Түрмө таза көңүлдөгү адамды да батырат тура...

Генерал-лейтенант Эльмурза Сатыбалдиев камакка алынган күнү үн чыгарды. "Эгерде мамлекетке менин камалышым керек болсо, мен отуруп турайын" деп. Адилеттүүлүк болбосо, актанып не? Себеби, аны мамлекет чоңойткон, интернатта тарбияланган. Ошон үчүн ал бала кезинен мамлекетти сыйлайт...

Ошентип, ал өмүр бою Кыргызстан үчүн иштеди. Жеке өзүнүн тагдырын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койбойт. Мындай инсан эч качан өз элине чыккынчылык жасабайт. Тарых бу жагынан тастыктап келет. Ошон үчүн Эльмурза Ракиевич саясый тарыхтын ак барактарында өзүнүн бийик орду менен жазылып каларына мен ишенем. Бул турмуш үчүн, келечек муун үчүн өзгөчө бир көрсөткүч катары саналат. Баарынан дагы жогору турган ушул нерсе. Мындан башка жылына турган баалуулук жок!
1937-жылы сокур саясаттын айынан, кыргыздардын былгытма куйтулугунан, ошондой эле сырткы таасирдүү күчтөрдүн кесепетинен Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбаков, Касым Тыныстанов өңдүү бир канча каймактарыбыз атылып кеткен. Албетте, учурунда буларды да күнөөлөшкөн, бирок турмуш чындыгында акталды го. Негизи улуттун тагдырын чечүүдө тар көзкараштар менен акыл калчап, мүдүрүлгөнүбүздүн өзү эртеңки элибиздин тагдырына сокку болуп тийет! Бүгүн дагы Эльмурза мырза бир ууч топтун саясый сокурлугунун кедеринен жабыр тартып отурат. Убактылуу нерсе. Бул күндөр да өтөт. А эртең адам тагдырын кордогондор жооп берип калышы толук мүмкүн...
Таңгалычтуу да, эмнеге Бакыт Калыев түрмөдө камалбай чыгып кетти? А неге Аалы Карашев бир жолу соттук отурумга келип койбой, улам бир креслону алмаштырып, бийликтин эшигин шыпырып жүрөт? Молдомуса Конгантиевчи? Билесиңер. А Курманбек Бакиев баш, Максим төш, үй-бүлө мүчөлөрү болуп, качып кетти го. Убактылуу өкмөт деген "балекет" качырды да. Данияр Үсөнов, Оксана Малеванная сыяктуулар өлкөдөн оңой-олтоң чыгып кетпедиби? Эми буларды бийлик жазалай албай, кур шылтоолорду айтып, аягында элдик генералдын колуна кишен салышты! Атамбаев арыдан бери болбойбу? Өзүн ойлобосо дагы, балдарынын келечегине жакшы сөз калтырып кетпейби? Тагдыр деген оош-кыйыш болот. Кечээ Алмаз мырза Эльмурза Сатыбалдиевди баалап жүрбөдү беле? Суроолор арбын. Жооптору да бир мезгилде айтылат.
Кыскасы, Өзгөндөн баш көтөргөн жигит камалып кетти. Эмне, Эльмурза Ракиевич бирөөнү атып, же кызматынан кыянаттык жасоо менен кыргыз элине чок түшүрдү беле? Андай эмес да. Тескерисинче, 7-апрелден кийин эң биринчилерден болуп, прокуратурага өзү биринчи суракка барган. Баары качкан. Жалгыз Эльмурза байке: "күнөөм болсо камагыла" деген. Бирок, төрт жылдан берки саясатты көрдүк, бийликтегилер артынан кетти. Чылага тыкты. Эми парламенттик шайлоо, анан президенттик күрөш башталат. Ошого утурлай кандайдыр бир саясый упай алуу үчүн куугунтук башталганыбы? Бул хохма. Күлкү келерлик жорук.
Соттун алсыз чечимин карасаң, үй-мүлкүн мамлекетке тартып алуу кадамына барды. Балдарын көчөгө чыгарып койсо эле, жашоо бүтүп калабы? Жок! Генерал-лейтенант жалгыз эмес, достору бар, ага эртең чогулуп туруп, азыркы шартынан жогорку деңгээлде үй-жай сатып берип коебуз. Себеби, Эльмурза Сатыбалдиев адам! Чоң тамга менен жазыла турган адам...
Кыргыз кыйындарын куйтулар менен акмактар дайыма курутуп келген. Убакыттын шамалы аларды жейт. Мунун өзү адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин күрөшү. Ак-каранын чабышы. Ошон үчүн кыргыз эли сазга сорулуп, мамлекетибиз көтөрүлбөй келет.
Мен бул катты түрмөгө жазып атып, оюма кө-өп эле нерселер келди. Убагы келгенде дагы тизмектейм. Бирок, күнөөсү жок адам кесилип кетип атса, кантип ордуңда тынч тура аласың? Эй, кулун деле тыбырчылайт го. А биз адамбыз да. Туура сөздү айта албасак, анда эки бутту неге шилтеп жүрөбүз? Кайсы касиетибизге? Бул деген жалган дүйнө, бир келебиз, бир кетебиз. Бирок, жигитчиликти, адамдык аруу көңүлдү бийик койгонубуз менен биз келечек муунга үлгү көрсөтөбүз.
Кээде түрмөгө эр жүрөктөр, таза көңүлдөгүлөр камалып кетет. А амалкөйлөр менен коркоктор "булт" этишип, жол табышат ар дайым. Ток этери, Эльмурза байке, тарыхта нечен деген инсандар адилетсиздиктин айынан атылып кеткен, камалышкан. Биздин эле Ленин, Сталин отуруп чыккан... А балким, сиз дагы мамлекетке керексиз...

Асланбек САРТБАЕВ




Коңгуроо кагылды. Күзүндө эл дагы толкуйбу?
Ош шаарында дээрлик төрт айдан бери газ жок. Шаардын мэриясы көгүлтүр оттун жогун билдирбеш үчүн суюлтулган газ баллондору сатылчу түйүндөрдү көбөйтүүгө убада кылган. Бирок, алар бул убадасынын да өтөсүнөн чыга алышпады. Айрым маалыматтар боюнча, шаардын калкын суюлтулган газ менен камсыз кылыш үчүн 6-8 түйүн керек блсо, азыр 2 гана түйүн иштеп атат. "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Рысбек Мирзаматовдун айтымында, мэр Айтмамат Кадырбаевдин "Ошто эки жыл газ болбойт" дегени элдин ого бетер кыжырын келтирген. Ушу тапта калкты көмүр менен камсыздоо маселеси да тиешелүү деңгээлде чечилбей жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы темир жол көйгөйлөрүнөн улам жанар май жалаң машиналар менен ташылып атканына байланыштуу, түштүккө күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү да чоң проблемага айланганын, 4-5 күнгө жетерлик гана запас калганын билдирди. Ахматбек Келдибеков, Мелис Мырзакматов, Элмурза Сатыбалдиев өңдүү түштүктүн чыгаан саясатчыларынын кээ бири камалып, кээ бири куугунтукка алынышына байланыштуу элдин арасында буга чейин эле нааразылык күч экендигин эске алсак, түштүктөгү абал кыйла эле кооптуу.
1-июлдан тарта жылуулукка жана ысык сууга болгон баалар өстү. "Бишкек жылуулук ­түйүнү" ААКнын башкы директору Эркин Абдыкалыковдун маалыматы боюнча, эгер буга чейин шаардын ар бир тургуну ысык суу үчүн 197 сомдон төлөсө, эми 233 сомдон төлөй баштайт. Башкача айтканда, баа 36 сомго өстү. Жылытуу сезону башталган соң жылуулуктун да баасы кымбаттайт.
Ушу жуманын башында баш калаадагы мар­шруттук таксилердин айдоочулары артыкбаш жүргүнчүлөрдү алганы үчүн салынчу айыптардын көбөйтүлгөнүнө нааразы болуп, жол кирелер 20 сомго чейин көбөйтүлүшүн талап кылып, иш ташташты. Аялдамаларга котологон эл автобустарга, троллейбустарга батпай, анда-санда бир каттаган коомдук транспорт болсо, мындай артыкбаш жүктү көтөрө албай, эл заматта будуң-чаң түшүп калганы коомдогу азыркы туруктуулук канчалык назик экенин көргөзүп койду. Мындай абал дагы эки-үч күнгө эле созулса, эл ызы-чуу түшүп жатып калмак.
Албетте, шаардын бийликтери бу жолу мар­шруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азырынча аларга карата айыптык чаралар киргизилбесин, бул маселе күзүндө шаар кеңеш менен Жогорку Кеңештин сессияларында караларын айтып, аларды кайра каттамга чыгууга көндүрө алды. Бирок, бул убактылуу гана тыныгуу. Эгер күйүүчү майлардын баасы дагы кымбаттачу болсо, айдоочулар дагы иш ташташы мүмкүн. Натыйжада, мэрия жол кирени кымбаттатууга аргасыз макул болот. Бул болсо элдин нааразылыгын пайда кылат. Анткени, акыркы кездерде күндөлүк керектөөчү товарлардын, азык-түлүктүн баасы бир канча пайызга өскөнү менен айлыктардын, пенсия-пособиелердин көлөмү баягы эле калыбында турат. Өкмөт "айлыктарды, пенсияларды жогорулатайын" деген күндө деле казына бопбош, бюджеттин тартыштыгы ага жол бербейт.
Мына ушул факторлордун баары чогулуп келип, өлкөдө дагы бир революциялык кырдаалды түзүп коюшу мүмкүн. Албетте, азыр оппозиция чачкын, кырдаалга кылдат баам салып, элдин нааразычылык толкунун керектүү багытка бура билүүгө жөндөмдүү лидерлер жокко эсе. Бирок, буга чейинки окуялар көргөзгөндөй, элдин нааразылыгы күчөп, коомдогу чыңалуу жетээр жерине жетсе, лидерлер өзүнөн-өзү эле пайда боло калат...

Керим Мурас