Коркунучтуу адамдан жерибизди алып бергилечи?
КР ЖК төрагасы А.Ш.Жээнбековго,
эл депутаттарына
Кайрылуу

Урматтуу Асылбек Шарипович! Урматтуу депутаттар!
Биздин кайрылуубуздун себеби: 2008-жылы ОсОО "Ракен-Нарын" Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтү менен келишим түзүп, 42 гектар жерди 49 жылга ижарага алышкан. Келишим боюнча инвестиция алып келип, автопарк, эс алуучу жай куруп, айылдын элине жолдорун, суу түтүктөрүн, электр жарыктарын жасап, элге жумуш орундары берилип, көйгөйлүү маселелер чечилмек. Бирок, бул келишими ОсОО "Ракен-Нарын" тарабынан аткарылган жок. Жер ушу күнгө чейин иштетилбей турат.
ОсОО "Ракен-Нарындын" кожоюндары Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жана уулу Кубанычбек Самаков мырзалар элди алдап, мамлекеттин жерин Бакиевдин коррупциялык схемасы менен убагында трансформациялап алган. Сиздерге белгилүү Чүйдүн Байтик, Лебединовка айылдарында гектарлап жерди сатып алышып, бизнеске айландырып жиберишкен.
Азыркы учурда Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында "Ракен-Нарын" менен Кара-Жыгач аймагы соттошуп жатат. Анткени, жер элдики. Айылда турак-жай салууга жер сурап, 1380 адам кезекте турат. Аталган 42 гектардан бөлөк жер жок. Ага карабай "Ракен-Нарын" күч менен жерди жеке менчикке чыгарып алууну көздөөдө. Көрсө, бул жер арабдардын акчасына сатылып алынган турбайбы? Бул адамдарды мынчалык аферист экенин билбептирбиз.
Чындыгында, бул жер укумдан-тукумга, келечек муундарга кала турган жерибизди Карганбек Самаковдун ала тургандай, кандай акысы бар эле? "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей, Кубанычбек Самаков "сот менин колумда" деп, карапайым элди кемсинтип, коркутуп, айылдын таламын талашкан балдарыбызды 3 күн каматтырганга да жетишти. "Айылга 20 миллион сомго жер сатып беребиз" деп, алдамчылык жол менен аукцион өткөзүп, айылдын депутаттарын экиге бөлүп, жергиликтүү элди ызы-чууга салышты.
Булар сиздер шайлаган сотторду да сатып алышкан өңдүү. ЖМКны айтпай тек коелу. 2014-жылы бир гезитте "Мыйзамды уруп ойнобогон Узденова" деген макаланы жалган фактылар менен жалаа жаап, айылдын мектебине да кедергиси тийген. Бул Самаковдун жан жөкөрлөрүнүн заказы менен аткарылган. Ошол кезде сот, милиция, прокуратура, акимдер баш болуп, КРнын жер кодексинин мыйзамын бузуп, 42 гектар Кара-Жыгач айыл аймагынын жерин трансформациялап берип коюшкан.
"Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, акыры өзүнүн оң колу болуп иштеген адамдары чыдабай коңгуроо кагып, гезит беттерине жарыялап жатышат.
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, атасынын кандай экенин, канча инвесторлорду алдаганы, калп сатып алган наамдары, кантип депутат болгону, "жер аферасы" кандай жүргөнү, башка адамдарга калп жалааларды жаздырганын билесиңерби? ЖМК каражаттарын сатып алып, патриот, эл кишиси болгону маалымдалууда. Ушундан кийин бул адам кантип Кыргыз элинин патриоту, ЖКнын депутаты болуп, сиздердин араңыздарда "адаммын" деп басып жүрөт? "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, Кыргыз элинин бийликке болгон ишеничи кетип баратат.
Сиздерге кайрылабыз, бул коркунучтуу кишиден жерибизди тез аранын ичинде ордуна коюп берүүңүздөрдү көптөн көп суранабыз? Себеби, биз 7 жылдан бери күрөшүп келе жатабыз.
Кара-Жыгач айылынын эли "Жер жалпы элдики!" деген ураан менен Акүйдүн алдына нааразычылык митингине чыгууга даяр. Керек болсо, эл жерге бозүй тигишип, "Жерибиз үчүн кан төккөнгө чейин барабыз" деп турушат. Бирок, эл сабырдуулукту сактап турат, урматтуу депутаттар, "Чуусу Чубактын кунундай чубалган ушул ишке чекит коюга жардам кылышат" деп, кайрылууга айылдын эли мажбур болду...

Темирбек Мырзабеков, Гүлия Абдылдаева, Тентимиш Жумакматов, Бакирдин Юсупов, Мухамбет Басылбаев





Индира Исманкулова:
"Сүйүү - адамдарга гана тиешелүү күчтүү энергетика"


А
стрология, нумерология, хиромантия илимин семичкедей чагып, таро жана ленорман картасынын жардамы менен бейтапка төлгө ачкан Индира Исманкулованы кепке тарттык. Бу жолу Индира айым сүйүү темасына токтолуп, жалпы насаатчылык сөздөрүн айта отурду.


-Индира айым, бу жолу сүйүү темасынан кеп козгоп, "Сүйүү" деген эмне, буга касиети бар адам катары кандай түшүнүк бересиң?
-Сүйүү - адамдарга гана тиешелүү күчтүү энергетика. Сөзсүз эле түрдө аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле эмес. Жаратылышка, ата-энеге, балага, кесипке ж.б. болгон жылуу мамиле. Бул күчтүү энергетиканы адамзаты көзү өтүп кеткенге чейин көздүн карегиндей сактап, ага абдан аяр мамиле кылуу менен кастарлаш керек.
-Кантип?
-Энергетика курсактан жаңы төрөлгөн баладан башталат. Эгер ошо кезден баштап балага чоңдордун мамилеси түз болуп, мээрим төгүп, туура тарбия берип, туура багытка салып чоңойтсо, анда ал баланын ден-соолугу чың болуу менен психикалык жактан туруктуу, улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган, адептүү бала болуп чоңоюшуна жана сүйүү энергетикасынын жакшы калыптанышына чоң өбөлгө түзүлмөкчү. Ал эми бала өз учурунда каралбай, убакыт коротуп, тарбия берилбесе, жылуу сөз айтылбаса, андай баланын психикалык жактан өрчүп-өнүгүшү начарлап, жандүйнөсү жабыркоо менен бирге тагдыры да тайкы болуп калышы толук мүмкүн.
-Азыркы жаштар бат эле сүйүшүп, бат эле ажырашып атышат. Буларга эмне жетишпей атат?
-Буларга көзөмөл жетишпей жатат. Эмнеге дегенде, алар алгач сүйүү сезими менен гана алек болушуп, андагы энергетиканы кастарлай алышпаганынан ажырашып атышат. Андан сырткары, эки жаш баш кошкондон кийин же бала жактагы биртуугандары же кыздыкы жактан энергетиканы талкалоо ирээтинде "келин мындай экен, тигиндей экен. Көп уктайт, тамакты тыңдап жасабайт же күйөө бала үй-бүлөнү карабайт. Акча таппай эле жолдош балдары менен көчөлөп жүрөт. Кумарпоз неме экен. Башка бирөөнү таап алыптыр" деп атышып, улуулар болбогон немеден эки жаштын тагдырына балта чаап тим болушат. Ошон үчүн, бу жерде кыздын биртуугандары, ат-энеси жана бала жактан да биртуугандар учкундан жалын тутантпоону кам көрүү зарыл. Экөөнү бирдей отургузуп алып, сүйүү сезимдерине булак болгон энергетиканы байытып, тазалоо абзел.
-Ооба, аны колдон келишинче кыздын же баланын ата-энеси, биртуугандары айтышат. Бирок, кээде "форс-мажор" болуп калган күндөр кездешет. Бала башка бир кызды жактырып же кыз башка эркек менен "ойноп" кетет эмеспи, эми баары эле эмес, ошентсе да...
-"Кырсык каш-кабактын ортосунда" деп коет эмеспи. Азыр коомубуз ушундай жагдайлар менен жабыркап турган учуру. Эч ким эч нерсеге кепилдик бере албай калды. Бирөөлөр атайын эки жашты ажыраштырыш үчүн өткөн маегибизде айткандай, сүрөттөрүн "Кара дубачыга" алпарып, атайын окутат. Аны кесепетинен эки жаш жапа тартып, аягы ажырашууга апкелет. Бирөө көралбастык менен, бирөө өч алуу менен, а бирөө болсо күйөөсүн тартып алуу максатта Кудайдын жактырбаган ишине барат. Муну эмне дейт элем? Эгер кимде-ким ушундай жагымсыз ишке барган болсо, аягы барып-барып өз башына тийерин билбейт. Ал сөзсүз тийгенде да 2-3 эсе күчтүү тийет. Мен ушуну катуу эскертким келет. Анан дагы бир жагдай, азыркы жаш кыздар да бирөөнүн байлыгына, мансап-бийлигине кызыгып, өзүнөн 20-30 жаш улуу, атасындай болгон кишинин мээсин айлантып, экинчи аялы, токолу болуп тийип алып атканы да жок эмес. Анан ал байкуш улуу киши же тиги бүлөсүн эмне кылаарын билбей же жаш үйбүлөсүн эмне кылаарын билбей депрессияга тушугуп, акыры оорулуу болуп калат. Инфаркт же инсульт алат. Анысы аз келгенсип, ара жолдо эч кимге кереги жок болгондуктан, өз өмүрлөрүн кыйууга чейин барышат. Эми ушу туурабы? Ошон үчүн биз адамзаты Кудай сүйгөн иштен алыстабашыбыз абзел. Жараткан баарын таразалап турат. Бекеринен "Асманда Кудай көрүп турат" деп айтылган эмес.

Сурат Жылкычиев

Исманкулова Индира
Астрология
Нумерология
Хиромантия
Таро, Ленорман карталары менен бейтапка төлгө ачат.
Дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 8А Манас проспектиси менен кездешкен жерде "Кел-Ал" дүкөнүнүн жаны. Тел: 0772-42-24-88, 0550-23-03-48