Ажонун түбүнө Данияр менен Икрам жетеби?..
Президенттик аппаратты жетектешкен Данияр Нарынбаев менен анын биринчи орун басары, "серый кардинал" Икрамжан Илмияновду сыдыргыга салып, электен өткөрдүк. Ажо Атамбаевдин "ишенимдүү жоокерлеринин" ким экендиктерине төмөндөгү пикирлерден күбө болуңуз окурман...

Турсунбек Акун, коомдук ишмер:
"Данияр классташым каражолтой, келемиштей эле ажону кемирүүдө"
-Ажонун аппарат башчысы Данияр Нарынбаев менен классташмын. Буга чейин да иштешип келгем. Адам катары кишиге мамиле кылганы менен мындай чыгаарың менен артыңдан суу куят. Саясатчы катары ажонун аппарат башчысы болгону - ал президент Атамбаевдин атын сатып, Алмазды жардан алыс кулатууга салым кошууда. Анткени, Данияр буга чейинки президенттерди да жардан алыс кулатканга үлкөн салым кошуп, ажолордун түбүнө жеткенди катуу "өздөштүрүп" алган. Ал гана турсун, Нарынбаев сотторду да азыр каалагандай калчап, кандай гана саясый иш болбосун, аларга президенттин атынан звонок кылып, ажонун аброюна шек келтирип жатат. Бекназаровду конститутциялык палатага өткөрбөй койгонго дал ушул Даниярдын салымы өтө чоң болгон. Азыр президентке өзүнө жаккан кишилерди гана киргизип, башка саясый күчтөрдүн баарын Атамбаевге каршы коюп, душман кылган да ушул Нарынбаев. Алмаз Атамбаев өлкө башчысы катары Даниярга окшогон адамдар менен иш кылса, анда эле ишинин бүткөнү. Анткени, ал кара жолтой, чоң куйту жана кадимки келемиш чычкан сымал. Ажону кемирип отуруп, тез эле курутат.


Рита Карасартова, укук коргоочу:
"Бийлик Нарынбаев менен
алыска бара албайт"
-Данияр Нарынбаевдин ишмердүүлүгү Акаев, Бакиевдердин доорунан бери белгилүү. Коомчулук бул кишинин чыныгы жүзүн билет. Ал ажонун аппарат башчысы катары президенттин сотторду тандоодогу укугун кеңейтип салганга чоң салымын кошту. Ошондон улам сот реформасы туңгуюкка келип токтоду. Бүгүн сотторду президенттен жана анын аппаратынан көз каранды кылып койгонго Нарынбаев чоң аракетин жумшады. Анан калса, бул киши кайсы президенттин доору болбосун, өз кызыкчылыгын ойлоп, жеке кызыкчылыгын ишке ашырып жүрүп, президенттердин түбүнө жетип, кийин кайсы президент келбесин эчтеме болбогонсуп, сөзсүз бир чоң мамлекеттик кызматты ээлеп алат. Анан көнгөн эле адатына салып, ошол ажосуна талыкпай иштеп, түбүнө жеткенге аракетин кыла берет. Бүгүн да ошондой ишин кылып жатат. Учурда сот реформасын туңгуюкка алып келген ушул инсан. Атамбаев мындай кадры менен алыска бара албайт.


Бакыт Бакетаев, саясый серепчи:
"Булар ажого баардык күчтөрдү душман кылышты"
-Негизи мыйзам боюнча чоң саясый иштерди, өзгөчө кадрдык маселелерди Икрамы болобу, же Нарынбаев болобу, булар чечкенге укуктары болбошу керек эле. Бирок, бизде мыйзамды уруп ойнобогон президенттин тегерегиндеги Данияр, Икрамга окшогондор баардык иштерге башын салышып, президенттин ишине көлөкө түшүрүп жатышат. Акаевде, Бакиевде иштеп, аларды аңдан ары түрткөн Данияр Нарынбаевдер эми эчтеме болбогонсуп, Атамбаев менен иштешүүдө. Эртең мындай шылуундар башка президент келсе деле "хоп майли" деп иштеп беришет. Данияр, Икрамга окшогондор саясатты да бузуп, булгап бүтүштү. Ушул экөө бийликтин бийик кызматына жабышып алышып, элдин кыжырын келтирип жатышат. Натыйжада, булар өлкөбүздөгү патриот, кыйын кадрлардын баарын президентке жамандап отурушуп, душман кылып алышты. Эгерде президент ушундай кадрларынан тез арада арылбаса, элден колдоо таба албайт.


Алишер Мамасалиев, экс-депутат:
"Икрам тез арада кызматынан кетсин!"
-Мен дагы соңку убакта силер атаган Атамбаевдин эң жакын кишилери болгон Нарынбаев менен Илмияновдорго карата айтылган абдан терс пикирлерди коомчулуктан угуп жатам. Өзгөчө Икрамжан Илмияновго көптөгөн нааразы пикирлер басымдуулук кылууда. Жеке пикиримде, Икрамжан кечээгилерден сабак алгысы келсе, тез арада бийликтин бийик постунан кетсе, туура болмок. Атамбаев дагы шоопурун кызматтан алып, деңгээлине карап эле башка жакка жиберсе дурус болмок. Эгер ушундай кадамга барышса, өздөрүнө утуш болоор эле. Болбой эле Икрамга ишенип, баардык ишти ал каалагандай чече берсе, түпкүлүгү жакшы менен бүтпөйт.


Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:
"Экөө кыргызга жакшылык кыла элек"
-Азыркы президенттин кадрдык саясатындагы көп жагы менен мен макул эмесмин. Силер атап жаткан Данияр, Икрам деген эки үкөмдүн өлкө үчүн кыйратып бирдеме иш кылгандарын көрө дагы, уга дагы элекмин. Бийликтин бийик постунда турган буларга калың элдин деле көз карашы түз эмес. Бүгүнкүдөй "балит" башкарууда экөө эчтеке кыйрата албайт. Кыскасы, системаны ылайлаштырып, булгап жаткандары чындык да.


Качкын Булатов, укук коргоочу:
"Өлкөгө чоң коркунуч жаралууда"
-Акаев, Бакиевдер да убагында командасына кошоматчы, эки жүздүү, ишке чабал кадрларды айланасына топтоп алышып, акыры ошол команда эки президенттин башын жеген. Ошол эки президенттин түбүнө жеткен ишке чабал, кошоматчы кадрлар бүгүн Атамбаевди тегеректеп отурушат. Алардын сап башында Данияр Нарынбаев деген "күкүк" турат. Бул жигит эч качан өлкө үчүн жарытылуу иш жасаган эмес, дагы деле жасабайт. Атамбаевди биринчи кезекте Нарынбаев жардан алыс ыргытат. Атамбаев ушул Даниярга окшогондорго иши түшсө, анда эле баракелде! Башка сөз айталбайсың да, тек гана! Даниярга удаа президент Икрамжан деген шоопурун бийликтин бийик постуна алып келип, мамлекетке өтө чоң коркунуч жаратып жатат. Икрамдын азыркы кызматында турушу күзүндө ааламатка алып келет. Азыр ушул шоопур бар иштерге кийлигишип, баягы "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" дегендей болуп жатат. Сот, прокуратура, бажы, кадрдык баардык иштерге киришип, жаман жоруктарды баштап жатат. Бул балакай өлкөбүзгө өтө чоң коркунучту жаратууда. Атамбаев буларды тегерегинен жоготпосо, өзүнө эле ор казган болот.


Жаркынбек Касымбеков, "Элиме" коомдук бирикмесинин төрагасы:
"Атамбаевдин түбүнө жете турган ушулар..."
-Данияр Нарынбаев кыргыз үчүн, кыргыз мамлекети үчүн деле бир чеке жылытаарлык иш жасабаган неме. Ажонун аппарат башчысы катары азыр эски ыкма менен иш кылууда. Даниярды "баягы, баягынын таягы" деп койсок болот. Анткени, бул эргул кечээги эки президент менен иштешип, алардын түбүнө жеткен кадрлардын бири экени талашсыз. Принциби жок, кайсы бийлик келбесин ошолор менен иштешип кете берет. Азыркы ажонун айланасына баардык күчтөрдү чогулткандын ордуна аларды ажого карата душман кылып, кайраштырып жатат. Ал эми Икрамдын билими менен акылы тайкы экендигин бүт баары айтышууда. Бул шоопурду тек гана Атамбаев ишенимдүү кишиси болгону үчүн эле бийик кызматка отургузуп койду. Эмне, "Атамбаевдин ишенген кишиси, жанында жүрдү" деп эле президенттик аппарат башчысынын 1-орун басары кылып, акылы, тажрыйбасы жетпегендерди кое берсе болмок беле? Мындай шартта жогорудагы экөөнүн ордуна тажрыйбалуу, баардык күчтөр менен тил табышкан адамдардан көтөрүш керек эле. Минтип отурса кечээги эки президенттин түбүнө уулдары жетсе, азыркы ажобуздун түбүнө шоопуру Икрам жетиши мүмкүн. Анткени, бул эргул баардык иштерге башын салып жатат. Мунун түбү жакшылыкка алып келбейт.


Ийгилик Болсунбаев