Ой, бул ким, ыя?
(Башы 1-бетте)
Азыр деле бийликтин эл менен иши жок. Өлүп атасыңбы, тирилип атасыңбы, кайдыгер бийлик өз иши менен алек. Эл - өз иши менен алек.
Ушундай учурда мындай күтүүсүз иш болот деп ким ойлоптур: "Апрель революциясынын" төртүнчү жылы болор алдында бийликтин эң тажрыйбалуу саясый шылуундарынын кезектеги оюнунан от чыгып, кезектеги дилетант, "галдирбай" премьердин ордуна кесипкөй, интеллектуальный технократтын келиши көпчүлүк эл үчүн табышмактай эле болду:
-Ой, бул ким, ыя?
-И-и, баягы, "Кумтөр" боюнча кыйын чечим кабыл алынып жатканда өкмөттүн үч мүчөсү "калыс" чечим кабыл алып, Жантөрө Сатыбалдиевдин куйкасын куруштургандардын бириби?
-Ооба, ошолордун биринчиси!..
-Демек, бул адамдын өз билгени, өзүнүн түшүнүгү жана өзүнүн жеке позициясы бар экен да?..
-Ооба, ошондой.
Айтайын дегеним, ашкере саясатташып кеткен кыргыз коомчулугунда канча адам болсо, албетте, премьерлик кызматка жаңы киришип жаткан адам тууралуу да ошончолук ой-пикир болушу, айтпаса да түшүнүктүү.
Ошондой болгон күндө да өнүккөн өлкөлөрдүн жашоо-турмуш принциптерине көңүл бурсак, азыркы биздин жашоо-турмушубуздан айырмаланып турган алардын бир өзгөчөлүгүн көрбөй коюуга мүмкүн эмес. Ал "өндүрүшсүз өнүгүү мүмкүн эмес" деген принципиалдуу түшүнүк. Бул жагынан алганда, биз дагы кыргызстандыктар, эртеби-кечпи, баары бир, акырындап болсо дагы - рынок экономикасы эмес - базар экономикасынан (далдалчы, чекене, дүң соодагерчиликтен) баш тартып, эртеңден баштап өндүрүшкө өтүшүбүз зарыл. Болбосо, баягы эле, Борбордук Азиянын "банановый республикасы" деген маскарапоз ылакап аттан кутула албайбыз.
Кыргыз мамлекетинин бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон кен-байлыктарын, таза суу, салкын төрүн, ак мөңгү, көк жайыктарын, эрктүү-тектүү, кең пейил жана эмгекчил элин эске алганда, минтип, экономикалык жактан көрүнгөндүн көзүн карап, дүйнөлүк банктарды кармап турган жөөттөрдүн колун гана эмес, көчүгүн да жалап, адам баласынын жандүйнөсүн жабырланткан аеосуз жакырчылыкта жашап жатканыбыз, Кудай гана эмес, кыбыраган курт-кумурскага да жакпай турган көрүнүш эмеспи!..
Ошол себептен, бул куураган куу турмушта өкмөт тарапта оң жагына кичине эле жылыш болуп баратса, жаш баладай кыялкеч жана үмүткөр кыргыз эли жакшы жагына жоруп, "жаманбы-жакшыбы, туруктуу мүнөзү менен көпчүлүк депутаттардын ишенимине ээ болгон, билимдүү технократ, дымагы күч жапайы кыргыз жетекчилерине окшобогон, жөнөкөй, кыргыз-орус-англис тилдеринде эркин сүйлөгөн, орто муундун жаңы өкүлү катары өз ишин жакшы жол менен алып кетээр" деген үмүт менен жашагыбыз келет. Ошол эле убакта Жантөрө мырзанын кошоматчылары ары карап ыйлап, бери карап күлүп, көрө албастыктын айынан кылдан кыйкым издешип, биринен-бири аша чаап, кокуйлаган кошоктору менен коомчулукту үркүтүп, "кокуй, батышчылар келатат, кокуй, орусчулар келатат!.." дешип, өлкөдө туруксуздукту, ишенбөөчүлүктү пайда кылууга аракет жасап жатышканы өзгөчө өкүндүрөт...
Эми аларга айла жок деңизчи, бир гана каалоо-тилек башкаларга кесепеттерин тийгизишпей, өз баштары менен эле кете беришсе болгону. Ошол себептен, жаңы келген үмүткөр премьер-министрдин алгачкы кадамдарын жана бажы биримдигине кирүү позициясын ачык эле колдоп, Кыргыз мамлекетинин өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмер катары өзүмдүн оюмду айтып, эмнеден сак болуп, эмнеге өзгөчө көңүл буруу керектиги тууралуу ой бөлүшкүм келет. Биринчиден, Кыргызстандын экономикасын реалдуу түрдө чыңдоого азыркы жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн күчү да, кудурети да жетпейт. Анткени, экономиканын өзөгү болгон өнөр-жай тармагы эгемендүүлүктүн алгачкы он жылдыгында эле түп-тамырынан бери талкаланып, Адам Смиттин "рыночная экономика" деген классикалык түшүнүгү Акаевдин ойлоп тапкан "кайра куруучу базар экономикасынын" тепсендисинде калган. Эми базардан кайтып, ишканага барып оокат кылыш үчүн, жок дегенде ишкана эмне экенин түшүнгөн, аны иштете алган өкмөт керек. Анткени, Акаевден бери ушул убакытка чейин өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, президенттер, алардын үй-бүлөлөрү жана жоро-жолдоштору болуп ишканалардын баарын, бекер оокат катары, алы келишинче талап-тоноп бүтүшкөн жана азыр дагы иши бар каалаган ишкананы талап-тоноого даяр турушат. Мисалы, баарыбызга белгилүү "Кумтөр" алтын кени бүгүнкү күнү Дүйнөлүк Форумдун мүчөлөрү менен Кыргызстандын шылуун жетекчилеринин ортосунда чөөлөр менен таз жорулардын ортосунда талашка түшкөн тарп болуп калганы баарыбызга белгилүү жана абдан өкүнүчтүү факт! Роза Исаковна айткандай, "Кумтөр" боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө англис тилин билбеген, алтын маселесин түшүнбөгөн (дөдөй) өкмөт мүчөлөрү менен биз аны эч качан өзүбүздүн пайдабызга иштете албайбыз!" Эми мына, жаңы өкмөт жетекчисинин айтымына караганда, "Кыргыз мамлекети келечекте бажы биримдигине бет алып, 2017-жылга карата экономикалык эркин өнүгүү жолуна түшкөн 40 өлкөнүн бири катары иш алпарууну максат кылып турат". Демек, жаңы премьер-министрдин логикасын андан ары улантып, дүйнөлүк эркин өнүгүү экономикасынын эрежесине кайрылсак, иштин башында өкмөттүн эң күчтүү кесипкөй адиси, өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри турушу керек. Албетте, ал биринчи кезекте "Кумтөр" маселесин Кыргызстандын пайдасына чече ала турган патриот инсан, эл аралык сүйлөшүүлөрдө тажрыйбасы мол адис жана англис тилин жакшы билген юрист катары иш алпарышы керек. Буга ким жарайт? Албетте, Тайыр Сарпашев эмес. Анда ким? Балким, Равшан Жээнбеков болуп жүрбөсүн?..
-Ал улуттук оппозициянын лидери да...
-Эми кечиресиз, алар улуттук оппозициянын мүчөлөрү жана анын лидерлери эл душмандары эмес да! Тескерисинче, алардын көпчүлүгү кыргыз элинин белгилүү мамлекеттик ишмерлери, кесипкөй, патриот инсандары.
Экинчиден, эски өкмөттөн жаңы өкмөттүн курамына альтернативасыз өтүп келген кай бир министрлердин кыргыз мамлекети үчүн жасаган иштеринен пайдасынан зыяны көп экени жалпы коомчулукка кеңири белгилүү. Мисалы, экономика жана каржы министрликтери тарабынан Кыргыз мамлекетинин экономикасына жасаган ачык жана жабык чыккынчылыктары Кыргызстандын жаңы тарыхында "№1 жана №2 троян жоргосу" деген каймана аттар менен калышы шексиз. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын жаңы тарыхында кыргыз элине азыркы кыйчалыш убакта акыл-эси, артыкчылык адистиги жана абийирдүүлүгү менен кызмат кылып бере турган патриот инсандары белгилүү же белгисиз себептер менен мамлекет жетекчилеринин көз жаздымында калып келишет. Мисалы, кыргыз мамлекетинин маданиятына, рухий байлыгына, укук коргоо кызматына, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүшүнө, коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттүүлүктү коргоо жаатында үзүрлүү эмгектери менен көзгө көрүнгөн инсандарыбыз толтура. Аларды жана башка татыктуу кесипкөй инсандарыбызды өз орду менен жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматтарга тартуу азыркы убактын талашсыз талабы катары ойлойм. Төртүнчүдөн, Кыргызстандын экономикасына алтындан артык кызмат кыла турган уникалдуу өнөр-жай өндүрүштөрүбүз дагы бар экенин айткым келет. Мисалы, Таш-Көмүр кремний заводу. Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты деген 5 мамлекеттин (АКШ, Жапон, Германия, Италия жана Малайзия) 10 чакты ири компаниялары жылына 20 миң тонна кремний иштетип чыгышат. Ошолордун ичинде Кыргыз республикасы дагы Советтер Союзунда биринчилерден болуп кремний өндүрүшүн кура баштаган. Себеби, кремний өндүрүшү абасы таза, суусу кенен, энергиясы жетиштүү жана кварцит кени чыккан жерде гана пайдалуу иштеп кетиши мүмкүн. Ушундай уникалдуу керемет жер, Американын "жапайы батышында" орун алган "Силиконовая долина" деген кыпындай да чаңы жок, күнү-түнү туруктуу салкын сыдырым жел жүрүп турган кенен өрөөнгө окшош шарттуу жер Нарын дайрасынын жээгинде, Таш-Көмүр шаарчасынын үстүндө жайгашкан. Турмушта мындай мүмкүнчүлүк адамзатка бир гана жолу берилет.
Улуу Теңир, талашсыз тагдыр жана сырдуу табият Кудайым сүйгөн кыргыз элиме ушундай мүмкүнчүлүктөрдү берген экен. Таңгалыштуу да, татыктуу да.
Союздун жардамы менен курулган завод 1992-жылдан баштап биринчи продукцияны (трихлорсилан жана кварц тиглдерин) чыгара баштаган. Ишкана 1995-жылы өкмөттүн токтому менен Мамлекеттик акционердик коом (МАК) "Кристалл" болуп калды. 2000-жылы Малайзия менен кызматташуу Меморандуму түзүлүп, 2002-жылдан баштап кадимки бүткүл дүйнөлүк электрондук маркага тете таза кремнийдин биринчи партиясы чыгарылган. Бул окуя Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн ат көтөргүс жетишкендик эле. Бирок, бул жетишкендик ач көз кыргыз чиновниктери үчүн коколоруна сайылган шибегедей эле болду. Башкача айтканда, малайзиялык "Мимос" компаниясы аркылуу МАК "Кристаллга" келип жаткан инвестициялык агым Акүйгө кирип кетип, ошо бойдон чыкпай калды. Ошо бойдон ишкана да токтоп калды.
Баарыбыз (ишкананын иши менен байланышкан адистер) чуркурап, Акүйгө чейин алты жолу бардык. Акаев баштап, ашканасын кайтарган машкесине чейин билсе да билмексен, укса да укмаксан болушуп, аягында "алгандарды Манас атанын арбагы урсун!" деп, суудан кургак чыга беришти.
Кийин Акаевдин схемасын бакиевдер да улантууга аракет кылышты, бирок, чөнтөгүндө ашык 10 млн. доллары бар келесоо инвесторлор чыкпай койду көрүнөт. Ошол эле схема кийин, Убактылуу өкмөттүн убагында да изденүү аракетинде болду, өзгөчө россиялык инвесторлордун арасында, албетте, "шапкеси" менен кошо...
Акыры, айласы кеткен өкмөт өткөн апрель айында ишкананы банкрот катары 4,6 млн. долларга сатып жана анын профилин минералдык жер семирткичти чыгарууга ылайыкташтырып иштетүүгө тендер жарыялап жиберди. Бирок, эч ким келген жок. Анткени, ал жер минералдык жер семирткич эмес. Электрондук таза кремнийди чыгарууга ылайыкташкан. Эгерде азыркы өкмөттүн акылы жетип, эл аралык аферисттер аркылуу эмес, белгилүү "Нобель" премиясынын лауреаты, академик Александр Михайлович Прохоровдун эң мыкты окуучуларынын бири, биздин жердешибиз, эл аралык информатизация академиясынын академиги Кылычбаев Турсунбек Баевич аркылуу иштин көзүн билген белгилүү россиялык фирмаларга чыгып сүйлөшсө эч кандай "шапкесиз" эле ишкананы кайра бутуна тургузуп, кыргыз экономикасынын эң баалуу жана эң негизги өндүрүш тармактарынын бири - электрондук кремнийди иштетип чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк ишке ашып калса, ишкананы кайра курууга кеткен 50-60 млн. доллар үч жылдан кийин 500-600 млн. доллар киреше алып келет. Демек, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП - ВВП) көлөмүн 50 пайызга жогорулатууга жетише алабыз. Ошондой эле "Кумтөр" алтын кенинин өндүрүшү да кыргызстандыктардын пайдасына иштеп кете алса, мындан үч жылдан кийин - 2018-жылы Кыргызстандын ИДП - ВВП көлөмү орточо эсеп менен 100 пайызга жетиши мүмкүн. Ушундай бийик нотада мен жана менин кесиптештеримдин атынан Кыргыз мамлекетинин өкмөт башчысы, Урматтуу Жоомарт Кайыпович мырзага, анын иш алпаруу демилгеси менен Кыргыз мамлекети келечекте бажы биримдигине бет алып, 2017-жылга карата экономикалык эркин өнүгүү жолуна түшкөн 40 өлкөнүн бири катары болушуна чоң ишеним арта турганыбызды билдиребиз. Ошондой эле Кыргыз мамлекетине жана кыргыз элине чын ниетинен жана абийирдүүлүк менен кызмат кыла турган кесипкөй инсандарыбыз жана көпчүлүк уул-кыздарыбыз дайыма даяр экенин айта кеткибиз келет.

Урматым менен
Карыбай Турусбеков