Жалал-Абадда оор кылмыштар ачылууда
Таанышын "жайлап", капка катып ыргыткан...

Адам өлүмү менен коштолгон ушундай оор кылмыш иши Сузак районунун Сузак айыл округунда да жүз берди. Сузак айылынын Юнусов көчөсүндө "Санпа" пахта тазалоочу заводуна 150 метр жетпеген жерде 25-30 жаштардагы адамдын денеси табылган.

Табылган адамдын денеси көгала болуп, башына ак түстөгү кап кийгизилип, сыртынан колу буттары менен кошо жип менен арчындалып байланган абалда болгондугу анын кимдир бирөөлөр тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгилүү болуп турду. Маркумдун башына кийгизилген капта "Мариям" деген жазуусу бар эле. Милиция кызматкерлеринин алгачкы милдети анын өздүгүн аныктап, ким экендигин билүү болчу. Ошол замат ишти райондун аймагындагы дайынсыз болуп жаткан адамдардын тизмесин иликтөөдөн башташты. Ыкчам жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында өлгөн адам Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи районунун тургуну, 28 жаштагы Закиржан Абдувалиев деген болуп чыкты. Ал 3-4 күндөн бери дайынсыз болуп, атасы арыз менен милицияга кайрылып, издөө иштери жүрүп жаткан. Текшерүүдө З.Абдувалиев 4 күн мурда "Мерседес-Спринтер-313" унаасы менен кечки саат 18 чамаларында үйүнө кеткенин ал иштеген №105 маршруттун таксисттери айтышкан. Бирок, Закиржан үйүнө кайтып келген эмес. Эки күндөн кийин анын автоунаасы Сузак районунун Сузак-Жийде автожолунун четинен табылган болчу. Автоунааны кароо жүргүзгөн мезгилде багажынын ичинен кандын издери жана кан болгон кийим табылган. Бул күнү кеч кирип кетип, кайра эртеси күнү издөөнү улантышып, саат 17-00 чамаларында үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен жыт кууп, "Санпа" пахта тазалоочу заводу жактан жоголгон Абдувалиев Закиржандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылып жатат.
Бул өтө оор кылмыштын бетин ачууну Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги көзөмөлгө алып, тажрыйбалуу кызматкерлерден турган оперативдүү топ түзүлгөн. Кылмышка шектүү катары Сузак райнунун Сузак айыл округунун тургуну, 1978-жылы туулган И.Саидов кармалып, кылмышын моюнуна алган. Ал көрсөтмөсүндө Закиржанды көптөн бери таанырын, экөө болбогон жерден эле уруша кетип, башка чаап жиберип өлтүрүп алганын, коркконунан өлүктү капка ороп-таңып, жогорудагы айтылган жерге таштап салганын айтат.




Атасын өлтүрүп, 13 жаштагы кызын зордуктаган канкор

Акыркы убакта арзыбаган акча үчүн адамдарды карактоо эле эмес, алардын өмүрүн алган фактылар арбын болууда. Жакында башкармалыктын башчысынын орун басары М.Шералиев жетектеген оперативдүү топтун кызматкерлери тарабынан белгисиз жагдайда жасалган оор кылмыштын бети ачылды.


9-июль күнү саат 14-00 чамаларында Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунун Миң-Өрүк көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жаткан, Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округуна караштуу Нефтипром айылынын тургуну, 47 жаштагы Ботобаев Исак Аттокуровичтин жансыз денеси табылган. Кароо жүргүзүлгөндө жабырлануучу өзгөчө мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталат. Текшерүүдө маркумдун ошол үйдө чогуу жашаган 13 жаштагы кызы Айпери буга чейин атасы менен турганын, бирок, ошол окуя болгон күндөн бери дайынсыз жок болгондугу белгилүү болот. Адаттагыдай эле иликтөө иштери башталып, милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, маркумдун денеси келтирилген жаракатты аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, бул боюнча КР кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен Жалал-Абад ШИИБи кылмыш ишин козгошот. Бирок, кылмыштын бети ачылбай, убакыт созула түштү. Акырындык менен бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныктала баштайт. Күбөлөрдүн сүрөттөгөн адамы Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну, мурда адам өлтүрүү, каракчылык жана зордуктоо кылмыштары менен бир нече жолу соттолгон, 1970-жылы туулган К.Көчөров дегендин түспөлүнө окшошуп, милиция кызматкерлери анын жашаган жерин иликтей башташат. Шектүү адамдын өздүгү толук далилденгенден кийин анын кайда жүргөндүгү иликтенет. Милиция кызматкерлери анын жүргөн жерин тез эле табышып, шектүү адамды Сузак районунун Алмалуу айылынын талаасында жашынып жүргөн жеринен кармашат. Ошол учурда маркум И.Ботобаевдин жоголуп жаткан кызы Айпери анын жанынан табылат.
К.Көчөров колго түшүрүлгөндө эле жасаган кылмышын мойнуна алат. Мындан тышкары, барымтага алып кеткен секелек кызды зөөкүрлүк менен зордуктаганы аныкталды. Мындай адам жасагыс кылмышты жасаганын жанкечти мындайча түшүндүрөт. Ал И.Ботобаев менен мурдатан эле тааныш болуп жүргөн. Окуя болоор күнү экөө жолугуп, ичкилик ичишет. Анан Көчөров Ботобаевге "сен мага аял таап берем дегенсиң" деп качаңкы бир убадасын козгоп чыгат. Сөздөн-сөз чыгып, анан мушташканга өтүшөт да, карылуу неме шеригин ур-тепкиге алып өлтүрүп, кылмышын жашыруу үчүн анын секелек кызын коркутуп, зордуктап, өзү менен кошо алып кеткендигин айтат. Учурда канкор кылмышкер камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.




Шеригин сабап өлтүргөндө

Оор кылмыш иши 23-июнда Сузак районунун Октябрь айылында катталган. Эртең мененки саат 10 чамаларында аталган айылдын Гагарин-Ормон бий көчөлөрүнүн кесилишинде азиат улутундагы, 45-50 жаштардагы адамдын өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат Октябрь айылдык милиция бөлүмчөсүнү кабарланат.


Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери иликтөө иштерин башташат. Маркум Сузак районунун Кызыл-Туу айыл округуна караштуу Благовещенка айылынын тургуну, 1960-жылы туулган Хасанов Абдувахап деген болуп чыгат. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен кылмышка шектүү адамдар такталат. Себеби, маркумдун кимдер менен жүргөнүн жакындан көргөндөр тез эле табылып, кылмыш да кыска аралыкта ачылды. Кылмышка шектүү катары кармалган Сузак районунун Кызыл-Туу айыл округунун тургуну, 1968-жылы туулган, Р.Таанбаев шеригин болор-болбос чырдан улам сабап өлтүргөнүн моюнуна алган. Бул кылмыштардын бетин ачууда милиция кызматкерлери өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп, тагылган милдеттерин татыктуу аткарып келе жатканын белгилеп кетүү ашыкча болбостур.