Илимдин ишпалдасын чыгарган амбициялуу "илимпоздор"

Базар экономикасындагы "чалкеш заман" илимий чөйрөдөн да кыйгап өтпөй, соңку 10 жылда Кыргызстанда илимий-иш жактагандардын катары "иттин кара капталына" жетип, шык-жөндөмү бары, илимге болгон идиреги жогу деле илимий-иш жакташууда. Ылайым илимпоздорубуздун катары калыңдап, илимден алган "жарыгы" элге тийсе жакшы деңизчи. А иш жүзүндө андай болбой, саясат таануу, социология илимдери боюнча өңчөй чиновниктер, алардын "эрке талтаңдары" илимий-иш жакташып, тезинен "окумуштуу" болуп чыга келишүүдө. Кызыгы, чагылгандай тездик менен илим жазган саясатчылар, алардын балдары үчүн илим жазуу изилдөө эмес, кызмат тепкичи үчүн трампилинге айлангандай. Анан калса ЖОЖдордогу саясат таануу, социология баштаган бөлүмдөрдөгү окумуштуу, профессор, академиктер жетине алышпай, чиновниктер армиясын сүрөөнгө алып, алардын "эмгектерин" илимий талкууларда жаналы калбай, суроо-сопкутсуз колдоого алып, илимий-иш жактатканды бизнеске айлантып алыштыбы? (айрыкча бул көрүнүш Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессорлоруна тиешелүү) Дал ушул жааттагы көрүнүштөрдү четинен тизмектеп, кеп кылып көрөлү.

АКШ менен Кыргызстанды салыштыргысы келген Аманбаев
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да илимий иштерге ык коюп, азыркы кызматына чейин эле "АКШ менен Кыргызстандын саясый системаларын салыштырмалуу анализдөө" аттуу илимий темадагы ишин көптөгөн жылдар боюу жазгандыктанбы, эки ирет окумуштуулар кеңешинин талкуусунан "камырдан кыл сууругандай" өткөрүп алганынан кабардарбыз (жаш илимпоздор Аманбаев начар жазганын белгилеп жүрүшөт). АКШны ачкысы келген Аманбаев илимий ишинин уландысын Россиядан коргоорун максат кылууда. Илимий жетекчиси КУУдагы "илим лөгү" Мелис Артыкбаев экен. Артыкбаев аксакал шакирттерине илимий ишин жактоодо кандай "жардам берээринен" кабардарбыз. Аманбаев акебиз АКШ­ны коюп, адеп акыйкатчылык ишин дурустап алса болбойбу?
Көз ачып-жумгуча докторлугун коргогон Жапаров
Эсеп-чотту жаңылбай чаккан Акылбек Жапаров да докторлукту коргоодон куру эмес. Илимдеги ички эреже боюнча кандидаттыкты жактаган соң, докторлукту багындырыш үчүн 3 жылдан 6 жылга чейинки убакыт талап кылынса, Акылбек акебиз кандидаттыгына удаа 2 жылга жетпеген аралыкта экономика жаатынан докторлугун жактап койгондугу кандай? Кызыгы, мамкызматта жүргөн Жапаров илимий даражасын жактаганга кандай убакыт бөлдү экен? Майталкан кызматтардан "баар тапканга" маш неме пулдун күчүнө салган го. Иш жүзүндө экономиканы итке мингизген немелер илимди кантип кыйратышсын? Айла жок экен да.
Академиктердин алкоосуна арзыган Азамат Кангелдиев
Экс-депутат, кезегинде Чүй облусун башкарган Азамат Кангелдиевге академик, окумуштуулардын көз-карашы түз экендигинен кабардар болдук. Эмнеге дебейсизби? Илимий даражага "халтура" менен жеткен саясатчылардан айырмаланып, Азамат мырза, илимий ишке атайын убакыт бөлүп, коопсуздук боюнча докторлук ишин чыныгы мээнет, жогорку деңгээл менен коргогонун универдеги агайларыбыз кеп кылып калышат. Негизинен бу жигитте капчык жагынан көйгөй жок. Чөнтөгүнө эмес, мээнетине таянган мындайларды колдоп койсо болот да, туурабы?
Курулай популизмден бийик көтөрүлө албаган "генерал"
Эл дүрбөсө Курсан Асанов дагы оюн салып, кандидаттык диссертациясын эки жыл мурда жазып жүргөн. Сөздөн-сөз чыгып, Курсан илимий ишин кимдир бирөөгө жаздырып атканы боюнча ММКларга чыгып кеткени эсиңердеби? Ошондон кийин бу кургур кандидаттык диссертация­сы жөнүндө ооз көптүрбөй, тек жүрүп калган. Же тымызын жактап, "илимдүү" болуп алганбы? Баса, мунун генералдык чинди алганы да пулдун күчү менен беле? МЕНТтер "Апельсин генерал" деп неге тергешүүдө? Айтор, алды-артын карабай эле амбицияны ашынтып, асманга талпына бергенден не тапты? Баягы эле курулай популизмден бийик көтөрүлө албады да...
Мамытов кызматтан-кызматка конбой, докторлугун жактаса не?
Алтымыштан ашса да, карылыкка моюн бербеген чекист Токон Мамытов илимий иш жактоо боюнча "модадан" артта эмес. 3 жыл мурун Ж.Баласагын атындагы ­КУУдагы саясат таануу бөлүмүнөн "Эл аралык терроризмдин Борбор Азиядагы ааламдашуу учурундагы өзгөчөлүгү" аттуу кандидаттык ишин жактаган. Мамытовдун эмгеги терроризм боюнча өлкөбүздөгү тунгуч илимий эмгек экендигин окумуштуулар кеңеши аныктап, генералды огобетер шердентип койгон жайы бар. Сая­сый илимдигин жакташ үчүн 4 жыл убактын короткон Токон аксакал эми докторлукту багындырыш үчүн илимий эмгегин жазууга киришти. Мамытовду илимий иш боюнча жетекчи катары философия илимдеринин доктору Айнура Элебаева канатына калкалагандыгы бизге маалым. Генерал өзү да илимий иштерин кыска аралыкта жактап, тез эле доктор болуп чыга келген көпөстөргө таң калганын жашырбайт. Өмүр боюу кызматтан түшпөгөн аксакал кандидаттык ишин кайсы убакта жазып жетишти болду экен? Ушуну өзүнөн сураган киши жок. Генералдык пенсиясына топук кылып, докторлук ишин жазып отура бербейби? Улам бир токочту басып жыгылганга ашыкпай.
Чиновниктердин "модасынан" куру калбаган министр
Чиновниктерге таандык "модадан" социалдык өнүктүрүү ­министри Кудайберген Базарбаев да артта калбай, өлкөбүздөгү саны бар, сапаты жок саясый партиялар боюнча кандидаттыгын жактаганга үлгүрдү. Базарбаевдин "вирусу" министрлердин ичинен Алиясбек Алымкуловго да жукканбы, жаштар боюнча илимий иш жактоо алдында турат. Жаштардын атына жамынып тыңгылыктуу иш кылбаган неме, эми илимди деле жыргатпаса керек. Деңгээлин билбегендерге айла жок тура...
Кыргызстандан агарып-көгөргөн Бейбит Исабаев
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси, дасыккан дипломат Бейбит Исабаев кандидаттык ишин өлкөсүнөн коргосо, докторлук эмгегин Кыргызстандан жактаган. Кызыгы, соңку эки жылда Казакстандын атайын кызматын экс-жетекчиси баштаган ондон ашык чиновник биздин өлкөдөн докторлук жактаганга үлгүрүшкөнү эмнени билдирет? Илимпоздордун күбүр-шыбырына караганда, илимий-иш жактаган соң жетекчилердин "оозун майлап-сүттөмөй" өнөктүгү менен "ырым-жырымдары" Кыргызстанда арзаныраак тура. Казак ашыналар бизге келип иш жактаарда кыкеңбайский илимпоздордун көңүлү кадимкидей куунак болуп калаарын жаш илимпоздор айтып калышат. Илимий иш жактатууну бизнеске айлантып, байып алууну өздөштүргөн биздин академик, профессорлордо нысап деле калбай калды го. Анан кантип ушулар илимди жарытышсын?!

Калыгул Бейшекеев