Алманбет Анапияев, Эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти:
"Текебаев аң-сезим жагынан оорулуу болсо, мен аны айыктырып берейин"
-Сонку кезде кээ бир басылмаларда сиздин ысымыңыздын тегерегинде чуулуу кептер арбыды, тагыраагы "Анапияев журналисттерге чай бериптир" деген маалымат айрым гезиттердин өзүнчө эле бир "сенсациялуу табылгасына" айланып, атүгүл, бул темага Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев да басым жасап, "кээ бир журналисттер кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин чайын ичип жүрүшөт, андай журналисттердин ысымдарын тактап, коомго билдириш керек" деп жар салды, сиз буга кандай жооп берет элеңиз?
-Чынында эле Анапияевдин "чай берүү" темасы айрым кычык издеген журналисттердин чөйрөсүндө жана сиз айтып өткөндөй, парламенттин ичинде тим эле бир сенсация таап чыккансып, чоң сөз болуп кетти окшойт. Эми, мен да өзүнүн каалоосу, табити, жандүйнөсү бар адаммын да. Тууган-туушканыма чай беремби, дос-чарыма же журналисттерге чай беремби, болбосо карып-мискин, жетим-жесирге чай беремби - бул менен өзүмдүн жеке ишим, өзүм каалаган тандоом эмеспи. "Кимге чай берсем болот, а кимге болбойт?" деп Текебаевден уруксат алып, анан иш кылышым керекпи? Ал киши урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай турган болсо, ошо өзүнүн саясаты менен алек болуп, ошонун бир майнабын чыгарып алсын, мага жөнү жок тийишпей. Жыйырма жылдан бери кургак сөздөн башка элге бир тыйынчалык пайда келтиргенин уга элекмин бул инсандын, сүйлөгөндө да "мен сүйлөсөм мага баары боло берет экен" деп оолукпай, кичине оозунан чыккан ойлорун талдап, иргеп, туура же туура эмесин биринчи өзү түшүнүп алып, анан сүйлөсө жакшы болот эле.
-Соңку кезде сизди Уюшкан кылмыштуу топко (УКТ) кошкон мандемдер күч алды, сизди ошентип эсептешкен күч органдары болобу же Текебаеви болобу, аларга түз эмне деп айтат элеңиз?
-Мындай сергек акыл менен ойлонуп көрөлүчү? Биз өзү мыйзамдуу өлкөдө жашайбызбы же ким оюна эмне келсе, эмне деп бакыргысы келсе, мыйзамды тоготпой бакыра берген мамлекетте жашайбызбы, ушуну тактап алалычы? Текебаев өзүнүн жазган мыйзамын өзү кайрадан бир карап, көзүн чоң ачып карап көрсүнчү - соттун чечими чыкмайынча, эч ким бирөөнү "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүсүң же мародерсуң" деп айтпашы керек, муну мен ойлоп тапкан жерим жок, мыйзамда ушинтип турат. Мен ушу кээде түшүнбөй кетем, Текебаевдердин жазган мыйзамдары өздөрүнүн гана пайдасы үчүн иштеп, башкаларга келгенде иштебей калабы? Интернеттен окудум, "жалган маалымат тараттың" деп Орунбеков, Айтикеев деген анын кемчилигин жазып жүргөн журналисттерди сотко бериптир, а өзү болсо соттун чечими чыга электе эле башкаларга кошуп, мени "ОПГсың" деп көрүнгөн жерде кеп кылып жүрөт, мыйзам бу кишиге келгенде иштебей калабы? Өзүнө жакпаган адамдын артынан түшүп, өзүнө керектүү мыйзамдарды парламенттен "1-окулуш, 2-окулуш" деп өткөрүп алат экен, азыркы айрым депутаттарга да таңгалам, алар эмне мыйзамды карап жатышканын, анын мазмуну эмне экенин түшүнүп-түшүнбөй кнопканы басаарын басып алып, анан түштөн кийин "биз түшүнбөй калыптырбыз" деп уйкусунан ойгонгондор да болот экен тобоо...
-"Соттун чечими жок эмнеге мени кылмышкер деп жатасың?" деп сиз да Текебаевди сотко берип, соттошуп көрбөйсүзбү?
-Текебаевдин логикасы менен барсак, анда аны деле "мародер" деп атай берүүгө болот. Бирок, мен ал инсандан айырмаланып, далили жок сүйлөбөйм, балким, 2010-жылы анын мародерлук кылып жатканын кайсы бир кишилер көрсө көргөндүр, бирок мен өз көзүм менен көргөнүм жок, ошондуктан мен Текебаевди "мародерсуң" деп соттун ордунда сот болуп, курулай жалаа жаппайм. Ырас мындай болгон соң, ал мага "УКТ, ОПГ" деп жарлык жабыштырганга укугу да, акысы да, далили да жок. Мен өзүмдүн ким экенимди жакшы билем, мен - 2008-жылдан бери FILAдагы Кыргызстандын мүчөсүмүн, курамына 49 мамлекет кирген Эл аралык "Алыш" федерациясынын президентимин, бул тууралуу Текебаевдин маалыматы жок болсо, көз айнегин тагынып, маалымат каражаттарынан, интернеттен таап окуп алсын.
-Анапияев тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында, гезиттерде ар түркүн өйдө-төмөн сөздөр айтылып, жазылып келди, бирок, Текебаевдин сизге карата айткан каймана сыны өтө эле жанга батып кеттиби?
-Мен негизи маалымат каражаттарындагы мен тууралуу айтылган жалган сөздөргө, ушак-айыңдарга маани бере бербейм, жалгандын жалган экенин ичимен түшүнгөн соң, тим гана өзүм жакшы билген "Алыш" федерациясынын ишин кылдыратып, ошонун түйшүгү менен жүрө бермейим бар. Бирок, саясый сабаты бар, акыл-эси жайында, бийликтин бир бутагы болгон парламентеги бир чоң фракциянын башчысы жалганды чындай айтып турса, унчукпай койсом, бирөөлөр "коркту" деп, дагы бирөөлөр мени "чын эле кылмышкер окшойт" деши мүмкүн да. Андыктан, Текебаев мырзага "сенин айтканың жалган" деп бир ооз үн чыгарып коюуну туура көрдүм. Өмүрбек Текебаев мага жалаа жапкандан мурда өзүн күзгүдөн көпкө чейин, өтө кылдаттык менен карап чыксынчы, өзүнүн ким экенин ошондо да түшүнбөсө, шымын шыпырып алып жакшылап дагы бир жолу карап көрсүн. "Үнүм бар, чатак мүнөзүм бар" деп эле ар кимге жулуна бербей, күзгүдөн эки көзүнө тике карап, "ушундай абийирим менен, ушундай адеп-ахлагым менен кантип өлкөгө мыйзам жазып жүрөм?" деп өзүнө-өзү түз суроо берип, жалган айтпай ошого жооп таап көрсүн. Ар бирибизге Кудай тараза, эмне болгон чакта да, мен Текебаевге мурда да, кийин да теңелген эмесмин, мен бирөөнүн аялына асылып, төшөгүнө кирип, арамдык кылган эмесмин. "Эл мени мактасын, сөз кылсын" деп эмес, эч кимге милдет кылбай жетим-жесирге, колунда жокторго, бей-бечараларга кайрымдуулук кылып жүрөм. Айтмакчы, Текебаев акама таза ниетим менен сунуш кылат элем, эгер ал аң-сезими жагынан, нерв жагынан ооруп жүргөн болсо, оорулуу болсо, ошо оорусун каратып, ооруканада дарыланып чыгышына кайрымдуулук жардамымды аябайм, чын пейилимден ушу акама жардам берип койгонго даярмын!
-Учурдагы Кыргызстандын бийлиги "кылмыштуулукту жоюу керек, кылмыштуулукка каршы күрөшүү керек!" деп катуу аракет кылып жатышат, сиздин оюңузча, канткенде кылмыштуулукту болтурбай коюуга болот?
-Айтыңызчы, адам эмнеге кылмышка барат? Мен жооп берейин, жумуш жок болсо, иштейин десе иш жок болсо, бала-чакасын багаарга же акчасы жок болсо, мына ошондо кылмышка барат. Мамлекет элин иш менен камсыз кылса, ишканалары, завод-фабрикалары тынбай иштеп турса, жумуштан колу бошобогон адамдар кайсы кылмышты кылмак эле? Иштеген иши туруктуу болуп, алган айлыгы жашаганга, бала чакасын тоюндурганга, кийиндиргенге, эс алдырганга жетип турса, мына ошондо кылмыштуулук болбойт, бул көзгө көрүнүп эле турган нерсе. Учурунда дүкүлдөп иштеп турган Кыргызстандагы завод-фабрикаларды атайылап банкрот кылдырып, темир-тезегине чейин майкандап саткандар, мына ошол ишканаларда бейкапар иштей турган жарандарыбызды ишсиз калышына, тентип Казакстан, Россия, Европалап кетишине себеп болгон кишилер азыр билинбей бийликте, парламентте кылгылыкты кылып коюп, тымпыйып, элге акыл үйрөтүп коюп жүрүшөт. Ошолор аппак экен да, Текебаевдин оюнча Анапияев коркунучтуу кылмышкер имиш. Эр жүрөк болсо, ошол жанында иштешкен, күндө саламдашып, чай ичишип жүргөн өкмөттөгү, парламенттеги Акаев, Бакиев кезден берки былгытма коррупционер-кылмышкерлерди жакадан алып, "эй, сен эмне үчүн заводду сатып, элди шорлоттуң, а сен эмнеге вертолеттордон бери сатып тымпыйып жүрөсүң! А сен эмне үчүн "Кумтөрдүн" долясына бекинип, процентин алып жүрөсүң, сенин айыңан ушинтип өлкө жакыр болуп отурат!" деп кыйынсынбайт? Текебаев анчалык кыйын экен, эл үчүн күйгүч экен, тигине чек араларыбызда канча проблема турат чечилбей, элибиз корголбой кор болуп, галстук тагынып алып, жылуу коридордо кофе ичип, анан анча-мынчада трибунага чыгып алып, кооз сөздөрдү айтып кыйкырып койбой, чек арага барып чек ара проблемасын чечпейби? Же мына Ош шаарында эл газдын танкыстыгынан жүдөп жатат, өлкөбүздө электр энергиясы жагынан чоң проблемалар болуп жатат, оозу менен орок орбой Текебаев жок дегенде ошол газды, энергетиканы чечпейби? Жумушсуз жүргөн, жумушсуздуктун айынан көп учурда кылмышка барып жаткан жарандарга жумуш таап бербейби? Ушунун баарын реалдуу чечип берип коюп кыйкырса "оозу менен эле оттой бербей, колунан да кичине бирдеке келген адам экен" деп тан берет элек.
-Ошондо сиздин ойлоруңузду бир-бири менен байланыштырып келсек, кылмыштуулукка шарт түзүп берген, элди ошого түрткөн кайра эле саясатчылар болуп чыга келет экен да, ээ? Кыйыр түрдө Текебаев да кылмышкер болуп калабы ошондо?
-Мен бир гана нерсени айтайынчы, ар бир шайлоо жакындаган сайын эле Өмүрбек мырза "УКТ, ОПГны" жоготуу керек, күрөшүү керек!" деп кыйкырып чыгат. Сырттан караган адамга кандай эр жүрөк, кандай тайманбас, чынчыл адамдай туюлат, а сөздөрүн уксаң ого бетер, тим эле үй-жайыңды, бар мүлкүңдүн баарын сатып, Текебаев "бас!" деген жакка баскан солдаты болуп кеткиң келет. "Текебаев кылмышкерби?" деп суроо бердиңиз, 2010-жылы 7-апрелдеги 90 баланын өлүмүнө ушу киши бети кызарып жооп береби, жокпу? Ош окуясындагы өлгөндөрдүн убалы Текебаевге тиешеси барбы же такыр эле жокпу? Ушундай шалаакылыктарга жол берген Убактылуу өкмөттүн (анын ичинде УӨнүн мүчөсү Текебаевдин) жоруктары кылмышпы же кылмыш эмеспи? Ырас, кылмыш болгон болсо, алар кылмышкерби же периштеби?
-Текебаевдин көзүнө тике карап, эмнени айтаар элеңиз?
-Мен ушул маегибизди жыйынтыктап, мындай бир сөз айткым келет, мага жалаа жапкан Өмүрбек Текебаевге. Өмүрбек Чиркешович, сөздөн ишке өтөлүчү, мына 20 жылдан бери, ооба, сиз "демократия" деп чуркап жүрүптүрсүз, Акаевди кетириптирсиз, Бакиевди кетириптирсиз, өкмөттү, бийликти катуу сындоону билет экенсиз, убагында пикеттерге, митингдерге чыгып жүрүптүрсүз, Атамбаев, Кулов, Ташиев, Бабанов - баары Бакиев менен келишип иштеп, сиз гана "принципиалдуу" болуп, Акаевге да, Бакиевге да жолобоптурсуз, бирок, колду көкүрөккө коюп айтыңызчы, Кыргызстан үчүн конкреттүү эмне кылдыңыз, эл үчүн эмне иш бүтүрдүңүз? Ооз менен эле лакылдап, элге жакшы көрүнүмүш боло бербей, чукушканды, кыргызга пайда келтирейин деген азаматтарды буттан чалмайды токтотуп, ар бирибиз колубуздан келген өнөрүбүз менен өлкөнүн келечегине пайда келтирбейлиби? Кыргызстандын мамлекет деген аты эле болбосо, бизди мамлекет кылымыш болуп турган желегибиз, гербибиз эле калды окшойт азыр. Кудай сактасын, кокус эртең Кыргызстан деген өлкө жок болуп, чачырап кете турган болсо, биздин кыйынсынганыбыз, керсейгенибиз, ар кимди буттан чалганыбыз, бири-бирибизди көрө албаганыбыз кимге пайда?
-Алманбет мырза, "өлкөгө пайда келтирели" деп жатасыз, сиз өзүңүз өлкө үчүн эмне кылууга даярсыз, конкреттүү?
-Конкреттүү суроого, конкреттүү айтайын. Эгер мамлекет өзүнчө жер бөлүп берчү болсо, мамлекеттен бир тыйын албай, Кыргызстанга Орто Азия боюнча эң чоң спорт комплекстеринин бири болгон имаратты куруу ниетимде бар, кай жактан инвестор табам, кантип табам, бул түйшүк менен өзүм чуркап, өзүм баш отум менен киришип, ишимдин өтөсүнө чыкмакмын. Анан башкалар ойлоп калбасын, "өзү үчүн аракет кылып жатат" деп, ал комплексти өзүмдүн менчигиме эмес, мамлекеттин менчигине өткөрүп, салдырып берет элем. Мени ыгы жок эле куугунтуктап, Интерполдон бери артымдан түшүртүп, убара болбой, ошол куугунтуктоолорун, интерпол-синтерполдорун токтотсо, кадимки биздин улуттук күрөштү Азия олимпиадалык оюндарына кошконго менде толук мүмкүнчүлүктөр, шарттар бар, ага көзүм жетип турат. А негизи бул деле мамлекеттик алкакта жасала турган чоң иш да, ошол жүктү моюнума алайын, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытайын, атын чыгарайын деген тилегим бар, менимче, мунун эч бир жаман жери жок болуш керек? Мамлекет ушуга жол ачып берсе, "мен ушуларды жасоого максат койдум эле, мына жасап бүттүм" деп туруп, анан Текебаев акама "кезек эми сиздики" дейт элем. "Ар өлкөнүн Конституциясын уурдап, мыйзам жазбай, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам жазыңызчы?" деп эстафетаны Өмүрбек Чиркешовичке да берип, анан кимдин колунан конкреттүү эмне иш келээрин баарыбыз чогуу көрмөкпүз...

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Кылычбек
Темирбеков