Актилек америкалык мушкерди багынтты

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо Эрежесиз эр уруштун Бүткүл дүйнөлүк эртаймаш кулатуу федерация жааты боюнча эл аралык чоң мелдеш өттү. Кыргыз мушкерлери сегизбурчтукка чыккан жалпы атаандаштарын эсепсиз багынта алышты.

Эрежесиз эр уруш таймаштын күйөрмандары Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордону жык толтурду. Көптөн бери мындай мелдеш болбогонго суусап калган көрөрмандар мелдеш өтчү жерди кара таандай каптап алышыптыр. Спорт журналисттер өзүбүз зорго деп атып араң кирдик. Бир билеттин баасы 500-1000 сом экенине карабаган ышкыбоздор а күнү көздүн жоосун алган тирешүүлөрдөн ырахат алышты деп ойлойм. Улам бир кыргыз мушкери сегиз бурчтукка чыгып, тиги жагы грузия, бу жагы казак, түркмөндөн келген чоң муштумдардын мизин чекесинен майтарып атканына күбө болдук. Албетте, мындай чоң иш-чарада баардыгы көңүл ойдогудай боло бербейт эмеспи. Алсак, мелдеш башталаарга жарым саат калганда эле спорт ордонун кире бериши элге толуп алган. Билети бары, билети жогу деле сүрмө топ болуп. "Ачкыла, кое бергиле! Эшикти жапкыла! Кана билетиң! Бир бирден киргиле!" деген кыйкырык үндөн кулак тунат. Анын ичинде атайын билет алып келгени бар, ошол сүрмө топ менен "халява" кирип кетчү шылуундары да бар. Тимеле жылчык издеп шымаланат десең. Жөн эле маданияттуу түрдө билетти көргөзүп, шайма-шай, жайма-жай кирсе бирдемеси кемип калчудай жутунушат. Ошо жерге да митинг кылып ийип атканы жок эмес. Чынын айтайын, эрежесиз эр уруш боло турган жерде такай бардак. Ээнбаш балдар, бандит чалыш сөрөйлөр, төшүн каккан "эргулдар" топтолуп алып ызы-чуу кылышат. Ал эми ичине кирсең андан бардак. Таймаш өтө турган сегиз бурчтукту жаалап алышкан. А жерде эт тартып аткансып. Мелдешти тейлей турган адамдарга жолтоо болуп, буттарына чалынып атканы канча, ал эми Асанкандын көк эшегиндей кыйма-чийме басканы андан көп. Андай учурда мелдеши убагында башталып калса жыргайсың да. Жок, кечки саат 6да баштала турган эл аралык турнир бир жарым саат кеч башталды. Создуктуруп койду. Кимди күтүп, эмнеси бышпай атканын эч ким билбейт. Баары эле чуркап жүрөт. Ойду омкоруп, тоону томкоруп аткансып. Эмнеси менен эл аралык экенин да түшүнбөй каласың. Зорго мелдеш башталып биринчи оюндары жыйынтыктала электе каптал жактан жаңжал чыгып кетти. Элдин баары сегиз бурчтуктагы мелдешти көрбөй эле ошо жакты карап, агылып жөнөп калышты. Бирөө тартип бузду окшойт. Аны элүү чакты адам араң тартипке чакырды. Баягы "чырдын башы пок жебе" дегендей эле. Жарым саатка жетип жетпей чыр кайра кайталанды. Дагы бирөө бирдемеге нааразы болду өңдөнөт. Аны жүзгө жакын адам курчап алып териштирди. Жанымда отургандар "жакшы уюштурушпаптыр. Мындан көрө өткөрбөй эле коюшса болмок" деген нааразы кептерин айта үлгүрдү. Минтип айткандарынын да жөнү бар. Кемчиликтерди, сын пикирди убагында айтып кулак какты кылбасак, анан качан айтабыз? Албетте, жакшы жок деп оозубузду куу чөп сүрткөндөн алыспыз. 11 салмак ченинде таймаш өттү. Кыргыз мушкерлери катуу даярданышыптыр. Келген күйөрмандарды ыраазы кылып, билетке кеткен акчаларын акташты. Бу жагы мактоого татыктуу экенин айтпаса болбойт. Бир гана таймаш эки раундга созулду. Калган ону оюндун биринчи бөлүгүндө эле күм-жам болуп, жеңүүчү эсебин таап атты. Кечеде эл аралык мелдештин эң өзөгү, кульминациясы катары 77 килограмм салмак ченинде дүйнө чемпиондугу үчүн кемер кур таймашына кыргызстандык Актилек Жумабек уулу менен айтылуу америкалык Шах Бобонистин сегиз бурчтукка чыкканы болду. Ары шамдагай, ары чапчаң Шах биринчи мүнөттөрдө эле Актилектин шаштысын кетирди. Бир жолку чабуулунда Актилекти буту менен чала тээп калды. Бирок, Актилек да оңой олтоң атаандаш эмес экенин тастыктады. Күрөш килемине так көтөрүп чаап, үстүнө ат мингендей минип алып атаандаштын бети-башын жанчып, катуу сабап, акыры америкалык мушкерди муунтуга өттү. Курган Шах "уктап" кетти. Оюндун калысы техникалык нокаут жарыялап Актилекти жең­үүчү катары колун көтөрдү. Ал учурда баягы эле тартиби жок, өтө эле ашкере күйөрмандар таймаш жүргөн жерге чейин кирип барышты. Эми ушундай тополоң кылып ийүүнүн кажети бар беле? Чет жерде ушундай тартип бузгандыгы үчүн очойгон айып пулун салып, керек болсо кийинки мелдештерге жол бербөө (дисквалификация) бөгөтүн коет. Такыр эле маданиятыбыз жоголуп, жапайы болуп кеттик. Ушуну да эске алышса дейт элем. Кан кайнагандын да чеги болуш керек. Бул болсо спорт ышкыбоздорунун кулактарына күмүш сырга.

Сурат
Жылкычиев