Карганбек Самаков - эл баатырыбы же эл каапырыбы?

Ар дайым эң кымбат маркалуу машине минип, той-топурда сөз ала шардана сүйлөп, жансакчы менен сактана жүргөн, мактана басып, гезит беттеринде даңктана калган, а бирок, байкап, терең билген кишилер үчүн кытмыр күлүп, кылтыя карап, капканга түшчү түлкүдөй шектене көз кырын салып, азыр эле уурулугу кармалып калчудай сактанып жүргөн ЖКнын депутаты Карганбек Самаков чынында ким? Эл Баатырыбы? Же элди алдап, жерин сатып, далайларды сыздатып кеткен эл каапырыбы? Төмөндө далилдүү документтерге таянып, кеңири токтолдук.

Самаковдун алгачкы бизнеси мүрзөлөрдөн башталган
Атасы Садык Самаков Улуу Ата Мекендик согушта немистердин колуна түшүп калып, "Абверде" кызмат кылганы тууралуу нарындыктарга алда качан белгилүү. Анын далили катары СССР учурунда К.Самаковдун эжеси партиялык кызматтын шаардык комитетинде иштеп жатып, атасы фашистерге кызмат өтөгөндүгү билинип калып, ызы-чуу чыккандыгын ошондо үч тамгада иштегендер жакшы билишет. Ошол себептен болсо керек, азыр К.Самаковдун айылында эч кимиси жашабайт, же уялыштыбы, биротоло көчүп кетишкен. Ошол себептен болсо керек, Карганбек мырза ар кандай шылтоо менен качып, аскерге барган жок. Өтүкчүнүн баласы өтүк тигет, мергенчинин баласы мергенге барат, ал эми "Абверге" кызмат өтөгөн адам не кылмакчы? Айланып келип жакында эле Германиядан 1 000 000 еврого үй сатып алды. 1990-жылдары эл кыйсыпыр түшүп, эптеп күн көрүштүн аракетин кылып, эң шылуундары Кытайга темир-тезек сата баштаганда, Нарында ошолордун башында Н.Түлеев менен К.Самаков туруп, дүнүй­өгө кызыкканда адамдын көзү тумандап калат эмеспи, аягында Нарын шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жана мүрзөлөрдөгү эстеликтерге чейин кол салып баштаганда, эл ызы-чуу салып, араң токтогон.

Каапыр ишке кантип кайненесин аралаштырган?
Темир сатып түшкөн арам киреше акчага арак заводун салып, "Эверест и К" деген компания ачып, "Торугарт" деген "самопал" арак чыгарып, бирок бир да тыйын салык төлөбөйт. Аскар Салымбеков Нарынга губернатор болуп келип, текшертип, жалпысынан 14 миллион сом салыкты жашыргандыгы аныкталат. Ошондо облустун бюджети 60 миллион сомдун тегереги эле. Андагы президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымовго кирип, "мен да жетигенмин, иниңизмин" деп атып, андан соң Бермет Акаевага кирип, "сарбагышмын, агаңызмын" деп айтып, "Алга, Кыргызстан" партиясына кирип, алардын тилин таап, сотту утуп, арак заводун жаап, 14 миллион эмес, 14 тыйын төлөбөй Бишкекке биротоло көчүп келет да, эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп отурат. Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтынын бет маңдайындагы Куйбышев көчөсүндөгү 93-үйдөн 98-квартираны сатып алып, аны адегенде кайненесине жаздырат. Анан ошондогу спикер А.Бөрүбаевге кат жазат, "үйүм жок, ушул үйдү тандадым, ошону сатып бергиле" деп. Мамлекет байкуш К.Самаковго дагы бир жолу алданып, президенттин иш башкармалыгы 1 300 000 сомго үй сатып берет. Ушуну менен эле токтоп калбайт, мамлекеттин эсебинен кайненесинин үйүн жүз миңдеген сомго ремонт кылдырат. Анан 2007-жылы депутаттык мөөнөтү бүткөндө үйдү бошотпой, "менчиктештирип алам" дегенде, депутат Исхак Масалиев сессиядан ачык айтып, мамлекеттин менчигине алып калат.

Арабдарды алгач ирет алдаганда
2005-жылы шайлоодо иш жүзүндө И.Кадырбековго утулуп калат. Бирок, сотторго акча берип атып эптеп утат. Н.Түлеевге 50 000 АКШ доллары жана "Байтурдун" жетекчисине бир далай карыз болуп калат. Ошол карыздарды жабыш үчүн дагы бир көз боемочулукту ойлонот. Анда ЖКда эл аралык комитеттин башчысы эле, 2006-жылдын 8-февралында Марокконун Анкарадагы элчиси Абделлах Загоурга атайын кат жазып, анда "Зеленый колос" кайрымдуулук компаниянын жетекчиси Хассан Ясин Лахасси мырзага Кыргызстандын Марокко өлкөсүндөгү Ардактуу консулу кылып дайындоого жардам берерин убада кылат. Ал бизнесмен ыраазычылык ирээтинде депутат Самаковго 50 уй жана 90 үйгө (Нарын облусунун баасы менен ар бир үй 60 миң сомдон 80 миң сомго бааланат) акчалай жардам берет. Иш жүзүндө 50 уйду элге таркатып, 10 үйдү 10 баатыр энеге белек кылып, алар менен сүрөткө түшүп, Мароккого жиберип, 70 үйдүн акчасын кымтып калып, баягы карыздарынан кутулат. Арабдарга аларды алдап, "90 үй тапшырдым" деп отчет берет. Ошондо бир муруттары былк-былк эте майланыша түшөт.

Самаковдун жер махинациясы
2007-жылы декабрдагы шайлоодо "Ата Мекен" партиясы өтпөй калган соң, бир айга жетпей К.Самаков ал партиядан чыкканын гезитке жарыялап, эми ошол доордун дөө-шаасы болуп турган Жаныш Бакиевге жол издейт. Ошондогу иш башкармасынын жетекчиси К.Темирбаевдин иниси, кийин 7-апрель окуясында элди аттырганы боюнча камалган Т.Темирбаев К.Самаковдун курсташы болуп чыга келет. Мурда тааныш болуп жүргөн арабдар эми Бишкекке келип, жер сатып алып, үй салмакчы болушат. "Силерди Кыргызстандын шейхи менен жолуктурам" деп Жаныш Бакиев менен резиденцияда жолугушат. Эми Ж.Бакиев, К.Самаков жана Эмираттан келген арабдар жер сатып алып, үй салмак болушат. Жерди сатып алмакка "Ракин-Нарын", "Ракин-Девелопмент", "РАК Керамика" компанияларын түзүп, Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка айылдарынан элден ар гектарынан 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин сатып алып, арабдарга болсо "40 миң доллардан алдым" деп, баардыгы 450 га жер сатып алат. Эми аны курулуш жерине айлантуу керек эле. Ошондогу Аламүдүн районунун акими С.Керимкулов каршылык билгизип кат жазат. Бирок, Жаныш Бакиевге өзүнүн айтымында 1 400 000 доллар пара берип, Кыргызстандын тарыхында К.Самаков ушунча көп гектар жерге мыйзам бузуу жолу менен кызыл китеп алат. "Эми бүт тагдырым К.Бакиевдер менен байланышып калды" деп, аларга Байтик айылындагы "Давос" дипшаарчасынан үч үй куруп, белекке бермек болот. Бирин Курманбек Бакиевге, экинчисин Жаныш Бакиевге, үчүнчүсүн Курманбек Темирбаевге. Ошол эле жылы резиденциянын тарыхында биринчи жолу 2008-жылы Карганбек Самаковдун уулу Кубан калмак кызына үйлөнүп, той Ала-Арча резиденциясында өтүп, ошол арабдар да мейман катары катышат. Улуттук коопсуздук кызматында иштеген иниси Тынчтык Самаков аркылуу баардыгы 18 000 000 долларды жер сатып алуу үчүн накталай жашыруун алып өтөт. 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин ал арабдарды "кидайт" этип, "бизде революция болуп, силер ишенген Ж.Бакиев качып кетти, эл жерди басып алды" деп эки жүздүүлүк кылат. Иш жүзүндө 85 гектар жерди Агахан университетине 8 300 000 долларга сатып, андан 10% киреше салыгын төлөбөгөндүгү үчүн азыр кылмыш иши козголууда. Ал эми 18 миллион доллар берген арабдар жакында КРнын укук коргоо органдарына кайрылганы жатышат. А Самаковдун үй-бүлөсү 1 000 000 еврого Германиядан үй алып, жыргап-куунап жашап жаткан кези.

Ыйык Манасты бетке неге жамынат?
"Манас. Семетей. Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОдон каттоодон өткөндүгү зор иш болду. Бирок, муну да жеке өзүнө ыйгарып, теледен, басма сөз каражаттарында "өз чөнтөгүмдөн 500 миң доллар чыгардым, 80 ирет Парижге бардым, 70 өлкөнүн элчилиги менен жолугуштум" деп догурунуп, эми "КРнын Баатыры болом" деп 5 депутатка кол койдуруп отурат. Биринчиден, 500 миң доллар алгыдай ЮНЕСКО коррупциялык уюм эмес, ал жеке адам эмес, өз уставына ылайык официалдуу өкмөт менен гана иштейт. Экинчиден, К.Самаковго ЮНЕСКО боюнча комиссияга 2012-жылы гана кирди, ал эми бул ишти 2009-жылы күзүндө эле коомчулук, айрыкча Садык Шер-Нияз, Асан Жакшылыков, Талантаалы Бакчиев, Рысбек Качкеев, Бактыбек Максүтов, Адаш Токтосунова, Каныбек Иманалиев сыяктуу адамдар көтөрүп чыгып, 2010-жылдын 11-январында Тарых музейинде чоң жыйын өтөт. Анда Самаков Бакиевдин колтугунда жүргөн эле. 2010-жылдын 7-апрелинен соң гана Р.Отунбаеванын тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, тыгыз иштеп, Нургүл Керим кызы баш болгон адистер иштеп, 2012-жылга дейре бүт документтер толтурулуп бүтүп, англисче которула баштайт. 2012-жылы маданият министри И.Жунусов болору менен иш кайра жанданып, К.Самаков атайын документалдуу 10 мүнөттүк фильм үчүн 10 миң доллар берет. Азыр болсо өзү жөнүндө 25 мүнөттүк фильм тарттырып, ЮНЕСКОго киргизген негизги Баатыр К.Самаков болуп калган. Бул фильм КТРдан бир жылда 32 жолу көрсөтүлүп, карапайым эл "чынында эле К.Самаков баатырлык кылган турбайбы" деп ойлоп калган.

Көз боемочулугу
Өзү менен 14 жыл чогуу иштеген, досум деп уулу Жаныбекке өкүл ата койгон Каныбек Иманалиевди жана анын шериктеши, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановду алеки заматта алдап, сызга отургузуп кеткенин журналистика чөйрөсүндө көп айтышууда. "Эркин-Тоо" типографиясынын ордуна 25 кабат үй куруп берем, 12 миң квадратын силер аласыңар, ага дейре 100 миң доллар алып тургула" дейт да сөз жүзүндө, иш жүзүндө 100 миң долларды экөөнө берип, 30 пайыз акцияны барымтага алат. Беш айдан соң К.Иманалиев менен Д.Шабдановду сотко берет, "100 миң долларымды бербей атат, 30% акция меники" деп. Экөө шашып, алган карыздарын кусуп, үстүнө 10 миң доллар кошуп, 110 миң долларды төлөп беришсе, эми ага да ыраазы болбой, азыр "30% акция меники" деп элге жарыя салып, сотко доо жазып жүргөн кербези. Ыйык Куранды кармап туруп эле карганып, анан кайра эки жолу танып кеткенин мурунку жардамчысы Абай айтып жүрөт. Ошол үчүн ысымы Карганбек болсо керек. Бирок, каргангандын арты жакшы бүтпөчү эле.

Самаковдун акыркы алдамчылыгы
Жакында эле Тоң районунда атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы татыктуу белгиленип, белдүү манасчылар күпүлдөтүп, "Манас" айтып, аттуу-баштуу кишилер ак дилинен жарылып сүйлөп, ошондо К.Самаков манасчы С.Каралаевдин эстелиги орнотула турган жерге өзүнүн бай экенин даңазалоо максатында 25 миң долларлык саатын пайдубалга ыргытты. Карап турган эл "капырай ай, бу деген 1 миллион сом акча, ак эмгек менен тапса минтип ыргытпайт эле?!" деп шектенсе, кай бирлери "бай деген ушундай болуш керек" деп өздөрү бир көз ирмем миллионер боло калгандай маашырлана сөз кылышты. Карапайым, момун, дили таза эл кайдан билсин, ал кечээ эле "Дордойдон" 1700 сомго сатып алган Кытай сааты экенин.

Келдибековдон неге тумшукка жеген?
К.Самаков 2017-жылы президенттик шайлоого катышуу үчүн 5 максат койгон. Ага чейин биринчи - сотторду сатып алуу. Экинчи - журналистерди сатып алуу. Үчүнчү - партия түзүү. Төртүнчү - Кыргыз Эл Баатыры болуу. Бешинчи - президент болуу. Ага жетүү үчүн 3 максаты орундалды. Эми Эл Баатырын алуу үчүн атайын комиссияга 300 миң доллар берүүгө даяр. Ал эми аттуу-баштуу адамдар жөнүндө сөз болсо, "Ал кыргыз эмес" деп, өзүн гана кыргыз уулу катары айтып келет. Мисалы, Ө.Текебаевди - өзбек, А.Келдибеков, К.Исаев, А.Мадумаров, Т.Узакбаевди - уйгур деп жар салса, Мыктыбек Абдылдаевди дунган, Каныбек Иманалиев менен Темир Сариевди калмак катары каргап, көз көрүнөө калп айтып келет. Ошол сөзү жетип калып, 2012-жылы А.Келдибеков Карганбекти кабинетинен эки ирет өпкөгө урган тура. Эмики муштумду кимден жээр экен? Генералдык прокуратураданбы же өз кесиптештеринин бириненби, көрө жатарбыз.

Максат Дүйшөнбеков