Ташиев-Бабанов тандеми түзүлөбү?
Экс-президент Роза Отунбаеванын саяпкерлиги астында мараага чыкчу бир күлүк бар. Өмүрбек Бабанов деген. Жаштыгына карабай чоң саясаттын казанында кайнаган Өмүке жакында бирдин ичинен чыкканы туру. Кадимки Камчыбек Ташиев менен тандем түзүп, алдыдагы аламан жарыштарда бирге болуу кыялын бекемдеш үчүн. Кызыгы, чала баатыр Бабанов буга чейин НТС каналы аркылуу Ташиевдин маегин коомчулукка жарыялап, Камчыкенин кадырын бүт Кыргызстанга төгүп ийгени бар. Эми да саясаттагы бала кыял Ташиевди алдап, келечекте бирге болуу тандемине барганы туру. Көрсө, Бабанов мырза Ташиевди өздүк каналы аркылуу Атамбаевден кечирим суратканга көндүрүп, соттолгондугу тууралуу калбырын алдырууга сөз бергени тар чөйрөгө тароодо. Бу Өмүрчик качантан бери ортого түшүп, "элчиликке" жарап калган? Партиясынан А.Сулайманов, М.Бакиров, Б.Төрөбаев сындуу түштүктүн кадырлуу жигиттери жүз үйрүп кеткен соң, эми Ташиевге жармашып тылын бекемдегиси келгенби? Камчыкени соттон актатып берүүгө дал ушул Бабанов эпке келтиргени айтылууда. Бул берен Ташиевди апакай кылгыдай бийликте эмес да, туурабы? Ташиев менен биригээр замат тымызын Атамбаевге карай чабуулга өтөөрү тар чөйрөгө желдей тарады. Роза эжекенин дирижерлугу астында марага чыгып, эмненин ичинен чыгаар экенсиңер? Саясаттагы чала сабат, алакөөдөн "Чыңгыз ханды" балакай отко салбаса болду. Башын айландырып отуруп...
Ийгилик Болсунбаев


Накен Касиев элдин башын айландырууда
Өткөн жумада Жалал-Абад облусуна Акаевдин "куйругу" Накен Касиев барып, жанына "атамекенчи" Улан аттуу жигитти ээрчитип жүргөнүн көзүбүз чалды. Бу эргулдардын максаттары да кызык экен. Жергиликтүү элди жыргатып койгонсуп, 31-августта ушу экөө тар элди куттуктап, Накен аксакал "губернатор Улан мырза болот" деп, эл атынан сүйлөгөнү Кудайга жакпайт го. Кезегинде Н.Касиев эски бийликте болушунча чычкандай жойлоп, Акаевдин түбүнө жеткендердин бири эмес беле? Эми кошоматчылыгы менен Атамбаевдин бийлигин аңтарууга белсенгенби? Айтор, бу кишиде уят деле калбаса керек. Пайгамбар жашына келгенде арыдан бери болуп, тиги дүйнөнүн мыйзамдары боюнча ойлонсо не?..

Эркин туратов


Эшимканов атындагы фонд чоң турнир өткөрөт
"Мелис Эшимканов" атындагы фонд кайталангыс талант, белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун элесине арналган шахмат жана бильярд боюнча турнирин өткөрөт. Мелдешке баардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катыша алат. Иш-чара 2014-жылдын 12-сентябрында Токмок шаарында өтөт.
Мелдешке катышууну каалагандар (0312) 890959 номуру, бильярд боюнча: 0778- 67-65-29 Азаматка жана шахмат боюнча мага (0778, 0708, 0558) 239946 кайрылсаңар болот.

Сурат Жылкычиев



Капитан катардагы жоокерди сабады
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн капитаны катардагы жоокерди суусундук алып бербегендиги үчүн сабап салды. Бул тууралуу "Turmush.kg" сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда жаш жоокер Айбек уулу Улан Эгемендүүлүк майрамы күнү кадимкидей жумушка келет. Ал эми капитан Мирбек Айсарахунов ага "суусундук алып бер" деп догурунган. Акчасы жоктугун айткан Улан аягында бир нече жеринен оор жаракат алып ооруканага түштү. Жабыр тартуучунун агасынын айтымында, Уландын мурду, баш сөөгү сынып, мээси чайкалып калган. Ал эми Улан өзү билдиргенине караганда, капитан М.Айсарахунов буга чейин бир нече жолу аны "арак алып бер" деп кыйнаган. Жадакалса окуя болгон күнү дагы капитан мас абалда болгон. Уландын туугандары учурда иликтөө жүргүзүп, териштирип берүүсүн суранып, аскердик прокуратурага кайрылышты.


"Центерранын" тилин таппай...
"Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү 25-30-август күндөрү кыргыз өкмөтүндө, "Кыргызалтында" бир канча сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов "Азаттыкка" билдирди. Сүйлөшүүлөр маалында "Центерра" даярдаган келишимдердин долбоору талкууланып, кыргыз тарап өз сунуштарын дагы киргизди. "Биз даярдаган документ февраль айында Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун негизинде даярдалган. Алар бул документтерди компаниянын директорлор кеңешинин талкуусуна коюу үчүн Канадага алып кетишти. Мындан ары эки тараптын юристтери иштемекчи, сүйлөшүүлөрдү эки тарап жалдаган юридикалык компаниялар жүргүзөт, - дейт Мамытов ошол эле маалымат булагына. Белгилей кетсек, жыл башында Жогорку Кеңеш "Кумтөрдүн" үлүшү тең экиге бөлгөн ишкана түзүү келишимин колдогон. Мындан ары дагы 10дон ашык келишим түзүлүп, парламентте кароого берилиши керек.






Токтогулдуктар Нурлан Турсункуловду колдойт!
КР президенти А.Атамбаевге, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго, Жогорку Сотунун төрайымы Ф.Жамашевага Токтогул районунун жалпы элинен


КАЙРЫЛУУ
Мамлекетибизди бекемдөө жылында болуп жаткан окуяларга, ийгиликтерге жана жетишпеген кемчилдиктерге кайдыгер карабай ар бир ишке терең маани берип, колдон келген иш-аракеттерибизди жасап жашоо менен бирге адилеттүүлүк, улуттар аралык биримдик, элибизде бекем тартиптүүлүк, ырыс алды ынтымак орноп, мамлекетибиз өнүгүп-өссө деген тилекте жашап келебиз. Өлкөбүздө болуп өткөн 2010-жылдын 7-апрель окуяы боюнча тергөө иштери аяктап төрт жылга созулган соттун өкүмү чыкты. Бирок, бул аскер сотунун өкүмү кыргыз тарыхындагы эң адилетсиз, күнкор өкүм болду. Талаш жок, ар бир күнөөлүү адам кылмышына жараша жазасын алыш керек. Бул жөнүндө талаш жок. Бирок, кыргыз элине жаңыдан төбөсү көрүнүп, кандай иштерге иштебесин артына таза из калтырып, иштин көзүн билген, мыйзамдуулукту туу тутуп, жемкорлукка малынбаган таза, билими күчтүү, келечекте көптү үмүттөндүргөн, акыркы кызмат иши КР башкы прокурордук кызматына бар болгону үч айдын тегерегинде иштеген Турсункулов Нурландын КР кылмыш кодексинин 304-статьясынын 4-бөлүгү менен 10-жылга соттолушу бизди өкүндүрөт. Себеби, Турсункулов өзүнө коюлган статьяларга карата соттук отурумда акыркы сөзүндө тактап берген фактыларына сот көңүл бурган жок. Биздин оюбузча Турсункулов мыйзам чегинде өз милдетин мекен алдында так таза аткарды. Турсункулов Нурлан тууралуу, калыс, адилет сөздөрүн эл жана убактылуу өкмөттүн тушунда башкы прокурор болуп иштешкен Б.Ибраев, К.Байболовдор өз пикирлерин басма сөз аркылуу билдиришүүдө. Өлкөбүздө мындай адилетсиз чечимдер чыга берсе эл ичинде ынтымак бузулуп, бийликке болгон нааразычылык күчөп, пейилдер бузула баштайт. Кыргыз элинде айтылат: "Ак ийилет, бирок сынбайт". Акыйкаттык биздин сотто бар болсо экинчи инстанцияда калыс туура чечим чыгат деп ишенебиз.

Ошондуктан урматтуу президент, урматтуу төрага, урматтуу депутаттар! Урматтуу Журналистер! Биз токтогулдуктар сиздерден зор үмүт кылабыз, уулубуз Турсункулов Нурландын тагдырына кайдыгер карабайт деп ишенебиз.
Сиздерди урматтоо менен, Токтогул районунун элинин атынан кайрылууга кол койгондор: Нургазиев Муктар, Сарпашов Мырзажан, Исмаилов Самыйбек, Тентиев Райымбек, Эсенкожоев Алипбай. Кайрылууга өз колдору менен аты-жөнүн телефонун жазып кол койгон 1500ден ашуун кишинин тизмеси редакцияда.