Менин артымда ак калпак кыргыз элим турат!

Баш сөз ордуна

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов жакында өзүнө карата тагылган бийликтин айыптарын жокко чыгарып, өз чындыгын билдирген үн катуусу интернет булактарына жарыяланды. Биз дал ушул Мырзакматовдун адилеттүүлүккө баш уруп, чындык издеген кайрылуусун коомчулук алдына жарыялап турубуз. А сиз окурман калыс болуп, тек гана талдап алыңыз. Кимдин-ким экендигин мезгил таразалайт...

Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу кыргыз калкым!
Бүгүн 2015-жылдын 15-январы! Менин Ош шаарынын мэрлигинен кеткениме туура 1 жыл болду. Бир жыл мурун Ош шаарынын мэрлигине шайлоо өтө ыплас жолдор менен өтүп, каракчылык жана бандиттик ыкма кеңири колдонулду. Борбордук бийлик мага каршы маалымат согушун ачып, мамлекеттик телеканалдар аркылуу инсандык абийириме шек келтирген жалган кабарларды элге кеңири таратып турушту. Бийликтегилер жүз миңдеген оштуктардын үнүн укпай, чыркыраган чындыкты тебелеп, өздөрү каалагандай натыйжага жетишишти. Ошол күнү митингке чыккан он миңдеген тарапташтарымды сабырдуулукка үндөп, мен кызматты эмес, элимдин тынчтыгын жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн тандап алдым. Бийликке жолтоо болбоюн деп 1 жыл бою унчукпай, ички саясатка кийлигишпей, жеке чарбалык жана партиялык иштер менен алек болуп келдим. Бирок, бийликтин мага карата саясый куугунтугу күчөп, борбордук телеканалдар жана бакма басылмалар кайрадан менин абийириме шек келтирген жалган ушактарды кеңири тарата башташты. Башкы прокуратура мага карата кылмыш ишин ачып, мени катардагы кылмышкер, коркунучтуу коррупционер катары дүйнөлүк коомчулукка көрсөткүлөрү келишти. Андыктан, мен ар кандай ушак-айыңдарга бөгөт кою үчүн чындыкты элге туура жеткирүү максатында сиздерге кайрылууну туура таптым. Эң алгач менин тагдырыма кайдыгер болбой, эл үчүн аткарган эмгегиме оң баа берип, маалымат каражаттары аркылуу мага моралдык колдоо көрсөтүшкөн мекендештерибизге терең ыраазычылык билдирем. Эми кеп башынан болсун!
2014-жылдын 27-ноябрында башкы прокуратура мага каршы кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, Ош шаардык соту чагылгандай тездик менен ошол эле күнү камакка алуу чечимин чыгарды. Ош шаардык прокуратурасы биз демилгелеген эстакадалык көпүрөнүн курулушунан кыйкым таап, мага, коомчулукка, "аймактын борбордук бийликтен болгон экономикалык көз карандысыздыгы жана жалган элес калтыруу, Ош мэриясы аткарып жаткан жумуштарды өзүнүн жеке ийгилиги катары көрсөтүү аракетин көргөн" деген акылга сыйбаган саясый айып тагууда. Сталиндик репрессияны эске салган саясый мүнөздөгү мындай айыпты мен кескин түрдө четке кагам. Бул өткөн кылымдын 1930-жылдардагы бейкүнөө атууга кеткен К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, А.Орозбеков сыяктуу кыргыздын миңдеген азаматтарына тагылган борбордук бийликке кутумдук кылган, улутчул мамлекет курууга умтулган "контр-революционер" деген саясый айыпты эске салат. Мага да эл душмандарына тагылчу "коомчулукка, аймакты борбордук бийликтен экономикалык көз карандысыздыгы боюнча жалган элес калтырган" деген жалган саясый айып тагылууда. Андыктан, мен бул кылмыш ишти бийликтин мага ачыктан-ачык жасаган саясый куугунтугу катраы билем. Жалпы журтка жакшы маалым, биз өз кезегинде көп улуттуу калктын достугунун, бакыттын, ынтымак-ырашкерлиги болсун деген аруу тилек, илгери үмүт менен Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштаган элек. Анткени, 1947-50-жылдары курулган эстакадалык көпүрө техникалык жактан жараксыз болуп, андан өткөн жүргүнчүлөр менен авто-унаалар үчүн чоң коркунуч жаралган. Көпүрөнү ремонтто же реконструкциялоо мүмкүн эместиги жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, гиппростройдун корутундулары, курулушту сертификациялоо боюнча түштүк регионалдык башкармалыгынын, шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы баштаган тийиштүү кызматтардын атайын корутундулары бизге келип түшкөн. Мамлекеттик мекемелер чыгарган бул техникалык корутундулар көпүрө аркылуу авто-унаалардын жүрүүсүн, туннель аркылуу жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тыюу салынган жана анын ордуна жаңы көпүрөнү куруу сунушталган эле. Эгерде Ош шаардык мэриясы мамлекеттик мекемелердин бул талаптарына көңүл бөлбөй, эски көпүрөнү колдоно берсек, "Бөрк ал десе баш алган" укук коргоо кызматкерлери бизге каршы дароо эле кылмыш ишин козгошмок. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтканда, биз эстакадалык көпүрөнү бирөөдөн корккондугубуз үчүн эмес, жалпы Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, элибизге жүздөгөн жылдар кызмат кылсын деген тилекте баштаган элек. Заманбап жана сапаттуу эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштап жатып, биз эң оболу карапайым элдин кызыкчылыгын эске алганбыз. Биздин бийликтин бийик тепкичтеринде отурган кээ бир жетекчилер "Оштогу көпүрөнү эч кандай долбоору жана корутундусу жок куруп баштаган" деп айтып жатышат. Бул карандай калп. Бул курулуш мамлекеттик экспертизалык департаменттин корутундусунун негизинде башталган. Корутундуда мамлекеттик эскпертизалык департаменттин жетекчилери жана кызматкерлери "курулуш иши бекитилсин" деген чечим чыгарып, кол коюшкан. Демек, Ош шаардык мэриясы эч кандай өзүм билемдикке жол берген эмеспиз. Тескерисинче, курулуштун уруксат кагаздарын толук топтоп, заманбап долбоор жасалып, мамлекеттик экспертизадан өткөрүп, андан соң гана ишти баштап жатабыз. Ошондой эле архитектура жана курулуш агенттиги көпүрөнүн курулушунун 1-этабын баштоого уруксат берген корутундусу бар. Бул көпүрөнүн курулушу алгач Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кеңейтилген бюджеттик отурумунда каралып, талкууга алынып, алардын макулдугу менен 2013-жылдын титулдук баракчасына киргизилип, анын аткарылуусу Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдагы №77 токтому менен бекитилген. Андан сырткары, бул маселе шаардын активи менен өткөрүлгөн жыйындарда жалпыга маалымдоо каражаттары, айрыкча, жергиликтүү телеканалдар аркылуу байма-бай чагылдырылып, коомчулукка жеткирилип турган. Бул чечимдер биз баштаган улуу иштердин мыйзамдуу экенин ташка тамга баскандай көрсөтүп турат. Демек, Ош шаардык мэриясы көпүрөнүн курулушун баардык нормативдик документтерге таянып туруп баштагандыгы анык. Бул документалдуу далилдерге мага карата ачылган кылмыш иши саясый максатты көздөп тургандыгын тастыктоодо. Башкы прокуратура жана бийликтеги кээ бир төбөлдөр "Мырзакматов жеке амбициясынын айынан көпүрөнүн курулушун тиешелүү каражаты жок эле баштады" деп айтууда. Бул дагы карандай жалган! Биз калкыбыз үчүн башыбызды тобокелге сайып, мамлекеттик мыйзамдарды сактоо менен ордолуу Оштун транспорттук каттамдарын жакшыртуу максатында эстакадалык өтмө көпүрөнүн курулушуна белсенип киришкен элек. Курулушту бүткөрүү үчүн биз каржылык кошумча булактарды таап, салык топтоону жаңы деңгээлге көтөрүп жатканбыз. Аткарам деген бекем эрк, көкүрөктө калкым деген дем болсо, ага кошумча жалпы эл колдоп турса, каражат сөзсүз табылмак. Анын үстүнө менин 2013-жылдык жаңы жылдык билдирүүмдө айтылгандай, биз шаарыбыздын казынасын 2015-жылга карата 2 миллиарддык чекке жеткирүүнү алдыбызга максат кылып койгон элек. Ошондуктан, курулуштун 1-этабына жергиликтүү казынадан адегенде эле 100 миллион сом каралган. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи, кары-жашына, улутуна, жашаган аймагына карабастан миңдеген атуулдарыбыз өз салымдарын кошууга даяр турушкан. Айрымдарын өз каражаттарын кошо башташкандыгы жалпыбызга белгилүү. Мен жоопкерчиликтүү түрдө билдирем, эгерде бийлик бизге бут тоспой, шайлоодо бандиттик ыкма колдонулбаса, бүгүн эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктап калмак. Ага тиешелүү каражат да жергиликтүү казынадан эле табылмак. Эң өкүнүчтүүсү, бийликтин "чылпагын алам" деп "көзүн оюп алган" орой аракетинен ордолуу Оштун көп улуттуу карапайым калкы запкы чегүүдө. Мен, мага карата жасалып жаткан бийликтин саясый куугунтугуна эмес, элибизге жасалган акыйкатсыз мамилеге жаным кейип турат. Көпүрөнүн курулушунун алгачкы этабы болгон капсула салуу аземине Ош шаардык мэриясы тарабынан президент, өкмөт башчысы баш болгон борбордук бийлик өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарына официалдуу түрдө чакыруу жөнөткөн элек. Тилекке каршы, биздин аруу тилек менен башталган улуу демилгебиз өлкө жана өкмөт башчыбыз тарабынан колдоо тапкан жок. Атүгүл азем мезгилинде өкмөт башчы Кара-Суу шаарында, ал эми өлкө башчысы Ноокат шаарында болуп туруп, Оштун жалпы коомчулугу катышкан иш-чарага катышуудан баш тартышты. Эгерде биз баштаган иш мыйзамсыз болуп, курулуштун эч кандай документациясы жок болсо, анда неге алар келип же тийиштүү органдар аркылуу курулушту өз мезгилинде токтотуп коюшкан жок? Анда неге биз баштаган улуу ишти бүгүнкү күндө улантып жатышат? Көрсө, алар мени саясый оппонент катары көрүшкөн экен. Бүгүн жараткан Кудай алдында айтып коюшум абзел, мага саясый упай топтоп эмес, ордолуу Ошту өнүктүрүү, элим үчүн кызмат кылуу маанилүүрөк эле. Колубуздагы документтер көргөзүп тургандай, көпүрөнү куруудагы баардык иш-аракеттер мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй процедуралык талаптарды сактоо менен жүргүзүлгөн. Ошого карабастан, ар кандай жолдор менен мени кылмышкер катары айыптап, эл душманы катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Бул көпүрө бүткөрүлсө, шаардагы эң чоң көйгөй болуп эсептелген транспорттук каттамды жеңилдетүү маселеси чечилмек. Айрым бийлик төбөлдөрү биздин эл үчүн аткарган ушундай чечкиндүү кадамдарды колдоонун ордуна ар тараптан бут тосушуп, мага "өзүм билемдик менен иш жүргүзүүдө" деген саясый дооматтарды эл арасына байма-бай таркатууга аракеттенишип, акылга сыйбаган жалган-жалааларды жаап келишти. Алар "эстакадалык көпүрөнүн курулушунун наркы 900 миллион сом экен" деген ушактарды да таратышты. Бирок, көпүрөнүн наркы чындыгында болгону 489 миллион сом эле. Тарыхта "жол салам, көпүрө курам, мечит тургузам" деген элдик демилгеге ата-бабаларыбыз алакан жайып, ишине ийгилик каалап, бата тилеп келишкен. Ал эми бизде баардыгы теңирден тескери болду. "Эстакадалык көпүрө курабыз" деген аруу тилегибизди саясый көз-караштан улам гана бийлик төбөлдөрү "туулбай жатып, тууна чөктүрүп" жиберишти. Анткени, мен бийликчил КСДПдан эмес элем. Себеби, биз жетектеген "Улуттар Биримдиги" партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турган болчу. "Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" дегендей, бийликтегилер менен саясый көз карашыбыз дал келбеген үчүн биздин демилге тебелендиде калып, бүгүн мен саясый куугунтукка туш болуп отурам. Бирок, биз сунуштаган көпүрөнүн узундугу 345 метр болчу. Ал эми бүгүнкү бийликтики 260 метр болуп жатат. Биздин долбоордо көпүрө 9 балдан жогорку жер титирөөгө чыдайт. Булардыкы 9 балдан төмөн болууда. Көрүнүп тургандай, азыркы шаар жетекчилиги көпүрөнү бир кыйла кыскартып, сапатына доо кетирип, көлөмүн олуттуу кичирейтип койду. Эгерде эстакадалык көпүрө долбоордон бир эле метр кичирейсе, андагы ага коюлган техникалык жана эстетикалык талаптар толугу менен ишке ашпай калууда. Анда жол тыгындарына байланыштуу маселе толугу менен чечилбей калаарына шек жок. Биз, көпүрөнүн алдындагы Ош базарын шаардын четине, Жапалак тарапка көчүрүп, ал үчүн 45 гектар жерди өздөштүрүүнү алдыбызга максат кылган элек. Ал жерге менчик эмес, муниципиалдык базар курууну баштап калганбыз. Алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, андан түшкөн 1 жылдык каражат көпүрөгө кеткен чыгымды толук актайт болчу. Биз, элге берген убаданы аткарып, унаа базарын Жапалакка көчүрүп, анын ордуна муниципиалдык базар кылып, ишке киргизип койгон элек. Базардан топтолгон каражат бир чиновниктин же бизнесмендин эмес, элдин чөнтөгүнө түшө баштаган болчу. Мына ошол пландардын баары бүгүн бузулуп, кайрадан коррупциялык көмүскө ыкмалар активдешип кетти. Башкы прокуратура бизге "27 миллион сомду максатсыз пайдаланды, мамлекет 27 миллион сомго чыгымга учурады" деген айып тагууда. Бирок, бизде колдонулган ар бир тыйын боюнча фактылар, тиешелүү документтер бар. Бул жалган жалаа. Азыр бийликчил басма сөз каражаттары чындыкты бурмалап, калпты чындай айтып, элди ынандырууга аракет кылышууда. "Ак ийилет, бирок, сынбайт" дегендей, чындык акырында жеңээрине биз ишенебиз. Биз жараткандын алдында тазабыз. Мамлекеттин казынасына бир да тыйын зыян келтирбегенибиз үчүн бийлик калпты чындай айтууга аракеттенүүдө. Андай арам аракеттердин аягы аябай өкүнүчтүү аяктаарын эскертип коюу менин атуулдук парзым. Бийлик мага каршы кылмыш ишти быйыл өтчү парламенттик шайлоо алдында атайы козгоп жатат. Ошондуктан, Ош шаардык сотунун судьясы Матисаков жабык соттук отурумда мага карата сырттан баш коргоо чарасын өзгөртүп, "камакка алынсын" деген мыйзамсыз чечим чыгарды. "Баш коргоо чарасы камакка алуу жолу менен жүргүзүлсүн" деген тыянак чыгарып, суранууга тергөөчүгө ким укук берди? Эмне себептен бир дагы чакыруу кагазын бербестен туруп, менин чет өлкөдө жүргөндүгүмдөн пайдаланып, мындай кадамга барат? Анткени, бийликтин максаты мени эптеп убактылуу кармоочу жайга кармаган соң, тергөөнү узак мөөнөткө чейин созуп, парламенттик шайлоону өздөрү каалагандай өткөрүп алуу. Бийликтин максаты эптеп биздин "Улуттар Биримдиги" партиясын шайлоого жеткизбөө, жетсе да бурмаланган фактылар аркылуу элге жаман көрсөтүү. Бийлик төбөлдөрү ушундай жолдор менен бизди басынта албастыгын билип, жумурай журт арасынан мурдагыдан да чоң колдоо алаарыбызды сезишип, Жогорку Кеңешке шайлоо жакындап бараткандыктан чукул чара ­көрүү максатында карасанатайлык менен мени жана менин санаалаштарымды кылмышкер катары көргөзүү боюнча пландуу кадамдарга барышууда. Бирок, мен авторитеттүү түрдө айткым келет, бийликтин басымына жана саясый куугунтуктарына карабай биздин "Улуттар Биримдиги" партиясы парламенттик шайлоого сөзсүз катышат. Кудай буюруп, калкыбыздын колдоосуна ээ болуп, парламентке келгенде, биз адилеттүүлүк, акыйкаттык жана чындык үчүн күрөшүбүздү талыкпай уланта бермекчибиз. Биз бүгүнкү бийликтей саясый оппоненттерге сот, укук коргоо органдарын мыйзамсыз колдонуу аркылуу куугунтук жасоого эч качан жол бербейбиз. Анткени, биз ар дайым акыйкаттык, чындык тарапта болуп, зөөкүрлөр менен коррупционерлерди эмес, алсыздар менен чындык издеген элди коргоого алабыз. Мага карата саясый куугунтукту уюштуруу менен бийликтеги кээ бир кошоматчылар, тендерчил коррупционерлер өздөрүнүн жылуу орундарын сактап калууга аракет жасап жатышат. Ушундай саясый буюртмаларды аткаруулар улантыла берсе, анда Кыргызстанда эч ким иштебестен кол куушуруп отурууга туура келет. Анткени, бүгүн иштеп жаткандардын эртеңкисине ким кепилдик бере алат? Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Мен сунуштайт элем, андан көрө чыныгы кылмышкерлерди издеп көрбөйлүбү урматтуу туугандар? Миллиарддаган акчаларды элдин чөнтөгүнөн уурдагандарды издөө жарыялайлы деп бийликке сунуштап көрбөйлүбү? Маселен, КСДПдан вице-премьер-министрлердин бири болгон адамдын компаниясы жарым жылдын ичинде 74 ирет тендерди утуп алыптыр. Муну депутат Максат Сабиров күнүнө парламенттин трибунасынан айтып жатат. Президенттен ушул киши боюнча "келиңиз, чара көрүңүз" деп талап кылып көрбөйлүбү? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жарым жылда 74 ирет тендерден утуп алгандыгын айтпайлыбы? Андан сырткары, дирекцияны эле алып көрөлүчү? Эки миллиард акчанын дайыны жок. Депутаттар бул маселени көтөрүп чыгышты. Ошол дирекциянын жетекчилигине иш козгоп, эл аралык издөө жарыялап көрбөйлүбү? Анан алардан кандай жооп болоорлугун угуп турбайлыбы? Маселен, Батукаев боюнча эл аралык издөө жарыялап көрүштү эле, анын эжеси биздин чоңдордун оозун жап кылбадыбы? "Тиги мынча алган, бул чиновник баланча миллион алган" деп. Же болбосо Кадыржан Батыровго жарыялап көрбөйлүбү? Канчалаган кан төгүлдү? Ал эмнелерди гана айтып, сайрап турбады дейсиз? Урматтуу туугандар, келгиле бийликтен талап кылайлы? Андан соң угуп туралы, Кадыржан Батыров эмне деп жооп берээрин. Жо-ок. Бийлик аларга эч кандай эл аралык издөө жарыя кыла албайт. Бүгүнкү бийлик жалаң "элим, жерим, чыныгы кыргызым, Ала-Тоом, ак калпагым" деген гана эр-азаматтарга издөө жарыялайт. Келиңиздер, 3 жыл ичинде "Кыргызгазды" 50 миллион долларга банкрот кылып, аны текейден арзан саттырып жиберген жетекчилерге иш козголушун бүгүнкү бийликтен талап кылып көрбөйлүбү? Ал эми энергетика тармагын кризиске тушуктургандарга, арзан сатып, кымбат алып, миллиарддаган чыгымдарга дуушар кылгандарга иш козголушун, аларга да издөө жарыялашын талап кылып көрбөйлүбү? Бийликтен кандай жооп угат экенбиз? Мына Кумтөрдү эле алалычы? Миллиарддаган доллар чыгымга кириптер кылган биздин чиновниктерге иш козгоп көрбөйлүбү? Банк уячаларынан миллиондорду уурдаган эргулдарга иш козгоп көрбөйлүбү? Ошолорго иш козгоп, эл аралык издөө жарыялагыла деп бийликтен талап кылып көрбөйлүбү? Кандай жооп угаар экенбиз? Мына туугандар! Чындык башка жакта. Бүгүн куугунтукка кимдер кабылып жатат? Ушул бийликке кошомат кылбай, бийликтин кыңыр иштерин ашкерелегендерге гана эл аралык издөө жарыяланып жатат. Эми өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү? Кыргыз коомчулугу үчүн Мырзакматовбу же мен жогоруда айткан "тендербайлар" менен "галдирбайлар" коркунучтуубу? Мырзакматов жана анын командасы керек болсо, кыргыздын эң бир кыйын күндөрүндө, эң бир тагдыр чечээр мезгилдерде билегин казык, башын токмок кылып, элине кызмат кылып бербеди беле? Ошол кызматы үчүн бүгүн минтип саясый куугунтукка дуушар болуп отурат.
Урматтуу калкым!
"Ак ийилет, бирок, сынбайт" дегендей, акыйкаттык, адилеттүүлүк сөзсүз түрдө орнойт. Эгерде баш коргоо чарам өзгөртүлүп, адилет тергөө болсо, мен Кыргызстанга келип, адилет сот аркылуу өз чындыгымды жана актыгымды далилдөөгө даярмын. Мен акыйкаттык үчүн, элимдин эртеңки жаркын келечеги үчүн бийликтеги авторитардык жана коррупциялашкан чиновниктер менен күрөштү токтотпой уланта беремин. Албетте, жеңиш биз тарапта болот. Андан эч качан күмөн санабаңыздар. Менин артымда сиздердей мекендештерим жана ак калпак кыргыз элим турат. Азыркы учурда менин негизсиз айыпталып жатканыма тынчсызданып жаткандыгыңыздарды мен билип, туюп турам. Кандай гана кырдаал болбосун, мен касиеттүү элим менен бирге акыйкаттык үчүн күрөшүмдү уланта бермекчимин. Биз, сиздер аркылуу күчтүүбүз. Мен элибиздин жаркын жашоосу, адилеттүүлүгү үчүн ал-күчүмдүн жетишинче эмгектенүүгө даярмын.

Мелис Мырзакматов, "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери