Турсунбек Акун, укук коргоочу:
"Шайлоого Текебаев менен бирге барам"

10- декабрь бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Майрам-шаңды шылтоолоп чейрек кылымдан бери адам укугу жаатында чырылдап келген экс-акыйкатчы Турсунбек Акунга азын-оолак сөз бердик.

-Турсунбек мырза, алгач майрамыңыз менен куттуктайбыз. Бул жаатта чындык издеп чыркырап жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
-Рахмат. Адам укугу жаатында иштеп жүргөнүмө быйыл 25 жыл, тагыраагы чейрек кылым болду. 30 жашымда ушул түйшүктүү ишке багыт алгам. 1989-жылы октябрь айында адам укугу боюнча алгачкы уюмду түзгөнбүз. 1990-жылы Кыргызстан укук коргоо кыймылын түздүк. Адам укугу жаатында алгачкы баштаган ишибиздин 25 жылдыгына жана бүгүнкү 10-декабрь бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнө карата укук коргоочулардын улуттук жыйыны борбордук китепканада болуп өттү. Бул жыйынга тээ чейрек кылымдан тарта адам укугу жаатында аракеттенип келе жатышкан кесиптештер чогулушуп, Шерали Назаркулов баштаган көзү өткөн кесиптештерди эскерип, айтор, тарыхый иш-чара өткөрдүк десек болот. Буга чейинки басып өткөн жолубуз тууралуу видео-тасманы көрсөттүк. Көрүнүктүү укук коргоочулардын баскан жолуна, кылган иштеринен кеп салып, айтор, жакшы иш-чара болду деп ойлойм.
-Турсунбай Бакир уулун дагы чакырдыңызбы?
-Жеке эле Турсунбайды эмес, жалпы 80 депутатты чакырганбыз. Алардын ичинен Өмүрбек Текебаев менен Бөдөш Мамырова келишти. Спикердин атынан Бөдөш Аманбаевна келип куттуктады.
-Ушундай иш-чараларды жаныңыз тынбай эле уюштуруп жүрөсүз. Жемиш берээрине ишенесизби?
-Албетте, ишенем. Бул жыйында 3 чоң маселе кабыл алынды. Биринчиси, дайым иштей турган укук коргоочулардын башын бириктирип, форум түздүк. Экинчиден, парламенттен укук коргоочуларды чет элдик агентке теңей турган мыйзам кабыл алган жатышпайбы. Ошону кабыл албоого чакырган кайрылуу кабыл алып, чечим чыгардык. Үчүнчүсү, азыр улуттук илимдер академиясын жоюуга аракет кылып жатышпайбы. Биз аны жоюуга каршылыгыбызды билдирдик. Андан тышкары, соттун чечими чыккыча эле журналисттер бир беткей кимдир бирөөлөрдү же айыпталуучуларды шыбап жатып калып жатышпайбы. Мына ушул көрүнүштү да токтотуу боюнча чечим кабыл алдык.
-Кийинки жылы парламенттик шайлоого катышасызбы?
-Мен шайлоого катышам же катышпайм деп айта албайм. Барайын деген оюм деле жок. Болбой эле сунуш киргизип, чакырып жатышат.
-Кайсы партиялар мисалы?
-Эгерде мен шайлоого бара турган болсом "Ата Мекен" партиясы менен гана барам. Башка партия менен барбайм.

Ийгилик Болсунбаев





Дайырбек Орунбеков, жаш активист:
"Чындыкты айтканым үчүн
кылмыш ишин козгошту"

9- декабрда башкы прокуратура "Жаштар өкмөтү" кыймылынын лидери, "Маалымат.KG" сайтынын жетекчиси Дайырбек Орунбековго кылмыш ишин козгогону тууралуу жарыялап, тергөө ишин УКМКга өткөрүп бергени маалым болду. Бул туурасында жабырлануучу Дайырбек Орунбековдон маек алдык.

-Дайырбек, сизге карата баш прокуратура кылмыш ишин козгогону тууралуу маалымат тарады. Кандай кылмыш кылып жибердиңиз?
-Мен албетте, Асылбек Жээнбеков башында турган саткын депутаттар сыяктуу элдин байлыгы "Кыргызгазды" 1 долларга саткан жокмун. Кыргыз өкмөтү башында туруп, Аида Салянова "адвокат" болуп, Саламаттыкты сактоо министри справка берип боштондукка чыгарган коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди кошо чыгарышканым жок. Мен болгону 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңына саясый баа берилип, күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин айтканым үчүн бүгүнкү бийликке коркунучтуу душман, кылмышкер болуп калдым окшойт. Мен 2010-жылдагы кандуу коогалаңга Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев жана Өмүрбек Текебаевдер күнөөлүү жана жоопкер экенин жазгам. Ошону менен катар эле сепаратист Кадыржан Батыровдун коогалаңдан кийин аман-эсен Кыргызстандан чыгып кетиши, ага карата кармоо иштери оңчулуктуу жүргүзүлбөй келе жатканын сынга алып, айрым маалымат булактарындагы К.Батыровдун өзүнүн берген маектерине анализ кылгам. Кадыржан Батыров маалымат каражаттарына берген маегинде Алмаз Атамбаев өлкөдөн чыгарып, ага карата кам көрүп, Москвадагы батирине жашап туруусун, ал жер жакпаса Турциядагы үйүнө баш калкалоосун айттырганы тууралуу айтып жатат. "Ош окуясын уюштурду" деген башкы себепчи, күнөөлүү К.Батыровго бүгүнкү президент, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмаз Атамбаев кам көрүп, ага жардам берип аткан болсо, анда Алмаз Атамбаев эл алдында жоопкер болушу керек деп жазгам. Ошону менен бирге Ош коогалаңынын алдында К.Батыров, А.Атамбаев жана Ө.Текебаев Оштун аймагын Кадыржан Батыровго автономия кылып берүүгө макулдашып жатканы тууралуу сүйлөшүүнү да жарыялагам. Ал үн жазуусу мурда сайттарга жарыяланып, кийин китептерге, ММК булактарына жарыяланган. Мына ушуларды айтып чыкканым үчүн, карапайым кыргыз менен өзбектерге бүлүк салып, элдин канын төккөн Кадыржан Батыровго чара көрүлбөй жатканын жана убагында ал сеператист ачык эле согушка элди үндөп, жер-жерлерде жолугушуу кылып жүрсө да Убактылуу өкмөт көз жумуп, көңүл бурбай койгондугун, анысы аз келгенсип, "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, Өмүрбек Текебаевдин биртууган иниси Кадыржан Батыровду коштоп, колдоп, Кыргызстандын желегин чогуу өрттөп жүргөнүн эскергем. Мына ушул айтып чыккандарымды "жалган жалаа, президент Алмаз Атамбаевге курулай доомат коюп жатат" деп мага карата башкы прокуратура 329-берене менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын УКМКга өткөрүп бериптир. Кылмыш иши 29-октябрда козголсо да, азыркы убакка чейин мага угузушкан эмес.
-Буга чейин деле "Убактылуу өкмөт Ош окуясы боюнча күнөөлүү" деп бир нече депутаттар, коомдук ишмерлер айтып чыгышты эле. Эмнеге аларга карата кылмыш ишин ачышкан эмес?
-Убактылуу өкмөт мүчөлөрү күнөөлүү экенин чынында эле бир тобу айтып чыгышкан. Алтургай, 3 жолу иликтеп чыккан комиссия да буларды күнөөлүү деген бүтүмгө келген. Аларга карата пикирин билдирбеген башкы прокуратура мага карата кылмыш ишин козгоп жатканы - бул саясый куугунтук, сөз эркиндигин тепселеп жатканы деп түшүндүм.
-Бул кылмыш ишин козгоо балким сиздин бийликке карата сын айткан демиңизди сындыруу болуп жүрбөсүн?
-Мен акыйкаттык биз тарапта экенин билем. Бул адилетсиз бийликтин акыркы кездеги кадамдарына күбө болуп келе жатабыз го. Ким бийликке сын айтып же бийликке оппонент болчу саясый фигуралардын баарына кылмыш ишин ачып, курулай доомат менен куугунтукка алып жатат. Кайсы бир деңгээлде мага карата да саясый буйрук болушу мүмкүн. Менин чындыгымды да булар сындыргысы келип жаткандыр. Бирок, бул - Атамбаевдин адилетсиз бийлиги сөз эркиндигин биротоло жок кыла албайт. Атамбаев демократия баалуулуктарын, адам укуктарын жана сөз эркиндигине каршы чыкты. Диктатурасы менен өз бийлигин убактылуу кармап турушу мүмкүн, бирок, тарых алдында Атамбаевдин мындай куугунтук саясаты кара тамгалар менен бадырая жазылат!
-Мындай куугунтуктан кийин Ош окуясына күнөөлүүлөр туурасында пикириңиз өзгөрөбү?
-Жок, мен өз пикиримде калам. Кадыржан Батыровду ээн эркин Ош, Жалал-Абад аймагында ачыктан-ачык согушка үндөп, элди козутуп көтөрүп жүргөнүнө чара көрбөгөн, ошол окуяны болтурбай кое албаган шалаакы Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев ж.б өкмөт мүчөлөрү керт баштары менен жоопкер. Себеби, алар кандуу жол менен бийликти басып алгандан кийин элдин жоопкерчилигин моюндарына алышкан. "Жыргал жашоо курабыз" деп Ата-Бейитте ант беришкен. Тилекке каршы, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кызмат талашуу, бийлик бөлүшүү менен алектенип жүргөн кезде, Ош жана Жалал-Абадда абал оорлошуп, жыйынтыгы миңдеген адамдар набыт болуп, эл кан какшап калды. Ошол набыт болгон бей-бечара, бей күнөө адамдардын каны, алардын бей ажал курмандыктары да ушул Убактылуу өкмөттүн урпактары болгон Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариевдердин мойнунда. Азыр муну айтып чыкканым үчүн куугунтукка кабылып, мага карата кылмыш ишин ачып атышкан болсо, тарых убагы келгенде көп чындыктын бетин ачат. Баарына тарых жана мезгил тараза.
Кубат Карачев