Турсунбек Акун, элдик акыйкатчы:
"Нарынбаевдин эки жүздүүлүгүн Бекназаров далилдер менен айтып берди"

Буга чейин президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев классташы Турсунбек Акундун "Азия Ньюс" гезитине берген маегин бетке кармап, сотко берген. Гезитти дагы. Кечээ 16-апрелде кезектеги соттук процесс болуп, чечим бүгүн саат 9:30да чыкмай болду. Сот жараянынан чыккан экс-акыйкатчыны кепке тарттык.

-Турсунбек мырза, бүгүнкү сот процесси боюнча маалымат берсеңиз?
-Президенттин оң колу Данияр Нарынбаев мени үч ай мурун силердин "Азия Ньюс" гезитине, ал жөнүндө айткан "Атамбаевдин түбүнө Нарынбаев жетеби?" деген пикиримди бетке кармап, сотко берген. "Аброюма, ар-намысыма шек келтирип, каралады" деген таризи менен. Бул боюнча коомчулук деле кабардар болсо керек. Сотко берүү менен менден бир миллион, "Азия Ньюс" басылмасынан 116 миң сом өндүрүүнү талап кылып жатат. Мен силердин гезитке Нарынбаевди "шүдүңгүт, мите курт, эки жүздүү, крыса, президентти жардан кулатканга жардам берет, интриган, Акүйдө отуруп алып, баардык интриганы уюштуруп жаткан ошол" дегендей пикирлеримди айткам. Ошол айткандарымдын көбү туура. Менин ошондой кептеримди "туура эмес" деп чычалап, сотко берип жатат. Мен эле эмес, Данияр Нарынбаевдин эки жүздүүлүгүн, бийликти жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканын сотко күбө катары келген Азимбек Бекназаров да далилдер менен айтып берди. Тарапташ, күйөрмандарым мени колдоп, пикет өткөрүштү. Ал гана эмес, Топчубек Тургуналиев, Бакыт Бакетаев, Качкын Булатов баштаган коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандардын Нарынбаевдин "эки жүздүүлүгүн" далилдөө боюнча пикирлери да соттук жараянда айтылды. Эми 17-апрелде соттун чечими чыкканы турат. Көрө жаталык.
-Учурдагы "гумандуу" соттор Нарынбаевдин алдында "бийлегенге" даяр да. Соттон айып салынса, төлөөгө мажбур болуп калбайсызбы?
-Эмнеге мен ага бир миллион төлөшүм керек экен? Эгерде райондук сот олчойгон сумма төлөө боюнча чечим чыгарса, мен жогорку инстанцияларга кайрылам. Токтоп калбайм. Жөн калбайм да, мени басмырлап, куугунтук кылып жатканы үчүн аны дагы сотко берип койдум. Ал мени бир миллион сомго доого жыккысы келсе, мен аны "беш миллион сом төлөсүн" дедим. Мени кызматтан кетирип, жаманатты кылуунун башында дал ушул Данияр турат. Бул эрен мени такыр эле жок кылып, басынтып, куугунтук кылып жаткандыгын соттук процессте жарыя кылдым. Менин Данияр Нарынбаев жөнүндөгү "шүдүңгүт, мите курт, эки жүздүү, крыса, президентти жардан кулатканга жардам берет, Акүйдө отуруп алып, баардык интриганы уюштуруп жаткан ошол" деп айткандарымдын баары туура. Жалгыз гана "мите курт, крыса" дегеним кичине осолураак болуп кеткен. Аны деле жаным кашайып, ачуум менен айтып алгам. Укук коргоочу катары Нарынбаевди жаныбарга же айбанатка теңебешим керек эле. Мындай катачылыгымды соттон деле түшүндүрүп айттым. Кыскача ушундай. Дегиңкиси күрөш токтобойт. Чатакты мындан ары да катуу
салам!

Ийгилик
Болсунбаев





Украинада чатак ырбады
Reuters агенттиги күбөлөрдүн айткандарына таянып, Донецк облусунун Славянск шаарына Россиянын желегин желбиреткен беш БТР киргенин билдирди. Россиянын "РИА Новости" агенттиги болсо, Украинанын бийликтери Краматорскиге элдин көтөрүлүшүн басуу үчүн жиберген алты БТР экипажы менен ополченецтер тарабына өтүп кетишкенин кабарлоодо. "Биз аларды темир жол вокзалына жакын жерден жолуктурдук. Жоон топ аялдар алардын алдын тосуп, биз өз укуктары үчүн күрөшүп жаткан тынч адамдар экендигибизди, арабызда эч кандай террористтер жоктугун айтсак, жол баштаган БТР Россиянын желегин тагып алып, биздин ополченецтер менен чогуу Славянск тарапка кетти" дейт окуянын күбөсү.
Март айынан бери Украинанын чыгышында федералдаштыруунун тарапкерлеринин митингдери өтүүдө. Өткөн дем алыш күндөрү өздөрүн "Донбасстын элдик ополчениесинин мүчөлөрүбүз" деп атаган кишилер Донецк облусунун бир нече шаарларында милиция бөлүмдөрүн жана административдик имараттарды басып алышкан. Украинанын бийликтери буга жооп кылып, армияны тартуу менен ири масштабдагы операция башталганын жар салышты. Шейшемби күнү Украинанын күч түзүмдөрү Краматорскидеги аэропортту ээлеп алышты. Айрым маалыматтар боюнча, аэропортко чабуул коюу учурунда ополчениенин төрт (дагы бир маалыматтар боюнча 11) өкүлү окко учкан. Украинанын "УНН" агенттиги болсо, коргоо министрлигинин маалыматына таянып, бир жоокер жарадар болгонун кабарлады.
Бекбол Айдаров




ОБОНдордун атаманы кызматтан кетсин!
КР президенти
А.Ш.Атамбаевге,
КР премьер-министри
Ж.К.Оторбаевге,
КСДП лидери
Ч.А.Турсунбековго,
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге,
депутаттар Г.О Жамгырчиевага, Э.К.Иманкожоевага


Кайрылуу
Сиздерге кайрылууга себеп, бир убакта Курманбек Бакиев менен Кыдыкбек Исаевдин оң колу болуп, эч кимди көзүнө илбей тайраңдаган Балыкчы шаарынын мэри болгон Өмүркулов Талант жөнүндө.
Балыкчылыктар ошол кезде Талант Өмүркуловдун кылган ишине нааразы болуп, шаардан кууп чыгышканда, аны Кыдыкбек Исаев менен Курманбек акеси көтөрүп, Түп районуна эл болбой койгонуна карабай аким кылган. Анан Апрель окуясында түптүк туугандар сабап, аны кууп чыгышканын бүт Көл өрөөнү билет. Балыкчыдагы ууланган трубаларды алып келип салдырган ушул ойрон менен экс-губернатор Исаев болчу. Прокуратура өз колдорунда болгондуктан, булар суудан кургак чыгып, трубаны алып келген Исаевдин жээнин качырып, эч күнөөсү жокторду сотко салып берген (алар соттун баардык истанциясынан акталышты). Бүгүнкү күндө Т.Өмүркулов Балыкчыга батпай калгандыктан үйүн сатып, Бишкекке кеткен, Кыдыкбек Исаев болсо Америкага көчө качкан.
Бу жигит 2009-жылкы президенттик шайлоодо "Акжолдун" башында өзү туруп, шайлоону болуп көрбөгөндөй бурмалап, Бакиев акесин 102 пайыз менен шайлаткан. Анысы аз келгенсип, ошол кезде каршы болгон КСДПнын, "Ата Мекендин" өкүлдөрүн каматып, калгандарын куугунтуктаган. Митингдерде Атамбаевге каршы ОБОНдорду уюштуруп, өз машинасы менен ташып келип турган фактыларды видеого тартып алганбыз. Аны бүгүнкү өкмөттөн башкалар билбесе дагы ошол кездеги камалгандардын, куугунтук жегендердин бири Гүлнара Жамгырчиева толук билет. Сотко Атамбаев, Текебаев мырзалар катышып жүрчү. Сиздер билесиздер да?..
Жогорку Кеңештин 2010-жылкы шайлоосунда бул ойрон уялбастан "Республика" партиясынын Балыкчыдагы штабын жетектейм" деп келгенде, балыкчылыктар "сенин ордуң түрмөдө болуш керек болчу" деп кууп жиберишкен.
Ошол Талантты бүгүнкү күндө өкмөт эң "майлуу" орунга, "Кыргыздипсервис" ишканасына башчы кылып коюптур. Мына ушуга окшогондорду кызматка койгондун өзү - революцияны, Атамбаевди, КСДПны, "Ата Мекенди" шылдың кылгандык. Балыкчылыктар буга катуу нааразы болушууда.
Андыктан, тез арада Талант Өмүркуловду кызматтан алып (анын жеп-ичкендиктери жөнүндө көптөгөн материалдар бар) аны ким ушул кызматка койсо, ошону дагы кызматтан алуу талабын сурайбыз. Балыкчылыктар ушундай нааразычылык үчүн ар кандай иш-чараларга барууга даяр. Бул коркутуу эмес, турган иш! Биз Акаев, Бакиевдердин коркутуп, куугунтуктаганынан да коркпой, Акүйгө чейин бир нече жолу барганбыз.

Кайрылууга 500гө жакын адам кол койгон
(Кайрылуунун көчүрмөсү редакцияда сакталуу)