"Жаштар Өкмөтү" жаштар кыймылынын программасы
Республикадагы келечексиз саясый, социалдык-экономикалык абал айкын багыты жана идеологиялык негизи жок бийлик системасы жоктугунун түздөн-түз натыйжасы.
Эгемендүүлүк алгандан берки 23 жыл бою Кыргызстан өнүгүү үчүн так багыты, стратегиялык максаттары жок максатсыз темселеп келатат. Натыйжада, максатсыз улам бир жакка оой берип, эч тыянак чыккан жок. Жарыялап келаткан демократиялык укуктук мамлекетти куруу, экономиканы өнүктүрүү, айлык акыны жана пенсияларды көбөйтүү, эмгек шарттарын жакшыртуу, туризмди жана энергетиканы өнүктүрүү тууралуу ураандар өнүгүүнүн максаттары эмес, алар өнүгүү каражаттары болуп эсептелет.
Каражаттарды максаттар менен чаташтырып, биз мамлекеттүүлүктүн негизин алсыраттык. Иш жүзүндө дээрлик бүт экономика, маданият, илим, тарбия жана билим берүү сис­темасын кыйраттык. Адеп-ахлактык, рухий баалуулуктардын ордуна пайда кечтик, уятсыздык, ыймансыздык келди.
"Жаштар Өкмөтү" жаштар кыймылы Кыргыз мамлекетинин жана коомчулугунун так, айкын өнүгүү максаттарын саясый, конституциялык деңгээлде бекитүүнү сунуштайт. Негизги максат коомдун жана ар бир адамдын жашоо шартынын сапаты жогору болгон рухий, адеп-ахлактуу жана адилет мамлекетти куруу болуш керек.
1. Кыргыз мамлекетинин өнүгүү максаттары жана идеологиясынын негизи төмөнкүлөр болушу керек:
1) кыргыз элинин рухий
башаттарын жана мурасын сактап калуу жана өнүктүрүү;
2) кыргыздын өздүк улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуу жана өнүктүрүү;
3) республикада жашаган баардык улуттар менен элдердин биримдиги, ынтымакта, бөлүнбөй жашоосу;
4) мамлекеттин территориялык бүтүндүгү жана коопсуздугу, саясый жана социалдык туруктуулук;
5) адептүү жана адилет коом;
6) мамлекеттин экономикалык гүлдөп өнүгүшү, жеке ар бир инсандын жашоо шартынын жана сапатынын жогору болушу;
7) дүйнөлүк цивилизациядагы татыктуу орунга ээ болуу.

Мына ушул тарапка бет алуу керек. Бул биз сунуш кылган максаттар.
Бизде өнүгүүнүн так жана айкын аныкталган багыттары болуш керек. Ал эми идеологиялык негиздерсиз, башкача айтканда, адамдардын ортосундагы жана адамдар менен коомдун, мамлекеттин ортосундагы мамилелердин баалуулуктары жана принциптерисиз жаңы нерсени куруу жана өнүктүрүү татаал.
Ошондуктан биз мамлекет менен коомдун идеологиялык негиздерин мыйзам чыгарып конституциялык деңгээлде бекитип, жарыялап коюуну сунуш кылып атабыз. Адамзат кабыл алган жана иштеп чыккан баалуулуктар менен бирге кыргыз элине мүнөздүү баалуулуктарды да сунуш кылабыз. Мисалы, кыргыз элинин биримдиги жана бөлүнбөстүгү; кыргыздын өздүк улуттук өзгөчөлүгүн колдоо жана коргоо; адамдын жүрүш-турушунда рухий жана адеп-ахлактык себептердин материалдык кызыкчылыктардан жогору коюлушу; мекенчилдик, ак ниеттүүлүккө туруктуулук, Ата Мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу; ата-энени, улууларды урматтоо, айкөлдүк, башка элдерге меймандос жана жарык маанай мамиле кылуу, дүйнө жана жаратылыш менен гармонияда болуу; жөнөкөйлүк, токтоолук жана топуктуулук ж.б.
2. Коомчулукта рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды кайра жаратуу
Кыргыз коомчулугунда рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды кайра жаратуусуз эч кандай реформалар натыйжалуу болбойт. Жаман ойлор жана бузук ниет менен адилет, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес.
Биздин эң биринчи милдетибиз: мамлекеттик, коомдук жана жеке жарандардын турмушунун баардык тармактарын рухий жана адеп-ахлактуулук башаттарынын нугуна буруу. Мамлекет жана коомдун баардык тармактары кыргыз элинин тарыхый каада-салттары, маданий байлыктары менен багытталып, дүйнөлүк цивилизациянын дагы эң жакшы жетишкендиктерин камтышы керек. Кыргыз элинин, Кыргыз Республикасында жашаган элдердин ошондой эле ислам, христиан дининин рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктары адептүүлүктү жогорулатууну камсыздоочу негиз. Демек, экономиканы, саясый түзүлүштү жана элдин жашоо шарттарын жакшыртууга, бакубат жашоого жеткирүүгө да негиз болуп саналат.
Адамды ыймандуулук, адептүүлүк, уяттуулук, атуулдукка үндөп, ага жогорку мораль тууралуу дарс окуп, насыят айтуу пайдасыз. Жогорку адептүү система кандай адамды болсо да жакшы жакка өзгөртө алат.
Биздин алдыбыздагы чече турган маселе: мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан эң алгач чынчылдык, адептүүлүк, мекенчилдик, адистик жана жоопкердүүлүк категорияларын биринчи орунга коюп аткарууну талап кылуу.
Саясый туруктуулуктун, экономикалык өнүгүп-өсүүнүн, социалдык жактан аман-эсен, сак-саламатта болуунун, билимдүүлүктүн деңгээли, башкача айтканда, адамдардын турмушунун баардык тармактарынын деңгээли мамлекеттин адеп-ахлактык деңгээлинен түз пропорционалдуу көз каранды.
3. Саясый система жана мамлекеттик түзүлүш
Биздин программанын чечүүчү багыттарынын бири - конституциялык түзүлүштүн негизин, башкача айтканда, бийлик системасын өзгөртүү.
Тилекке каршы, парламенттик республиканы орнотуу менен биз мамлекеттик бийликтин жана муниципалдык бийлик системасынын негиздерин биротоло кыйраттык. Мамлекеттик тартиптин жоктугу, партиялар ортосунда кызмат жана портфелдерди талашуу, адистердин улам алмашуусу жана адистиги боюнча эмес, туугандык, тааныштык же пара аркылуу кызматка алынышы, мамлекеттик кызматтын туруксуздугу биздеги абал жакшы жагына өзгөрөт (!) деп эч үмүттөндүрбөйт. Бүт бийлик убактылуу абалда, алмашарын билет, "милдетин аткаруучу" деген сөздөрдөн Өкмөт гана эмес, бийликтин аткаруучу органдары да, атүгүл акыркы төрт жылдан бери биротоло аргасы түгөнүп туюк көчөгө такалгандай абалдагы бүт сот системасы да кутулбай койду.
Биз мамлекеттүүлүктүн бизге бөтөн жана чоочун болгон, башкалардын баалуулуктарына жана тарыхый тажрыйбасына негизделген үлгүсүнөн баш тартып, өзүбүздүн мамлекеттик башкаруу үлгүбүздү иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
Биздин жарандарыбыз сунуш кылган Элдик Курултай институтун элдин жогорку бийлигинин конституциялык органы болуп, анын алдында президент да, парламент да, башка органдар жана кызматчылар да отчёт берип турган, ал өлкөнүн негизги өнүгүү багыттарын аныктоо, бийликтин ар башка органдарын калыптандыруу укугуна ээ орган катары кабыл алууну толугу менен колдойбуз.
Президент дагы элдик курултай тарабынан тандалышы керек. Жогорку Кеңеш 50дөн ашпаган депутаттан туруп, жалаң гана мыйзам чыгаруучу жана чыгарган мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү укугу бар орган болушу керек. Анын курамын дагы "элдик курултай" бекитиши керек.
Президент аткаруучу бийликти жетектеп, толугу менен ага жоопкер болушу керек.
Мамлекеттик бийликтин кызматкерлери үчүн тартипти жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө байланыштуу кошумча чектөөлөр киргизилиши керек.
4.Кадрлар жана жаштар
саясаты
Биз болгон баардык адистердин күчүн топтоп, алардын "революциялык тараптары" боюнча бөлүнүүнү биротоло токтотушубуз керек. Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошууга жөндөмдүү адистерди таптакыр четте калтырууга болбойт. Биз, саясый себептер боюнча куугунтуктоону токтотушубуз керек. Мамлекеттик же башка бир кызматка кабыл албоого бирден-бир себеп тартипсиздик же мыйзам бузуу гана болушу зарыл. Жарандар эгерде татыктуу болсо жана адистиги бар болсо, мурунку бийликке же партияларга тиешелүү болгондугунан эч көз карандысыз иштеши керек.
Адистерди калыптандыруу жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик программасын иштеп чыгып, Кыргызстандын адистеринин фондун жана тармактардын адистеринин фондун түзүү керек. Жаштар үчүн алар көбүрөөк кызмат акы төлөй турган жумуш издеп республиканы таштап кетпегидей шарттарды түзүү кажет.
Жаштар саясаты боюнча, бийликтин аткаруучу органдарынын орун басарынын бирин (министрлердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилеринин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин) 30 жашка чейинки адистерден тандоо олуттуу сунуш болуп саналат. Бул реалдуу кадрлар саясаты. Анткени, иш жүзүндө жаштар болочок адистер тапталып, курчуйт.
5. Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөш
Коомдун криминалдашуусу, алардын мамлекеттик органдарынын жана ишканаларынын иштерине кийлигишүүсү бийликтин алсыздыгынын натыйжасы болуп саналат. Мамлекеттик тартипти жана бийлик вертикалын бекемдөө, укук коргоочу органдарды, атайы кызматтарды бекемдөө кылмыштуулукту жок кылууда жана ар түркүн кылмышкер топтордун, кылмышкер коомчулуктардын пайда болуусун токтотууда таасирдүү механизм болуп бериши керек. Укук коргоочу органдардын функциялары менен укуктарын күчөтүү боюнча мыйзам түрүндө олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, бекитиш зарыл.
Коррупция менен күрөшүүдө натыйжа менен эмес, анын себептери менен күрөшүүгө көңүлдү буруш керек. Коррупцияны эч кандай күчкө салуу же коркутуу чаралары жок кыла албайт. Коррупцияны жок кылабыз деп, аны менен чын дилден тынымсыз күрөшүп да аны жок кыла албай, мындай балээни жеңе албай калуу мүмкүн. Азыркы убакта пайдаланылып жүргөн чараларды колдонуу менен криминалдуу статистиканы ого бетер өстүрүп, өлкөнүн жарымын түрмөгө отургузуп коюуга гана болот. Коррупциянын деңгээлин төмөндөтө албай коюп, анан чарчаганда баарына кол шилтеп, өз элибизди оңолбос деп айыптоого да жетип калышыбыз мүмкүн.
Коррупцияны кубулуш катары идея гана жеңе алат жана ал идеялар коомчулуктагы рухий, адеп-ахлактык кайра жаралуу менен байланыштуу.
Мамлекет укук коргоочу органдардын жана атайы кызматтардын кызматкерлерине, аскер кызматындагыларга өзгөчө мамиле кылышы керек. Погону барлар ар түркүн артыкча укуктарга жана социалдык коргоого ээ болушу керек. Мындан кийин "милиция кызматкери", "атайы кызматтын кызматкери" деген сыймыктуу угулушу керек жана кимдир бирөө бул органдардын же кызматкерлердин кадырына шек келтире турган болсо, мыйзам тарабынан катуу жазага тартылып жооп бериши керек. Эгер кимдир бирөө укук коргоо органдардын кызматкеринин намысына тийүүгө аракет кылса, ага уруксат берилбегендей кол тийгизе турган болсо, анын өмүрүнө же ден-соолугуна зыян кылмак тургай шагын сындырса да кылмыш кодексинин эң катуу жазалоо чаралары боюнча жоопко тартылышы керек.
6. Социалдык система
Эң алгач билим жана тарбия берүү системасына көңүл бурулуп, бул биздин мамлекетти өнүктүрүүдөгү негизги багыт болуш керек. Биздин эң негизги жана эң чоң каржылообуз балдарыбызга, балдарыбыздын билим жана тарбия алуусуна сарпталышы керек. Алар биздин келечегибиз. Келечекте Кыргызстандын мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсү, улуу муундарга кам көрүү бүгүнкү биздин балдарыбыздын билим жана тарбия алуусунан көз каранды. Тарбия жана билим берүүчү тармактардын ишканаларынын кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгып, татыктуу өлчөмдө болгудай кылыш керек. Негизги инвестициялар так ушу тарбия жана билим берүүгө, илимге багытталып, ошол аркылуу адамдардын турмушунун баардык тармактарын өнүктүрүүгө жетип, жашоо шартын жакшыртып, өнүккөн мамлекет курабыз.
Биз адаттагыдай үй-бүлөнү, анын негиздерин сактап калып, биздин коомго терс сапаттуу либералдык баалуулуктардын, анын ичинде табигый эмес негиздеги үй-бүлө менен байланышкан идеялардын келишине жол бербешибиз керек.
Бала бакчаларга, мектептерге, жогорку окуу жайларга, маданият менен илимге өзгөчө көңүл бурулушу керек. Мына так ошол жерлерде биздин келечегибиз, ал же бар болуп, келечекте бизге кам көрө алат, же жок болуп, бизге кам көрө албайт. Рухий, адеп-ахлактык, эстетикалык, мекенчилдик тарбия берүү жана дене тарбиясы негизги орунга коюлушу кажет. Коомчулукка адепсиз математиктердин, уятсыз физиктердин кереги жок. Кара күчү бар, бирок ыйманы мандемдүү адепсиздердин да кереги жок, бирок дени сак, күчтүү мекенчил атуул - бул үй-бүлөнүн, жакындарынын жана Ата Мекендин коргоочусу.
7. Экономикалык жана финансылык система
Экономикалык жана финансылык тармакта республиканын экономикасын калыбына келтирүү жана көтөрүү боюнча чоң маселелерди чечүүгө туура келет:
1) биринчи кезекте экономикалык жана финансылык көз карандысыздыкты камсыздоо боюнча чараларды көрүш керек. Биз финансы, кредит, акча эмиссиясы жана банк ишмердүүлүгү тармактарында эл аралык институттардан көз карандысыздыкка жетишибиз керек;
2) мамлекет өзүн-өзү жоопкерчиликтен бошотуп коюп карап отуруп албастан, экономиканын стратегиялык тармактарын жөндөөгө эби менен кийлигишип, бул тармактардагы ишмердүүлүктү катуу көзөмөлгө алышы керек;
3) республиканын экономикасынын экспорттук-сырьёлук багытынан бара-бара баш тартып, табигый кен-байлыктарды жырткычтарча эксплуатациялоону токтотуу керек;
4) мыйзам чыгарып, банк тармактарында банктык насыянын пайызын мүмкүн болушунча төмөндөтүүнү сунуш кылабыз, ислам банктарындагы жана жапандардын тажрыйбаларын үйрөнүү керек;
5) чет элдик инвестициялык долбоорлорду алар менен биргелешкен ишканаларды (БИ) түзүп, кийин бара-бара кыргызстандык ишкердик субъектилердин менчигине өткүдөй багыттоону сунуштайбыз;
6) мамлекет мыйзам чыгаруу жолу менен ар түркүн, мисалы, салыкты азайтуу боюнча, насыя берүү боюнча жеңилдетүүлөрдү киргизип, кооперациялардын ар түрдүү формаларынын пайда болушуна, өзгөчө айыл-чарба тармагында пайда болушуна шарттарды түзүшү керек. Бул айыл-чарбалык кооперативдер, дыйкан чарбалары жана башка коллективдик кооперациянын формалары.
7) экономикада ички инвестициялардын, башкача айтканда, өз акчаларыбыздын (сырткы инвесторлордон карызга алган акчалардын эмес) үлүшүнүн көбөйүшүнө баардык болгон күч-аракетти жумшаш керек жана экономиканы сырьёну экспорттоодон ички рынок үчүн өндүрүүгө багыттообуз керек;
8) чек ара аймактарына жана ал жерлерде жашагандар үчүн ар түрдүү жеңилдетилген шарттары бар өзгөчө режим болушу керек.
"Жаштар Өкмөтү" жаштар кыймылынын мамлекетти өнүктүрүү программасынан алынган кыскача үзүндүлөр мына ушундай.
Биз жаңы Кыргыз мамлекетин кура башташыбыз керек, так, түшүнүктүү, айкын өнүгүү программасы, алдын-ала ишенимдүү айткыдай ички жана тышкы саясаты бар, жогорку ыймандуу коомдо бири-бирине күйүмдүү, бири-бирин колдогон адептүү адамдар адилеттүүлүккө таянып жашаган. Жоопкерчиликтүү жана иш билги мамлекеттик бийлик жалпы коомдун жана элдин жакшылыгын көздөгөн максаттарга ылайык иштеген мамлекет.
Биз өлкөнү кайрадан өзгөртүп түзүүбүз зарыл. Баалуулуктардын жана идеалдардын системасын өзгөртүп, өлкөнү эркин дем алгыдай кылышыбыз керек. Ар бир бөбөк мектептен билим алууга толук шарты бар. Баардык жаштар өз мекениндеги окуу жайлардан татыктуу билим алгыдай, жарандар өлкөдөн кетпей туруп өз өлкөсүндө кызмат акысы жогору жумушка жана медициналык жардамга ээ боло тургандай, улуу муундар татыктуу социалдык коргоого жана урмат-сыйга ээ боло тургандай, коопсуздук жана коомдук тартип ар бир адамга эркин иштеп, ишкер болууга, бош убактысын каалагандай өткөрүүгө шарт түзө турган, экономикалык гүлдөп өсүү, жогорку өнүккөн маданият, илимий жетишкендиктер жана саясый туруктуу абал дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстанды жогору өнүккөн мамлекеттердин катарына койгон чыныгы эркин мамлекет кылышыбыз керек.

Жаштар өкмөтү








Намысты кайтарабызбы?
Сойкулук кылууга мажбурлаган эргулдардын жоругун Нурлан Сагыналиев ачууда
2014-жылдын 20-февралында ИИМдин аба транспортундагы ички иштер башкармалыгына А.З. жана Б.А. аттуу эки кыз арыз менен кайрылышып, 2013-жылдын 17-сентябрында "М" аттуу кыз "Турциядан жогорку айлык төлөнчү иш таап берем" деп Стамбулга жибергенин, ал жерден аларды Тахмина аттуу кыз тосуп алып, паспортторун алып, сойкулук менен шугулданууга мажбурлаганын айтышкан.

Аба транспортундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Сагыналиев баштаган кызматкерлердин жүргүзгөн оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында О.М. аттуу жаран кармалды. Ага жеке пайдасын көздөп, баюу максатында Б.Т. аттуу жаран менен бирге 2013-жыдын 3-октябрында "Вечерний Бишкек" гезитинин "Нянька жана үй кызматчылары керек" деген рубрикасына жарыя берген, андан соң жабырлануучуларды алдоо жолу менен Түркияга (Стамбулга) алып барышканы боюнча айып коюлууда.
Стамбулдун аэропортунан жабырлануучуларды Б.Т. тосуп алып, үйүнө алып барган соң "же билетке кеткен акчаны азыр төлөп бергиле, же сойкулук кылгыла" деп талап койгон.
Жабырлануучу А.З.нын берген көрсөтмөсү боюнча, Туркияда ага бир белгисиз киши бетиңдеги безеткини айыктыруу үчүн он күн бою дары берген. Анын натыйжасында А.З.нын үнү чыкпай калган. Кылмыш ишинин алкагында А.З.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Соттук-медициналык экспертизанын 2014-жылдын 12-мартындагы тыянагы боюнча, А.З. сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жоготуп койгондугу аныкталды. Анын үнү качан, кандай себептен улам жоголгондугун аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындалды.
Азыр калган шектүүлөрдүн кайда экенин аныктоо боюнча тиешелүү оперативдик-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бекбол Айдаров