Эркин Болотбек уулу:
"Аскар Салымбеков ай сайын стипендия берип турат"

Бокс боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпионаты аяктады. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордонун ичи ит өлгүдөй суук болгонуна карабай спорт ышкыбоздору өзүлөрүнүн сүймөнчүк мушкерлерин сүрөп келгендер көп болду. Эркин Болотбек уулу ушу менен өлкө чемпиондугун экинчи ирет багындырды. Ал финалдык таймашта Эркин Кочкоровду утуп алды.

-Эркин, финалда кезиккен атаандашың оңой-олтоң жоо эмес көрүнөт?
-Финалга жөн эле мушкер адашып чыгып калбайт. Буга чейинки мушташтарын жеңген гана адам чыгат. Мен билгенден мага чейинки атаандаштары да күчтүү болчу.
-Анын аты да Эркин, эки Эркин таймаш жүргүзүп жатса, күйөрмандар "Эркин ичке чап, жакын бар, коркпо" деп атышты. Булар кимдин дарегине экенин бияктагы адамга баамдаш кыйын. А сен билип аттыңбы?
-Чынын айтсам, сырттагы кыйкырык, ызы-чуу рингге угулбай деле калат. Бирок, машыктыруучумдун "сол колуңду ташта, эс алдырбай сок" деген үнү кулака угулуп атты.
-Эркин менен Шопоков турниринде да кезиккен элең?
-Ооба, анда биринчи айлампада эле беттешке чыгып утуп алгам. Бирок, атаандашым бу жолу катуу даярданыптыр. Араң уттум. Эгер атаандашым ушу темп менен жүрүп отурса бирдеме чыгат.
-Өзүң бокс менен машыкканыңа канча убакыт болду?
-6-класстан бери эле машыгып келатам. Быйыл 10 жыл болду. Алгач туулуп өскөн Ат-Башы айылынан баштагам. Жылдызбек Керимбеков агай­ым бокс залына жетелеп келген. СССР спортунун чебери, дасыккан устат. Карамагындагы балдардын кыял-жоругу, жөндөмүнө жараша насаатын айтып, мушкерлик жакка кызыгууну жарата билгендиктен мен да боксто калып калгам.
-Шаарга кантип келгенсиң?
-Жылдызбек агайым өзү ээрчитип келип Акжол, Адылкан агайларыма тапшырып кеткен. Кыргызстандын улуттук курамына эки ­агайымдын машыктыруу натыйжасында, жакшы көрсөткүчүмдүн аркасы менен кирдим.
-69 килограмм салмакка которулганыңа көп болдубу?
-Бала кезде 40 килограмм салмак менен эле баштагам. Бара-бара салмак кошуп, 69га келгениме аз эле болду.
-Бала кез деп калдың, биринчи мелдештериңде утулуп калганда ыза болчу белең?
-Бала кезде эмнелер баштан өткөн жок. Бирде утуп алып сүйүнсөң, бирде утулуп калып, ыза болосуң, "бул спорт мен үчүн эмес экен" деген бүтүмгө келип, кайра чыйралып, "шашпа, эмдигиде сөзсүз жеңем" деп, спорт залда машыгууну күчөтүп кайраттанчумун. Алдыга умтулуп.
-Ошондо кайсы бир ыкманы кечке жасап, жатыгып, кийин атаандашка тымызын колдонгон учур болгондур?
-Бокско киргенден баштап мушкерликте колдонуучу баардык ыкмаларды жасачумун. Бирөөнө басым кылбадым. Ар кыл комбинацияларды тезирээк өздөштүрүүгө ашыгат элем. Азыр деле ушу табымдан жанбай жүрөм.
-Ушу кезге чейин эл аралык мелдештерге баргансыңбы, көрсөткүчтөрүң кандай болду?
-Россия жергесинде, Казак­стандагы мелдештерди айтпаганда, быйыл Азия чемпионатына катышып келдим. Көрсөткүчтөр жаман эмес. Дүйнө биринчилигине катышып экинчи айлампага чейин жеттим. Бул мелдештер мен үчүн баа жеткис тажрыйба болду. Дагы да болсо иштеш керек экенин түшүндүм.
-Спортто колдоочуларың болбосо алыска барыш өтө эле кыйын, бу жагынан кантип атасың?
-Өзүмдүн тууган-туушкандарыман тышкары, Аскар Салымбеков ай сайын стипендия берип турат. Бу да болсо мен үчүн чоң өбөлгө. Аскар агай ар бир эл аралык мелдешке да кошумча каражат бөлүп турат. Учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдире кетейин.
-Спортчунун алдына койгон чоң максаттары болот, сеники да бардыр?
-Биздин спорттун түрү анын жогорку көрсөткүчү олимпиадага барып такалат. Ошондуктан мен да алдыга койгон максаттарымдын эң оболу олимпиаданы багынтып, кыргыздын желегин аалам алкагында желбиретүү.




Кыргызстандын биринчилиги аяктады
Өткөн жума этегинде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Кыздар жана балдар арасындагы мелдешке жалпы жонунан 200дөн ашык мушкерлер катышып, өз салмак чендери боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыздар арасында: Альбина Мамбетова (51 кг.), Үмүтай Айтиева (60 кг.), Мээрим Мамасали кызы (75 кг.).
Балдар арасында: Рахманкул Аватов (49 кг.), Жаныбек Мусаев (52 кг.), Бек Камчыбеков (56 кг.), Медер Мамакеев (60 кг), Тилек Олжобай уулу (64 кг.), Эркин Болотбек уулу (69 кг.), Ильяз Акматалиев (75 кг.), Эркин Адылбек уулу (81 кг.), Чынгыз Борбашев (91 кг.), Мурат Өмүрканов (91 кгдан жогору).


Маалыматчылар топ тебишүүдө
2-ноябрда мини-футбол боюнча Медиа-лига мелдеши старт алды. Быйылкы жылы 4-ирет өтүүдө. Жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери арасындагы бу мелдеш жылдан жылга кулачын жайып, популярдуулугу күчөп атканы маалым. Биринчи турдун негизги таймашы болуп былтыркы чемпион "Еропа плюс" менен НБТ командалары талаага чыгышты. Мелдеш курч мүнөздө өтүп, оюндун акыркы минутасында радиочулар жеңишти илип кетишти. Биринчи турдун жыйынтыгы:
ЭлТР - "Тамадалар" - 3:3
Sport.kg - КТРК - 8:8
"Европа plus" - НБТ - 2:1
АКИpress - ТОП.kg - 1:4

Сурат Жылкычиев