Экономиканы чөктүрүп,
өзү көлгө чөкпөгөн Темир Сариев
Кытай элчилигинин курамы 3-августта касиеттүү көлдөгү "Аврорада" болду. Элчи баштаган абройлуу конокторду бизден экономика жана айыл-чарба министрлери Темир Сариев менен Таалайбек Айдаралиевдер коштоп жүрдү. Кыргыз-кытай аралашкан үлкөндөрдү кадимки өлкө президенти көлдө эс ала турган "Москва" кемесине чейин Ысык-Көл губернатору Эмил Каптагаев коштоп барды. Таш кордого Эмикемдин аллергиясы барбы, же минис­трлер теңине албай "жүрү биз менен" дебей койдубу, кыязы, ал аралашкан жок. Айтор, Темике баштаган көч эки сааттай көл үстүндө кытай досторго экскурсия кылып, кө-өп иштерди талкуулашты. Кызыгы, экономикабыз күн санап кедеринен кетип, айыл-чарбада кыпындай тыңгылыктуу иш жылбай жатканда, бу көпкөн министрлер көл үстүнөн сүйлөшүү кылып, шапар тээп, резиденциянын капчыгын кагып кетпей, Бишкектен эле жолугушса болбойт беле? Эй, мындай эсиргендин да чеги болуш керек да, туурабы? Темике конокторду "козу гриль" менен сыйлап, дасторкон үстүн жайнатып, кемеде чалкалай отуруп, айтор, бай-бачадай түр көрсөттү. А эл болсо итке минип, тишинин кирин соруп жатат. Революцияда кан төгүлдү, а Сариев экономиканы чөктүрүп, бирок өзү көлгө чөкпөй тайраңдады. Кызык кайда? Мурдунан алысты көрө албаган аткаминерлерге айла жок экен да...

Ийгилик Болсунбаев




Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы:
"Атамбаевдин мүнөзү чатак, бирок, мен да андан тез жарылам..."

Кудай ошондой буюрган окшойт... Өмүрбек мырза менен биздин редакция кошуна болуп калдык. Эшиктешпиз. Анан капыл-тапыл кезиге калсак, мына мындай маектешип коебуз.

-Өмүрбек мырза, Бегалы Наргозуевдин сайты жазды го, сизди Атамбаев: "Текебаев жоголмоюнча Кыргызстан оңолбойт" дептир. Буга кандай дейсиз?
-"Ала кушту" айткандан коркушат, Аслан, сен бул макалды билесиңби?..
-Билем. Маанисин да түшүнөм...
-Азыр саясат кооз түстө өнүгүүдө. "Камалгандардын баарын Текебаев отургузуп атыптыр" дешет, ушул дагы логикабы? Ташиев, Келдибеков түрмөгө отуруп чыкты. Аны да мени кылды маанисинде жазып келишет. Эми сен билесиң да, саясаттын жели башка жакта... "Текебаев Кыргызстанда хандыкты түздү" дейт. Баардыгын тейлеп аткан мен экенмин. Күлкүң келеби? Азыркы саясат боюнча Атамбаевдин атын айткандан коркушуп, мени интрига отуна салуу менен жамандагылары келишет. Өткөндө Бекназаров дагы айтып чыкты, "баардыгын Текебаев башкарууда, Атамбаев кукла болуп калды" деген мааниде. Ошол эле обонду Жылдыз Жолдошева өңгөчү үзүлгөнчө созуп жүрөт. Булар Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда жаңжал чыгарууга кызыкдар. "Экөө урушса" дейт. ­Ооба, Атамбаевдин мүнөзү да чатак, айтканынан кайтпайт, бирок, мен дагы андан да тез жарылам. Эң башкысы, биздин мүнөздөрүбүз, же интригалар мамлекеттик маанилүү иштерге залакасы тийбеши керек. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн мен оюндардан жогору туруп, мүмкүнчүлүгүмө жараша эл үчүн кызматымды кыла берем...
-Атамбаев менен азыр мамилеңиз кандай? Убагында оппозицияда жүргөндө тиреше кетчү элеңиздер... Ал дагы сизди башкы оппонент катары саначу...
-Мамилебиз жумушчу түрдө. Жакында жолуктук, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер боюнча пикир алмаштык. Ал эми саясаттагы атаандаштык табигый нерсе. Атаандашкан, бири-бирибизге сөз кайтарып, сындашкан учурлар болгон. Бирок, мындай нерселер өлкө үчүн залакасын тийгизбеши зарыл.
-Президент мөөнөтүнүн аягына жетпей тургандай кубулуштар байкалганы кандай? "Текебаев бийликти алат" деген маалыматтар чыгууда. Жыландын башы неге көтөрүлүүдө?..
-Бүгүнкү күндө бийликтин алмашуусуна негиз жок. Кырдаал туура келбейт.
-Өмүрбек Чиркешович, келе жаткан парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын өтпөй турганы боюнча прогноздор айтылууда. Кандай дейсиз?
-Шайлоого чейин дагы бир жыл бар. Кудайга шүгүр, биздин саясый ресурс жайында. Азыркы тапта парламенттик шайлоонун камын көрө баштадык. Биз саясый сырларды убагында ачабыз, ошого катар алдыдагы күрөштөрдө татыктуу жеңиштерге жетебиз. Албетте, "Ата Мекен" партиясынын желеги менен... Ким билет, бизге убактылуу чыга калган капчыктуу партиялар суранып келиши мүмкүн...

Асланбек САРТБАЕВ