Иса Өмүркулов өкмөт башчы болмоюнча Кыргызстан оңолбойт!

Кыргыз элинин башына ар дайым кыйынчылык түшкөндө, акылмандар гана оор жагдайдан жол таап чыгышкан. Мейли, кай замана болбосун, тарых өзү эл жактаган адамдарды алдыга сүрөп, бейпил жашоо үчүн күрөшүп келгенин кантип танабыз? Бүгүн дагы мамлекетибизде ар тараптуу кризистик жагдай орун алууда. Жол издебейликпи?..

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийлик алмашып, кан төгүлгөнү баарыбыздын эсибизде. Ошол күндөн тарта борбор шаарыбызда башаламандык, мародерчулук орун алган. Бирок, агезде Бишкек мэри болуп эл тарабынан шайланган Иса Өмүркулов хаоско, жалпы кризистик абалга чекит коюп, шаардын бейпил жашоосуна салым кошкону эсибизде. Иса мырзанын чоң саясаттагы көрөгөчтүгү менен мамлекеттик ишмер катары тажрыйбасы стабилдүүлүктү жаратууга, андан соң шаарыбызды өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Кийин башкы прокурор Аида Салянованын көралбастыгы менен кылмыш иши козголуп, бирок райондук, шаардык соттор И.Шейшенкуловичтин таза иштегенин айгинелешип, актап салышты. Мына, ак ийилди, бирок сынган жок!
Натыйжада, дагы бир олуттуу көйгөй элдин жүрөгүн күн өткөн сайын сыга баштады. Кыш жакындап келатат. Барган сайын азык-түлүккө, күйүүчү майга баалар кымбаттап, дээрлик жашоо-турмушубуздун абалы оорлошкону сай сөөгүбүздү сыздатууда. Ошого катар өлкөдө газ тартыштыгы, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, жарандардын кышкы жылуулугуна болгон баанын өсүшү күтүлүүдө. Кудум эле Бакиев доорун элестеткен экономикалык-социалдык жарылууга кептелип калдык. Эртең кыйналган эл өкмөттү, парламентти кууп чыгуу вазыйпасын көтөрсө, Кыргызстанда чоң башаламандык жаралып кетет. Андыктан, караңгыдан көз тапкандай саясый көрөгөч, тажрыйбасы мол Иса Өмүркуловду өкмөт башына апкелип, мамлекетибизди сактап калбасак, эртең кеч болуп калары шексиз. Эмесе, Кыргызстаныбызды жоготуп албайлы десек, шашылыш түрдө И.Шейшенкуловичти премьер-министр кылып, өлкөдөгү жалпы оор жагдайдан чыгуубуз зарыл. А мамлекетти өнүктүрүү жолун биздин каарманыбыз жакшы билет. Ичибиз тарыбай эле эл үчүн иштей турган, кыйын саясатчыны колдоп чыкпайлыкпы? Эртең урпактарыбыз рахмат айтат!

Арстан АЛГЫРБЕКОВ