Өлкөдөгү кыйынчылыктарга кылмышкерлер эмес, журналисттер күнөөлүүбү?..

Август айында экс-энергетика министри О.Артыкбаев: "Кыргызстанда электр энергиясын веердик өчүрүү болбойт" деп айтты эле. Былтыр, кыш башталаар алдында да ушул эле сөздөрүн божураган болчу. Натыйжада, "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААКы кышы бою өлкөбүздүн бүткүл аймагында электр берүү чектелгенин жар салып чыкты. Атамбаев "ак ниет, таза жетекчи" деп эсептеген фармацевт кызматтан кетти, бирок, биз аны жалган прогноз бергени үчүн гана эмес, энергетика тармагында түзүлгөн катастрофалык кырдаал үчүн да жоопко тартууну талап кылабыз.

Минэнергонун мурда соттолгон жаңы жетекчиси Турдубаев Артыкбаевге салыштырмалуу чынчылдыгы, кышында жарык өчүшү мүмкүн экенин жашырган жок. Бирок, Ош шаарынын жеке секторунда жашаган тургундардын жарыгы күнүнө алты сааттан өчүп жатканын эске алганда, веердик өчүрүү сөзсүз болоору биринчи класстын окуучусуна деле түшүнүктүү. Нарында эл 10-12 сааттап электрсиз отурушат.
Мунун баарына Атамбаев эки жыл мурда айткан коррупция себепкер. Анын айтымында, тармакта мурдагы режимде иштеген кишилер дале иштеп атышканы болду. Анын натыйжасында, коррупциялык схема дале уланууда. "Уурулук бул система үчүн көнүмүш нерсе болуп калды. Мурда көп жыл ушунтип иштеген адам оңолушу кыйын" деген Атамбаев ошондо.
Туура, бирок, куру сөздөр. Биз президенттин сөздөрү асманда калкып калаарына көнүп деле бүтпөдүкпү. Өлкөбүздөгү кыйынчылыктардын баарына ким күнөөлүү экенин Атамбаев акыры тапты. Көрсө, журналисттер күнөөлүү тура. "Алар "Кыргызстанда баары жаман, коррупция гүлдөп-өнүгүп жатат" деп жазышууда. Бул өз өлкөсүн, чындыкты сыйлабоо" деди президент.
Өзүнүн мөөнөтү жаңы эле башталганда президент башкача обонду созду эле. "Эч ким журналисттерди "муунтуп", алардын ишине жолтоо болбоого тийиш. Менден "эмне үчүн пресса менен соттошпойсуз?" деп көп сурашат. Мен жооп берей­ин, саясатчы - бул жалпы элдик киши, ал ар кандай сынга даяр болушу керек" деген Атамбаев.
Ал эми быйыл май айында болсо, президент ЖМКда жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койду. Мунун да өз логикасы бар. "Парламентаризмдин" тарапкери Атамбаев бийликтин үч бутагын өзүнө каратып алды. Эми шайлоонун алдында кезек төртүнчү бийликке жетти окшойт.
Атамбаев "төрт жылда Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүдө алга кетти" деп ойлойт. Бирок, ал элге жаңылыш маалымат берүүдө. Transparency Internationalдын маалыматы боюнча, биз 150-орундабыз. Парагвай жана Гвинея менен бирдей деңгээлдебиз. Бул "ардактуу" орунду биз 2007-жылы ээлеген болчубуз. Ал эми 2003-жылга чейин биздин өлкө 119-орунда турган. Кыскасы, биздин "революциячыл" президентибиз элдин үмүтүн актаган жок.
Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевдин элди кордогон мисалдары "Азаттык" аркылуу эфирге чыгаары менен президент А.Атамбаев бул маселени иликтөөнү башкы прокурор А.Саляновага буюрду.
Криминал өлкөнү каптап кеткенин эми көргөнсүп, Атамбаевдин түштөн кийин ойгонгону кызык, болгондо да "Азаттыктан" бул маселе көтөрүлгөндөн кийин. Ошол эле учурда КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева "журналист жалган айтып жатат" деген таризде Жанар Акаевди сотко берүүгө камынууда.
Президенттин калп эле кылмышкерлер менен күрөшүү ниетине эл барган сайын ишенбей баратат. Мына, Батукаевдин өлкөдөн ээн эркин чыгып кетишине эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Атамбаев былтыркы жылдын август айында эле Батукаев маселесинде Ш.Атахановдун күнөөсү бар экенин моюнуна алып: "Азыр иликтөө жүрүп жатат, бул иште Атахановдун бир катар кемчиликтерге жол бергенин белгилеп койгум келет" деп айткан жайы бар.
Андан бери кыйла убакыт өтсө да, Атаханову деле, андан башка бул маселеге түздөн-түз тиешеси бар Салянова, Жамашевага окшогондор деле жооп берген жок.
Бүгүнкү бийликтин Токтогул районуна ишеним артып койгон адамы, аким Токтосун Барманов. 2008-жылы ал Карасуу районунун акими болуп турган кезде Ош шаарында жүргөн жеринен СОБРдын жигиттери текшергенде, машинесинин арткы орундуктарынан 7,62 калибрдеги "Сайга" карабини 10 патрону менен кармалган. Андан тышкары да 40 патрону бар эки куту октор табылган болчу. Мындай окуя коомчулукка шардана болору менен, керек болсо, К.Бакиев аны кызматта кармап турган эмес, ал акимди дароо иштен бошоткон. Атамбаевге болсо андай шоктук кылган чоңдор ишке жарай берет экен. Эң башкысы, алдыдагы парламенттик шайлоодо кандай ыкма менен болсо да бийликчил партияга жеңиш алып беришсе болду.
2011-жылы июлда, ал кездеги ички иштер министри болуп турган Зарылбек Рысалиев божурап, Көлбаевдин ашынып кеткенин, Кыргызстандагы тендерлерге кийлигишип атканын баса белгилеген эле. Камчы Көлбаевге кылмыш кодексинин бир топ беренелери боюнча кылмыш иши да козголгон болчу. Натыйжада, атамбаевдик бийликтин тушунда ал негедир абактан ээн эркин бошоп чыкты.
Эркин Мамбеталиев деген эрен үч кишини өлтүргөн кылмышы үчүн (Чыныбек Алиев, Жыргалбек Сурабалдиев, Таалай Абасов) абакка отургузулуп, өмүр бою эркинен ажыратылган болчу. Бирок, 2010-жылы бийликке Атамбаев келип, ал өзүнүн абакта жаткан жансакчысын бошотуп алды. Мына ушул жоруктарынан кийин Атамбаевдин "кылмыштуулук менен аеосуз күрөшүү керек" деп айтканы тек гана элди мыскылдоо катары туюлат экен.
"Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө карапайым элдердин "Бизди коргоңуз! Кылмышкерлердин бейжайлыгын токтотуңуз!" деген ачуу өтүнүчтөрүн президентке даректебей эле коюшса болмок. Кептин баары Атамбаевде болуп жатпайбы. "Балык башынан сасыйт" деген кеп бар эмеспи.

Адиль Турдукулов,
Фейсбук баракчадан




Дүйшөн Маматканов,
КР улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору:
"Саясый көз караш менен жасалган мыйзам"
-Дүйшөн мырза, жакында парламент депутаттары "Мөңгүлөр тууралуу" мыйзам долбоорун даярдашып, парламентте кабыл алышкан. Бирок, ага президент кол койбой, толуктап, кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Бул мыйзам долбоору бизге керекпи?
-Бул мыйзам долбоорунун бизге кереги жок. Адам баласы мөңгүлөрдү сактап кала албайт. Азыр мөңгүлөр дүйнө жүзүндө болуп жаткан глобалдык жылуулуктан улам ээрүүдө. Табияттын мындай мыйзамына адам баласы эч кандай каршылык көрсөтө албайт. Аны "сактап калабыз" деп мыйзам жазуу акылсыздык. Мындай кадамдарга жол берсек, эртең депутаттар "карды сактап калуу", "жамгырды сактап калуу" тууралуу мыйзам долбоорлорун жаза башташат. Мына ушунун өзү акылга сыябы? Ошондуктан, биз мыйзам долбооруна карата өзүбүздүн пикирибизди жазып, тиешелүү жерлердин баардыгына жолдогонбуз. Менимче, президентке да жетсе керек. Ошондон улам ага кол койбой, токтотту. Президент аны "кайра иштеп чыксын" деп айтыптыр. Кайра иштеп чыкканга болбойт. Бизде баш-аягы 8000 мөңгү болсо, анын 2000ин бүгүнкү күндө жоготтук. Эгемендик алгандан бери мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготконбуз. Бул кайсы бир ишкананын таасиринен эмес, климаттын өзгөрүүсүнөн улам. Ал эми "Кумтөрдүн" жанында бир гана "Давыдов" мөңгүсү бар. "Ошону сактап калабыз" деп мыйзам жазганга болобу? "Кумтөрдөгү" кен байлыктын баары мөңгүнүн алдында жатат. Ал мөңгүнү алып, кайра башка жерге жайгаштырып жатышат. Андан мөңгү жок болуп кеткен жок.
-Бул мыйзам долбоору даярдалып жатканда окумуштууларды да чакырыштыбы?
-Мыйзамды жазууга бир да окумуштуу катышкан эмес. Качан гана даяр болгондо биздин колго берип, "карап көргүлө" деп жатышат. Экинчиден, дүйнөнүн бир да мамлекетинде "Мөңгүлөр тууралуу" мыйзам жок. Андыктан, муну жөн гана саясый көз караштан жазылган мыйзам катары бааласак болот. Ачык эле "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө каршы жасалган аракет. Ал эми "Кумтөрдүн" Нарын дарыясына эч кандай таасири жок. "Алтын кенин жер алдынан казыш керек" дешет. Жер алдынан казганда деле баары бир мөңгүлөргө зыяны тийет. Анткени, андан калдыктар сыртка чыгарылат. Жер алдынан алтын казуу алдаканча түйшүктүү, каражатты талап кылат. Биз мөңгүлөрдүн ээрүү процессин токтото албайбыз. Туура, аны коргоого аракет кылыш керек. Бирок, өзүнчө мыйзам жазыштын зарылчылыгы жок. Жөн гана "Суу кодексине" киргизип койсо болот.
Адилет Алайлыков