Акаевдин мааракесине даярдыктар башталды
Тунгуч президент Аскар Акаев быйылкы күздө 70 жашты карытат. Анын бир кездеги эбегейсиз жакшылыгын көргөн жандоочтору Акаевди өлкөбүзгө алып келип, мааракесин өткөрүүгө бар аракетин көрүшүүдө. Өзгөчө президент Атамбаевдин кеңешчиси Абдил Сегизбаев мурдагы шефинин өлкөбүзгө кайтышына бар аракетин кылып жатканынан кабардар болдук. Бу эргулдун академик Акаевди аңга түрткөнү айтылып келет. Эми күнөөлөрүнөн арылууну ойлогонбу? Баса, экс-президенттин мааракеси тууралуу президент Атамбаев үн катып, тоюн өткөрүүгө "добросун" бере элек экен. Атамбаев бир кездери Акаевден көргөн ыдыктарын кечиреби?..


ИИМге кулак кагыш!
Эсиңерде болсо, мындан туура бир ай мурун 4-майда саясый илимдердин кандидаты, бакандай эки университеттин доценти Чолпонбек Сыдыкбаев белгисиз зөөкүрлөр тарабынан катуу сабалып, токмок жеген. Жарым жан абалында ооруканага жаткырылган Сыдыкбаевди сабагандар ушул кезге чейин кармалыша элек. Окуя боюнча кылмышкерлерге илинчек табылганы менен Сокулук РИИБнин из кубарлары кылмышкерлерди табууда алсыздык кылып, эч бир жыйынтык кыла алышпады. Окуя боюнча кезегинде биздин гезит министр А.Суранчиев менен Чүй ОИИБ башчысы Капар Баатыркановго кулак кагыш кылган элек. ИИМ болсо, "бул ишти министр Суранчиев жеке көзөмөлүнө алды" деп ооздорун "куу чөп" менен сүртүшкөн. Андан бери ИИМден да, кылмышкерлерден да дайын жок. Муштумдун ­уусуна ууккан Сыдыкбаев жана анын тарапташтары бул окуяга нааразы болушуп, парламент депутаттарына жана президенттик аппаратка акыйкат издеп кайрылары маалым болду. Суранчиев менен Баатырканов бул иш боюнча эмне дешет? Тымпыйбай үн катышпайбы?..


Ташиевдин үйүнө чогулган "кочкорлор"
Өткөн аптада Камчыбек Ташиевдин үйүнө коркпой-үркпөй эле Р.Жээнбеков, К.Кадыров, М.Абылов баштаган оппозиционерлер чогулуп, алдыдагы пландарды талкуулашканы маалым болду. Уй мүйүз тартып, ай тегерек столго чогулган үлкөндөр алдыдагы максаттарын кеңешип, жакынкы күндөрү тегерек стол, конференция жана үлкөн жыйындарды өткөрүүнү пландашууда. Албетте, күзгө карай "чоң чабуулду" дагы башташат окшойт. Булардын дараметтерин күзгү жүрүштөрдөн байкайбыз го.


Талант Өмүркуловго жаза жокпу?
Бакиев доорунда Балыкчы калаасын бийлеген мэр Талант Өмүркулов жаз алды менен ТИМ алдындагы "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башчылыгына дайындалган. Мындай адилетсиздикке жаны ачыган Балыкчы калаасынын тургундары гезит аркылуу президент Атамбаев, спикер Жээнбековго кайрылышкан. Өлкө жетекчилери килейген калаа тургундарынын айтканына кулак салбай, Өмүркулов бүгүн "кыңк" этпестен кызматында отурат. Бул нойон кандуу режим тушунда бакиевдерге артын такап, андагы Атамбаев баштаган оппозицияны Балыкчыдан кууп, алдын сабап, "атамекенчи" Болот Шер баштаган активисттерди ит талаган түлкүдөй мамиле жасагандыгын унута элек болду бекен? Атамбаевдин андагы Кадыров, Асанакунов, азыркы депутат Жамгырчиева, Иманкожоева баштаган командасына көргүлүктү көргөзүп, оппозицияны Балыкчыдан чилче тараткан Өмүркуловду бул бийлик кайсы критерийи менен кызматка алып келди? Капчыгындагы пулу үчүнбү? Же президенттик аппарат башчысынын орун басары Дүйшөн Ирсалиевдин досу болгону үчүнбү? Ушуга окшогон соболдорду Такебизге жолдоп турубуз. Бир кездери оппозицияны талоонго алгандай жүрүшү менен жооп бергенге жарайбы? Эгерде духу жетсе...


Океңдердин назарындагы Марат Султанов
Депутат Марат Султановдун чечекейи-чеч болуп, көңүлү куунак жүрөт. Чычканга кебек алдырбаган Султановго ушул күндөрү Орусия төбөлдөрүнүн көз-карашы түз экендиги, келээрки парламенттик жана президенттик шайлоолордо океңдер Султановго "ставка" коеру эмитен болжолдонуу­да. Эсиңерде болсо, А.Акаев учурунда президенттик аппаратты жетектеген Марат Султановдун биртууган үкөсү О.Султанов Кремль тарап менен кызуу мамиледе болгону, алдыдагы аламан жарыштарда агасын катуу сүрөөнгө алаары Аксарай ичинде күбүр-шыбыр кепке айланды. Анан калса, О.Султанов Москвада күчтүү бизнес жүргүзөөрү бизге маалым. Бу өңүттөн караганда, пул жагынан султановдордо коркунуч жок. Ала жаздан бери "Газпромду" жетектеген экс-министр Болот Абилдаев да соңку убакта М.Султанов менен байма-бай жолугушуп, келечек пландарды талкуулап жатышканынан кабардарбыз. Абилдаев Россиянын "Газпромун" жетектеген А.Миллер менен группалаш, жакын достордон экендиги белгилүү. Андыктан, Марат Абдразаковичке шамалдын кай жагынан согуп жатканын баамдасаңар болот. А.Атамбаев жана анын командасы М.Султановго карата "океңдер менен иштешип, бизге атаандаш болот" деген чочуркоосу бекеринен болбосо керек. Эми Алмаз Шаршенович күчтүү финансистти "конкурент" тутуп, кодулабайбы? Көрө жаталык...


Көмүскөдө жашынган Гаипкуловдун фокус-мокустарынан
Маркум Медет Садыркуловдун көздөй кадры Искендер Гаипкулов ушул күндөрү Мелис Мырзакматовго таандык "Улуттар Биримдиги" партиясын сүрөөнгө алып, борбордук штабда кө-өп интригаларды "быкшытып" коюп отурат. Табиятынан "көшөгө артынан" күрөш жүргүзгөндү "катта" өздөштүргөн Гаипкулов лидери Мырзакматовго эч бир оппозициялык топко же бийликке каш кайтаргандарга кошулбай, баардык саясый иш-чараларга байкоочу катары гана катышууга үгүттөгөнү чынбы? Эсиңерде болсо, мэрлик жарышта жыдып калган Мырзакматов борбордук бийлик менен ачык күрөшүүгө батынып, опурулуп алган. Андан бери дымы чыкпай, өз арбайын согуу менен алек. Эми Гаипкуловдун акыл-насааты алдында саясый күрөш жүргүзсө, келечеги кандай болот? Ушундай секреттерди Искендер мырза бизге ачыктап берсе кантет?


Деңгээлин билбеген Чыныбай Турсунбековдун саясый жүрүштөрү
Аз күн мурун КСДП башчысы Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге "атамекенчи" министр Калыкбек Султанов менен жаштар министри Алиясбек Алымкуловду алмаштыруу боюнча өтүнүч кыйытканы, экс-тегирменчинин сунушуна Оторбаев моюн толгоп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралганы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды. Албетте, Чыныбайдын өтүнүчүнө Оторбаев шефи Текебаевдин буйругусуз "быш" этип да койбосу айдан ачык. Дал ушул жагдайда экөөнүн ортосуна жарака кетип, интрига башталганы кабарланды. Таңгөрү, ушул Чыныбайды мамлекеттин, ага кошуп министрлердин тагдырын калчатпай, анын ишмердигин прокуратура казып көргөндө не? Бакиевдин кандуу режиминде "гүлдөгөн" немени төбөбүзгө чыгардык го?


Алай экинчи Аксыга айланбайбы?..
Камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун алайлык жердештери кан жолду аччудай эмес. Буга чейин жол бууган элге бир катар депутаттар барып, талаптарын угуп келишкени менен бийлик алардын маселелерине "кыңк" этип да койгон жок. Алайлык депутаттар И.Исаков, Б.Мамырова, Ж.Жолдошева баштаган эл өкүлдөрү жердештеринин талаптарын угуп, борбордук бийликке эмне дешет болду экен? Ал эми Алайдын тоо жүрөк эли бийликтин чабуулунан коркпостон эле салгылашууга бара турганын ачыкташты. Кокус кырдаал курчуп, Алайда экинчи Аксы окуясы катталып кетпейби? Кызык, Атамбаев мырза Келдибековго не анча "сөөк өчтү" мамиле кылып жатат? Абалы оорлогон депутат бийлик үчүн Батукаевден да өткөн кылмышкерби? Акыйкат үнү ­муунчу болду го...


Садыр Жапаровдун "Жыргалаң" шахтасы мамлекетке өтөбү?
Алыста туруп, кооз сүйлөгөндү адат кылган экс-депутат Садыр Жапаровго таандык "Жыргалаң" шахтасынын лицензиясы мамлекетке алынаарын бир курдай губернатор Каптагаев кыйытып, жапаровдор династиясына сөөмөй кезеп алган. Кызылдай каражат түшчү каржы булагынан айрылбаштын амалына өткөн Садыр Жапаров Россия, Казакстандан тарта инвестор издеп жатканынан кабардар болдук. Каптагаев шахта тууралуу сес көрсөткөнүнө караганда, Жапаров байлыгынан кол жуубайбы? Бийлик дал ушул маселенин тегерегинде жергиликтүү элди Садыр Жапаровго каршы "октоп", шахтаны мамлекетке өткөрдүрүп алууга камылга көргөнү каңкуланууда. Мамлекетке алынса го жакшы. Ортодон бийлик "жорулары" илип кетпесе болду го.