Спортсмендерди коркутуу башталдыбы?
ИИМдин кызматкерлери Анапияевди коргоп чыккан спорт­смендерден түшүнүк кат жазууларын талап кылышты. Адвокат Данияр Мамановдун президентке, спикерге, башкы прокурорго, ИИМге кайрылуусунда ушул жөнүндө айтылган. Буга чейин КРнын спорт коомчулугу отуздан ашуун спортсмендердин атынан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "президенттин мурдагы администрация жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө катышы бар" деп айыпталып жаткан "Алыш" эл аралык федерациясынын президенти Алманбет Анапияевдин ишин адилет кароону өтүнүшкөн болчу. Азыркы учурда Анапияевге эл аралык издөө жарыяланган."Эң кызыктуусу, бул кат ар түрдүү интернет ресурстарда жана гезиттерде жарыялангандан кийин башталды. Катка кол койгон белгилүү спортсмендерге ИИМдин кызматкерлери одоно түрдө: "Эмне үчүн кол койдуң?" деген сыяктуу суроолорду беришип, "түшүнүк кат" жазууну талап кыла башташты.
Ачык катта баары эле айкын жазылган, бирок, ИИМдин кызматкерлери ошого карабастан "түшүнүк" кат жазууну талап кылышууда. Мыйзамга ылайык, эч ким, эч кандай шартта түшүнүк кат жазууга милдеттүү эмес. Эгер ИИМ органдарына ошончолук эле керек болсо, козголгон кылмыш ишинин алкагында чакыруу кагазын жиберип, түшүнүк кат жазууга эмес, суракка чакырышы керек болчу. Укук коргоо органдары түшүнүк кат алууга укуктуу. Бирок, түшүнүк кат алуу укугу жарандар ошондой түшүнүк катты берүүгө милдеттүү дегенди билдирбейт. Демек, мындай мыйзамсыз "түшүнүк кат алуу" коркутуу максатында жасалууда. Анда сөз эркиндиги кайда калат?
Мындай "түшүнүк кат" алуулардын ыкмасы, кызматкерлердин тобу спортсмендердин үйүнө келип, же кабинетине чакырып, орой түрдө түшүнүк сурашкандары да таң калыштуу. Кыязы, ИИМдин кызматкерлери кайрылуунун маңызын түшүнүшкөн эмес көрүнөт. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында өзүнүн жеке пикирин билдире албайт, объективдүү укуктук жоболорду гана айкындоого тийиш катары билдирилген.
Айыпталуучуну мыйзам "күнөөсүз" деп эсептейт, аны күнөөлүү экенин табуу мүмкүнчүлүгү сот өндүрүшүнүн белгилүү бир эрежелерине байланыштуу, анда иштин баардык жагдайларына толук жана ар тараптуу соттук иликтөө жүргүзүлөт. Басым көрсөтүүнүн мындай мыйзамсыз ыкмалары менен ИИМ органдары элдин кыжырын келтирип, өз пикирин ачык кат жолу менен эмес, митинг, жол тосуу жана башка аракеттер аркылуу билдирүүгө негиз берип коюшууда. Анткени, ачык катка кол койгон ар бир белгилүү спортсмендердин артында жүздөгөн, атүгүл миңдеген күйөрмандары бар. ИИМ органдары өздөрүнүн аракети менен спорт адамдарын активдүү аракеттерге түртүшүп, 30 спортсменден турган тизме жүзгө, миңге чейин көбөйүп кетиши мүмкүн. Анда "түшүнүк кат алууга" дегеле мүмкүн болбой калат.
Президенттин дарегине жазылган ачык катта "Анапияев Кыргызстанга кайтып келип, кылмыш ишин мыйзамдуу иликтөөгө көмөктөшүүгө даяр" деп айтылган. Буга ИИМ кубанууга тийиш эле. Алар болсо кубанышкан жок. Демек, бул ИИМ Анапияевдин өлкөгө кайтып келип, көрсөтмө берүүсүнө кызыкдар эмес экендигин билдиреби? "Спортсмендер тынч, токтоо кишилер болушат, бирок, алар өз укугун коргош үчүн бириге турган мезгил келип калды окшойт" деп жазылган кайрылууда.




"Алманбет жакшы адам"

Ошентип, эл аралык белбоо "Алыш" федерациясынын президенти, кыргыздын туу көтөрчү жигиттеринин бири, учурда адилетсиз саясаттын айынан алыста жүргөн Алманбет Анапияевди мекенине алып келүү тууралуу демилгелер көтөрүлө баштады. Болгондо да Каныбек Осмоналиев, Орзубек Назаров баш болгон көрүнүктүү 36 спорт жылдыздары кол коюп, Алманбет Анапияевди мекенине кайрылып келүүсүн жана ага карата адилеттүү тергөө амалдары жүрүүсүн суранышууда. Мындай демилгелерден кийин бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу катын жазууга маданият өкүлдөрү, журналисттер журту козголду. Анапияевдин жакшылыгын көргөн коомчулук катмарларынын өкүлдөрү президентке чейин кайрылууга кам көрө баштады. Спорт жылдыздары жана күйөрмандары баш болуп, колдоого алган элдин демилгеси жакында Алманбет Анапияевди өлкөсүнө келүүгө өбөлгө түзөт өңдөнөт. Мекенден сыртта жүргөнүнө карабай журтташтарынан кабар алып, спорт, маданият жана башка коомдук аярлуу катмарына кайрымдуулук кылган меценат Анапияев өз өлкөсүнө келгенге неге болбосун? Керек болсо, мындай демилгелерди коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу ар тармак өкүлдөрү да колдоого алып, эл уулуна жылуу пикирлерин тынбай жаадырышууда. Биз дагы элдик пикирлерди угуп көрөлүчү?..

Нургазы Анаркулов, "Майдан kg" гезитинин башкы редактору:
-Элибиздин патриот уулдарынын бири катары Алманбет Анапияевди билем. Бул инсанга күч органдары тараптан адилетсиз куугунтук болуп келгенин кантип танабыз? Мен Анапияевдин Кыргызстанга келишин колдойт элем. Дал ушундай жигиттер спортубузду көтөрүп, улуттук сыймыгыбыз катары элге иштеп берерине ишеним бар. Андыктан, жакында Алманбет мырза мекенине кайтса, "ага карата акыйкаттуу гана чечимдер чыкса" деген үмүттөмүн. Кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн патриотторду неге көрө албайбыз? Ошон үчүн өспөй, өнүкпөй жатабыз да...

Абдимуталип Кочкорбаев, ЖК депутаты:
-Алманбет Анапияев эң ириде элдин татыктуу уулу. Мындай балдарга кыргыздын сыймыгына жана улуттук духту коргоочуларга - жеке пикир келишпестиктерден улам гана шектүү караган болбойт. Эгерде алар мыйзам бузган болсо, анда мыйзам боюнча жооп беришет, бирок, Алманбеттей жигиттердин мекенге жасаган салымдарын эске алуу менен куугунтукка жана репрессияга алынбашы керек.

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты:
-Алманбет Анапияев, эгерде аны акыйкаттуу жана объективдүү соттой турган болсо, Кыргызстанга келүүгө даяр. Маселен, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине юридикалык баа берилгенин, ага карата сот өтүп, Жогорку Сот өкүмдү тастыктаганын айтты. Мага спортчулардан кат келди. Ага 36 адам кол коюптур. Алар Анапияевге Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшүп, бирок, так жана объективдүү тергөөнү камсыздоону суранышты. Ишти УКМК же башкы прокуратура кароосун өтүнүп жатышат. Андыктан, Алманбетке карата адилеттүү тергөө амалдары жүрүшү зарыл.

Максат Кунакунов, экс-депутат:
-Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт? Андыктан, ар бир Кыргызстандык жигит башка мамлекетке качпай, кандай гана кырдаал болбосун, тикесинен-тик туруп, кандай гана сот болбосун өзүнүн мамлекетинде чындыкка жетишүү керек. Алманбет мырза дагы ошолордун катарында...

Арстанбек Абдыманов, теле-продюсер:
-Алманбеттей мекенчил жигиттин мекенине келишин колдойм... Биринчиден, баарынан да мекенинен алыс болгон жаман. Экинчиден, ал жакшы адам. Элибиз үчүн алыста болсо да алгылыктуу иштерди жасап атат. Андыктан, Алманбет Анапияевге көз-карашым түз. Кыргызстанга келишин колдойм.

Канжар Борпошев