К.Осмоналиев 14 миң долларды жеп койгон...

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 25-ноябрда башкы прокурор тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү жана 313-1-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-2 пунктары менен козголду.

"2014-жылдын 12-майында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле, Кыргыз-Орус Славян университетинин кызмат адамдарына карата, 2013-жылдын сентябрында аталган окуу жайдын медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул ишти тергөөнүн жүрүшүндө, 24 абитуриент КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Осмоналиевдин каты боюнча кабыл алынганы белгилүү болду. КР кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесин (Жогорку Кеңештин депутатына карата тергөө иштери прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт) эске алуу менен 2014-жылдын 29-октябрында КР башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.
Андан аркы иликтөөлөр, Жогорку Кеңештин депутаты К.Осмоналиев, 2013-жылдын август айынын башында айрым абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчулар аркылуу 14 миң АКШ долларын алып, андан кийин КРнын билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз-Орус Славян университетине, жаратылыш кырсыктарынын жабыркаган ар кандай аймактардан келишкен, тоолуу аймактардагы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жана майыптардын балдары өңдөнгөн 27 абитуриентти киргизүүнү кароо жөнүндө кат жазып, андан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору В.Нифадьев менен КРнын билим берүү жана илим министри Канат Садыковдон 27 абитуриентти университетке киргизүүнү талап кыла баштаган.
2013-жылдын 20-сентябрында К.Осмоналиевдин жогорудагы тизмесинен 24 абитуриент КОСУнун контракттык бөлүмүнө мыйзамсыз кабыл алынган.
Жогорку Кеңештин депутаты К.Осмоналиевдин кылмыштын белгилери бар аракетин эске алуу менен республиканын башкы прокуратурасы 25-ноябрда "КР Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө" КР мыйзамынын 28-беренесине ылайык, КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү жана 313-1-беренесинин 4-бөлүмүндөгү 1-2-пункттары менен кылмыш ишин козгоду.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

КР башкы прокуратурасы




Каныбек Осмоналиев, ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы:
"Салянова менен жакшы эле сүйлөшкөм. Эмнеге иш козгоду?"

Башкы прокурор Аида Салянованын парламент депутаттарына кыргыйдай тийген "сюрпризи" бул сапар эл өкүлү Каныбек Осмоналиевге багытталды. Тагыраагы, 25-ноябрда башкы прокурор "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына ылайык, кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Дал ушул иштин жагдайы тууралуу депутат Каныбек Осмоналиевдин пикирин тыңдадык.

-Каныбек мырза, алгач баш прокурор Аида Салянованын сизге карата козгогон иши боюнча кеп салсак? Мындай кадамды сиз деле күтпөсөңүз керек?
-Сен айтмакчы, бул "­сюр­­приз" жөнөкөй эмес, катуу болду. Бүгүн 25-ноябрда парламенттеги мен жетекчилик кылган билим берүү, илим жана маданият комитетинин көчмө жыйыны "Келечек" жаңы конушундагы №87 орто мектептин базасында мектеп рекетчилиги жана китеп жетишсиздиги тууралуу көчмө жыйынынан чыгып жатып, башкы прокурордун мага карата иш козгогондугун айдоочумдан уктум. Прокуратуранын жүйөөсү боюнча 2013-жылдын 22-августунда менин наамыма бир катар ата-энелерден, ЖОЖго талапкер 27 абитуриенттерден кат келген. Мен алардын Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетинин стоматология бөлүмүнө өткөрбөй коюшкандыгы тууралуу каттарын баардыгын тиркеп, министр Канат Садыковго атайын кат жазгам. Тагыраагы, жогорудагы аталган университеттин медицина факультетине гранттык комиссиясы аркылуу менин наамыма келген катты карап берүүсүн өтүнүү иретинде жолдогом. Керек болсо, мага кайрылган абитуриент балдардын фамилияларынан өйдө баардыгын ачык кат түрүндө жазып, жөнөткөм. Арадан 10 күн өтпөй, 3-сентябрь, 2013-жылы министр Садыков Б.Ельцин атындагы КРСУнун ректору В.Нифадьевге "бул кат каралсын" деп буйрук чыгарып, жөнөтөт. Министрдин катынын негизинде 5-сентябрь, 2013-жылы ректор В.Нифадьев 13 киши катышкан КРСУнун атайын гранттык комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйынында атайын жооптуу катчынын доклады аркылуу 6 пункттан турган критерийлердин негизинде жогорудагы абитуриенттерди окууга кабыл алып жатышат. Таңгалычтуу жагдай, биз мындай каттарды күнүнө кээде тиешелүү министрлик менен ведомстволорго 7-8ге дейре жазабыз. Андан бери министрликке жөнөткөн катым тууралуу унутуп деле калыпмын. Өзүңөр ойлосоңор, бул жерде менин айыбым кайсы?
-Башкы прокуратура 14 миң доллар боюнча айыптап жатпайбы. Ал боюнча жогоруда сөзүңүздө не айтпай жатасыз? Прокуратура ал фактыны асмандан алып, сизге токуган жок да, туурабы?
-Анысын билбейм. Мен да жанагы 14 миң долларга абдан таңгалып жатам. Биринчиден, мени жарым жылдан бери тергөөгө чакырып, күбө катары же күнөөкөр катары сурашкан жок. Ортодон бир ирет мага чакыруу каты келген. Анда да мен парламенттеги комитет жетекчиси катары Ошто көчмө жыйын өткөрүп жаткам. Ал себебимди түшүндүрүп, атайын кат жазып жибергем. Ал каттын көчүрмөсү деле менде сакталып турат. Андан башка мени суракка чакырып, керек болсо телефондон да бир нерсе сурап чалышкан жок. Ошол эле маалда "күбөлөрдү сурап жатышыптыр" деп уктум. Ал эми окууга кабыл алынган студенттер 1 жылдан кийин окуу-тарбия иштери боюнча бир дагы карызы жоктугуна карабай ректордун буйругу менен окуудан атайын айдалып жатышпайбы. Ошондон кийин гана балдар УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөш кызматынын кызматкерлерине күбө катары суракка чакырылып жатышпайбы. А эмне үчүн ошолор окуп жүргөндө суракка чакырылышпайт? Алар деле өз көрсөтмөлөрүндө көпчүлүгү "Осмоналиевди тааныбайбыз" дешиптир. Чынында эле мен дагы аларды эмес, керек болсо ата-энелерин да тааныбайм.
-Тааныбасаңыз катты каяктан алдыңыз?
-Катты парламент депутаттарына атайын таштап кетчү жер бар. Ошолор бизге келип тапшырып кетишет.
-Балким, ошол студенттер окууга өтүш үчүн, прокуратура айтып жаткан сумманы ректордун өзүнө берип жиберишкендир? Акча астыңа келип жатса, кимдин эле арааны ачылып, алгысы келбесин?
-Эми аны чын айтайын, мен билбейм. Бирөөнү айыптаганым туура эмес да. Балким, ортодо ата-энелердин баштарын айлантып, "кызыл кулактык" кылып жүргөн ортомчулар бардыр...
-Ректор В.Нифадьев жана башкы прокурор Аида Салянова менен мурда-кийин "сөөк өчтү" мамилеңиз жок беле?
-Убагында мен министр кезимде В.Нифадьев менин кол астымда ректор болуп иштеген. 20 жылдан бери жакшы таанышпыз. Саламыбыз түз дегендей. Мурда-кийин сен айтмакчы, "сөөк өчтү" мамилебиз деле болгон эмес. Октябрь айынын башында бул ишке байланыштуу башкы прокурор Аида Саляновага кирип чыккам. Анда жакшы маанайда сүйлөшкөнбүз. Мен ага ыраазы болуп да чыккам. Себеби, ал киши баардыгы мыйзам алкагында гана чечилиши керектигин баса белгилеген.
-Балким, бийликтеги таасирдүү күчтөрдүн куйругун басып алган жок белеңиз?
-Антип деле ойлогон жерим жок. Ошондой ойлогум да келбейт. Бирөөнүн куйругун бассам, балким, басып алгандырмын. Биз эми депутатпыз. Эл өкүлү катары мугалимдердин маянасынын аздыгы, министрликтин кемчиликтерин сындап жүргөн убагым көп болгон.
-Кылмыш иши козголоор замат биздин депутат, чиновниктер ооруканага жата калмайды "өнөр" көрүп калышпадыбы. Сиз да эми ооруканага чуркап, жата каласызбы?
-Ушундай жагымсыз кабар келип жатса, ден-соолугуң ­чыңалып, жакшырмак беле? Азыр менин кан басымым көтөрүлүп, нерв болгонгобу, мурда-кийинки ооруларым козголуп, дары ичип жатам. Мен деле ооруканага түшпөшүмдү Кудайдан тиленип жатам. Эми робот болбогон соң, ооруйсуң да. Акыркы 5 жылдан бери жүрөк оорум боюнча жылына эки ирет ооруканага жатып, дарыланып чыгам. Мен эми бир жакка качып кетип же жашынып калчу киши эмесмин. Себеби, артымдан эч кандай күнөөнү сезген жокмун жана сезбейм дагы. Менин министрликке жазган бир катым боюнча эле камап, кесип жиберишсе, анда буларга да Кудай бардыр.
-Күрөш кандай болот эми?
-Мыйзам чегинде гана болот. Азыр атайын адвокаттар менен иштешип жатам.
-Камалып кетсеңизчи?
-Эми ал атайын органдардын позициясы. Сот деген бар. Баарын эле прокурорлор камап, соттой албайт да, туурабы?
-Шефиңиз Феликс Кулов бул иш боюнча сизден кабар алып жатабы?
-Бат-баттан чалып, шаар четинде иш сапарда жүргөнүнө карабай кабар алууда. Феликс Шаршенбаевич мага абдан сары-санаа болуп жатат.

Калыгул Бейшекеев