Путин Ташкентке келди. Ошко газ берилеби?
Кечээ Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Өзбекстанга келди. ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу учурунда регионалдык коопсуздуктун актуалдуу проблемалары боюнча пикир алышуу болуп, Өзбекстандын Россияга болгон 860 млн. доллар карызын кечүү, Россияга айыл-чарба продукцияларын жиберүүнү көбөйтүү сыяктуу маселелер талкууланды. Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, жолугушуу учурунда өзбек газы Кыргызстандын түштүк регионуна эмне себептен берилбей калгандыгы тууралуу маселе да каралышы мүмкүн.
Айта кетчү жагдай, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин чечүү аракети Россиянын жогору даражадагы чиновниктери тарабынан буга чейин да бир нече жолу жасалган болчу. Бирок, андан натыйжа чыккан эмес. "Өзбекстан транс-чек аралык суулардын башына - Тажикстанга жана Кыргызстанга ири ГЭСтердин курулушуна каршы болуп келатканы маалым. Россиянын Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСнин курулушуна катышканы өзгөчө талуу маселе. Каримов россиялык кесиптешинен жок дегенде Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун токтотууну суранышы мүмкүн" деп жазат "Назависимая газета".

Жоомарт Жыкынов




Гүлнур Сатылганованын кылыктары менен былыктары...

Бала кезинен тагдырдын оор сыноосуна кабылган, интернатта чоңойгон Эльмурза Сатыбалдиевге менин боорум ооруйт. Кыргыздын намыстуу, барпалаңдаган, улут үчүн күйгөн, жүрөгүндө кыпындай да кири жок инсанды неге биз колдобошубуз керек? Албетте, биз Эльмурза байкени сүрөйбүз, ал бүгүн түрмөдө жатат, ак жеринен күйүп калды. Бирок, аны бир өзгөчө аял карасанатайлык кылып кеткени боюнча кеп учугун уласак...


Эльмурза аке табиятынан өнөрдү баалаган, чыгармачыл дүйнөнү колдогон инсан экенин коомчулук деле билип калды. Арстан токойдо жүрсө да, капаста болсо дагы ал арстан боюнча кала берет. Биздин каарманыбыз ушундай... Убагында Гүлнур Сатылганованы көп өнөрпоздордун катарында колдой баштайт. Кайып каскагынан хан сарай алып берет, жапжаңы жолтандабас "Х-5" автоунаасын дагы ыроолойт. Андан башка концерттерин, клиптерин тарттыруу үчүн Эльмурза аке акчасын самандай чачат. Айтор, Гүлнур үчүн колдон келген жардамын берет. Натыйжада, бу айым шоу дүйнөсүндө алдыңкы орунга чыгып, Кудайын тааныбай кеткеничи?..
Кийин Эльмурзанын башына иш түшүп, кыйын жагдайга келгенде Сатылганова каратып туруп сатып, "куйругун" түйө качканын кантебиз? Хан сарай, кымбат машине маселесин чечип, андан сырткары баалуу "Джип" менен 100 миң долларды жашыруу үчүн Гүлнурдун ойт бергени кандай? Бул айым дүнүйөгө тойбойбу? Эмне мынча ач, ыя?..
Анан бүгүн баарын унутуп койгонсуп, Эл артисти наамын алып, жылмаланып, жасакерлүү мүнөзү менен жылдызга айланганы неси? Эй, кайсы гана коомдо жашабайлык, биринчи кезекте адамдын моралдык артыкчылыктары болушу керек да. Гүлнур "жүрдөөк" болсо өзүнө, бирок, эл ырчысы атагын алган адам тизгинин тартып, арыдан бери болуп, ыйман, адамгерчилик сыяктуу вазыйпаларды мээсине түйүп алса не?.. Бу айым боюнча барактын кичинекей бүктөмүн гана ачтык, калганы кийинки сандарда...

Сакен Бөрүбаев





Жашоо жакындан карасаң-трагедия, алыстан карасаң-комедия
Башкалар өзүн сенден акылдуумун деп ойлосо да, сен өзүңдү башкалардан акылдуумун деп эсептебе. Алардан сенин артыкчылыгың ушунда.
(Уильям Блейк)
Бул жашоодо канча кымбат баалуу оюнчук сатып алып, канча байлык жыйнаганың маанилүү эмес. Өзүңдүн канча талантыңды ачып, аларды дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүш үчүн канчалык деңгээлде пайдалана алганың маанилүү.
(Робин Ширма)
Шамалга ыргалган бамбуктун же мажүрүм талдын бутагын сындырганга караганда чоң, бакубат даракты кулаткан оңой.
(Брюс Ли)
Кубанычым аз болду деп кейибе-муну менен сен кубанычты кайгыга айлантып аласың.
(Вантала)
Эгер адам өзү жөнүндө гана ойлоп, өзүнүн гана пайдасын көздөсө, ал бактылуу боло албайт. Эгер чындап бактылуу болгуң келсе, анда башкалар үчүн жаша.
(Сенека)
Көп сүйлөгөн киши иш кылып жарытпайт. Ошондуктан, акылман көбүнчө сүйлөбөй жүрөт, өзүнө эмес, башкаларга керек болгон учурда гана үн катат.
(Лев Толстой)
Тамчы канчалык философиялык ойлорго батпасын, деңиз деңиз бойдон калат.
(Руми)
Ылдый жакта турганда гана өйдөгө чыккан канчалык коркунучтуу экенин байкайсың. Караңгыда отурганда гана күндүн нуру канчалык жарык болоорун сезесиң. Кыймылдабай турганда гана баскан киши канчалык көп күч жумшаарын билесиң. Унчукпай турганда гана көп сүйлөгөн канчалык жаман экенин туясың.
(Хун Цзычэн)
Жаман кишилер гана жамандыктан коркушат.
(Вальтер Скотт)
Сен өйдө көтөрүлгөн кезде досторуң сенин ким экениңди билет. Сен жыгылган кезде досторуң ким экенин билесиң.
(Майк Тайсон)
Эгер куйкум сөз из калтырганда биз баарыбыз булганып жүрмөкпүз.
(Уильям Шекспир)
Жада калса досторунан да чындыкты уккусу келбеген дүлөй кишилерден эч пайда жок.
(Цицерон)
Айлакердик бир гана жолу жардам берет. Андан кийин дайыма жолтоо гана болот.
(Джен Локк)
Жөнөкөй киши убакытты кантип өткөрсөм деп ойлонот. Акылдуу киши убакытты кантип пайдалансам деп ойлонот.
(Амон Гет)
Силер мени шылдыңдап атасыңар, себеби, мен силерден айырмаланам. А мен силерди шылдыңдап жатканымдын себеби, силер бири-бириңерден айырмаланбайсыңар.
(Михаил Булгаков)
Иш ой үчүн жаралган эмес, ой иш үчүн жаралган.
(Вольтер)
Кычыраган кышта мен ичимде аптаптуу жай бар экенин билдим.
(Альберт Камю)
Жашоо жакындан карасаң-трагедия, алыстан карасаң-комедия.
(Чарли Чаплин)
Бирөөнүн айыбын чукуганга аябай кыйынсыңар. Өзүңөрдөн баштасаңар, ошондо башкаларга сынтакканга шайыңар келбей калат.
(Уильям Шекспир)
Өзүнүн өтмүшүн эстей албаган элдин келечеги болбойт.
(Уинстон Черчилл)
Мен сиздин пикириңиз менен макул болбошум мүмкүн, бирок, сиздин өз пикирин билдирүү укугуңуз үчүн жанымды да берүүгө даярмын.
(Вольтер)
Мен 10 миң ар түрдүү соккуларды үйрөнгөндөрдөн коркпойм. Мен бир соккуну 10 миң жолу үйрөнгөндөрдөн корком.
(Брюс Ли)
Эгер бир адам сага жамандык кылса-сен ага конфет бер. Дагы жамандык кылса-дагы конфет бер. Ал шүмшүк кант диабети оорусуна чалдыкмайынча бере бер.
(Фаина Раевская)
Сени эриктирбеген аял сени картайтпайт.
(Белгисиз автор)
Баатырларга муктаж болгон өлкө бактысыз.
(Бертольд Брехт)
Караңгыда отурган күнөө эмес, жарыкты каалабагандык күнөө.
(Марина Цветаева)

Даярдаган
Мамат Сабыров