 уйду өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды карап, шайлоодо сизге иштеген, бирок, чындыгында муктаж эмес адамдарыңызга таратканыңызда, Кудайды ойлодуңуз беле? Сиз бир нерсени унутпаңыз! Өзүңүздүн туура эмес кылган иштериңизди жабыш үчүн бирөөнү караласаңыз дагы, органдагы кээ бир кызматкерлерди сатып алып, "мен тазамын" деп башкаларды күйгүзүп кетсеңиз дагы, асманда карап турган Кудай бар, Карганбек Садыкович! Азыркы убакытта сизге тиешелүү жер маселелери боюнча көптөгөн адамдар суралып, мамлекеттин жөнөкөй кызматкерлери четинен камалып, ар кандай кыйынчылыктарды көрүп жатышат. Кээ бир кызматкерлер убагында чоңдордун буйругун аткарганга муктаж болушуп, бүгүнкү күнү соттолуп кетиши да мүмкүн. Ушунун баардыгына өзүңүздү себепкер катары эсептейсизби? Же дагы эле адатка айлангандай, бул иштерден кургак чыгайын деп жатасызбы? Бул адамдардын дагы үй-бүлө, бала-чакалары бар экенин унуттуңузбу? Балким өзүңүздүн жашоонузду таттуу жашап өтөөрсүз. Бирок, балдарыңыздын, неберелериңиздин тагдыры, ошол сиздин айыңыздан кыйналган адамдардын тагдырына окшошуп калбасына эч ким кепилдик бере албайт. Ойлонуңуз!

Сакен БӨРҮБАЕВ