Владислав Лужанский, адвокат:
"200 миллион доллардын чуусу..."

-"Кумтөр" голд компанинин эсебинен "Центерра голд инк." компаниясына 200 миллион доллар которулганы үчүн кылмыш иши ачылып, "Кыргызалтындын" мурдагы жетекчиси камалып отурат. Бул жерде мыйзам бузуу болгонбу?
-Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. 200 миллион доллар акционердик коом тууралуу мыйзамга ылайык "Кумтөр" голд компаниден "Центерра голд инк." компаниясына которулган. Бул толук түрдө мыйзамдуу көрүнүш. Себеби, "Центерра" "Кумтөр" голд компанинин жападан жалгыз акционери болуп эсептелет. Мыйзамга жана 2009-жылкы "Кумтөр" долбоору тууралуу кабыл алынган келишимге ылайык, "Кумтөр" өзүнүн өндүрүшүнөн жана алтынды сатуудан тапкан пайдасынан "Центеррага" дивидент төлөп туруусу керек болгон. Бул жерде мына ушул гана дивидент төлөнгөн.
-Бул жерде кандайдыр бир саясый кызыкчылык, "Кумтөргө" басым жасоо болуп жаткан жокпу?
-Негизи бир нече жылдан бери "Кумтөрдүн" айланасында ар кандай чырлар болуп келатканын көрүп атабыз. Мына ушундай чырлардын бири дал ушул 200 миллион доллар болуп турат. Мунун канчалык деңгээлде "Кумтөргө" басым болуп жатканын айта албайм. Бирок, "Кумтөр" голд компанинин эсебинен "Центеррага" акчанын которулушу толук мыйзамдуу экендиги баардыгына түшүнүктүү болуп турат. Тилекке каршы, ошону түшүнүп тургандар да буга кош көңүл карап турушат.
-Бүгүнкү күнгө чейин сотто кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталдыбы?
-Эч кандай мыйзам бузуу аныктала элек. Бирок, соттун чечими чыккандан кийин гана бир жактуу пикир айтууга болот. Азырынча сот иштери жүрүп атат.

Ийгилик Болсунбаев





Кенжебек Арыкбаев, "Назар пресс" гезитинин баш редактору:
"Президенттен дале үмүтүм өчө элек"

Кесиптешибиз Кенжебек мырзанын ден-соолугунан кабар алыш максатында ал жаткан ооруканага барсак абалы жакшы болбой, дене-табы көтөрүлүп жаткан экен. Ал-жай сурашкан соң, маек берүүгө ынандырдым.

-Кенжебек мырза, ден-соолугуңуз кандай? Ал абал, жагдайыңыз жакшыбы?
-Алыбыз алынча иним. Кайсы бирин айтайын. Азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшүп жаткан чагым. Сөз ыңгайы келгенде силердин гезит аркылуу адилеттүүлүк үчүн аттуу-баштуу инсандардан Аскар Салымбеков, бийликтеги Тайырбек Сарпашев баштаган бир катар ишмерлер, журналист журтчулугу, 15 ден ашык коомдук саясый гезиттердин баш редакторлору тикесинен-тик турушуп, эл-журтка кайрылуу менен чыгышып, өзгөчө карапайым эл колдорунан келишинче абалымды түшүнүү менен кабылдашып, болгон көмөктөрүн аяшпады. Мен баарына ыраазымын. Элден айланса болот экен. Жалпы чогулган каражатка Белоруссияга барып, "дренаж" койдуруп, денедеги өтө жогорулап кеткен блирубинди түшүрүүгө мүмкүнчүлүк алып келдим.
-Өткөн жылы бир катар аттуу-баштуу журналисттер чоң демилге көтөрүп, натыйжада президент Атамбаев жүздөгөн журналисттердин көзүнчө сизди ажалга алдырбай, колдон келген көмөк көрсөтүүгө убада берди эле. Ошол убадалар канчалык деңгээлде орундалды?
-Ошондо Алмаз Шаршенович журналисттер менен жалпы жумурай-журттун алдында "Кенжебек держись, я тебе знаю, вытащу тебя" деген эле. Ошентип, Белоруссиядан келээрим менен 27-декабрда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов мени кабыл алып, "президент убадасын берди. Биз сага жардам беребиз" деди. Мен денедеги уу заттар төмөндөгөнчө эч кандай операцияга барууга болбой турганын айтсам, "сен эч нерседен кам санаба. Бир айдан кийин биз сени дарылаганга жиберебиз" деген. Бир айдан соң айткан убадалары боюнча мага кайрылышып, Белоруссиядан түшкөн томографиямды көрүшүп, дароо Москвага эң күчтүү Бурназян атындагы клиникага жөнөтүшкөн. Ал жердеги дарыгерлер томографиямды көрүшүп, "боорду алмаштырбай эле боордун ичиндеги курт басып калган кан-тамырлардын баардыгын алып салып, кайра жасалма кан-тамыр сала алабыз" деген билдирүүсүн жөнөтүшөт. Биз алардын кебине ишенип, дароо Москвага жөнөдүк. Ал ооруканага 10 күндөн ашык жаткан соң алар "дарттын түрү татаал экен. Биз бул ооруну дарылаш колубуздан келбейт" деп алакан жайышты. Ошону менен бирге эле 10 күн ичиндеги жаткан акым жана изилдөөсү үчүн 2 миң долларга жакын акчаны шыпырып алышты. Айлам кетип ажонун кеңешчиси Фарид Ниязовго телефон чалсам, бир сутка чыдап Москвада болуп туруумду, ал учурда Кыргызстандагы хирургдар менен кеңешип, жообун берээрин суранды. Эртеси байланышка чыгып, Белоруссияга барышымды айтып, бул боюнча күчтүү хирургдар менен кеңешкенин билдирди. Биз дароо Москвадан Минскиге учтук. Белорустар 40 миң долларга операция жасоого макул болушту. Ал жерден да бир сыйра атайын кайрадан текшерүүдөн өткөн соң 17-мартта операцияга кирдим. Алар боорума операция жасап жатышып эле кандай жол менен экенин билбейм, ичегилеримди тешип алышыптыр.
-Москвада текшерүүдө ички органдарыңыз кандай эле?
-Ал жактан текшерилип жатканда менде баары жайында болчу. Бул белорусстук дарыгерлердин олдоксондугунун айынан болуп калды көрүнөт. Ошентип, ичиме ашказандан чыккан болгон жаман заттардын баары организмге толо берип, жарым жан абалына жеттим. Мындан соң боорго операция жасаганды мындай гой, алар ашказанымды бүтөгөнгө киришишти. Ошентип 3 айга жакын дени-кардымды болушунча эзгилешти. 3 ай аралыгында 8 жолу операция болдум. 30 килограммдан ашык салмак таштап, арыктадым. Белорустук дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан боорумду айыктырбай эле, ашказанымды жамаачылашып, "артык кылбай эле тыртык" кылышты. Москвага кетээрде денем бир жеринен тешилген дренаж менен кеткен жаным Белоруссиядан келе жатканда оң капталымда 3 трубка, сол капталымда 3 трубка менен шалдырап, аэропорттон-аэропортко медициналык коляска менен сүйрөлүп атып эптеп май айында мекенибизге келдим. Келээрим менен улам бир ооруканага барып көрүнүп жатып, акыры президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын хирургия бөлүмүнө барып, андагы бөлүм башчы Расул Абалевич деген дарыгердин көзөмөлүндө 40 күн жаттым ошол ооруканада.
-Келгенден кийинки абалыңызды ажого кабардар кылган жоксузбу?
-Ооруканада жан кыйналып жатсам, ошол убактарда президент Алмаз Шаршенович Түркияда иш сапарда жүрүп, теледен "медициналык макулдашуу боюнча Түркия биздин 100 кишиге эң оор операцияларды жасап бермек болушту. Биз өткөндө журналист Кенжебек Арыкбаевге акча каражатын чогултуп берип, ал азыр дарыланып жакшы болуп калды" деп коомчулук астында Түркиядан сүйлөп жатпайбы. Мен таңгалдым.
-Демек, ажонун аткошчулары сиздин абалыңызды Алмаз Шаршеновичке билдирбешсе деле керек? Тескерисинче, туура эмес маалыматтарды беришкен окшобойбу. Алар ошондойго "көнүп" калышкан да...
-Туура, менин чыныгы абалымдан кабардар болбогондуктан Алмаз Шаршенович жанагындай пикирин айтты да. Өкүнүчтүүсү, мен кайсы мамлекеттерге барып, кандай абалда калып, кандай оор кадамдарга тушугуп жатканымды, президенттин басма сөз кызматына күн сайын билдирип тургам. Ажонун басма сөз кызматынан жалгыз Мират деген жигит жан-алы калбай күйпөлөктөп, болушунча жардамын бергенге аракет кылып жатты. Белоруссиядагы операция үчүн кеткен чыгымды президенттин ат кошчулары ушул Миратка дайындашса керек. Мират улам бир меценаттарга, министрлерге кайрылып жатып акчаны бөлүп, бөлүп, созуп отуруп которуп берди. Фарит Ниязов тарабынан дайындалган Белоруссиянын дарыгерлери боорумду айыктырбай эле ашказан, ичегилеримди кескилеп, абалымды оорлотушканын сезишкен жок окшойт.
-Атамбаевдин басма сөз катчысы же жанындагы жайнаган ат кошчулары "кокуй шеф убада берди эле. Абалы кантип жатат болду экен" деп кабар алып, ишти көзөмөлдөгөнгө батыныштыбы?
-Калыстык үчүн айтайын чет жерде жүргөндө кабарлашып турушту. Бул жакка кыйналып келгенде да атайын ооруканага жаткызышып, дары-дармектеринен көмөктөрүн берип жатышты. Анан да Белоруссиядан кайтып жатканда Шерба деген профессор мага "сенин бооруң үчүн 6 ай гана убакыт бере алам. Өмүрүңдүн андан кийинки мүнөттөрүнө кепилдик бере албайм" деп так кесе жообун билдирген эле. Ошол сөздү эстеп алып өзүнчө бир беймаза болом. Бирок, көкүрөгүмдө "менин президентим мага жардам берет" деген үмүтүм дале өчө элек.
-Азыр абалыңыз оор экенин биз да өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Ажонун айткан убадалары аягына чыкчудайбы эми?
-Менимче, андай эмес болуп калды окшойт. Президенттин басма сөз кызматына күндө телефон чалам. Эч жооп жок. Кече кокустан басма сөз кызматында иштеген Мират деген жигитке байланышып калсам, ал "президент мындан ары жардам бергенин токтотту" деген жообун берди. Кыскасы, ажобуз алтын убадасын берип, ушундай оор абалымда талаага таштап кеткендей кылды. Бабаларыбыздын "хандын сөзү эки болбойт" деген улуу сөзүн бир эстеп, бир кайгырып, амалым алты кетип, томсоруп эле калдым. Урматтуу коомчулук сыйлаган "Азия Ньюс" гезити аркылуу кайрадан карапайым элимден жардам суроого мажбур болуп турам. (Байланыш телефонум: 0 770 20-04-51)

Калыгул Бейшекеев