Саламат Садыкова, КР Эл артисти:
"Үй алууга чогулткан акчамды уурдап кетишти"

Жакында эле Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 2-декабрь күнү КР Эл артисти Саламат Садыкованын жашаган үйүнө ууру киргени жана уктоочу бөлмөсүндө катылган 30 миң доллар акчасы жоголгону тууралуу жагымсыз кабар тараган. Бул тууралуу так маалыматты алуу үчүн Саламат Садыкова эженин өзүнө байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык.

-Саламат эже, жылдын акыркы айында, тактап айтканда, 2-декабрда үйүңүзгө ууру кирип, көп суммадагы акчаңызды уурдап кетишкени тууралуу уктук. Бул кандайча болду?
-Күндүзгү саат 2:40та жумуштан келип, эшигимди ачайын десем эле, ачкычыма чоң эшиктин замогунун ичиндеги тили кошо илинип чыгып калды. Эшигим шылкылдап өзү ачылып баштады. Анан эле билдим, менин үйүмө ууру киргенин. Кыйкырып жиберсем, (подьездге кошунам менен чогуу кирип келаткам, ал үстүңкү кабатка чыгып бараткан) "эмне болду эже?" деп чуркап келди. Колумдагы ачкычты көрүп эле ал да түшүндү. Үйүмө жетик, уурулуктун кырына чыгып алган адамдар киргендей түшүнүп жатам. Анткени, кошунам экөөбүз үйгө кирсек, кире бериштеги бөлмөлөрүмдө, ички бөлмөлөрүмдө ашыкча далбастаганы көрүнбөйт, жымжырттык. Болгону, уктоочу бөлмөмө кирип, кадимкидей баардыгынын боткосун чыгарып, болгон оокатымдын баарын ортого үйүп салыптыр. Мен ал бөлмөгө кирип, чаржайыт жагдайды көргөндөн кийин "бекиткен акчам бар эле, эмне болду экен?" деп издеп баштадым. Карасам эле, акчаны ороп салып койгон бир эмес эки (мешок) косметичкам - бирөөсү кызыл, экинчиси сапсары түстө болчу. Ошого сактаган элем. Экөө эки башка жатканда эле "кап!" деп түңүл­дүм. Акчамды уурдап кеткенин түшүндүм.
-Анан дароо милицияга кабарладыңызбы?
-Мен нес болуп катып туруп калдым. Кошунам Бакыт (40 жаштын тегерегинде) "эже, милиция чакыралыбы?" деди, "чакырсаң, чакыр" дедим. Анан эле жайнаган милициялар келип баштады. Үйүмдү эмес, подьездимди каптады, андай милициянын калың келгенине албетте, ырахмат дечи. Ошол күнү түнкү саат онго чей­ин милициянын буту үзүлгөн жок. Өзүмдү, кошуна-колоңумдун баарын сураштырып жатышты. Түн жарымында 5-6 өзүбүздүн улуттагы Ички иштер кызматкерлери менен чогуу абдан бою узун, салмактуу бир орус милиция келип, ошол мага кечке акыл үйрөттү. "Биз билебиз, сиз өтө атактуу адамсыз, төгөрөгүңүздүн баары жакшы адамдар. Жогору жакка колуң да, оюң да жетет" дегендей какшыктап сүйлөп атты, сөздүн төркүнүн түшүнүп аттым. Анан аягында "сураныч, азырынча жогорку жактагыларга айтпай туруңуз, эч ким билбесин, антпесе, биздин шеф талапты катуу койгон жетекчи" деди. Мен ал күнү сүйлөй албай, шок болуп аттым. Баары кеткенден кийин жанагы орустун сөзү мени тескерисинче, ойготту. "Эмнеге мени жогору жактагылар билбеш керек экен?" деп, азыркы Ички иштер министри Мелис Турганбаевди издеп баштадым. Жакшы адамдар мага телефон номерин таап беришти. Ал кишиге чыктым. Мелис Турганбаев менин коңгуроомду кабыл алып, жакшы сүйлөштү. "Жакын арада жоголгон дөңгөлөгүңүздү деле таап бербедик беле" деди. Көрсө, жаз айларында жоголгон дөңгөлөгүм Мелис Турганбаев мырза Шаар башкармалыгында турганда өзү көзөмөлдөп жатып табылган экен. Анысына чоң ырахмат. Албетте, терең ыраазымын. Бул кишини баары мактап жатат. Анан айттым, "эми дагы көзүмдү ушинтип кашайтып кетишти, узак жылдан бери үй сатып алайын деп чогултуп жүргөн тыйынымды үйүмө кирип алып кетишиптир" деп жагдайымды түшүндүрсөм эле, "мен өзүм көзөмөлгө аламын" деди. Мына болгон маселе. Укканым, көргөнүм. Азырынча, ишенгеним, жөлөнгөнүм - Турганбаев болуп турат! А кишиден кийин Шаар башкармалыгынан көргөн көздү кубанткан бир-экөө келип кетти. "Эжеке, баарылап иштеп жатабыз" деди. Ошентип эле ошолордун жылуу сөзүнө ишенип, таянып туруп атам. Мисалы, өзүм көчөдө кайсы каракчы менен жакалашмак элем? Бир гана мага 6-кичирайондун короо-колтугун кайтарган, жылга жыбытын билген, жергиликтүү участковыйлар салкын мамиле кылгандай сезилип жатат. Ушулар кыймылдабаса, каяктан анан табылат?
-Уурулар нак акчаңызды гана көтөрүп кеткенби же алтын-күмүш, баалуу буюмдарыңызды дагыбы?
-Биринчиден, мен бул дүйнөгө келгени, алтын сатып алган аял эмесмин. Алтын, бриллиант дегендерге көзүм да кызыгып көргөн эмес. Өнөр адамы болгон үчүн гана милдеттүү түрдө сахнага чыкканда күмүш тагынам. Алар дагы өз мекенимдин гана күмүштөрү. Ошондуктан менин үйүмдө андай баалуу буюм болгон эмес. Баарын төгүп-чачканына караганда, алар алтын же башка нерсени да издеген окшойт.
-Жоголгон акча азыркы тапта кыргыздар үчүн бир топ эле эмгек акы эмеспи, эмнеге мынча акчаны үйгө сактагансыз, балким, банкка салып койсоңуз, тынч отурат белеңиз?
-Акыркы айда адеп эки жакка кетип атканымдан ойлогон-ой, иш-пландарымды иш жүзүнө ашыра албай жүргөм. Негизи акчаны колумда кармап, мынабу отурган эски үйүмдү, мындай айтканда, кыргыз элинин жүзү болгон аял катары - отурган үйүм өтө эски серияда. Анан "алтын башым аман турганда кичине бутту кенен сунуп, эшиктен эки кишини чакырып, чай бере алаар бекенмин" деп, көптөн бери жаңы заманбап үй алам (!) деп чогултуп жүргөм бул акчамды. Бир-эки жерден үй карап баштагам. Анткени, отурган үйүмдү кошсом, карыздасам дагы жакшы үйгө кире тургандай болуп калган элем. Ортодо улам бир жактарга чакыруу менен кетип аттым. Мындай учурда чындыгында ишиңди жүгүрүп барып бүтүрүп бере турган эркек балаң болбосо, турмуш билинип калат экен. Кыздарымдын багы ачылып, өзү менен өзү агарып-көгөрүп жашап атканына миң мертебе шүгүрчүлүк кылам. Бирок, ушул жолу жалгыздыгым билинди. Акчамды банкка салып койсом болмок экен. Эми өкүнүп жатам.
-Шек санаган адамдар болдубу же билбейсизби?
-Билбейм. Жыйынтыгында башым маң. Убакыт керек го дейм. Бул иш жашоо турмушубузду көзөмөлгө алып турган кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан мамлекетибиздеги эң жетик, кыраакы профессионалдын ишмердүүлүгүнө көз каранды. Кудай кааласа, ошондой азаматтардын ак ниети аркылуу табылып калабы (?) деген тилекте туруп атам. Азыр жогорку эшелондогу кылмыш иштерин изилдөөгө алгандардын баары жапырт иштегенсип атат. Негизи менин оюмда, бул үйгө профессионал уурулар киргени көрүнүп турат. Мындай иштерди көзөмөлгө буга чейин деле алып жүргөн тиешелүү кызматкерлер тез эле табат деп ойлойм. Бирок, азырынча "төгөрөгүңдө ким бар эле, кандай кишилер менен мамилелеш элең?" деген сыяктуу суроолор көбүнчө өзүмө басым жасалып жатат. Ачыгын айтканда, 6-кичирайонду каалагандай алчаңдап аралап, кадимкидей эле тайраңдап жүргөн уурулар кирген (!) деп ойлойм.

Айнура Касымова