Азиза Айдарбекова, модель:
"Мен мода көргөзүүдөн ырахат алам"
Бүгүнкү рубрикабыздын каарманы мода чөйрөсүнө жан дили менен берилип, мектеп жашынан эле бул чөйрөгө аралашкан жаш модель Айдарбекова Азиза.

-Азиза, кайсыл жактын сулуусу болосуң?
-Мен Бишкек шаарында төрөлүп, бул жакта өстүм. Эгиздин түгөйү болом. Түгөйүм Азим ар дайым мени коргоп, колдоп туруучу мыкты жигит. Экөөбүз эгиз болсок да, бир-бирибизге таптакыр окшошпойбуз. Бирок, Азим мени жакшы түшүнөт. Үйбүлөдө үч бир тууганбыз. Бизден 12 жаш улуу эжебиз бар.
-Канча жаштан мода чөйрөсүнө аралаша баштадың?
-Мектепте окуп жүргөн курагымда эле модага жакын элем. 10-класста окуп жүргөндө бул чөйрөгө толук кандуу аралаша баштадым. Мектепте дене-тарбия сабагында тизмекке турганда кыздардан биринчи тураар элем. Боюмдун узундугуна байланыштуу көпчүлүгү "модель болбойсуңбу" деп сунуштай башташты. Чындап ойлонуп көрүп, бул тармакта өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Алгач подиумга чыкканда аябай сүрдөп, ошол эле учурда жон териме батпай кубанычта да болгом. Ал күн азыр да көз алдымда турат.
-Мисалы, подиумга купальникчен чыгууга туура келсе, ата-энең каршы болбойбу?
-Жо-ок. Алар түшүнүктүү адамдар. Дайыма мени колдоп, кеңешин берип турушат. Модель болуп, мода чөйрөсүн тандаган соң, бул чөйрөгө жандүйнөң менен берилүү керек. Келбетти, ушундай дене мүчөнү жараткан соң, уялуунун кажети жок. Чынын айтсам, бул чөйрөдө өмүр бою эмгектенсем дейм. Бирок, убакыт ар нерсени ар тарапка бурат эмеспи. Келечекте башка иш менен иштөөгө туура келет.
-Көпчүлүк кыздар "модель болуу жөн гана хобби" дешет. Аларга кошуласыңбы?
-Жок. Модель болуу да өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти талап кылат. Мен моделдик мектепти аяктап, атайын билим алгам. Көпчүлүк кыздар "хобби" катары алектенсе, айрым кыздар жандүйнөсү менен бул тармакка жуурулушуп калган. Ар бир ишке олуттуу мамиле кылыш керек. Мисалы, мен "IDOL FASHION Management" агенттигинде модель болуп эмгектенем. Өз ишиме олуттуу карап, жоопкерчиликти моюнга алгам. Модель - бул өзүнчө искусство.
-Сулуулук сынактарына катышып жүрөсүңбү?
-"Miss Ftv bu Central Azia in Kazakstan" аттуу сынакка катышкам. Ал жерден ар бир катышуучуга атайын колго жасалган сувенир сымал белек беришкен эле. Жеңишке жетпесем да, бул белек мен үчүн өтө баалуу болду. Бул сынак мен үчүн сабак да болду десем болот. Негизи сулуулук сынактарына катышканга карганада подиумга чыгып, мода көргөзүүдөн ырахат алам.
-Бош убактыңда эмне менен алек болосуң?
-Негизи эле китеп окууганды жактырам. Ар түркүн китептерди окуйм. Ошондой эле велосипед тээп, чуркап, айтор, убакытты кызыктуу өткөргөнгө аракет
кылам.
-Кыргызстандын саясый абалы кызыктырабы?
-Чынын айтсам, анчейин кызыга бербейм. Мен орус мектепте окугандыктан кыргыз тилин да жакшы билбейм. Бирок, эне тилимди, нукура сөздөрдү үйрөнгөнгө ынтызармын.

Назима ЖУМАЕВА





Жаштар ойгонду
Бийлик бут тосконуна карабай, курултай максатына жетти
24-августка белгиленген Ормон хандын 220 жылдыгына карата бүткүл республикалык жаштар курултайынын жыйыны касиеттүү Соң-Көл жергесинде болуп өттү. Бийликтин жергиликтүү "бөрк ал десе баш алган" желдеттери адатынча бул курултайга болушунча бут тосуп, боз үй тиктирбей, айрым делегаттар менен аталган жайлоодогу малчылардан өйдө жыйынга келтирбештин амалын көргөндүгү айкын болду. Болбой эле бийликтин арам иштерине нааразы болгон миңге чукул жаран (көлөкөсүнөн корккон бийлик желдеттери "жыйынга жетимиш киши келди" деп өздүк каражаттары аркылуу дүңкүлдөтүштү) бүгүнкү бийликтин арам иштерин тизмектеп, ачуу пикирлер айтылды. Арсыз бийликтин жаштар курултайына канчалык жандалбастап, бут тоскондоруна карабай, жыйын жеткиликтүү аяктап, соңунда улуттук оюндардын коштоосу менен "Соң-Көл" декларациясы кабыл алынды. Жыйында кабыл алынган декларациянын мазмунуна төмөндө көз жүгүртсөңүз болот
окурман...
Соң-Көл декларациясы
(2013-жылдын, 24-августу Нарын облусу)
Биз, Кыргызстандын жаш патриоттору, баардык региондордун, партиялардын өкүлдөрү элибиздин жана мамлекетибиздин келечегине, өлкөбүздүн эгемендигине жана коопсуздугуна коркунуч туулуп жаткандыгына, саясый жана экономикалык кырдаал курчуп баратканына тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз.
Бийлик алмашкандан бери үч жыл өттү. Бирок, жаштар, жалпы эле жарандар күткөн өзгөрүүлөр болгон жок. Биз, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин ант берген азыркы бийлик өз убадаларын аткарбай жатканына нааразыбыз. Анан калса, күндөн-күнгө күчөп бараткан жумушсуздук, коррупция, улам күчөгөн криминал, укуктук өзүм билемдик, мыйзамсыздык биздин коомдо көнүмүш нерсеге айланды. Өлкөнүн эгемендүүлүгү, жарандардын коопсуздугу коркунуч астында калды. Кыргызстандын түштүк облустарынын чек араларында чыр-чатактардын көбөйүп атканы буга далил. Азыркы бийлик коомдун жана өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жөндөмсүз экендигин көргөздү. Бүгүн парламент да, өкмөт да ишке жараксыз экендигин убакыт көргөздү. Көп аткаминерлер бийликке келген соң элге тил эмизип, өзүнүн чөнтөгүнүн гана камын көрүп калышты.
Биз 21-кылымда жашап жатсак да, өлкөбүз жарга кулап баратканын көрүүгө аргасызбыз. Коомдогу башаламандыкка, өлкөдөгү укуктук өзүм билемдикке качан чек коюлат? Кана карапайым элдин турмушу оңолгону? Убада кылынган инвестициялар кана? Эмне үчүн карапайым жарандардын коопсуздугу камсыз кылынбайт? Убада кылынган адилеттүүлүк ушулбу?
Биз өлкөбүздүн саясый жана экономикалык турмушунда кардиналдуу өзгөрүүлөр болушун чечкиндүү түрдө талап кылабыз. Кыргызстандын жаштары мыйзамсыздык, аткаминерлердин өзүм билемдиги өкүм сүргөн өлкөдө жашоого макул эмес.
1. Эмгек акылар жогорулашын, жаңы жумуш орундары түзүлүшүн, пенсия жана пособиялар көбөйүшүн, о.э. жаңы экономикалык саясат ишке ашырылышын талап кылабыз. Биз адилеттүүлүктү, Кыргызстандын карапайым жарандарынын турмуш-шарты жакшырышын, укуктук өзүм билемдикке чек коюлушун, өлкөбүздүн коопсуздугу камсыз болсун.
2. "Кумтөр" боюнча макулдашуу жокко чыгарылышын, кыргыз элинин кызыкчылыгы тиешелүү деңгээлде корголушун, экологиялык коопсуздук камсыздалышын талап кылабыз.
3. Биз, Кыргызстандын жаштары премьер-министрге, азыркы өкмөттүн бүткүл курамына, депутаттардын көпчүлүгүнө ишенбөөчүлүк билдиребиз.
4. Биз президенттен, өлкөнүн бардык саясый күчтөрүнөн элдик ишеним өкмөтүн түзүүнү, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз.
5. Биз, КР президентинен кадр саясатында кардиналдуу өзгөрүүлөр жасалуусун күтөбүз. Президентти мамлекеттик кызматка ак ниет, билимдүү жаштарды, ошондой эле тажрыйбалуу, моралдык жактан таза, кесипкөй адистерди тартууга чакырабыз.
Эгер биздин талаптарыбыз аткарылбаса, анда, биз жаштар мыйзам чегинде нааразычылык акцияларын, көчө жүрүштөрүн жана баш ийбөөчүлүк актыларын өткөрүүгө даярбыз.

Ормон хандын 220 жылдыгына карата бүткүл республикалык жаштар курултайынын катышуучулары