Депутат Нурбек Мурашовго эмне себептен кылмыш ишин ачышты?
Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Бишкектин тургуну Арстанбек кызы Алтынай тумоолоп ооруп, борборубуздагы Улуттук госпиталга жеткирилет. Врачтар туура эмес диагноз коюп дарылаганынан улам анын оорусу күчөп басалбай калат. Ага карабай Улуттук госпиталдын врачтары 12 күндөн кийин аны сакайды деп ооруканадан чыгарып салышат. Оорусу күчөгөн Алтынайды 3 күндөн кийин жолдошу кайра ооруканага алып келип, сакайып кетеби деген үмүт менен жалынып-жалбарып жаткырат. Врачтар жакшы көңүл буруп карабаганынан жолдошу Нурмухамед Мамбеталиев врачтарга кайрылса алар кагып-силкип сүйлөшпөйт. Үч күндөн кийин Алтынай комага түшүп, абалы оорлоп, эс-учун жоготот. Врачтарга чуркап барышса "силер туура эмес тамактандырып, тамагына туруп калып, комага кетти" деп кайра туугандарын айыпташат. Айласы кеткен жолдошу Мамбеталиев кыргыздын адаты менен тууганына, депутат Нурбек Мурашевге кайрылат. Ал тууганы кайрылып жатса кантип чыдап олтурмак түз эле госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Турганбаевге барып дооматын айтат. Бирок, бийликтен сый кетип, Атамбаевди күндө ашата сөгүп жаткан азыркы заманда депутатты ким тоготмок эле? Кайра өзүн өкүртө сөгөт. Ага ачуу­ланган Нурмухамед Мамбеталиев врачты жакадан алат. Арага депутат Нурбек Мурашов түшүп, ажырата коём деп балээге калат. "Экөөлөп мени сабап салды", деп Турганбаев ошол жердеги коллегаларынын бирине барып, ооруканага жатып алат. "Карга карганын көзүн чокумак беле" тим эле талкалап салышыптыр деп диагноз коюп жаткызып коюшат. Аны көргөнү КР Акыйкатчысы келсе Турганбаев эч жери талкаланбай, жадагалса бир чийилген жери жок, куландан соо жатат. Бирок, бизде КР Акыйкатчысына ишенмек беле, эртең сотто кагазды карашат да. Акыйкатчы Турганбаевден сурап жатат "Сиз арызыңызда төрт тишимди күбүп салышты деп жазыпсыз, чын эле ошондой болдубу, көрсөтүңүзчү?" деп, анда Турганбаев "Жок, мен аны ачуу менен жазып салыпмын, тиштерим мурунтан эле кыймылдап жүрчү", дейт. Бирок ал төрт тиш жөнүндөгү доомат аликүнчө арыздан алынган жок.
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева комада жаткан Арстанбек кызы Алтынайды жакшылап дарылоону уюштуруунун ордуна саясат менен алек болуп, ал жерге келип алып врачтарды депутат Нурбек Мурашовго каршы митинг уюштурууга чакырып жүрөт имиш. Аңгыча унутта калган пациентка Арстанбек кызы Алтынай көз жумат. Коомчулук бул өлүм боюнча авторитеттүү медициналык комиссия түзүүнү талап кылат. Кыргызстандагы эң авторитеттүү нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги Миталип Мамытовдун жетекчилиги астында атайын медициналык комиссия түзүлөт. Бирок, Жамалбек Турганбаев менен Динара Сагынбаева буга каршы чыгышат. Анткени академик Мамытов көз жумган пациенткага жердеш болот экен. Мамытов Ош облусунан болсо, Арстанбек кызы Алтынай Жалалабад облусунан имиш. Стоп! Мына, "иттин өлүгү ушул жерге көмүлгөн". Ар ким өз деңгээлине жараша ой жүгүртөт эмеспи. Башкаларга да өз деңгээлине жараша баа берет. Нейрохирург Тургунбаев нейрохирург Мамытовго ишенбей, жердешчиликке ишенип турат. Ошондуктан врач Тургунбаев менен министр Динара Сагынбаева биригип кетип жатышат. Мына ушул деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар кыргыз бийлигинде олтурушса кайдан кыргыз бийликке жарымак эле? Мына ушундай деңгээлде ой жүгүрткөн врачтар оорулууларды бөлүп-жиктеп карашса кайдан кыргыз өнүкмөк эле?
Кыргыз Генералдык прокуратурасы кечээ адам өлүмү боюнча кылмыш ишин ачпай, ага себепкер болгон врачтын далилсиз арызы менен ал көз жумган келиндин жолдошу Нурмухамед Мамбеталиев менен депутат Нурбек Мурашовго кылмыш ишин ачты. Кыргыз бийлигине адам өмүрү кымбат эмес, кыргыз бийлигине саясат кымбат. Антпесе Кыргызстанда бир күндө канчалаган жөнөкөй кишилер жакалашып араздашат, жакалашкандарга кылмыш ишин козгогонун уктуңар беле? Гезит беттерин карагылачы, күн сайын канчалаган жөнөкөй кишилер арыз-арманын айтып, сабамак тургай, өлтүруп койгондордун үстүнөн кылмыш ишин ачтыра албай арызданып жүрүшөт. Ачылган кылмыш иштерин акчага жаап салышкандары канча. Бирок, депутат Нурбек Мурашевге чагылгандай тездик менен кылмыш иши козголду. Анткени Нурбек Мурашев "Кумтөр" алтын кенин канадалыктар менен кыргызстандыктар 50:50 пайыз бөлүп алышсын деген бийликтин каалоосуна каршы добуш берип, "Кумтөр" Кыргызстанга 67%, канадалыктарга 33% бөлүнсүн деген позицияда бекем турду. Нурбек Мурашов 2010-2013-жылдарда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясындагы уурдалган миллиарддаган сомдорго күнөөлүүлөр жоопко тартылсын деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жердеши экенине карабай ага каршы добуш берди. Демек, эптеп эле шылтоо табылганда Нурбек Мурашовдун мойнун бураш керек. Ошондуктан Генпрокуратура чагылгандай тездик менен кылмыш ишин ачып, Мурашовду куугунтуктап, сындырып, мындан ары бийликке каршы өз ою бар инсанды мокотуп, Кутушевчилерге окшотуу амалында жанталашууда. Ошол эле учурда врачтардын кесепетинен каза болгон Арстанбек кызы Алтынайдын 3-5 жашар чийедей жетим калган балдары тууралуу ойлоп койгон киши жок. Мына, бүгүнкү бийликтин деңгээли.

Таалайбек Асанов, KyrgyzToday.kg




Текебаев Теңир-Тоолуктардан качууда
Теңир-Тоодон келген жоон топ өкүлдөр депутат Өмүрбек Текебаевге бир жарым жылдан бери кире албай жатышканын, "гезит аркылуу кайрылсак кабыл алаар бекен?" деген куш тилиндей катын жөнөтүшүптүр. Парламенттеги жардамчысы Нурбек мырза да келген элди шефинин кабак-кашын байкап киргизеби? Айтор, түшүнбөдүк. Шайлоо жакындаганы эле элди эстебей, анда-санда карапайым элди кабыл алып, муң-зарын бөлүшө жүрсөңөр болбойбу? Минтип отуруп элден чыгып калбасаңар экен деги.


Ак-Өргөдөн уят болгон Кулматовго айла жок экен
Кудай Кулматовго эне тилинде сүйлөп, түшүнүштү ыраа көргөн эмес окшойт. Аз күн мурун Ак-Өргө конушуна эл менен жолугушууга барган Бишкек мери карапайым элдин нукура сөздөрдөн куралган соболдоруна жооп бере албай мукактанганы, мындай көрүнүшкө чыдабай кеткен Бишкек милиция башчысы Мелис Турганбаев котормочулукту аркалаганын эшиттик. Анан кантип ушул мэр карапайым Бишкектиктердин муң-зарын уксун? Дубай баштаган чет өлкөлөрдөгү Атамбаев экөөнүн бизнеси, "Ата-Түрк" паркындагы учас­токтору, борборду кайсы каражатка өнүктүрөөрү тууралуу соболдорго жооп бере албай мукактанып, карапайым шаар тургундарынын кыжырдануусун жаратыптыр. Баш калаада баарын жайгарып салгансып, парковкаларды жойдуруп, борбордун көчөлөрүндө бардак абалдын өкүм сүрүшүнө дал ушул Кулматовдун салымы зор.


Рахат Ирсалиевдин чечекейи чеч болуп жүрөт
Депутат Туратбек Мадылбеков буга чейин КСДП партиясынын мүчөсү Рахатбек Ирсалиевге "Юнис Курулуш" боюнча кылмыш ишин козготкон. Кочкорлук көпөстүн кыйындыгын ушундан билиңиз, Жаныш Бакиев менен жасаган бизнесин камырдан кыл сууругандай сууруп алып, апакай боюнча жүрөт. Бүгүн эчтеме болбогонсуп баш калаада 5 үйүн кайра сала баштады. Муну менен чектелбей агасы Дүйшөн Ирсалиевди бийликтин бийик секисине көтөрүп, чечекейи чеч болуп жүрөт. Дүйшөндөй агасынын арты менен эми шаардын архитектурасына туура келбеген курулуштарды баштабайбы? Бийлигине таянып. Бул боюнча алдыда иликтөөлөр болмокчу.

Кубат Карачев