Абдыганы Эркебаев, академик:
"Эльмурза Сатыбалдиевдин 7-апрелде жасаган эрдигин ар убак айтканга даярмын"
-Эльмурза Сатыбалдиевге карата чыккан соттук чечимге макул эмесмин. Себеби, эки жагдай бар, биринчиден, Эльмурзанын ошол учурда түздөн-түз бир нерсени кабыл ала турган укугу жок эле, болгону ал мамлекеттик ­кеңешчи болчу. Буйрук берүүгө да укугу болгон эмес. Генерал өзгөчө абалдын күчөп кетпешине, сырткы күчтөрдү кийлигиштирбөөгө чоң аракет жасаган. Ошондой эле экинчи жагынан алып караганда, 7-апрелде оппозициялык жетекчиликтин арасында мен дагы Улуттук коопсуздуктун кызматкерлери тарабынан кармалгам. Ал эми окуяны биз ошол жерден сыналгыдан көрүп турдук. Элмира Ибраимова, Темир Сариев, Иса Өмүркуловдор бар болчу. Ошондо түштөн ооп калган убак эле, арабыздагылардын ичинен Иса Өмүркуловдо Эльмурза Сатыбалдиевдин телефон номери бар экен. "Генералга чалалы дагы, ошол жерге барып, элди тынчыталы" дедик. Мына ошол жерде биз отурганда Эльмурза келди. Ага баары күбө болуп бере алышат. Менин абалым жакшы болбой турган эле, калгандары Эльмурза менен Акүй тарапты көздөй кетишкен. Ошол себептен айтып кетерим, ал бийлик менен элдин ортосунда жүрүп, элди тынчытууга жардам берген. Бул кишинин 7-апрель окуясы боюнча кошкон салымы өтө чоң деп айтсак болот. Мен бул туурасында көп адамдарга, керек болсо өзүнө дагы айтканмын, эгер дагы айта турган болсок, анын 7-апрелде жасаган эрдигин ар убак айтканга даярмын. Ал эми соттун чечими менен оор жазага алынышы туура эмес.

"Кабарлар"




Токтайым Үмөталиеванын ушагы чын чыгабы?
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "премьер-министр Жоомарт Оторбаев европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына вице-президент болуп кетет экен" деген ушактар тарап атканын маалымдады. Укук коргоочунун айтымында, бул кызмат Жоомарт Оторбаевдин көптөн бери эңсегени. "Ага "премьер-министр болуп иштеди" деген галочка эле керек болчу" дейт Токтайым.
Ырас, өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлнара Торалиева ошол замат Үмөталиеванын маалыматын төгүнгө чыгарды. Бирок, акыркы кездерде "өкмөт күзүндө отставкага кетет" деген кеп-сөздөр күч ала баштаганын эске алсак, Жоомарт мырза талаада калбаш үчүн өзүнө запастык аэродром камдап атышы толук ыктымал.
Эске салсак, Ж.Оторбаев премьер-министр болгону экономикада секирик жасалбаганы, социалдык көйгөйлөр курчуганы, газ, электр энергетикасы үзгүлтүккө учурай баштаганы, күйүүчү майга, азык-түлүккө карата баалар өскөнү, айтор, баардык жагдайлардан кыйынчылык жаралганын жашыра албайбыз. Эми күз келсе, күн сууктай баштаса, мындай кризистик жашоо-шартка карапайым калк чыдабаса керек. Эл көтөрүлгөнчө эле Жоомарт мырза акырын папкесин колтуктап, маданияттуу түрдө жыла басабы? Мүмкүн.
Керим МУРАС




Джеки Чандын уулу баңги зат менен кармалды
Белгилүү актер Джеки Чандын уулу Джейси Чан бангизат менен кармалды. Кытайдын мыйзамдарына ылайык, баңги заттарды өндүргөнү жана таратканы үчүн өлүм жазасы каралган. Бирок, алдын-ала маалыматтар боюнча, Джеки Чандын уулу үч жыл түрмөгө гана отурушу мүмкүн. 31 жаштагы Джейси Чан Лос-Анджелесте туулуп-өскөн. Атасынын жолун жолдоп, кино актер, рок музыкант болууну самаган, бирок, бул ою ишке ашкан эмес. Кытайда ал оюна келгенди жасаган эрке талтаң жигит катары таанымал. Уулунун ушундай көпкөлөң мүнөзүнөн улам атасы ага өтө нааразы экен...




Аскаттын алгы иштерине көз артпагыла!
"Ысык-Көл Аврора" санаторийин Аскат Акебаев жетектегенден бери бир топ эле алгы иштерди жасап келет. Азыр аны санап, жазып отурсак кагаз бети чак келбейт. Өңгөсүн айтпасак да, сентябрдын орто ченинде өтүүчү "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун" мындан бир канча жыл мурун эле долбоорун даярдап, кынаптап койгон. Кудай буюрса, анын ачыларына саналуу эле күндөр калды. Анткен менен эмитен эле тескери кептер чыга баштаганы жан кейитет. Төшүн кагып, "бул идеяны мен алып чыктым, меники" дегендер четтен чыгып атканы кандай? "Даяр ашка кашык сунган" популисттер баш көтөрүп, эл аралык бул долбоордон упай топтогусу келгендер боюнча жакында кенен кеп кылабыз. Азырынча Аскат мырзага ийгилик каалап коелук.
Баса, дал ушул "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун" татыктуу өткөрүп алсак, Кыргызстанга аброй алып келет эле. Элибиздин түптүү экени далилденип...

Сурат Жылкычиев




Министр Д.Сагынбаеванын киреше жана мүлктөрү
КРнын мамлекеттик кадр кызматы өлкөнүн башкы дарыгери Динара Сагынбаеванын 2013-жылда тапкан киреше жана мүлктөрү тууралуу декларациясын жарыялады. Документке ылайык, Д.Сагынбаева 2013-жылы 475 миң 262 сом айлык акы алган. Анын 68,8 кв.м жана 35,2 кв.м аянттагы батирлери, ошондой эле 43,3 кв. метрлик турак үйү бар. Жакын туугандары 170 миң 603 сом киреше табышкан жана ээлигинде бир автоунаа көрсөтүлгөн.

Чиновник Т.Коеналиев 1 млн. сомго жакын пайда тапкан
КРнын президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиев 2013-жылы 905 миң 292,62 сом иштеп тапкан. 160 кв.м аянттагы үйү, 0,11 га жер тилкеси бар, дачалык үйү түрттүрүлгөн. Анын жакын туугандары 1 млн. 225 миң сом киреше табышкан - ишкерчилик ишмердиктен. Ошондой эле, үлгүсү жана чыккан жылы көрсөтүлбөгөн автоунаага ээлик кылышат.

"Баракелде"

P.S. Албетте, бул мамлекеттик кадр кызматынын 2013-жылга карата чыккан маалыматы. Мындан сырткары, дагы канча байлыктары бар экени бизге белгисиз. Ал эми булардан башка толгон-токой чиновниктердин байлыктары неге толук кандуу коомчулукка жарыяланбайт? Көзөмөл болсо чыгабы?..