Жалал-Абад облусунда милиция иштеп атат
Акыркы жылдары Кыргызстанда уурулук жана башка кылмыштар көбөйүүдө. Ошондуктан, Жалал-Абад ОИИБнын жана анын шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмышка каршы күрөшүү бөлүмчөлөрү тарабынан 2013-жылдын 21-август күнү Жалал-Абад областынын аймагында "Ууру" операциясы өткөрүлдү.

Бул операциянын максаты - Жалал-Абад облусу боюнча мурунку жана кийинки ачылбаган кылмыштардын беттерин ачуу, ууруларды кармоо жана издөөдө жүрүшкөн кылмышкерлерди табуу боюнча оперативдик-иликтөө иштерин жүргүзүү болчу. Жыйынтыгында, Жалал-Абад ОИИБнын жана анын ШРИИБдөрү тарабынан, оперативдик ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мурун катталып, бирок беттери ачылбай келген белгисиз жагдайда болгон 16 кылмыштын беттери ачылып, алардын ичинен 9 уурулук, 2 мал уурулук, 1 тоноо, 1 автотранспортту мыйзамсыз укукка ээлеп алуу, жана 3 издөөдө жүргөн кылмышкерлер кармалышып, азыркы учурда кылмыш иштери козголуп, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан учуру.
Булардын ичинен ачылган кээ бир кылмыштарды белгилей кетсек, 2011-жылдын 8-ноябрында Жалал-Абад шаарында адамдын киши колдуу болгон өлүгү чыгып, КРнын КЖКнин 97-статьясынын 2-беренеси (адам өлтүрүү) менен 72-13-60 сандуу кылмыш иши козголуп, бирок мурун бети ачылбай келиптир. Натыйжада, Жалал-Абад шаарынын Достук шаарчасынын Тайгараев көчөсү №80-үйүнүн тургуну, 1984-ж.т. Т.Д.Ж. кармалып, кылмышты мойнуна алып, кылтакка илинип олтурган чагы.
2013-жылдын 14-февралында Жалал-Абад шаарында белгисиз жагдайда жасалган 2 кылмыш Жалал-Абад ОИИБнын кылмышты иликтөө бөлүмүнүн из кубарлары тарабынан беттери ачылып, азыркы убакта КРнын КЖКнин 164-статьясы 2-беренеси менен (уурулук) 32-13-52 сандуу кылмыш иши козголуп, мындай белгисиз жагдайда жасалган дагы бир топ кылмыштардын беттери ачылып, кылмышка шектүү Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасынын Өмүрзаков көчөсүнүн тургуну, 1995-жылы туулган, Т.С.Т. кармалып, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Облустун аймагында дагы мындай операциялар өткөрүлүп турмакчы.

Бекбол Айдаров





Авалбек Алиев, теңирчи:
"Аялым экөөбүздү дубалатып салышыптыр..."
Өткөн саныбызда Анарбек Усупбаевдин маеги жарык көрөрү менен редакция босогосун "мен дагы ашынган теңирчимин" деген өзүн Авалбек деп тааныштырган байке ислам дининдеги "кара дубадан" жабыркап, натыйжада, баласынан айрылган оор тагдырын баяндаш үчүн келиптир. Редакцияга атайы келген меймандын баянын окурмандарга сунуштап турубуз...

-Байке, кайдан, не максаттар менен келдиңиз? Келген чоо-жайыңызды баяндап бербейсизби?
-Мен Панфилов районунан болом. Жогорку билимдүү, үч баланын атасымын. Союз кезинде комсомолдук, советтик, партиялык ири кызматтарда эмгектенгем. Менин жашоомдогу эң негизги урунттуу окуя союз тарап, үчүнчү балам төрөлгөндө башталды. Балам төрөлгөндө кулагыма кадимкидей үн жаңырып, кимдир бирөө тарабынан Элчибек деген ат жаңырып турду. Ошентип, баламдын атын Элчибек деп койдум. Бул балам Кудайдын элчиси болуп, бүткүл Кыргызстанга элчи болуп келгенин кийин түшүнүп отурам. Анткени, кыргыз эли ислам дини таралгандан баштап, өз жолунан адашып, руханий эгемендүүлүгүн жоготуп коюптур. Ошону менен башка элдердин туткунуна түшүп, Кудайдын кулу болбой эле, арабдардын кулу болуп калганын далилдеш үчүн мага балам жиберилиптир. Мен жыйырма жыл азап чегип, кыйналып жүрүп көкүрөк күчүгүм Элчибекти бактым. Ошондой кыйналып баккан уулум жыйырма жашка жетпей, күлгүндөй курагында кете берди. Өзүм отуз жыл исламдын дубаларынан кыйналдым. Мага окулган "кара дубалар" балама өтүп кетиптир.
-Сиз эмне болуп "кара дубанын" туткунунда калып жүрөсүз?
-Ислам дининин дубаларынын туткунунда калдым да.
-Эми ислам дининин дубалары өзүнөн-өзү келип, сизди туткундабайт да. Кимдир бирөө окутат дегендей...
-Мен "кара дуба" менен окуткан менин эле жакындарым экен. Эми аны гезит аркылуу айтыштын кереги жок. Чоң жаңжал чыгат...
-А жакындарыңыз сизге ысырык окутканын кантип далилдедиңиз?
-Элчибек төрөлөрдүн алдында жубайым экөөбүздү жакындарыбыз чакырып, тамак беришкен. Ошондо тамак аркылуу дуба менен жайлашыптыр да бизди. Кийин биздин дубабыз Элчибекке өтүп кетип, анын дубасын жандыра албай, балабыз өтүп кетпедиби. Элчибек балам бул дүйнөдөгү миссиясын толук аткара албай калды. Ишенесиңерби, балам төрөлгөндө эле баладан башкача болуп чоңойду. Биринчи группадагы майып болуп төрөлгөндүктөн, мугалимдер үйгө келип окутуп кетишчү. Ошондо алар баламдын жанда жок сезимтал, акылдуу экендигине баа берип, кадимкидей таңгалышчу. Бир жолу бир мугалим "балаңыз бизден да күчтүү экен" деп таңгалганы эсимде. Үйдө отуруп эле өзүнөн-өзү компьютерди үйрөнүп, бүткүл дүйнөдөгү саясатты кадимкидей айтып, тим эле баардык нерсени билип алчу. Эске сактоо жөндөмүнө сөз жок эле да. Орусча айтканда, "говорящий справочник" эле. Өзүбүз да анын мындай жөндөмүнө таңгалып, бир эсе коркуп кетээр элек. Бул бала "кара дубанын" курмандыгына айланбаганда, чоң окумуштуу, илимпоз болуп, кыргыз элине көп нерсени жаратмак экен да.
-Аны кандай негиз менен айтып жатасыз?
-Азыр эки күндө бир балам менен кадимкидей байланышып, сүйлөшүп турам. Менин айтайын дегеним, кээ бир жаштар учурда "кара дуба" десе ишенишпейт. Мен аларга "дубалануу боюнча ишенгиле" дээр элем. Убагында маани бербей жүрүп, касиеттүү баламдан айрылып калдым. Балким дубага маани бергенимде касиеттүү, жышанасы бар балам аман калып, кыргызга кереги тиймек беле? Кейийм. Кабыргам кайышып турат.

Ийгилик Болсунбаев
P.S. Урматтуу окурман, эгерде сиз дагы ар кандай оор тагдырга кабылсаңыз, же кырсык басса, балким бирөөдөн кор болсоңуз редакция сиздин кайгыңыз менен бөлүшүп, гезит бетинен ой бөлүшкөнгө орун берет. Мейли, кандай оор тагдыр болбосун, биз акыйкатты издегенге көмөктөшөбүз.
Тел. номер: 0554703016




ИИМ академиясы Жантөрөнүн менчигиби?
Ушул күндөрү ИИМ академиясы ээсиз туру. Анткени, далайдан бери аталган окуу жайда ректор шайланбай келет. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, аталган академияны ИИМ карамагынан бөлүп, өкмөт алдына түздөн-түз баш ийдирүүгө аракеттер жасалууда. Мындай идеянын тымызын автору премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев экен. Тымызын жылма саясаттын чеберине айланган Сатыбалдиев академияны өкмөткө каратуу менен бир эле максаты бар экенин билгизүүдө. Ал окуу жайдагы көз-кызарткан кызматтардын баарын өздүк кишилерине ыроолоп, ансыз да баркы кеткен академиянын ашмалтайын чыгарууга белсенгени неси? Жарыктык киши анан калса академия башчылыгына жан досу Жеңиш Жакыповду отургузуш үчүн болгон ресурсун жумшоодо. А академия жамааты Жеңиш мырзаны жээришип, кыртышы сүйбөй турганы ачыкталууда. Килейген академияны жеке кызыкчылыгы үчүн ИИМ карамагынан ажыратып, осол иш кылганын түшүнбөйбү булар? Мындай саамалыкка ачууланган ИИМдин отставкадагы ардагер генералдары өлкө башчысына кайрыларын эшиттик. Балээнин баарын баштаган тымызын саясаты өз башына тиймейин тынчыбайт экен го, бу баатыр!
Бекбол Айдаров