Иван саясат
"Душманды дос кыл,
же өлтүр"
Өкмөт башчылыктан Жантөрө Сатыбалдиевдин кетиши менен президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы дагы да бекемделет. Албетте, эл ичинде саясый кырдаал оор бойдон калууда. А чиновниктер, бизнесмендер арасында президенттин каардуулугу көрүнүп, "кыңк" эткенин кыйшайтууга жарап калды. Учурда Атамбаевге бир да чиновник даап, коомчулуктагы чындыкты бетке айта албайт. Эгер андайга дити барган чиновник болсо, бат эле ээрден кыйшайып калат. Анан орустун кызымтал Иванынан укчу ачуу сөгүнүү сөзүнө тушугат. Бул дагы чындык...

Маселен, Ж.Сатыбалдиев канчалык кожоюнга жагынып, анын кареги менен тең айланууга өтсө дагы өкмөт башчылыктан ыргып кетти го. Бул жерде кызыктуу ой жатат. Кийинки премьер андан дагы ийкемдүү, "кол баладай" саясатты жүргүзүшү керек. Бу жагынан "Ата Мекен" фракциясы эмне үчүн Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин өкмөт башчылыгына түртүүдө? Себеби, Жоомарт мырза аткаруучу катары каяша кылбаган, жоош жана коркок кадр. А коркоктор менен мамлекетти башкаруу президент үчүн өтө оңой экени белгилүү эмеспи. Өкмөттүн колу менен каалаган маселесин чечсе болот. Дал ушундай ыңгайды Текебаев саясаттагы шериктеши Атамбаевге түзүп берди да...
Азыр өкмөттүн милдетин аткаруучу Ж.Оторбаев жакынкы күндөрү кызматына расмий киришсе, мунун "премьер-министр" деген аты эле болбосо, баардык чечимдер президент аркылуу ишке ашары сокурга деле сезилип атпайбы. А Ж.Сатыбалдиев деле шефтин кареги менен тең айланмак да, ага не себеп болду анда? Жандырмагы жөнөкөй. Жантөрө мырза кош стандарттуу сая­сат менен көшөгө артынан ойноп, "Өнүгүү" партиясын күчтөндүрүп, жеке өзүнүн келечеги үчүн түштүк кланды колго ала баштаган. Дал ушул жерде биртууган Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор менен Аалы Карашевге ишенүү кыйынга тура баштаган, бул бийликчил топ кийинки жылдагы парламенттик шайлоодо канчалык чуркашса дагы, "Өнүгүүгө" күчтөрү жетпей калмак. Дал ушул Бакыт Төрөбаев башында турган партиянын даңканы катуу ыргый баштаганы, Жантөрөнүн арты менен Кыргызстанды кыйла эле кыдырууга жетишкени байкалды. Анүстүнө Б.Төрөбаев менен бирдикте Эльмурза Сатыбалдиев,­ Улукбек Ормонов баштаган бир топ тыңчыкмалар бар.
Натыйжада, премьерликтен Жантөрө Сатыбалдиев түшкөндөн кийин "Өнүгүү" партиясы КСДПнын бир бутагы сыяктуу шайлоого катышып калышы мүмкүн, же союздаш болору шексиз. Тил алчаак бала сымал. А чындыгында убактылуу бийликти мыкчып тургандарга каршы чыга албасы бештен белгилүү го. Эгерде Эргеш аксакалдын уулу текиреңдечү болсо, анда Алмаз мырза Бакыт Төрөбаевди оңой эле торго байлап коет. Чын да...
Ошентип, кытмыр саясатты тутунган премьер да ээрден ооду. Ал бүгүн жанын сакташ керек. "Алмаз Шаршенович, эмдиги жылы парламентке шайлоо болот, сизге кызмат кылып берейин, түштүктөн добуш алам" деп тил эмизип, суранып, бут алдына төшөлбөсө тагдыры жарга асылары шексиз. Ж.Жолдошевичке кылмыш ишин козготуп коюш опоңой эле экенин мезгил да ырастап калбадыбы. Артында канчалаган чуулгандуу иштер жатат...
Кызыгы, болочок өкмөттүн түзүлүшү менен президент Атамбаев дагы да эргүү алып, рухун көтөрүүгө кадам таштайт. Учурунда Курманбек Бакиев да 2009-жылы президенттик шайлоодон жеңгенде шерденип, оппозицияны чилдей таратып, баардыгын мүңкүрөтүп таштаган. Мына ошол Бакиевдин эрдемсиңгенин Атамбаев азыр кайталоодо. Текеберленүү, коркутуу саясаты менен оппозициянын алдыңкы лидерлерин "сындырууга" багыт алганына күбө болуудабыз. Бүгүнкү бийликтин башкы оппоненти Ахматбек Келдибеков түрмөдө жатат. Эгерде Ахмат мырза аман-эсен бир убакта эркиндикке чыкса, мына ошондо Атамбаевден өч алуу жагы көрүлөрү айдан ачык. Себеби, А.Шаршенович кекчил экен, мындай сапатын көп эле кадамдарынан байкап келебиз. Келдибеков да буга ошого жараша жообун берет.
Айтмакчы, убагында эркин журналисттерди Атамбаев "ушакчылар" деп жекирип,
каарын төккөнү белгилүү. А кыйын кезеңде КСДП лидери эркин журналисттердин арты менен саясый аренага чыгып, жууса кеткис айыптарынан арылганын танып кетпесе керек. Буга мисалдар арбын, "көпүрө" боло коюп, эки-жакка өтүп кеткенин унутуп койдуңарбы?
Баса, кезинде АША айтчу да: "Душманды дос кыл, же өлтүр" деп. Ушу тапта мамлекеттин өнүгүшү үчүн душманын дос кыла албаса, анда сын айткандарды каматып, куугунтукка алып атканы өлтүрүүгө жумшак түстөгү жол ачканыбы? Мындай болбойт да. Мамлекет башчы деген айкөл, сабырдуу, баардык ишти таразалап, анан так чечимин чыгарышы абзел эле. Тилекке каршы, соңку жылдары Атамбаев асманга учкандай элес калтырууда. А жерге түшө турган күн да келет, анда кантет? Же Акаев менен Бакиевдин артынан безип береби? Ошон үчүн азыр ойлонуп, сын-пикир айткан, адилеттүүлүктү тутунган адамдарды дагы эске алып, туура чечимдерин жасаш керек. Мамлекет бул - Атамбаевдин жеке менчик ишканасы эмес, элдики да, андыктан элдин үнүн жүрөгүнө түйгөндөрдү айланасына эртелеп топтобосо, командасын жаңылабаса, өзүнүн эле шору болот! Эртең кеч болуп калат. Бакиевдин качып кетерин эч ким ойлогон эмес, көрсө, кыргызда кырдаал тез өзгөрөт тура. Терең ойлоно турган кез
келди...
Арстан АЛГЫРБЕКОВ