Эмилбек Каптагаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
"Көлдө кагып койгон казыгым да жок"

Туристтик сезонду утурлай Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек мырза менен маектештик. Ал өзүнө карата айтылып жүргөн күбүр-шыбырларга чекит коюп, касиеттүү көлдөгү көйгөйлөр, аткарылып жаткан иштер туурасында оюн ортого салды. Тараза болуңуз окурман...

-Эмил мырза, кирип келген туристтик сезонго даярдык кандай? Алыс-жакынкы меймандарды тосууда кандай көйгөйлөрдү жое албай жатасыздар? Баары эле телегейи-тегиз текши же жакшы эмес да, туурабы? Дегеле, меймандарга быйыл кандай жеңилдиктерди жасалганы турат?
-Жайкы туристтик сезонго даярдык Кудай буюрса жакшы. Эс алуу жайларынын дээрлик көпчүлүгү санитардык, экологиялык талаптарга жооп бере тургандай, келген эс алуучуларга жеткиликтүү деңгээлде шарт түзүп бере ала турган иштерди аткарышты. Эң башкы көйгөй - бул агынды-жуунду сууларды тазалоочу жайлар. Муну ачык эле айтып жатабыз. Сезонго даярдык көрүп жатканда ар бир санаторий, пансионат же конок үйүнө расмий түрдө баардык талаптар берилген, алардын аткаруу мөөнөттөрү да көрсөтүлгөн эле. Май айындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен "өтө кооптуу" деген 15 эс алуу жайына быйыл иштебей тургандыгы жөнүндө эскертүү берилген. Муну ММК аркылуу да жарыя кылганбыз. Бүгүнкү күнү алардын беши талаптарды аткаргандыгы жөнүндө кабарлап, кайра дагы текшерип чыгууну суранып жатышат. 30-июнда облустук комиссия аларды дагы бир сыйра карап, аткаргандары чын болсо, иштөөгө уруксаат берет. Ал эми мендеги маалымат боюнча 10 эс алуу жайы санитардык-экологиялык талаптарга жооп бере турган шарттарды түзө алган эмес. Аларга иштөөгө тыюу салынат жана алардын тизмеси коомчулукка жарыя кылынат. Мен жогоруда "жайкы туристтик сезон" деп баса белгилеп жатканым, азыр Ысык-Көлдө туристик агым жайы-кыш дебей токтобой калды. Айрыкча, кышкы лыжа тебүү үчүн келген туристтердин саны да жыл санап арбып жатат. Ошондуктан, келген меймандарга шарт түзүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери жыл бою токтобой турган иш.
-Жаман-айтпай жакшы жок, эс алуу маалында кан жолдон катуу айдап же үргүлөп кеткендер тарабынан кырсыктар көп болот. Мындай көрүнүш жыл санап көбөйүүдө. Бул көйгөйдү жоюу боюнча кандай алдын-алуу иштери болуп жатат? Же кырсыктан жабыркагандарды эсеп-чотко алып, санап отура бересиңерби?
-Чындыгында жол кырсыгынан жапа чеккендер арбын. Айрыкча, жайкы мезгилде көп болот. Бул негизинен өзүбүзгө байланыштуу. Эс алганы келе жаткандар көлдү карай, кайра кайтып бара жатканда дагы шашып, ылдамдыкты өтө жогору кармашат. Натыйжада, кырсыкка кабылышып, өздөрү гана эмес, башка адамдарды да кырсыктатышат. Азыр ИИМ тарабынан атайын көчмө посттор уюштурулган. Жол боюнда көзөмөл күчөтүлдү, атайын рейддер да өткөрүлүп жатат. Боом капчыгайынын ичине туруктуу медициналык пункт да ачылды. Ал жерде такай тез жардам машинеси турат. Жол-кайгуул кызматы тарабынан быйыл бир жаңылык киргизилип жатат - алар атайын маалымат баракчасын басмадан чыгарып, Ысык-Көлгө бара жаткан чет элдик туристтерге таратып жатышат. Ал баракчада баардык керектүү телефон номурлар, атайын кызматтардын даректери жана эскертмелер бар. Эгерде жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер болсо, "ушул телефонго чалыңыз" деген атайын көрсөтмө да бар. Негизинен, бир жагынан келген туристтерге ашыкча түйшүк жаратпоо аракети, экинчи жагынан жол коопсуздугун камсыз кылуу аракеттери жасалууда.
-8-14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" эл аралык фестивалына даярдык кандай? Бул саамалыкты уюштуруунун төрагасы сиздин бир кездеги ашынган "оппонентиңиз", Убактылуу өкмөттү жерден алып көргө урган, апрелде каза болгон жигиттерди макулуктарга теңегенге үлгүргөн Адахан Мадумаров экен. Бул экөөңөр көлдөгү иш-чараны кантип уюштурасыңар? Жеке мамиле баары бир чоң интригага жол ачат да...
-Мен бул жерден эч кандай чатак же интригага жол көргөн жокмун. Мадумаровдун жалпы саясый кырдаалга, анын ичинде 7-апрель Элдик революциясына карата пикирин билебиз. Анысын ачык эле айтып жүрбөдү беле? "Ал пикирлер ошол кездеги оппозициячыл саясатчынын пикири" деп кабыл алуу туура болот. Азыр ал сөздөрү өзгөрдүбү же жокпу, чынын айтсак мааниси деле жок. Анткени, Адахам Кимсанбаевич азыр эл аралык деңгээлдеги кызматкер. Ошол кызматына байланыштуу "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын" уюштурууга катышып жатат. Убактылуу өкмөткө, анын мүчөсү катары мага карата ал кишинин жеке мамилеси бул жерде эч кандай роль ойнобойт жана ойношу да мүмкүн эмес.
-Буга чейин Ысык-Көлдү башкарган Мирбек Асанакунов касиеттүү көлдү өнүктүрүү фондуна "суук колун" салып, былыгы билинсе, Балыкчыны башкарган Бообековго карата кылмыш иши ачылган эле. Ысык-Көлгө ырайымсыз мамиле кылгандар эмнеге жазаланбай жүрүшөт? Туура, бул сиздин компетенцияңызга кирбейт, бирок, жетекчи катары көлдү "куруткандардын" ишине кызыгып көрдүңүзбү?
-Менде азыр "Мирбек Аскерович Асанакунов кайсы бир жерлерге "суук колун" салып жиберди" деген маалымат жок. Ал киши өтө оор кырдаалдарда облуста жетекчи болду. Революциядан кийинки абалды стабилдештирүү маселелери чечилди. Кийин түзүлгөн кырдаалга карата өкмөт тарабынан кызматтан бошотулду. Азыр деле облус менен байланышы жакшы, колунан келишинче жардам берүүгө, социалдык жана экономикалык өнүгүүгө кол кабыш кылууга далалат кылып келе жатат. Ал эми Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообековдун маселеси башка. Ага прокуратура тарабынан "кызматтык абалына байланыштуу мыйзам бузуулар бар" деп кылмыш иши козголгон, азыр иши сотто. Ошол тергөө жана сот иштери учурунда убактылуу кызматынан четтетилген. Мен Бообековду деле "Ысык-Көлгө ырайымсыз мамиле кылды" деп айта албайм. Апрель революциясына чейин ал дагы башын канжыгага байлап "эл үчүн, мамлекет үчүн" деп жүргөн жигиттерден. Кызматына байланыштуу катачылыктар кеткен болушу керек. Эми анын ак-карасын сот чечет. Ошого катар мындан аркы кызмат абалы да каралат.
-2010-жылдагы 7-апрелден кийин ооматыңыз келип турганда улутташтырылган пансионаттардан "шыралга" алдыңыз беле? "Солнышко", "Витязь", "Аврора плюс" пансионаттарында менчиктериңиз барбы? Башка адамдарга каттатып койгон... Сизге байланышкан ушундай күбүр-шыбыр кептерге не дейсиз?
-Аталган пансионаттардын баардыгы Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылып, башкы прокуратура тарабынан ар бир коттеджи, толук мүлкү такталган. Азыр алар мамлекеттик ишкана катары мамлекеттик мүлк фондусунун карамагында. Ал жакта менчик эмес, жөн эле кагып койгон казыгым да жок. Бул маселени атайын эле ушак катары чыгарышып, айтып жатып өздөрү деле тажашкандай болду да. Азыр деле өзүңөр барып териштирип, текшерип чыксаңар болот. Баягы, 2005-жылкы революциядан кийин бакиевдер жана алардын жакындары чынында эле талап алышкан. Өздөрүнө же башка кишилерге жаздырып. Апрель революциясынан кийин деле "ошентишти" деп жалаа жаап чыккандар ошолор да. Эл мындай нерсеге бат ишенет экен да, "кантип эле албай койсун?" деп. Кудай бар, эл алдында жер карай турган эч нерсем жок! Качан, кандай шарт болсун жүзүм жарык жана элдин көзүн тике карап жашай алам.
-Чуулгандуу "Кумтөр" темасы оор бойдон калып, канадалыктар менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин вице-премьер-министр В.Дил айтып жатат. Килейген өкмөттү тейлеген Оторбаев менен Өзбек бийлиги сүйлөшпөй койгондугу маалым болду. Ушундай өкмөт менен региондордогу, ошол эле көлдөгү "Кумтөргө" окшогон көйгөйлөрдүү чечүүгө болобу?
-Силер айтып жаткан чуулгандуу "Кумтөр" маселеси толугу менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн кароосундагы маселе. Мен, облустун жетекчиси катары, эч бир комиссиясына да, жумушчу тобуна дагы катышкан эмесмин, негизи эле облустан эч ким катышкан жок. Ошондуктан, сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айта албайм. Вице-премьер айтып жатса, ошол кишиден тактап сурап алсаңар туура болот го. Ал эми "Кумтөргө" карата элдин талабы да, региондук жергиликтүү бийликтердин талабы да бир - кен байлык жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн, баардык экологиялык жана башка талаптарга жооп бергендей тартипте Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштетилиши керек. Башкысы айлана-чөйрөгө эч кандай кесепети тийбеши шарт.
-Көлдөгү жергиликтүү тургундар, айрыкча жаштар үй салыш үчүн участокторго жетпей жүрүшсө, Акүй-Көкүйдөгү чиновниктер катар-катар жер, пансионаттарга ээлик кылып келишет. Ушул көйгөй качан көтөрүлүп, адилеттүү чечилет? Себеби, көлдүк жаштар дал ушундай көйгөйгө кабатыр экенинен кабардарбыз да...
-Жергиликтүү калктын, айрыкча, жаштардын үй салууга участок алуу маселеси менен эс алуу жайлары жайгашкан жерлерге ээлик кылуу маселеси эки башка, бири-бирине байланышы жок. Туура, жаштар кабатыр. Анткени, мыйзам тарабынан аныкталган конкурстук же аукциондук негизде курорттук-рекреациялык жерлерди берүүдө жергиликтүү калктын өкүлдөрүндө акча каражаты жок болгондуктан ала-албай калышкан. Азыр көлдүн жээгиндеги жерлер дээрлик бош эмес, Апрель революциясына чейин эле баарын бырчалап бөлүп, "жеке менчик" деген кызыл китептерин берип коюшуптур. Жөн эле тартып ала албайсын. Ал эми айыл-кыштактардын кеңейиши үчүн калтырылган жерлерде ошол эле жергиликтүү элдин деле туура эмес иштери бар. Балдары, кыздары гана эмес, жээндерине чейин жер участокторун алып алышып, ошол эле акчалууларга сатып жиберишкен фактылары да толтура. Негизи жер маселеси абдан чатак. Азыр өкмөттүн чечими менен жер ресурстарын инвентаризациялоо иштери башталып жатат. Ошол тактоонун жыйынтыгы менен бир топ чатак, талаш-тартыш маселелердин башы ачылат го.

Калыгул Бейшекеев