Кыргыз гезиттер

п»ї

Тили буруулар кыргыз элитасын түптөйбү?
Убагында Акаевдин колтугуна кирип, "Алга Кыргызстандын" пайдубалын түптөп, кийин Бакиевдин батегине кыпчылып, "Акжол" партиясын жараткан Валентин Богатырев деген саясый технолог сөрөй учурда Атамбаевдин улагасынан орун таап, идеялдуу пландарын иш жүзүнө ашыра турганы Акүй ичинде өзгөчө кеп болууда. Бул эргул бийликке коркунуч жарата турган 50 саясый ишмер жана журналисттин тизмесин тизип, аларды дискредитация кылуу үчүн 500дөй жаш жигитти даярдоого киришиптир. Жаман оюнда, 500 жаш саясатчыны калыптандырып, Кыргызстандын элитасын түптөйт имиш. Айланайын, кыргыз элитасын кыргыздын менталитетин түшүнбөгөн, каны бөлөк, тили буруу адамдын түптөшү акылга сыяр ишпи? Бизде бирөөнү "баатыр" деп эч качан таңуулай албайсың. Элдин чыгаан уулдарын эл өзү электен өткөрүп келген, мындан ары да өзү өткөрөт. Айтарыбыз, президенттерди жолдон чыгарып, элге каршы коюп, анан жардан ары түрткөн немелер кыргыздын кыжырын кайнатпай, тынч жашаса дээр элек. "Жамандын кесепети" дегендей, кыргыз бир көтөрүлсө, мындайлардын залакасы жалпыга тийип калышы мүмкүн. Эсиңер барда этегиңерди
жыйгылачы!

Таштан үн чыкса чыгаар, "окоптогу" Абдылдаевден үн чыкпады!
Бийликти мындай коелу, көлөкөсүнөн корккон Мыктыбек Абдылдаев деген генералыбыз бар. Мындай суу жүрөк неме кантип генерал болуп алганына да таң каласың. Бирок, бизде баары боло берет эмеспи. Ошентсе да, бу кишиде адамдык нарк-насил да жүрөгүндө жок окшойт. Дегенибиз, үй күчүгүнө айланып, аялынын этегинде жашынып отурганда "Ата Журт" партиясы элдин катарына кошуп, Жогорку Кеңештин төрүнө отургузганы жалганбы? Эгер кыпындай уяты болсо, бетинде бүдүрдөй кызылы калса, өзү да муну танбаса керек. Мына ушундай даражага жеткирип, депутат кылып, фракцияны башкартып койгон партиялашы Камчыбек Ташиев түрмөгө түшкөн маалда итчелик ишара кылып, үрүп койгонго жарабады. Мейли актабасын, жактабасын, жок дегенде депутаттык мандаттан ажыратылып жаткан кезде аксакалдык сөзүн, бери дегенде калыстык кебин айткандан ийменди. Көөдөнүндөгү муштумдай эт жүрөк эмей эле суу окшойт. Адамдык сапат дегенибиздин жеткен чеги да ушул эмеспи. Кыскарта чапканда, мындай кадамы менен бу киши "окопто" жаткан генерал экенин дагы бир ирет тастыктады. Албетте, түштүктөгү аксакалдар буга ызырынып, "мышыктай болгон Мыктыбекти партиядан чыгаргыла" деген өтүнүчүн жөнөтүптүр. Уяты болсо окоптон чыгып, эми үн катаар бекен?!


Келдибековго чалма салабы?
Бешиктен бели чыккандан бери шилекей алышкан досу менен мамилесин үзүп, өкмөт жетекчилигине жан үрөп, саясаттагы ишмердүүлүгүн күчөтүп жаткан Ахматбек агабызга карата бийликтегилер чалма ыргытып, темир тор ичине тушаганга аракеттенип жатканы боюнча каңшаар тарады. Эгер КСДПнын жетечиси Чыныбай Турсунбеков менен өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин айткандарынан ынансак, сентябрь айында коррупцияга каршы күрөш күчөйт. Демек, жогоруда айтылып жаткан сөздөр жөн жерден болбогон өңдөнөт. Кызыгы, тапшырма алып, кылмышты токуй турган прокурорлор кайсынысынан баштаарын билбей, азыр башы айланып туруптур. Анткени, Ахмат мырзанынын тирсегинен илип, Акаев да, Бакиев да, андан кийин да бийлик тарабынан кылмыш иши козголуптур. Бирок, Келдибеков биринин да алаканына түшкөн эмес экен, ой тобоо. Акчасы көп жигит эле, азыр да кутулуп кетээр
бекен?

Жекшенкуловдун чыдамы чыңалып бүттү!
Дипломаттык жагынан алдына киши салдырбаган Аликбек агабыз Бакиев менен болгон күрөштө өзгөчө кыраакылыгын көрсөтүп, бийлигинин урашына өзгөчө салым кошконун эч бирибиз тана албайбыз. Бирок, 7-апрелден кийин кузгундарга аралашпай, өзүн оолак сактап келгенин көпчүлүгүбүз түшүнгөн эмеспиз. Көрсө, булардын кимдигин бул киши ошондо эле билип, тазалыгын сактап калган окшобойбу. Албетте, мындай адам мамлекет талкаланып жатканын карап, тынч жата албайт эмеспи, ШОС бүткөндөн кийин эл үчүн башты байлап, калайман салары анык боло баштады. Анткени, Аликеңе бийлик туш тараптан атака кылып, ММКларда чөөлөргө талатып жатканына жини биротоло кашайыптыр. Эми ажобуз адаттагыдай бал тилге салып, балмуздакка көндүрө албайт го!












??.??